Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/9 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун талабы ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан, убагында орду жабылбаган кредиттер боюнча мамилелерге да таркатылат. 

5.Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/9 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 

27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун: 

- 77-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"77. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат."; 

- жобого карата 1-тиркеменин 6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6.3. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.". 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/10 

 

 

Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондордун алкагында коммерциялык банктарга берилген кредиттерди пролонгациялоо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 20, 28 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1.Кредиттик аукциондордун алкагында коммерциялык банктарга берилген кредиттерди пролонгациялоонун төмөнкүдөй шарттары белгиленсин: 

- коммерциялык банктар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун талаптарын аткарган шартта, кредиттик ресурстар баштапкы пайыздык чен боюнча 6 айдан үч жолу (ага чейин) пролонгацияланышы мүмкүн; 

- коммерциялык банктар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун талаптарын аткарган шартта, 2014-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта берилген кредиттик ресурстар баштапкы пайыздык чен же Улуттук банктын пролонгациялоо күнүнө карата эсептик ченинин максималдуу чегине барабар пайыздык чен боюнча кошумча дагы 6 айдан эки жолу (ага чейин) пролонгацияланышы мүмкүн. 

2.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3.Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

4.Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Т. Абдыгулов