Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 20-январындагы 4/1 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 

19-мартындагы  8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы  8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү алардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын жалпы суммасынын 30 пайыз деңгээлинде белгиленсин

3. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын

5. Токтом 2016-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 20-январындагы 4/1 токтомуна карата 

тиркеме  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы  8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы  8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдардын өлчөмү, аларды эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы жана аларды сактабагандыгы үчүн санкциялар аныкталган.»; 

- 1.2-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.»; 

-  1.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

«Камдык активдер бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттардын жана Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын суммасы.»; 

-  2.4.-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

-  2.4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

-  2.6-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү камдардын өлчөмү ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат.»;  

төмөнкү мазмундагы 2.9.-пункт менен толукталсын

«2.9. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталат жана акча-кредит саясатынын максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.»; 

-  3.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3.1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.»; 

- 3.2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Ос камдык активдердин милдеттүү камдардан орточо күндүк четтөөсү;»; 

- 3.2.1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

«3.2.1.  Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги милдеттүү камдардын көлөмүнүн күндөлүк минималдуу деңгээлин аткаруу талабы банк тарабынан сакталбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банкка карата күндөлүк терс четтөө суммасынан Улуттук банктын үч эселенген эсептик чен өлчөмүндө төлөм чегерилет.»; 

төмөнкү мазмундагы 3.2.2-пунктча менен толукталсын

«3.2.2. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эсепке алуусуз, базалык мезгилдин башталышынан бери милдеттүү камдардын көлөмү кайрадан эсептелинет жана кемчиликтер аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт. Милдеттүү камдык талаптардын көлөмүнүн минималдуу деңгээли сакталбаган шартта ушул жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.»;  

жобого карата 1 жана 2-тиркемелер төмөнкү редакцияда берилсин

 

Улуттук банк Башкармасынын 

______-жылдын __-_______ 

____ токтому менен бекитилген, 

«Милдеттүү камдар жөнүндө»  

жобого карата 1-Тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

______-жылдын __-_______ 

____ токтому менен бекитилген, 

«Милдеттүү камдар жөнүндө»  

жобого карата 2-Тиркеме