Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4
токтому
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”;
- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4 токтомуна
тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун:
- 76-пунктундагы “МКК/МКАнын документтерин кароого алган түзүмдүк бөлүмдүн ишин” деген сөздөр “көзөмөл жана лицензиялоо маселесин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-тиркемедеги “Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги” деген сөздөр “Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8 жана 10-тиркемелердеги:
“Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги” деген сөздөр “Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун:
- 23-пунктунун:
6-пунктчасындагы:
“акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү” деген сөздөр “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
“терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)” деген сөздөр “акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого” деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“7) тизмеси кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган жана акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткарбаган жана колдонбогон мамлекеттердин резидентинен болуп саналган жана/же ошол мамлекеттердин аймагында жашап жаткан жеке адамдар;”;
- 25-пунктундагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди каржылоого” деген сөздөр жана 35-пунктундагы “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)” деген сөздөр “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 55, 63 жана 107-пункттардагы “орун басары” деген сөздөр “/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-тиркеменин 5-пунктунун 2-пунктчасындагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү” деген сөздөр “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7, 8, 9 жана 10-тиркемелердеги тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “орун басары” деген сөздөр “/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8 жана 10-тиркемелердеги “Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын” деген сөздөр “көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган” деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-тиркемедеги “Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин” деген сөздөр “көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин” деген сөздөргө алмаштырылсын.