Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 27-апрелиндеги  

№ 19/5 токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу».  

2. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан кредиттик союздарды тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 27-апрелиндеги  

№ 19/5 токтомуна  

тиркеме  

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «көзөмөлдүктү түздөн-түз тескөөгө алган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.5. Жазма буйрук бул, Улуттук банктын банкка, банктын кызмат адамдарына жана анын олуттуу катышуучуларына карата белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талабы.  

Жазма буйрукта ал даярдалган күн жана чыгарылган жери, жазма буйрукту чыгарган органдын аталышы/буйрук чыгарган адамдын аты-жөнү жана Улуттук банк жазма буйрукту чыгарууда ага таянуу менен иш алып барган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ошондой эле, эл аралык келишимдердин жоболорунун банк/анын кызмат адамдары/анын олуттуу катышуучулары тарабынан бузууга жол берилишинин Улуттук банк тарабынан аныкталган фактылары камтылууга тийиш. Ошондой эле, жазма буйрукта мыйзам бузуулардын, кемчиликтердин аныкталгандыгы тууралуу Улуттук банктын тыянагы, банк/анын кызмат адамдары/олуттуу катышуучулары тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү да көрсөтүлүшү зарыл. 

Жазма буйрукта банктын кемчиликтерге жол берген кызмат адамынын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, олуттуу катышуучулардын аты-жөнү/аталышы, ээлеген кызмат орундары/аткарган иши, кемчиликтерге жол берүүдөн улам келип чыккан кесепеттер (чыгымдар, анын ичинде банк дуушарланган же келечекте дуушар болушу ыктымал болгон аброй тобокелдиги) көрсөтүлүшү мүмкүн.  

Жазма буйрук жөнөтүлгөндөн кийин Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү ошол жазма буйруктун белгиленген мөөнөттө аткарылышына контролдукту камсыз кылып, ал аткарылбай калган шартта, дароо тиешелүү чара көрүшү зарыл.”; 

- 6.8.2-пунктча төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-абзацтар менен толукталсын: 

«5) банктын акционерлеринин курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасы да анын катарына кирген Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата ошол мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салынган жана/же чектөөлөрдү караган чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдар Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эл аралык санкцияларга тиешелүү маалыматтарды сунуштап турат; 

6) банктын акционерлеринин курамында терроризмди каржылоого жана “арам” акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча уюмдун - ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 2.2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын» деген сөздөр «Улуттук банктын» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.2.1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Аткарыла турган иш чөйрөсү, контролерлор/контролерлор тобу алардын аткарылышына түздөн-түз жоопкерчиликтүү болгон милдеттер тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү максаттарына жана себептерине ылайык аныкталат.»; 

- 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Тике банктык көзөмөл киргизилген күнү - Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү тууралуу токтомунун көчүрмөсүн банк башкармасына жөнөтөт, анда Комитеттин токтомунун баш сөзү жана көрсөтмө берүүчү бөлүгү да камтылат. Банктын башкармасы тике банктык көзөмөлдүк киргизилгендиги тууралуу банктын Директорлор кеңешине жана акционерлерине маалымдоого тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 2.10-пункт менен толукталсын: 

«2.10 Тике банктык көзөмөлдүк режиминде турган банктын жетекчилиги операциялардын контролерлор тобуна макулдашылуусу талабын кошо алганда, Көзөмөл боюнча комитеттин токтомунун аткарылышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналат. Көзөмөл боюнча комитеттин токтом талабы аткарылбай калган учурда банк жетекчилигине карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык тиешелүү таасир этүү чарасы колдонулат.». 

- 3.1-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«- банктын акционерлеринин курамында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасы да анын катарына кирген Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата ошол мамлекеттердин жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кызматташууга тыюу салынган жана/же чектөөлөрдү караган чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдар Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эл аралык санкцияларга тиешелүү маалыматтарды сунуштап турат; 

- банктын акционерлеринин курамында терроризмди каржылоого жана “арам” акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча уюмдун ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.»; 

- 3.3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«- банк жетекчилигинин (Директорлор кенешинин төрагасын, мүчөлөрүн) тез-тез алмашып туруусу1, ушундан улам, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка талаптарын аткарбай коюуга, өз учурунда аткара албай калууга жол берилип, банк ишин банктык мыйзамдарга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аркеттенүү жагында мыйзамдарга ылайык камсыз кылууга банк жетекчилигинин жөндөмсүздүгү орун алып, ишти андан ары улап кетүү мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учурап, ички контролдук системасынын солгундашы келип чыгат;”;  

- төмөнкү мазмундагы шилтеме менен толукталсын: 

«1Банк жетекчилигинин тез-тез алмашуусу дегенден улам: Төраганын кийинки 12 ай ичинде 2 жолудан көп; Директорлор кенешинин мүчөлөрү үчүн Директорлор кеңешинин бүтүндөй курамынын акыркы 12 ай ичинде 2 жолудан көбүрөөк алмашуусун (акционерлердин жылдык жыйынында Директорлор кеңешин шайлоону эске албаганда) түшүнүү зарыл.»; 

- 4.3-пункттун: 

бешинчи абзацындагы «системаларына» деген сөз «толук» деген сөз менен толукталсын; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- оңдоолорду киргизүүсүз, өчүрүп салууга укуксуз, окуп, кагазга чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен банктын электрондук ченемдик базасынан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;»; 

- 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Тике банктык көзөмөлдүк шартында банк жетекчилиги банк иши, анын ичинде анын финансылык абалы, Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, банктын финансылык абалын чыңдоо, тобокелдиктерди басаңдатуу, мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле Улуттук банкка жана контролерлор тобунун жетекчисине банкты түптөлгөн оор жагдайдан чыгаруу боюнча иш-чаралар планын, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун жана зарыл болгон жана/же талап кылынган башка маалыматтардын берилип турушу үчүн толук жоопкерчиликтүү бойдон калат.»; 

- 4.5-пункттун: 

- алтынчы абзацынын акырындагы «.» тыныш белгиси «;» белгисине алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

- «- тышкы электрондук почтадан толук пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

- банк жана/же анын кызматкерлери тарабынан контролерлор тобунун компьютердик станцияларында толук купуялуулуктун сакталышын камсыз кылуу.»; 

 4.7-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.  

3.  Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө” нускоонун: 

- 17-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «ишкердикти жүзөгө ашырууга, үчүнчү жактар менен байланыштуу болбогон» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде, банктык аманат (депозит) келишиминен башкасы келип чыкпаса, банкка жана аманатчы жеке адамга карата талап кылуудан улам төлөнүүчү аманат (депозит) боюнча банктык эсеп келишиминин эрежелери колдонулат. Мында, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эсебине алардын өздүк акча каражаттарынан тышкары эмгек акылар, автордук гонорарлар, пенсиялар, алименттер, социалдык жөлөк пулдар, башка банктык эсептен каражаттар, мурастоого байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине тиешелүү болгон жеке мүлктү сатып өткөрүү үчүн төлөмдөр жана башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн».  

үчүнчү абзацтагы «эсеп ээсинин ишкердикти жүзөгө ашыруусуна байланышпаган» деген сөздөр алынып салынсын.