Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 14-октябрындагы № 42\3  

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 14-октябрындагы № 42\3  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым  

токтомдоруна өзгөртүүлөр  

 

Улуттук банк Башкармасынын  2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

1-тиркемесинин: 

- «Ченемдик укуктук актылар боюнча эскертүүлөр же аларга шилтеме» деп аталган графанын 23-пунктунун А бөлүкчөсүндөгү «Эгерде банктын башкы офисиндеги жана региондордогу тарифтери бирдей болсо, анда бирдиктүү отчет түзүлүп, анда региондор боюнча тарифтер көрсөтүлбөйт» деген сүйлөм алынып салынсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 4.11-пунктундагы: 

«1-тиркемеге ылайык маалыматты жана анын» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.