Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда  

кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдын 30-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, ААК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясын» жана ЮЖБ «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясын» тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы  

№ 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоопринциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы«Кредиттик союздар жөнүндө» деген сөздөр «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 12-пункттагы«күндөлүк» деген сөз алынып салынсын; 

- 18-пункттагы: 

2-пунктчанын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөө менен активдин ордун жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары);»; 

3-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менентолукталсын: 

«- каржылоонун максаттуу пайдаланылышына талдап-иликтөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү;»; 

4-пунктчадагы «проблемалуу» активдерге байланыштуу кырдаалдарды аныктоо, талдап-иликтөөжана чечүү» деген сөздөр «каржылоо боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кайтаруу иштери» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын: 

«Кредиттик союз, каржылоо бүтүмдөрүн аткаруудан тобокелдикке баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү

Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген, анык жана жаңыртылган маалымат болууга тийиш. 

Кредиттик союздун каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтерде төмөнкүдөй кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптар камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан же ачыкка чыгаруудан коргоо жана сактоо; 

- кредиттик союз жана кызматкерлер тарабынанкредиттик маалымат алмашуу процессинде, ошондой эле эмгек келишиминин (контракттын) мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга маалым болгон маалыматтын ачыкка чыгарылышына тыюу салуу. 

Мындан тышкары,каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтерде кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде: 

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтын өзгөртүлгөндүгү жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

Кредиттик союз кредиттик бюрого берилген,анын ичинде бардык кардарлар жөнүндө кредиттик маалыматтын бурмаланышы, ошондой эле маалыматтын толук берилбеши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.»; 

- 20-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Каржылоо комитети тарабынан чечилүүгө тийиш.»;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын: 

«20-1. Кредиттик союз өз кызматкерлеринин жооптуу кредиттөө жагында билим деңгээлин жогорулатууга милдеттүү.»; 

- 24-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү белгиленүүгө тийиш.»; 

- 25-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар буга чейин башка финансы-кредит мекемесиненөзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кандай кайтарылып берилгендигине, кредиттик тартипти так сактагандыгына, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Ошондой эле, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Мындан тышкары, кардардын макулдугу менен кредиттик союз бир же бир нече кредиттик бюролордон ал жөнүндө маалыматты алууга тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик бюродон алган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга жана анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого, ошондой эле кредиттик отчетту мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтардын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат;»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Эгерде кардарга кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү маселеси оң чечилсе, алынган документтерден кардарды каржылоо досьеси түзүлөт.  

Каржылоо берүүдөн баш тартылган учурда, кредиттик союз баш тартуу себептерин түшүндүрүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө кардарга кат жүзүндө маалымдоого тийиш.»; 

- 27-1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү«кредиттик келишим валютасынан айырмаланган» деген сөз «каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган»дегенгеалмаштырылсын; 

- 28-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-главанын 2-параграфы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«§2. Каржылоо келишимине карата талаптар жана аны түзүү тартиби.  

29. Кредиттик союз менен кардар ортосунда түзүлгөн каржылоо келишими, анын бардык тиркемелери жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Каржылоо келишиминин түп нускасынын саны тараптар түзгөн келишимдин санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, каржылоо келишиминин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

Каржылоо келишиминин тексти кардардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Каржылоо келишиминин шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Каржылоо келишиминин бүтүндөй текстинин жана ага карата бардык тиркемелердин шрифти бирдей болууга жана анын өлчөмү 12 кем болбоого тийиш.  

30. Кийинаны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, каржылоо келишимин түзүүдө актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл.  

31. Эгерде бул кардардын укугуна кесепетин тийгизе турган болсо жана милдетин көбөйтө турган болсо, кредиттик союз кардардын кат жүзүндө макулдугун алуусуз келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте алмаштырууга укугу жок. 

32. Каржылоонун ордун жабуу графиги каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, төлөө мөөнөтү кардардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт жана ага эки тарап тең кол коет.  

33. Каржылоо келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишим предмети;  

- каржылоо келишимин колдонуу мөөнөтү

- каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде суммасы, ордун жабуу тартиби жана мөөнөттөрү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше көрсөтүлөт; 

- кардардын укуктары жана милдеттери, анын ичинде каржылоо келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого кардаржөнүндө маалыматты сунуштоо шарттары (эгерде ошол кредиттик союз анын катышуучусу болуп саналса); 

-  активди кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ал тууралуу кредиттик союзга маалымдалган шартта, кардардын активдин ордун кандай болбосун айыптык санкцияларсыз, кайсыл болбосун учурда мөөнөтүнөн мурда жабуу укугу; 

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн, бирок булар менен гана чектелбейт, алсак: жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же болбосо техногендик кырсыктар), жапырт тараган илдет (эпидемия), өзгөчө кырдаалды киргизүү, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуш аракеттери ж.б. 

34. Кредиттик союз кардарды чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги менен тааныштырууга тийиш, ал ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлүп, каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тараптын кол тамгасы коюлат.  

Зарылчылыкка жараша кредиттик союз кардарга каржылоо боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптарды ж.б. эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш.  

Кредиттик союз каржылоо келишиминин шарттарына бекитилген тарифтерден башка кошумча жыйымдарды, каржылоо келишимин түзүүдө жана анын талаптарын аткарууда кармалып калуучу/төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде башка кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.  

34-1. Кардар менен каржылоо келишими түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин кардарга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

- төлөө графиги менен тараптардын кол тамгасы коюлган каржылоо келишими; 

- кредиттик союздун кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеси. 

34-2. Кардардын кредиттик таржымалы (таржымалга карата минималдуу талаптар ушулжобонун 1-тиркемесинде келтирилген) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага каржылоо боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт.  

34-3. Активдерге мониторинг жүргүзүү учурунда кредиттик союз телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмунун жана кардар менен жолугушууларды каттоо журналын кошо алганда, алар боюнча жүргүзүлгөн бардык иш-чаралардын эсебин жүргүзүүгө жана документ түзүүгө тийиш. Өзгөчө мындай эсепти, проблемалуу активдер менен иш алып барууда жүргүзүү өтө маанилүү.»; 

- 40-пункттун: 

алтынчы абзацындагы«милдеттенмени» деген сөз «милдеттенменин өлчөмү жана» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацындагы «каралган» деген сөз «ылайык тараптардын күрөөгө карата милдеттери жана» дегенге алмаштырылсын; 

- 50-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 53-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Каржылоо боюнча кызматтардысунуштоодо кредиттик союз каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, кардарга жана күрөө коюучуга (эгерде ал болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө тийиш, ага ылайык кардар жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн.»; 

- Тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

Кардарды каржылоо боюнча таржымалга карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

I. Кардар жөнүндө жалпы маалымат 

 

1. Кредиттик союз тарабынан белгиленген форма боюнча каржылоо алууга билдирме,кредиттик союзга билдирме сунушталга чейинки акыркы алты ай ичинде ошол кредиттик союздан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган милдеттенмелерге тиешелүү маалымат менен бирге кошо берилет. 

2. Кредиттик бюродон кардарга карата кредиттик отчет. 

2-1. Кардардын өзү жөнүндө кредиттик отчетту берүүгө макулдугу (каржылоону алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн). 

3. Кредиттик союздун кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4. Кардардын кирешеси жөнүндө маалымат. 

5. Күрөөгө коюла турган мүлктүн описи (эгерде болгон болсо). 

6.  Кардардын жолдошунун/жубайынын каржылоону алууга макулдугу (бир кардарга 50 000 сомдон жогору каржылоо сунушталса жана колдонууда милдеттенмелер болуп, каржылоо сунушталып жатса). 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган кардар (жеке адам) жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

- юридикалык жакты түзүүсүзжеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү(эгерде болгон болсо); 

- патенттин көчүрмөсү (эгерде болгон болсо). 

7-1. Кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар юридикалык жак болсо). 

8. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган, акча каражаттарын алуу булактарына баа берүү.  

9. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн каржылоо келишими, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар. 

10. Кредиттик союздун тиешелүү органынын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоо, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (эгерде болгонболсо) жөнүндө чечими.  

11. Кардар менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды тиркөө менен).  

12. Юридикалык документ (кардардын иши боюнча документтеринин көчүрмөлөрү, мисалы: накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

13. Активдин максаттуу пайдалангандыгын текшерүү жөнүндө отчет. 

14. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн кардардын анкетасы.  

 

II. Күрөөлүк документтер 

 

15. Мамлекеттик жана расмий тилде Күрөө жөнүндө келишим. 

16. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттар, күбөлүктөр жана башка квалификациялык документтер (эгерде болгон болсо). 

17. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикукугун тастыктаган документтер. 

18. (күчүн жоготкон катары таанылсын). 

19. Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөнү баалоо күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн бааланган наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. 

20. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же кредиттик союз аны каттоодон өткөртүүнү талап кылса). 

21. Кардардын тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгерде кардар - юридикалык жак болсо). 

 

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

 

22. Кат жүзүндө гарантия/кепилдик же тиешелүү каржылоо келишимин, гарантия/кепилдик берилген сумманы,гарантия/кепилдик бүткөн күндүкөрсөтүү мененкепилдик. 

23. Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү чечими (эгер гарант юридикалык жак болсо). 

24. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгер гарант юридикалык жак болсо). 

25. Кепилдик берүүчүнүн кирешеси тууралуу маалымат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме  

 

Кредиттик союздун кардарларынын  

чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын  

ТИЗМЕГИ 

 

Кредиттик союздун кардарынын актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы  

Каржылоо боюнча келишимде көрсөтүлөт  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше  

Билдирмени кароо үчүн комиссия (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө

Комиссия болгон шартта, алардын өлчөмү пайыздык же нарктык мааниде бекитилген тарифтерге ылайык көрсөтүлөт.  

Активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсепти ачуу каржылоо келишимин түзүү менен шартталган болсо) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылган болсо) үчүн комиссия.  

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызматы үчүн төлөм ж.б.) 

Мындай чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен алардын болжолдуу наркы (диапазону) көрсөтүлөт 

Кардардын эсебинен көчүрмөлөрдү берүү үчүн төлөм  

Кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасын жана кредиттик союздун үстөк акысы/кирешеси боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилгендиги үчүн  

Каржылоо келишиминин негизинде кредиттик союздан алынуучу бекитилген айыптык санкциялар өлчөмүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Активди алгандан кийин каржылоо келишимин жокко чыгаруу шарттары  

Каржылоо келишиминин негизинде көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

  

___________________ 

_________ 

______ 

_________________ 

_______ 

______ 

(ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

(кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү)».