Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө»Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынганкоммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен финансы-кредит мекемелерди, «Кыргыз банктар бирлиги» ЮЖБ, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пунктунун 1.2.4-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Ушул жобонун талаптары анын 1.2-пунктунун 1.2.1- пунктчасында көрсөтүлгөн аффинаждалган баалуу металлдардан жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларга гана таркатылат. Коммерциялык банктарга асыл таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт.»; 

- 2.1-пункттун: 

- биринчи абзацында «атайы» деген сөз «кошумча» деген сөзгө алмаштырылсын

- бешинчи абзацы алынып салынсын. 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул документте колдонулган негизги түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Балоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартында аныкталган. 

Мында, ушул Тартиптин алкагында: 

Күрөө бул, менчикке укуктун же мүлккө башка буюм укугунун күрөөсү астында, акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. 

Адилет нарк эсептелинген акчалай сумма, ал аркылуу сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда, тиешелүү маркетингден кийин коммерциялык бүтүмдүн негизинде мүлктү алмашуу ишке ашырылат. Бүтүмгө келишүү учурунда ар бир тарап компетенттүү, эсептөөлөрдүн негизинде жана эч кандай мажбурлоосуз иш алып барат. 

Жоюу наркы бул талаптагыдай маркетинг жана жарнамалоосуз эле, кыска мөөнөт ичинде активди сатып өткөрүүдөн реалдуу алынышы мүмкүн болгон активдин наркы. 

Баалуу металлдар ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий).»; 

- 14-пункттун: 

биринчи абзацында «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөр «жана баалуу металлдар» деген создөр менен толукталсын; 

б)-пунктчасындагы «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөр «жана баалуу металлдар» деген сөздөр менен толукталсын. 

- 15-пункттагы «жүгүртүүдөгү товарлар» деген сөздөр «жана баалуу металлдар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 17-пункттун 4-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарты;»; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Өзүнчө банктык эсептерде жайгаштырылган акча каражаты (улуттук жана чет өлкө валютасында) жана баалуу металлдар түрүндөгү кыймылдуу мүлккө баа берүү номиналдык наркы боюнча ишке ашырылат. 

Баалуу металлдар түрүндө камсыздоонун наркына баа берүүдө анын көркөм баалуулугу, анда асыл жана башка баалуу таштар камтылгандыгы эске алынбайт, накта баалуу металлдын өзү гана эсепке алынат.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобонун 

- 12-тиркемесинин 1-пунктунун 1.4-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын.