Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1«Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Л.Дж Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Председатель Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/3 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банктык  

кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «жана башка финансы-кредит мекемелери,» деген сөздөр», “жана башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары,» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталуучу Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана сунуштап жаткан кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөр укугун коргоо саясатынын жана анын негизги принциптеринин  

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «жана башка финансы-кредит мекемелери,» деген сөздөр», башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары,» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саясаты жана негизги принциптери (мындан ары саясат) Кыргыз Рөспубликасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөр укугун коргоо жөнүндө», «Банктык сыр жөнүндө» «Жарнама жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.»; 

- 1.2-пункттагы «жана башка финансы-кредит мекемелери,» деген сөздөр «, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары,» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Бул саясатта Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияны жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагында Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү иш-аракеттер аныкталат.»; 

- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Бул Саясат аркылуу коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары ортосунда Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка таасирин тийгизген мамилелер жөнгө салынат.»; 

- 2.2-пунктунун: 

бүтүндөй тексти боюнча «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «финансы-кредит мекемелери, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-главанын аталышындагы «ФКМдин» деген сөздөрдөн кийин «, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.1-пункту «ФКМдер» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

-“3.2. Эгерде ФКМдин, төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун үстөмдүк кылуучу абалы керектөөчүлөр үчүн сунушталуучу кызматтын сапатына таасирин тийгизсе, же банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда финансылык тобокелдиктин жана/же монополиялык абалдын орун алышына алып келиши мүмкүн болсо, же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатса, же болбосо эркин баа түзүлүшүнө чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу

- 3.3-пунктунун: 

1-абзацы «ФКМдердин» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлору же төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын;  

«г» пунктчасындагы «ФКМдердин» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.1-пунктунун: 

1-абзацынын 1-сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«ФКМдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ишкердигин жүргүзүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш ФКМдерге, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына зыян келтириши же алардын ишкердик аброюна шек келтириши ыктымал болгон же болбосо керектөөчүлөр укугунун бузулушуна алып келген адилетсиз атаандаштыкка жол бербөөгө тийиш.»; 

«а» пунктчасындагы «башка ФКМдер жөнүндө» деген сөздөр «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5-главанын аталышындагы «ФКМдердин» деген сөздөр «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.1-пунктунун: 

1-абзацы «ФКМдердин» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

«а» пунктчасы «ФКМдердин» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

«в», «г» пунктчалары «ФКМдердин» деген сөздөрдөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.2-пункту «башка финансы-кредит мекемелеринин» деген сөздөр «же төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.3-пунктунун: 

1-абзацы «ФКМдердин» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

«а» пунктчасы «ФКМдердин» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.4-пункту «ФКМдердин» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.5-пунктунун: 

1-абзацы «ФКМдер» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

2-абзацы «ФКМдер» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6.1.1-пунктчасы «банктык технологияларды өнүктүрүүнү» деген сөздөр «банктык жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүнү» дегенге алмаштырылсын; 

- 6.1.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«6.1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда, анын ичинде ФКМдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын келишимдерди түзүүдө жана макулдашылган аракеттерди көрүүдө, ФКМдерди, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын түзүүдө, кайра уюштурууда (биригүү, кошулуу, өзгөртүп түзүү) жана ФКМдердин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын акцияларын сатып алууда монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышына контролдук кылуу.»

6.2.1. жана 7.1.1-пункттар «ФКМдерге» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына» деген сөздөр менен толукталсын; 

7.1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«7.1.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо максатында, мамлекеттик программанын чегинде ФКМдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүн милдетүү түрдө тейлөөгө алынууга тийиш болгон керектөөчүлөрдүн категорияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктоо. Мамлекеттик программага катышуу ФКМдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан өз алдынча аныкталат.»

7.1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“7.1.5. ФКМдер төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү аткарууга тийиш болгон, монополияга каршы мыйзам талаптарын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызмат көрсөтөөлөр рыногунда керектөөчүлөр укугун коргоо жана/же аларлын кесепеттерин четтетүү тууралуу башка ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрууларды чыгаруу

7.1.7-пунктчасынын 1-3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.1.6. Төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынсын: 

а) ФКМге, төлөм системаларынын операторуна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопккерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айып салуу жөнүндө

б) монополияга каршы мыйзам талаптар аткарылбаган шартта, ФКМдин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларын кайтарып алуу жөнүндө

7.1.8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын чегинде башка аракеттерди жүзөгө ашыруу» 

- 8.2-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун басымдуу абалы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат». 

- 8.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8.3. Жеринде барып Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча баанын түзүлүшүнө, тарифтерди ФКМдин, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ички баа түзүү саясатына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү тартибине талдап иликтөөлөр жүргүзүлөт жана тиешелүү маалыматтар ФКМди, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын текшерүү натыйжалары боюнча жалпы отчетто чагылдырылат.” 

- 8.4-пункттун 1-абзацы «ФКМдер» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8.5-пункт «ФКМдер» деген сөздөн кийин «төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары» деген сөздөр менен толукталсын.