Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-февралындагы № 5/1 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги сомдун графикалык  

символун жалпы колдонууга киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-октябрындагы №43/4 “Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги сомдун графикалык символун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги сомдун графикалык символу жалпы колдонууга киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Коммерциялык банктарга, банктык эмес финансы-кредит мекемелерине, башка юридикалык жактарга, ошондой эле жеке адамдарга графикалык символду өндүрүштө, товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр рыноктору боюнча жарнамаларды, маалыматтык материалдарды даярдоодо, жайгаштырууда жана жайылтууда, ошондой эле башка максаттарда өлкөнүн расмий акча бирдиги- сомду билдирген белги катары колдонуу сунушталсын.  

3. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана банктык эмес финансы-кредит мекемелерин тааныштырсын.  

4. Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү маалыматтык билдирүүнү Улуттук банктын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылышын камсыз кылсын. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Председатель Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-февралындагы № 5/1 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги сомдун  

графикалык символу