Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 27-февралындагы № 8/3 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2017-жылдын 28-февралынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү ичинде эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов