Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы 

№ 19/2 токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/2 токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга  

чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө» убактылуу жобонун

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 13-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- убактылуу администрация, жоюу режими киргизилбеген;».