Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/11 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» токтому.  

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, кредиттик союздарды, ААК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясын» жана ЮЖБ «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясын», Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча «инсайдер» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө «банк менен байланыштуу жак» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«1. Бул жобо «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга жана мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары банктар) таркатылат.»; 

- 8-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк Саясаты төмөнкү жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине негизделүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, аныктык, кардарларга/өнөктөштөргө карата өнөктөштүк мамиле, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу.»; 

- 9-пунктунун: 

он төртүнчү абзацы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде күрөө предмети каржылоону тариздөө учурунда кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун жалгыз турак-жайы болуп саналгандыгына байланыштуу орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү критерийлери;»; 

төмөнкү мазмундагы 8-пунктчасы менен толукталсын: 

«8) кайра кредиттөөгө жол бербөөгө багытталган баа берүү жана отчет системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери (кардардын/өнөктөштүн бир нече финансы-кредиттик уюмда кошумча милдеттенмеси болсо, натыйжада кардардын/өнөктөштүн карыз оорчулугу анын милдеттенмелерди тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн басымдуураак болуп кетет).»; 

- 12-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«12. Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга, ошондой эле Саясатты, зарылчылыкка жараша банк тобокелдигинин профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөртүүлөргө, банктык операциялардын татаалдыгына, банктын уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы каржылоо процессине таасирин тийгизген өзгөртүүлөргө жараша, ошондой эле республика экономикасында жана банктын, анын кардарлары/өнөктөштөрү ишкер байланышта болгон өлкөлөрдө өзгөрүүлөр жүргөн шартта, жылына кеминде бир жолу кайра карап чыгууга милдеттүү.»; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:  

«Банк кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча тобокелдиктердин ички рейтинг системасын иштеп чыга алат. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы банк жүзөгө ашыра турган иш түрлөрүнүн мүнөзүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келүүгө тийиш. Мындан тышкары, банк маалымат базасын жана өзүнө кредиттик тобокелдиктерди камтыган, берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер кабыл алынган активдердин эсебин алуу (жекече үстөк баа, күрөөнүн түзүлүшү жана башка) журналын туруктуу жүргүзүп турууга милдеттүү

Банктын ички саясатында күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда ал кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган мүлк кардардын/өнөктөштүн/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, анда бул мүлктөн өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 12-2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12-2. Банк, каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлеринин банкта кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саясатын эске алуу менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу маселелери, ошондой эле каржылоого тиешелүү башка маселелер, анын ичинде кардарлар/өнөктөштөр менен коммуникация жагында маселелер жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.»; 

- 13-пунктунун төртүнчү сүйлөмү алынып салынсын; 

- 29-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«29. Белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк кардардан/өнөктөштөн төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш:»; 

төмөнкү мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:  

«Банкта кардардын/өнөктөштүн маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Банк кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар/өнөктөштөр менен маектешүүдө ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүн экендигин кардарларга так түшүндүрүп берүүлөрү тийиш. 

Кардарлардын/өнөктөштөрдүн сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка максаттарда пайдалануу үчүн кардарлардын/өнөктөштөрдүн кат жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.»; 

- 30-пунктунун экинчи «акча каражаттарын алганга чейин» деген сөздөрдөн кийин «же лизинг алкагында мүлк үчүн төлөө боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 33-пункт «кардарга/өнөктөштөргө сунушталган» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде кардарлардын/өнөктөштөрдүн документ түрүндө тастыкталбаган кирешелери боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 34-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк, кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-насыялык уюмда буга чейин кредиттерден (насыядан) же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесипкөй сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка кредиттик уюмдардан алган өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, мыйзамга ылайык кардардын/өнөктөштүн макулдугунун негизинде кардар/өнөктөш менен байланышы бар жактар тууралуу бир же бир нече кредиттик бюролордон маалыматты (кредиттик отчетту) суроо зарыл.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Банк каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын кесепетин түшүндүрүү (бул тууралуу кардар/өнөктөш каржылоо келишимине кол коет) жана ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо жана/же тактоо максатында потенциалдуу кардар/өнөктөш менен маектешүүлөрдү өткөрүүгө тийиш. Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышына жоопкерчилик, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.»; 

- 41-пункту «келишим түзүлөт» деген сөзгө чейин «Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келген» деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 42-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги кошо тиркелген, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишим, ошондой эле башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде (зарылчылыкка жараша келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт.»; 

- 43-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, эгерде келишимде кардардын/өнөктөштүн укугун кемсинтүүгө жол берилип же милдеттерин көбөйткөн болсо, мында бул укук кардарга/өнөктөшкө белгиленген мөөнөттө маалымдоо (кеминде 30 күн мурда), ошондой эле конкреттүү статьялардын, шарттардын тизмелери жана алардын өзгөрүүлөрүнүн максималдуу/минималдуу чектерин көрсөтүү менен, келишимде ал тууралуу түздөн-түз белгиленген учурду эске албаганда, келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укуксуз.»; 

- 44-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- кредиттик бюрого кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар/өнөктөш туралуу маалыматты пайдалануунун башка учурлары;»; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«45. Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын, ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн тизмеги, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Каржылоо келишимине карата 6-тиркемеге ылайык банк тарабынан жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар/өнөктөш менен макулдашуудан көз карандысыз, башка акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк, кардарга көрсөтүлгөн тизмени сунуштоого, аны менен тааныштырууга, зарылчылык келип чыккан шартта кардарга/өнөктөшкө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү эсептөө тартибин, активди алуу/төлөө, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен алуу/ төлөө шарттарын, тобокелдиктердин келип чыгышы ыктымалдыгын, эгерде актив чет өлкө валютасында алынып, бирок күтүлүп жаткан киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада боло турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшү шартында төлөөгө жөндөмсүздүк жагдайынын орун алышы тууралуу түшүндүрмө берип, кардардын/өнөктөштүн макулдугун алууга тийиш. Мында кардардын/өнөктөштүн кол тамгасы анын далилинен болуп саналат. 

Банк, келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылып берилишине байланыштуу кардардын/өнөктөштүн бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк, кардарларга/өнөктөштөргө маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү ыктымалдуулугуна шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтери боюнча чагылдырат. 

Мындан тышкары келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банктардын аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн кардардын/өнөктөштүн талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандыгы жана кардар/өнөктөш ушул актив боюнча кредиттин шарттарын сактагандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн эсеби (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат) жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети; 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм жана маданий баалуулук катары маанилүү болсо, же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон жалгыз турак-жай болуп саналса, күрөө предметинен соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүү

- кардардын/өнөктөштүн-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосунун башталгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөндөн 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети. Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Бүтүндөй каржылоо мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айыптык төлөмдөрдүн, туумдардын) өлчөмү сунушталган каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Мында, үстөк айып (айыптык төлөмдөр, туумдар) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредиттик уюмдар менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максаттары үчүн багытталууга тийиш.»; 

- 63-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Өзүнө кредиттик тобокелдиктерди камтыган, бланктык активдерден, суммасы 150 000 сомго барабар же андан аз болгон, аннуитеттик төлөө графиги менен жана мөөнөтү 24 айдан ашпаган активдер чыгарылат. Мындай активдин суммасы кардардын/өнөктөштүн жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпаш керек (кардардын/өнөктөштүн бардык кирешелери жана чыгашалары). Бланкттык активдерден чыгарылган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү бланктык активдердин 20% ашпоого тийиш.»; 

- 64-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Шариат кеңеши жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо боюнча саясаттын (Саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик документтердин (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жобосу, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо процесси, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге мониторинг жүргүзүү шарттары, классификациялоо, топтун мүчөлөрүнө каржылоо берүү жана төлөө датасы жана активди төлөө боюнча проблемалар туралуу маалымат берүү) болушу. Ошону менен бирге эле, Саясатта актив, төлөө графигине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн кирешеси жеткиликтүү болгон жактарга бериле тургандыгы белгиленүүгө тийиш. Банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер менен жүргүзүлгөн ишти жөнгө салган ички документтеринде банктык продукттун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлүп, ошондой эле бул тобокелдиктерди басаңдатуу жана кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин толук кайтарымдуулугун камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары каралышы зарыл;»; 

- 68-2-пунктундагы «мекемелер» деген ар башка жөндөмө мүчөлөрүндөгү сөз тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «уюмдар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 74-пункт төмөнкү мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Эгерде активди төлөө боюнча көйгөйлөр орун алса, кардар/өнөктөш банктын кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу саясаты, анын ичинде, өз активин реструктуризациялоо ыктымалдуулугу тууралуу маалымдалган болууга тийиш. 

Банк кеңири мониторинг аркылуу проблемалуу кардарларга/өнөктөштөргө колдонулган чаралардын, активди реструктуризациялоонун ийгиликтүүлүгү (карызды тейлөө боюнча колдонулуп жаткан каражаттарынын жетиштүүлүгү) көз карашында талдап-иликтөө жүргүзүүгө тийиш.»; 

- 75-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик тобокелдикти камтыган көйгөйлүү активдер менен иштөөдө, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, банк кызматкерлери банктын ички документтеринде регламенттелүүгө тийиш болгон, ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум нормаларын так сактоолору тийиш.»; 

- 79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«79. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив «көйгөйлүү» деп таанылган шартта, банктын активдерди кайтарып алууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл, ал өзүнө бир катар иш-чараларды камтыйт. Ошону менен бирге эле банк кеңейтилген мониторинг жүргүзүү аркылуу топтоштурулган каражаттардын жеткиликтүүлүгү көз карашында, кардардын/өнөктөштүн финансылык абалын изилдөөгө тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) жайылтылат.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.»; 

- 17-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун Саясатында кызматкерлерди каржылоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча, кредиттик союзда кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жагында ишке киргизилген саясатты эске алуу менен кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө жана баа берүү маселелери, кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу жана башка каржылоо маселелери, ошондой эле кардарлар/өнөктөштөр менен байланыш, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.»; 

- 20-1-пунктундагы «кредиттөө» деген сөз «каржылоо» дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Жалпысынан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмеге ар бир талдап-иликтөө кредиттик союздун саясатына негизделип жана кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча төмөнкү негизги факторлорго таянуу зарыл:»; 

экинчи пунктчанын: 

үчүнчү сүйлөмүндөгү «мекемелерде» деген сөз «уюмдарда» дегенге алмаштырылсын: 

бешинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, кардардын макулдугу менен кредиттик союз ал тууралуу жана кредиттик союздун ыктыярына жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар тууралуу, эгер мыйзамга ылайык алардын макулдугу болсо, маалыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга тийиш.»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«27. Эгерде кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү маселеси оң чечилсе, алынган документтерден кардарды/ өнөктөшкө каржылоо досьеси түзүлөт. 

Кредиттик союзда маалыматтардын сакталышын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды камтыган, маалыматтар менен иштөө боюнча ички документтер иштелип чыгууга тийиш. Кредиттик союздун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардар/өнөктөш менен маектешүү учурунда кардар/өнөктөш боюнча маалымат мыйзамга ылайык кайсы учурларда колдонула тургандыгын так түшүндүрүп берүүлөрү зарыл.  

Кардардын/өнөктөштүн сүрөттөрүн же видеожазууларды, аудиожазууларды жана алар туралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик жана башка максатта колдонуу үчүн, кардардын/өнөктөштүн жазуу жүзүндөгү макулдугу керек. 

Каржылоо берүүдөн баш тартылган учурда, кредиттик союз баш тартуу себептерин түшүндүрүү менен кардарга/өнөктөшкө кабыл алынган чечим жөнүндө кат жүзүндө маалымдоого тийиш.»; 

- 53-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган «көйгөйлүү» активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоолору тийиш.»; 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

1-пунктундагы «мекемелерде» деген сөз «уюмдарда» дегенге алмаштырылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «шайкештик» деген сөз «жетиштүүлүгү (шайкештиги)» дегенге алмаштырылсын; 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

токтомдун аталышындагы «шайкештик» деген сөз «жетиштүүлүгү (шайкештиги)» дегенге алмаштырылсын; 

Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «капиталынын шайкештиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги)» дегенге алмаштырылсын;  

1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-пункттун б) пунктчасындагы «(өздүк каражаттарды)» деген сөздөр «өздүк (регулятивдик) капиталды (өздүк каражаттарды)» дегенге алмаштырылсын; 

- 12-пунктундагы “сатып алууга жана” деген сөз алынып салынсын; 

15-пункттун б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“б) “номиналдан үстөк салынган капитал” жөнөкөй акцияларды сатуу баасы менен баштапкы жайгаштыруудагы номиналдык наркынын ортосундагы айырма. Номиналдан үстөк салынган капитал банк акцияларын эмиссиялоодо аларды жайгаштырууга, каттоого жана басып чыгаруу үчүн типографиялык чыгашаларга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө пайдаланылышы мүмкүн.  

Номиналдан үстөк салынган капитал дивиденд түрүндө акционерлерге бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес. 

Улуттук банктын уруксаты менен номиналдан үстөк салынган капитал банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткаруу максатында банктын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Банк төмөнкү учурларда гана өздүк акцияларын сатып алууга укуктуу: 

- банк менен ошол учурда иш алып барып жаткан акционерлер ортосунда алдына ала келишим түзүлгөн шартта, мурда сатылып алынган акцияларды акционерлерге кыйла жогорулатылган баада андан ары сатуу максатында; 

өздүк акцияларды төлөп сатып алуу келишими кабыл алынганга чейинки акыркы 5 (беш) жыл аралыгында банк пайда алып келген; 

22-пунктундагы “беш” деген сөз “алты” дегенге алмаштырылсын. 

- 29-пункттун: 

«Кредиттик конверсия фактору 100%» деп аталган бөлүгүнүн г) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;»  

төмөнкү мазмундагы д) пунктчасы менен толукталсын: 

«д) жогоруда белгиленген категорияга кирбеген баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер.»; 

6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. «Ислам терезесине» ээ банктын активдерине жана баланстан тышкары милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү»; 

- 40-пункт төмөнкү мазмундагы е) пунктчасы менен толукталсын: 

«е) Улуттук банктын талабына ылайык, потенциалдуу жоготуулар жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жетиштүү эмес өлчөмдө түзүлгөн болсо.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-декабрындагы №41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготуу катары таанылсын; 

3.1.1-пунктунун а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берисин: 

«Евразия экономикалык биримдигине жана ОЭСРге мүчө болуп саналган мамлекеттердин жана «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине ээ же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге ээ мамлекеттердин валюталары үчүн, ошондой эле ЭВФ менен “Келишим статьяларынын” 8 статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валютасы үчүн- банктын таза суммардык капиталынан 15%; 

Эскертүү: ОЭСР- Экономикалык кызматтыштык жана өнүгүү уюму 

Экономикалык кызматтыштык жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтына жайгаштырылган; 

- «III. Ачык валюта позицияларынын лимиттери» деп аталган глава төмөнкү мазмундагы 3.6-пункт менен толукталсын: 

«3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс чыкса же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта боюнча таза валюта позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлгө (жабык позиция) ылайык келтирүүгө тийиш»; 

- 4.1-пунктундагы «белгиленген тартипте» деген сөздөр «саат 09.00гө чейин» дегенге алмаштырылсын; 

- 5.1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5.2-пунктундагы “2” деген сөз “эки” дегенге алмаштырылсын; 

- 5.6- пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.6. Банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат.»; 

- 5.7 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу администрация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу.»; 

- 6.2-пункттун алтынчы абзацындагы «контр-агенттер» деген сөз «контрагенттердин» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

 

«1-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча 

ачык валюта позициялары жөнүндө  

20___-жылдын «____» ___________ карата 

абал боюнча күндөлүк отчет 

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом 

Анын ичинде: 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар 

Баланс 

Баланстан тышкары 

 

 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

 

 

  

 

  

  

  

  

  

 

 

  

 

Суммардык ачык валюта позициясы:  

 

 

  

 

  

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________»; 

 

 

 

 

 

 

 

 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«2-тиркеме 

20_-жылдын «___» ______ карата 

абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу 

жыйынтыкталган күндөлүк отчет 

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом 

Анын ичинде: 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Баланс 

Баланс тан тышкары 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

  

  

  

  

  

 

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы:  

  

 

  

  

 

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________».