Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-11-(НПА)  

токтому 

 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү 

киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды, насыялык бюролорду, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-11-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “финансы-кредит мекемелер”, “микрофинасылык мекеме” жана "финансы-кредиттик мекеме" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдар” дегенге алмаштырылсын; 

-22-пунктунун “а” пунктчасынын экинчи абзацындагы “эскертүү чаралары жана санкциялары” жана “чаралар жана санкциялар” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пунктунун бешинчи абзацындагы " жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемесинин" деген сөздөр “жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын; 

- 55-пунктунун 3-пунктчасындагы “эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулбоого” деген сөздөр “таасир этүү чараларына дуушар болбоого”, “эгерде мындай эскертүү чаралары жана санкциялар бир эле маселе боюнча бир нече жолу колдонулса” деген сөздөр “эгерде мындай таасир этүү чаралары бир эле маселе боюнча бир нече жолу колдонулбаса” дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун 2-тиркемесине карата 15-пункттагы: 

таблицада: 

- экинчи сабындагы “башка финансы-кредит мекемелерине” деген сөздөр “башка финансы-кредит уюмдарына” дегенге алмаштырылсын; 

- үчүнчү сабындагы “финансы-кредит мекемесинин” деген сөздөр “финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын; 

- төртүнчү сабындагы “эскертүү чаралары жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- үчүнчү абзацтагы “жана санкциялардын” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүнүн экинчи абзацындагы “финансы-кредиттик мекемелерге” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарына” дегенге алмаштырылсын;  

- “6-главасынын аталышындагы, 49-пунктунун биринчи абзацындагы жана 50-1-пунктундагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү “эскертүү чаралары жана санкциялары” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

50-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмүндөгү “санкциялар” деген сөзү “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгү “эскертүү чаралары жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

54-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы “санкциялардын” деген сөзү “таасир этүү чаралардын” дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзацындагы “эскертүү чараларын жана санкцияларды” деген сөздөр “таасир этүү чараларын” дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7. Насыялык бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылган жана/же өз ара жалпы кызыкчылыктарга ээ юридикалык жактарды жана/же жеке адамдарды өз ара байланыштуу жактар катары түшүнүүгө болот. 

1) Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыктары төмөнкү шарттардын кайсынысында болсун орун алган деп таанылат, эгерде: 

а) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке адамды контролдосо; 

б) аталган жактар насыляк бюро менен байланыштуу жактар болуп саналса; 

в) ошол жактардын бири башка жактын көз каранды компаниясы болсо. 

2) Жактар насыялык бюронун үлүшүнө/акцияларына биргелешип ээлик кылуучу деп таанылат, эгерде алар: 

а) жакын туугандардан болушса (жубайы (жолдошу), ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери); 

б) насыялык бюронун кызмат адамдары - акционерлери болсо; 

в) өз-өзүнчө же биргелешип олуттуу катышуучулардан болушса; 

г) келишимден улам акцияларга биргелешип ээлик кылса, же: 

- насыялык бюрону башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө

- акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө

- акциялар боюнча добуш берүү укугу менен өткөрүп берүү жөнүндө

- акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде сактоо жөнүндө

- акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынса; 

- ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүл болсо; 

- жалпы кызыкчылыгы болгондо. 

Ушул пунктта пайдаланылган түшүнүктөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

- 4-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "финансы-кредит мекемелери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

4.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча жана 3, 7 жана 8-тиркемелериндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "финансы-кредит мекемелери" жана “финансы-кредиттик мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- 4-пунктунун 3-пунктчасындагы “ыйгарым укуктуу башка финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу башка финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы “жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемесинин” деген сөздөр “жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын; 

- 24-пунктунун алтынчы абзацындагы “эскертүү чараларынын жана санкцияларынын” деген сөздөр “тассир этүү чараларынын” дегенге алмаштырылсын; 

- 36-пунктунун 1-пунктчасындагы “адистештирилген финансы-кредит мекемеси” сөздөрү алынып салынсын; 

- 78-пунктундагы “башка финансы-кредит мекемесине” деген сөздөр “башка финансы-кредит уюмуна” дегенге алмаштырылсын; 

3-тиркемесинин: 

- бүтүндөй тексти боюнча “ФКМ” аббревиатурасы “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

- 14-пунктунун биринчи абзацындагы “эскертүү чаралары жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын. 

- 7-тиркеменин онунчу абзацындагы “башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр “башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын; 

- 8-тиркеменин он экинчи абзацындагы “башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр “башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын. 

 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы “финансы-кредит мекемелеринин” деген сөздөр “финансы мекемелеринин” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө”; 

- баш сөзүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“"Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо (мындан ары - жобо), ушул жободо көрсөтүлгөн айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырган адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо тартиби аныкталган.”; 

- жобонун жана ага карата 1, 2, 3, 4, 5 жана 6 тиркемелеринин бүтүңдөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “адистештирилген финансы мекемелери” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү “финансы-кредит мекемелери” жана “финансы-кредиттик мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансыкредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктунда: 

- “3-пунктунда белгиленген” деген сөздөр “айрым банктык” деген сөздөр менен толукталсын; 

- “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктунда “төмөнкүдөй” деген сөз “айрым банктык” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 7-пунктунун төртүнчү абзацындагы “чаралар жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын, “финансы-кредит мекемесинин” деген сөздөр “финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пунктунун 3-пунктчасында “табылган финансы-кредит мекемесинин” деген сөздөр “табылган финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын, “финансы-кредит мекемесинин” деген сөздөр “финансы-кредит уюмунун” дегенге алмаштырылсын; 

- 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Адистештирилген финансы 

мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө

жобого карата 4-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 

№ _______ ЛИЦЕНЗИЯСЫ  

___________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук фирмалык аталышы) 

___________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы) 

_____________________ ш. 

1. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде келтирилген айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ. 

2. Уруксат берилген банк операцияларынын тизмеги ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Лицензия ээликтен ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат. 

Лицензия (жылы, айы, күнү) катталган. 

  

№ ____________ бланктын сериясы ______________  

  

Төраганын орун басары/  

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү____________ Аты-жөнү, кол тамгасы 

Улуттук банктын мөөрү 

 

- 5-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

"Адистештирилген финансы 

мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө

жобого карата 5-тиркеме 

Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 

 

________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

 

(жылы, айы, күнү) берилген № _____ лицензиясына карата 

 

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫНЫН ТИЗМЕГИ 

 

Банктык операциянын аталышы 

Банктык операциянын валютасы 

Уруксат күчүнө кирген күн 

Эскертүү/Чектөө 

(чектөө колдонууга киргизилген күндү көрсөтүү менен) 

 

 

 

 

 

№ ____________ бланктын сериясы ______________  

 

Төраганын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү____________ Аты-жөнү, кол тамгасы 

Улуттук банктын мөөрү 

 

- 6-тиркемесинин 20-пунктунда: 

- таблицанын үчүнчү сабында “Финансы-кредит мекемелериндеги депозиттик каражаттар” деген сөздөр “Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар” дегенге алмаштырылсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- жобонун жана ага карата тиркемелердин бүтүңдөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү “финансы-кредит мекемеси” жана “финансы-кредиттик мекемедеген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунда “Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 токтому менен бекитилген "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 1.11-пунктунда” деген сөздөр “Улуттук банктын банк ишин лицензиялоо тууралуу ченемдик укуктук актыларында” дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун бешинчи абзацындагы жана 42-пункттун 3-пунктчасындагы “башка финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр “башка финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын; 

- 32-пунктунун экинчи абзацындагы жана 33-пункттун экинчи абзацындагы, 34-пункттагы “финансы-кредит мекемесинде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмунда” дегенге алмаштырылсын;- 43-пунктунун 3-пунктчасындагы “башка финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “башка финансы-кредит уюму” дегенге алмаштырылсын; 

- 103-пунктунун 3-пунктчасындагы “эскертүү чаралары жана санкциялар белгиленбөөгө” деген сөздөр “таасир этүү чаралары колдонулбоого” дегенге алмаштырылсын; 

- 130-пунктунун 2-пунктчасындагы “чаралар жана санкциялар көрүлбөөгө” деген сөздөр “таасир этүү чаралары колдонулбоого” дегенге алмаштырылсын; 

- 136-пунктунун 2-пунктчасында “эскертүү чаралары жана санкциялары” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- 145-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“145. МФКны жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алуу учурунда милдеттери анын уюштуруучуларына (акционерлерине) же микрофинансылык уюмдун уставы менен ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт: 

- депозиттерди тартуу укугу менен микрофинансылык компанияны мажбурлап жоюу иши Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат; 

- депозиттерди тартпаган микрофинансылык компания төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) абалында калган шартта, ал Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамына ылайык жоюулууга дуушар болот”; 

- 1-тиркемесинин 21-пунктундагы “кандайдыр бир финансы-кредиттик мекемелерге” деген сөздөр “кайсыл болбосун финансы-кредит уюмунун алдында” дегенге алмаштырылсын. 

- 14-тиркемесинде “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын.