Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-12-(НПА)  

токтому 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү  

жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

1) Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы № 8/6 “Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) эрежелери тууралуу” токтомуна;  

2) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/3 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна;  

3) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 “Оффшордук аймактар субьекттерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу” токтомуна; 

4) Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна;  

5) Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна;  

6) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө” токтомуна; 

7) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 “Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу” нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна;  

8) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө административдик укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу тууралуу” нускоо тууралуу” токтомуна;  

9) Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялаган, иши ал тарабынан жөнгө салынган  

коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо саясатын жана анын негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтомуна; 

10) Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 “Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөөгө алууну жөнгө салуу эрежелери тууралуу” токтомуна;  

11) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмүнө тиешелүү маалыматтарды таркатууда натыйжалуу пайыздык ченди эсептөө жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна;  

12) Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагыя № 52/12 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна; 

13) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси -“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна; 

14) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна;  

15) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы № 7/2 “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же эсктремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдарда жана кредиттик союздарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

16) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуу” токтомуна; 

17) Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы 14/2 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери тууралуу” токтомуна; 

18) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 “Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна; 

19) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна; 

20) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 “Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

21) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы № 1/1 “Аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

22) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 “Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” жана “Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна; 

23) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна;  

24) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 “Кардарларга жеке адамдарга кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар жөнүндө” токтомуна;  

25) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

26) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 “Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна;  

27) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтеринин тизмеги жөнүндө” токтомуна;  

28) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө” токтомуна; 

29) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна; 

30) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана аны сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна; 

31) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоосу жана РППУну түзүүсү боюнча жалпы принциптери жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна; 

32) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

33) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/5 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

34) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна; 

35) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна; 

36) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык очтетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна. 

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/5 “Банк ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө” жобо тууралуу” токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/3 “Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-майындагы № 23/4 “Банкроттук процессин башынан кечирип жаткан банктарды реабилитациялоо жөнүндө” убактылуу жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/21 “Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-февралындагы № 6/3 “Экобанк” ААКсында ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө” нускоо тууралуу” токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 13-октябрындагы № 79/4 “Аманатчыларга компенсациялык төлөөлөрдү ишке ашыруусу үчүн банк-агенттерге карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомунун 1 пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондусу” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/17 “Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондусу” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы № 9/3 “Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондусу” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 7-майындагы № 29/3 “Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондусу” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/12 Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондусу” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 9/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы N 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-мартындагы № 13/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы N 25/8 токтому менен бекитилген “Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду” ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 24-июнундагы № 26/4 “Жоюу ыкмасында атайы администрлөө жол-жобосун ишке ашыруу учурунда коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык абал жөнүндө маалыматтарды сунуштоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 “Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартибин бекитүү тууралуу” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна карата тиркеменин 11 жана 12-пункттары; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна карата тиркеменин 1 жана 2-пункттары;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна карата тиркеменин 11 жана 21-пункттары; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пунктунун 16-абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 15 пункту;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомун 1 пунктунун 6-абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 5 пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет: 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, “Кредиттик союздардын каржы компаниясы” ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун, “Альянс” алмашуу бюролор ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-12-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы №8/6 “Банктык төлөм карттар боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө” эрежелер тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө эрежелердин: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.2. жана 3.11-пункттарында “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/3 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Бул жободо Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчетту түзүү жана сунуштоо формасы, тартиби аныкталган.”; 

- 2-пунктунда “Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы N 2/3 токтому менен бекитилген” деген сөздөр “Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитиле турган” дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пункттун экинчи абзацындагы “Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы N 2/3 токтому менен бекитилген "Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө" жободо белгиленген” деген сөздөр “Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө” жободо белгиленген” дегенге алмаштырылсын; 

Жобонун 1-тиркемесинин: 

“Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчеттун курамы” таблицасында: 

- “Аталыштары” графасынын онунчу сабындагы “Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар” деген сөздөр “банк менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматтар” дегенге алмаштырылсын; 

- “Эскертүүлөр же ченемдик-укуктук актыларга шилтемелер” графасынын төртүнчү сабындагы “(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы N 2/3 токтом менен бекитилген)”; 

Жобонун 2-тиркемесинин: 

- бүтүндөй тексттеги “инсайдер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “банк менен байланыштуу жактар” дегенге алмаштырылсын; 

6-бөлүгүнүн: 

- экинчи сабындагы “шайкештик ченеми” деген сөздөр “жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары” дегенге алмаштырылсын; 

- үчүнчү сабындагы “ликвиддүүлүк ченеми” деген сөздөр “ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)” дегенге алмаштырылсын; 

- он алтынчы сабындагы “шайкештиги коэффициенти” деген сөздөр “жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары” дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 “Оффшордук аймактар субъекттерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- баш сөзүндөгү “Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 8, 39- жана 53-беренелерине таянуу менен, Улуттук банк Башкармасы” деген сөздөр алынып салынсын; 

- бүтүндөй тексттеги жана тиркемелердеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) ушул жобо аркылуу коммерциялык банктардын (мындан ары банктар), алардын алмашуу пункттарынын, микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК), микрокредиттик компаниялардын (мындан ары МКК), кредиттик союздардын (мындан ары КС), алмашуу бюролорунун жана адистештирилген финансы мекемелеринин республика аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү тартибин белгилеген.”; 

- жобонун бүтүндөй текстиндеги жана 3,4-тиркемелердеги “адистештирилген финансы-кредит мекемеси" деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемеси” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.4-пункттагы: 

- “каражаттар боюнча” деген сөздөр “аркылуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 2-главанын аталышындагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “финансы мекемелери” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.1. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат; 

- 3.1-пункттагы “чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

- 7.5-пункттагы “эскертүү чараларын жана санкцияларды” деген сөздөрдү “таасир этүү чараларды” дегенге алмаштырылсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Бул “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобонун (мындан ары жобо) аракети Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары банктар) таркатылат.”; 

- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Ушул жободо колдонулган негизги түшүнүктөр”; 

- 7-пункттундагы “(1-тиркемени карагыла)” деген сөздөр “Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого (мындан ары - Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо) ылайык” дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пункттун “д” пунктчасындагы “(1-тиркемени карагыла)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого ылайык” дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пункттун биринчи абзацындагы: 

“(1-тиркемени карагыла)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын эске алуу менен” дегенге алмаштырылсын; 

“(1)” шилтемени “Standart & Poors "The S&P Global BMI (Broad Market Index)" агенттиктеринин тизмесине кирген өлкөлөр” дегенге алмаштырылсын; 

- 16-пункттагы: 

бешинчи абзацындагы “(1-тиркемени)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын эске алуу менен” дегенге алмаштырылсын; 

жетинчи абзацындагы “(2)” шилтеме алынып салынсын; 

- 25-пункттагы “Fitch IВСА (Великобритания)” деген сөздөр “,“Japan Credit Rating Agency (JCR)”, «Dominion Bond Rating Service (DBRS)”” сөздөр менен толукталсын; 

- 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“26. Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарынын банк тарабынан сатылып алынышы, алар “Standard & Poors” рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган “А” деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингине же “Japan Credit Rating Agency (JCR)”, “Fitch Ratings”, “Dominion Bond Rating Service (DBRS)” жана “Moodys Investors Service” рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ жана ОЭСРдин мүчөсү болуп саналышкан шартта гана ишке ашырылат, мында банктын баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 100% ашпоого тийиш. 

Эскертүү: ОЭСР - Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган.”; 

- 30-пункттагы “чаралар жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- 35-пункттун “а” пунктчасынын сегизинчи абзацындагы жана “б” пунктчасынын тогузунчу абзацындагы “, санкциялар” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 41-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“41. Баалуу кагаздарды эсепке алуу эрежелерин ылайыксыз колдонуу, банктын финансылык абалынын Улуттук банкка берилүүчү отчеттордо туура эмес чагылдырылышына алып келет, бул анык эмес маалымат берген катары каралышы мүмкүн.” 

- Жобонун 1-тиркемеси күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы “мекемелеринде” деген сөз “уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

- аталышын жана анын бүтүндөй текстиндеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.3-пуктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын” деген сөздөр “(мындан ары Улуттук банк)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.6-пункттагы “Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 22-февралында №3/5 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 17-мартында 41-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн)” деген сөздөр “Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитиле турган” дегенге алмаштырылсын. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы №30/5 “Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу” нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы, баш сөзүндөгү жана 6-пунктундагы “жаңы редакциясы” деген сөздөр алынып салынсын; 

- “нускоонун жаңы редакциясын” деген сөздөр “нускоону” сөзгө алмаштырылсын;  

- 1-пункттагы “нускоонун жаңы редакциясын” деген сөздөр “нускоону” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктарда төлөм багытын каттоо жөнүндө” нускоонун: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.1. “Банктарда төлөм багытын каттоо жөнүндө” нускоо (мындан ары текст боюнча нускоо) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 51-беренесине ылайык иштелип чыккан, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемин түзөт.”; 

- 1.2 жана 1.3-пункттардагы “мекемелер” деген сөз “уюмдар” сөзгө алмаштырылсын; 

- 2.6-пункттагы “санкциялар” деген сөз “таасир этүү чаралар” дегенге алмаштырылсын; 

- 3.17-пункттагы “14 Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” деген сөздөр “39 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамы” дегенге алмаштырылсын. 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы №49/9 “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди кароо жөнүндө” нускоо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди кароо жөнүндө” нускоонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Бул “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди кароо жөнүндө” нускоо (мындан ары нускоо) банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти жүргүзүү жол-жобосун жөнгө салат.”; 

- 36-пункттунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы “башка кредиттик мекемеге” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “башка кредиттик уюмга” дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо саясатын жана анын негизги принциптерин” бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана анын бүтүндөй тексти боюнча “мекемелер” деген сөз “уюмдар” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо саясатын жана анын негизги принциптеринин: 

- аталышындагы “мекемелери” деген сөз “уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “ФКМ" деген аббревиатура “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7.1.6-пунктунун “а” пунктчасындагы “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” дегенге алмаштырылсын. 

 

10. Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 “Коммерциялык банктардын ишеним боюнча тескөө операцияларын жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктардын ишеним боюнча тескөө операцияларын жөнгө салуу эрежелердин: 

- баш сөзүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык коммерциялык банктардын ишеним боюнча тескөө операцияларын жөнгө салат.”; 

- 2-главанын биринчи абзацындагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

11. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө" жобонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.2-пункттагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

12. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/12 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 111-пункттагы “мекемелерине” деген сөз “уюмдарына” дегенге алмаштырылсын. 

 

13. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы №37/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй тексттеги “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр алынып салынсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- аталышындагы жана анын 1, 2, 3, 4-тиркемесиндеги “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр алынып салынсын; 

- бүтүндөй тексттеги “ликвиддүүлүк ченеми” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “шайкештик ченеми” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жетиштүүлүк (шайкештик) стандарты” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “шайкештик коэффициенти” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жетиштүүлүк (шайкештик) стандарты” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “жай” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “кыймылсыз мүлк” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4, 49 жана 52-пункттардагы “эскертүү чаралары жана санкциялар” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Таза суммардык капитал кредиттик союздардын финансылык компаниясынын таза суммардык капиталы, аны эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитиле турган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого (мындан ары - Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо) ылайык аныкталат.”; 

- 11-пунктунун төртүнчү абзацындагы “Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоо” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо” дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун 4-пунктчасындагы “инсайдерлер” деген сөздөр “кредиттик союздардын финансылык компаниясынын адамдары менен байланыштуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пунктунун үчүнчү абзацындагы “ишенимсиз жана алгылыксыз” деген сөздөр “алгылыксыз жана кооптуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 27-пункттагы “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 49-2-беренесинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 142-беренесинин 1-бөлүгүнүн” дегенге алмаштырылсын; 

- 29-пункттагы “мүмкүн болгон” деген сөздөр “кыймылсыз” дегенге алмаштырылсын; 

- 40-пунктунун тогузунчу абзацындагы “өз инсайдерлерине” деген сөздөр “кредиттик союздардын финансылык компаниясынын адамдары менен байланыштуу” дегенге алмаштырылсын; 

- 52-пункттагы “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына” дегенге алмаштырылсын; 

- 2-тиркемеге карата эскертүүдө “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 4, 59, 59-2” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 17, 125, 128” дегенге алмаштырылсын. 

 

14. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы №12/4 “Адистештирилиген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышында жана анын бүтүндөй текстиндеги “финансы-кредит” деген сөздөр “финансы” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилиген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- аталышында жана анын бүтүндөй текстиндеги “адистештирилиген финансы-кредит мекеме” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “адистештирилиген финансы мекеме” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “эскертүү чаралар жана санкциялар” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “таасир этүү чаралар” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексттеги “ликвиддүүлүк ченеми” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 24-пункттагы, 3-тиркемеге карата эскертүүнүн бешинчи абзацындагы, 4-тиркемеге карата эскертүүсүнүн үчүнчү абзацындагы “финансы-кредит мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

15. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы №7/2 “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдарда жана кредиттик союздарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдарда жана кредиттик союздарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексттеги жана тиркемелердеги “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемелери” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.2-пункттагы “финансы-кредит” деген сөздөр “финансы” дегенге алмаштырылсын. 

 

16. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы №22/4 “Тике банктык көзөмөлдүк жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы «жобонун жаңы редакциясы тууралуу» деген сөздөр «жобону бекитүү тууралуу» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- баш сөзүндөгү «жаңы редакциясынын» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-пунктундагы «жобонун жаңы редакциясы» деген сөздөр «жобо» дегенге алмаштырылсын; 

“Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат (мындан ары банк/банктар).”; 

- 1.2-пунктундагы: 

“адистештирилген финансы-кредит мекемесине” деген сөздөр алынып салынсын; 

“бул мекемелердин иши” деген сөздөр “бул уюмдардын иши” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.7-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «мекемелерге» деген сөз «уюмдарга» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.1-пунктунун биринчи абзацындагы “убактылуу жетекчиликти” деген сөздөр “убактылуу администрацияны” дегенге алмаштырылсын. 

 

17. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы №14/2 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон деп таанылсын; 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк), Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык экономикалык ченемдерди, талаптарды жана бардык кредиттик союздар тарабынан аткарылууга милдеттүү чектөөлөрдү финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиттик союздардын катышуучуларынын таламдарын коргоо максатында белгилейт.»; 

- Эреженин бүтүндөй тексттеги жана тиркемелердеги «ликвиддүүлүк ченеми» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.1.2-пунктундагы «мекеменин» деген сөз «уюмунун» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.13-пункттагы “адистештирилген финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5.3, 5.3.1, 5.3.2 жана 5.3.3-пункттарындагы «мекемелердин» деген сөз «уюмдардын» дегенге алмаштырылсын; 

- 7.3-пунктундагы «эскертүү чараларын жана санкцияларды» деген сөздөр «таасир этүү чараларын» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркемедеги: 

«Экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоо жөнүндө маалымат» таблицасында: 

- «Ченемдердин жана чектөөлөрдүн аталышы» тилкесинин төртүнчү сабындагы «мекемелердин» деген сөз «уюмдардын» дегенге алмаштырылсын. 

 

18. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 “Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон деп таанылсын; 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.2. “Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө” жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык кредиттик союздар үчүн кредиттерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды (мындан ары - РППУ) түптөө боюнча талаптар белгиленген.”; 

- 3.2-пунктунун жетинчи абзацындагы, 3.4-1 пунктундагы жана 3.5-пунктунун “д” жана “е” пунктчаларындагы “финансы-кредит мекеме” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюм” дегенге алмаштырылсын. 

- 4.6-пункттагы “жобого кошумча катары” деген сөздөр “Жобого кошумча катары” дегенге алмаштырылсын. 

 

19. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/3 “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамга жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.1-пункттун “а” пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” дегенге алмаштырылсын. 

 

20. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/9 “Кредиттик союздардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоону” бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө” нускоонун: 

- 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык” деген сөздөр алынып салынсын. 

- 5-главанын аталышындагы “санкциялар” деген сөз “таасир этүү чаралар” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 19-пунктунун алтынчы абзацындагы “тиешелүү санкциялар” деген сөз “таасир этүү чаралары” дегенге алмаштырылсын. 

 

21. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы №1/1 “Аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Бул жободо аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата (мындан ары МФК) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу, милдеттүү камдык талаптарды сактоо тартиби жана милдеттүү кам өлчөмүн сакталбагандыгы үчүн таасир этүү чаралары боюнча талаптар белгиленген.”. 

 

22. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 “Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону жана “Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1-тиркемеде: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.1. Жободо микрокредиттик компаниянын, микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет) бирдиктүү формасы аныкталган.”; 

- 2.1-пунктунун “а)” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“а) Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана “Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө” жобосунда бекитилген функцияларды аткаруусунун алкагында МКК/МКА финансылык абалына;”. 

 

23. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюронун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюронун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 70, 73, 78, 82, 84-пункттарындагы жана 80-пунктунун алтынчы абзацындагы “жоопкерчилик чаралар” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “таасир этүү чаралар” дегенге алмаштырылсын; 

- 71-пунктунун үчүнчү абзацындагы “айыптык санкцияларды” деген сөздөр “айыптык төлөм” дегенге алмаштырылсын; 

- 80-пунктунун сегизинчи абзацындагы “санкцияларды” деген сөз “таасир этүү чараларды” дегенге алмаштырылсын; 

- “Кредиттик бюро жөнүндө отчет (кыскача отчет)” А1 таблицасынын: 

“Кредиттик бюронун аталышы” тилкесинин он жетинчи жана жыйырма жетинчи саптарындагы жана В1 тиркеменин А эскертүүсүндөгү “БФКМ” аббревиатурасы “БФКУ” дегенге алмаштырылсын. 

 

24. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кардарларга жеке адамдарга кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарга жана башка финансы-кредит мекемелерине карата талаптар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- токтомдун аталышындагы жана баш сөзүндөгү “финансы-кредит мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункттагы “адистештирилген финансы-кредит мекемеси” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

25. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

токтомдун аталышында «мекемелеринин» деген сөз «уюмдарынын» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

аталышындагы “мекемелеринин” деген сөз “уюмдарынын” дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун бүтүндөй текстиндеги жана тиркемелериндеги “ФКМ” деген аббревиатура “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

- баш сөзүндөгү “адистештирилген финансы-кредиттик мекеме” деген сөздөр алынып салынсын; 

- тиркемесинин аталышындагы “мекемелеринин” деген сөз “уюмдарынын” дегенге алмаштырылсын. 

26. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 «Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибинин: 

- бүтүндөй текстиндеги “кредиттик мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “кредиттик уюмдар” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пункттагы “финансы-кредиттик мекемелерде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарда” дегенге алмаштырылсын. 

 

27. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 4-пунктун эске албаганда, токтомдун аталышында, анын бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген (*)«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмегинин: 

- аталышындагы, бүтүндөй текстиндеги жана тиркемелериндеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текстиндеги, тиркемелериндеги “ФКМ” деген аббревиатура “ФКУ” дегенге алмаштырылсын; 

- тиркемесинин 1.1-пунктундагы “жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы N 60 “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

28. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3.1-пунктунун төртүнчү абзацындагы, 3.2-пунктундагы, 3.4-пунктунун төртүнчү жана жетинчи абзацтарындагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

29. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу”; 

- 6-пункттан тышкары, токтомдун бүтүндөй текстиндеги “жаңы редакциясы” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-пунктундагы “эсептер планынын жаңы редакциясы” деген сөздөр “эсептер планы” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы”; 

Пландын бүтүндөй текстиндеги 1, 2 жана 2.1 тиркемелериндеги “финансы-кредит мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдар” дегенге алмаштырылсын. 

 

30. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- токтомдун 6-пунктунан тышкары, токтомдун аталышы жана анын бүтүндөй текстиндеги “банктык эмес мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “банктык эмес финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

- аталашындагы “мекемелердин” деген сөз “уюмдардын” дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун бүтүндөй текстиндеги жана 1,2,3,4-тиркемелериндеги “банктык эмес финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “банктык эмес финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын; 

- жобонун бүтүндөй текстиндеги жана тиркемелериндеги “БФКМ” деген аббревиатура «БФКУ” дегенге алмаштырылсын;  

- жобонун бүтүндөй текстиндеги “финансы мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы уюмдары” дегенге алмаштырылсын;  

1.1-пунктундагы: 

- “консервациялоо,” деген сөзү алынып салынсын; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-сентябрындагы N 593 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө" деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы N 564 “Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө” дегенге алмаштырылсын. 

 

31. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 “Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй текстиндеги “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “финансы-кредит уюмдары” дегенге алмаштырылсын. 

 

32. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- “б” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“б) банк ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланылбаган жана пайдаланышы да мүмкүн болбогон, сатуу үчүн каралган жайларды кошо алганда, банктын кайсыл болбосун кыймылсыз мүлкү, мында мындай активдерди амортизацилоо токтотулууга тийиш.”;  

- 11-пунктундагы “жана санкциялар” деген сөздөр алынып салынсын. 

- 31-2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Банк кыймылсыз мүлктү өз балансына кабыл алууга жана ыйгарып берүү  

келишиминде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредитти төлөөнүн эсебинде “башка менчик” катары эсепке алууга укуктуу. Мында, келишимде ошол мүлктү банк менен күрөө коюучу ортосунда макулдашылган мөөнөттө жана келишимде каралууга тийиш болгон күрөө коюучунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмелер суммасында мурда берилген кредиттин ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган ошол кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналган жакка (адамга) банктын сатуу милдеттенмеси камтылууга тийиш.»; 

 

33. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3.6-1 пунктундагы «ФКМ» деген аббревиатура «финансы-кредит уюму» дегенге алмаштырылсын. 

 

34. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин” бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эреже) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салат.»; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык микрофинансылык уюмдар тарабынан аткарылышы жана сакталышы үчүн милдетүү экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө ушул эреженин максатынан болуп саналат. “Ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык, микрофинансылык уюмдардын “ислам терезесинин” алкагында жүргүзгөн ишинин көрсөткүчтөрүн экономикалык ченемдер жана талаптар эсебине кошуу менен экономикалык ченемдерди жана талаптарды эсептейт.»; 

- 8.2-пунктундагы “ФКМ” деген аббревиатура “финансы-кредит уюмдарга (мындан ары ФКУ)” дегенге алмаштырылсын; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банктын алардын ишине койгон талаптарынын микрофинансылык компаниялар тарабынан аткарылбашы, маалыматтардын сунушталбашы, ошондой эле маалыматтын өз убагында берилбеши же так эмес маалыматтын сунушталышы фактылары аныкталган учурда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарында жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

- 22-пунктунун сегизинчи абзацындагы “инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен” деген сөздөр “МФУ менен аффилирленген жана байланыштуу жактар” дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун биринчи пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1) Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар “Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактары менен операцияларына карата талаптар жөнүндө” нускоого ылайык, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жүзөгө ашырууга тийиш. Аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашпоого тийиш;”; 

- 38-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдары” дегенге алмаштырылсын; 

- 44-пунктунун алтынчы абзацындагы “финансы-кредит мекемелеринде” деген сөздөр “финансы-кредит уюмдарында” дегенге алмаштырылсын; 

- 46-пункттагы “финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “ФКУ” дегенге алмаштырылсын. 

 

35. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-тиркемесинде: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарына жана Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө” жобого ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.»; 

- 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2) 2-тиркемесинде: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы № 26/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө” жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун бирдиктүү формасы аныкталган.”; 

- 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3) 3-тиркемесинде: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө " жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.” 

- 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

36. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган же “ислам терезесине” ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган же “ислам терезесине” ээ банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

- аталышындагы “банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын” дегенге алмаштырылсын; 

- 2 жана 3-пункттардан тышкары бүтүндөй текст боюнча “БФКМ” деген аббревиатура “БФКУ” дегенге алмаштырылсын;  

- 2-пункттагы (мындан ары БФКМ) деген сөздөр (мындан ары - банктык эмес финансы-кредит уюмдары) дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пункттагы “БФКМдерге карата колдонулат” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредит уюмдарга (мындан ары БФКУ) карата колдонулат” дегенге алмаштырылсын;  

- жобонун 1, 2, 3, 4 жана 5-тиркемелериндеги “мекеме” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө “уюм” дегенге алмаштырылсын.