Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-1-(НПА)  

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом төмөнкү пунктчаларды эске албаганда, 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет: 

- токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кире турган анын тиркемесинин 1-пунктунун 10-пунктчасы; 

- токтом расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кире турган анын тиркемесинин 2-пунктунун 6-пунктчасы. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-1-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы «Жобонун жаңы редакциясын» деген сөздөр «Жобону» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункттагы «Жобонун жаңы редакциясы» деген сөздөр «Жобо» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

1) 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.1. Бул жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары текст боюнча активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары текст боюнча - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал депозиттерди тартуу менен иш алып баруу укугуна ээ бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына (мындан ары текст боюнча банктар) таркатылат.»; 

2) 1.2-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) 1.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.6. Кредиттик тобокелдик банк кардарынын (мындан ары кардар) финансылык абалы, күрөөнүн сапаты, менчик формасы боюнча кардардын түрү, тармактык тиешелүүлүгү, активдер боюнча гарантиянын болушу жана анын түрлөрү, ошондой эле ошол гаранттардын ишенимдүүлүгү, банк активдери боюнча мурда берилген милдеттенмелердин аткарылышына баа берүү, кардардын бизнесин андан ары өнүктүрүү келечеги жана башка потенциалдуу факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. 

Эскертүү: Ушул жобонун максатында, бул жерде жана мындан ары текст боюнча банк «кардары» дегенден улам, жобонун 1.7-пунктунда келтирилген банк активдерин кайтаруу милдеттенмесин өзүнө алган юридикалык жакты же жеке адамды түшүнүү зарыл.»; 

4) 3.6-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6-2. Банк кредиттерди классификациялоодо, эгерде карыз алуучунун башка финансы-кредит уюмунда орду жабылбаган карызы болсо, анын кандай болбосун башка кредиттери боюнча кредиттик таржымалы эске алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу, кардардан/карыз алуучудан кредиттик-маалымат бюросу аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын чегинде башка ыкмада алынган маалыматты пайдалануу менен өтүнүч келип түшкөн учурга карата кардардын башка финансы-кредит уюмунда башка кредиттери бар экендигине көз салып туруу зарыл. Ошондой эле, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке жарым жылда кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардардын башка финансы-кредит уюмундагы кредити жана кредитти төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында, бардык финансы-кредит уюмдары карыз алуучудан башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн талап келип түшкөндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен анын кредити жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматты карыз алуучуга сунуштоого милдеттүү. Банк карызгердин башка кредиттери жана кредиттик тартиптин сакталышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын чегинде башка ыкмада алышы мүмкүн.»; 

5) 4.1-пунктунда: 

4.1.1-пунктчасынын он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0% 2% чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн караган кредиттерге да таркатылат. Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын кредиттерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген кредиттерди каржылоого жол берилбейт.»; 

төмөнкү редакциядагы 4.1.2-пунктча менен толукталсын: 

«4.1.2. Эгерде банкта «Гарантиялык фонд» ААКсынын депозити жайгаштырылган болсо, банк «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн «нормалдуу» актив катары классификациялашы мүмкүн». 

Мында, «Гарантиялык фонд» ААКсы менен коммерциялык банк ортосунда түзүлгөн депозиттик жана гарантиялык келишимдер, кеминде төмөнкү шарттарды камтууга тийиш: 

- «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдер көлөмү депозиттин суммасынан ашпоого тийиш; 

- «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиясы менен камсыздалган активдердин кайтаруу мөөнөтү депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш; 

- «Гарантиялык фонд» ААКсы тарабынан камсыздалган активдердин орду толук жабылганга чейин аталган фонддун депозитинин кайтарылып алынгыстыгы шарты.»; 

6) 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасынын: 

биринчи абзацындагы «(1-1)» сандары алынып салынсын; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө мамлекеттердин тизмеси: http://www.eaeunion.org/»

7) 4.2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2.4. Эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, банк карыз алуучунун кирешесинин түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасында берилген кредит боюнча (Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерди эске албаганда) 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн. 

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен тууралуу маалымат Улуттук банктын: www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

8) 5.1-пунктунун 5.1.2-пункчасынын бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программаларынын алкагында берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банкта же башка финансы-кредит уюмунда кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ашкан мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо; 

- карыз алуучу-жеке адамдын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программаларынын алкагында берилген кредиттерди эске албаганда, жогоруда көрсөтүлгөн бардык кредиттер бир гана төлөө булагынан ишке ашырылса, ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюму алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 60 күндөн ары созулуп кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо. Мында бир гана төлөө булагы дегенден улам, кредит берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: Ушул пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафттарга таркатылбайт.»; 

9) 5.3-пунктунун 5.3.2-пунктчасынын: 

сегизинчи абзацындагы «((2) эскертүүнү караӊыз)» деген сөздөр алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна ылайык.»; 

10) жобо төмөнкү мазмундагы 5.4-пункт менен толукталсын: 

«5.4. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз убагында толук төлөнсө

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда, «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»; 

11) 7.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.6. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда классификацияланган «субстандарттык» активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- карыз алуучу алдында реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын ордун жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»; 

12) 7.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.7. Реструктуризацияланган кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам дисконтту минуска чыгаруу менен негизги карыз суммасына түзүлөт.»; 

13) 10.8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.8. Борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн баалуу кагаздары адатта классификацияланбайт, бирок, ага карабастан банк бул мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалыматты сунуштоого тийиш. Мисалы, Moodys Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.»; 

14) 13.9-пунктунан кийинки эскертүүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

1) 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жобонун талаптары «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банк) таркатылат.»; 

2) 17-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17-2. Банк активдерди классификациялоодо, эгерде кардардын башка финансы-кредит уюму алдында орду жабылбаган карызы болсо, кардар өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде башка ыкмада алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит уюмдарынан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, активге мониторинг жүргүзүү процессинде кардардан алынган башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарын сактагандыгына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде келишим колдонулган мезгил ичинде кардар тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде 1 жолу берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит уюмдары кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүүсү үчүн кардардын талабы келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сунуштоого милдеттүү.»;  

3) 22-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-2. Банк, эгерде каржылоо берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болсо, кардардын кирешесинин түзүмүнө карабастан чет өлкө валютасында берилген каржылоо боюнча 1% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүшү мүмкүн. 

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен тууралуу маалымат Улуттук банктын: www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

4) 24-пункттун онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик максаттуу программаларынын алкагында каржылоого алынган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит уюмунан алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсыл болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо;  

- кардар-жеке адамдын жубайы, ата-энеси жана балдары, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программаларынын алкагында каржыланган активдерди эске албаганда, жогоруда көрсөтүлгөн бардык активдердин бир гана төлөө булагынан орду жабылса, ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюму алдында, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча келишим шарттарын 60 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин бир гана төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл.»; 

5) 26-пункт төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна ылайык.»; 

6) жобо төмөнкү мазмундагы 26-2-пункт менен толукталсын: 

«26-2. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которууга төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- кардар акыркы үч төлөмдү графикке ылайык өз убагында толук төлөсө

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»; 

7) 34-4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-4. Банк бардык төмөнкү шарттар аткарылган учурда классификацияланган «субстандарттык» активди классификацияланбаган активдер категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- акыркы үч төлөм графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- кардар алдында реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.»; 

8) 34-5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-5. Реструктуризацияланган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам бүтүндөй баланстык наркка жараша түзүлөт.»; 

9) 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана өкмөттөрүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган баалуу кагаздары, эгерде банк ошол мамлекеттердин борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздарга баа түзүү транспаренттүү экендиги тууралуу тиешелүү маалымат сунушталса, классификацияланбайт. Мисалы, Moodyґs Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган узак мөөнөт ичинде кредиттөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыктамасын же башка финансылык маалыматты.  

Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.»; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын (мындан ары текст боюнча банк), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары Улуттук банк) банктык топтун башкы компаниясынын финансылык отчетторунун компоненттерин, мазмунун жана аларды түзүүнүн жана сунуштоонун негизги эрежелери аныкталган.  

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету). 

Убактылуу администрация режими киргизилген банк да финансылык отчетту ушул жобого ылайык сунуштоого тийиш. 

Ушул жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат.»; 

2) 6-пункттан кийинки «(*) Ушул Жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат.» деген абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) 28-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- өтүп жаткан мезгил аралыгынын акырына карата жана отчеттук мезгилге чейинки финансылык жылдын ушул эле мезгили үчүн жана буга чейинки отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет; 

Эскертүү: Аралык мезгил бул, узактыгы толук финансылык жылдан кыска болгон отчеттук мезгил.»; 

4) 64-пункттун «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) өздүк капиталдын ар бир компоненти бул, ретроспективдүү колдонуунун же ретроспективдүү кайрадан эсептөөнүн таасири. Мында, өздүк капиталдын ар бир компонентин суммардык корректировкалоо боюнча маалыматты өз-өзүнчө, эсептик саясатта каталарды оңдоодон улам келип чыккан өзгөрүүлөр боюнча ачып көрсөтүү зарыл. 

Эскертүү: Ретроспективдүү кайрадан эсептөө ФОЭСтин «Эсептик саясат, эсептөөлөрдүн негизинде бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөртүүлөр жана кетирилген каталар» деген 8-стандартында каралган талаптарга ылайык ишке ашырылат.»; 

5) 67-пункттун «б» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

6) жобо төмөнкү мазмундагы 72-1 жана 72-2-пункттар менен толукталсын: 

«72-1. Банктарга жана кардарларга сунушталган кредиттер жана финансылык ижара боюнча активдер жана чегерилген пайыздар боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам өлчөмү отчеттук күнгө карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө кошумча чечмеленүүгө тийиш. 

72-2. Финансылык абал жөнүндө отчетко жана Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетко карата түшүндүрмөлөрдө банктар милдеттүү түрдө отчеттук күнгө карата регулятивдик отчеттордо пайда алууну/чыгым тартууну кошумча ачып көрсөтүүгө тийиш.»; 

7) 74 жана 75-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74. Финансылык отчетто көрсөтүлгөн финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына ылайык банк Башкармасынын Төрагасына жүктөлөт. 

75. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура көрсөтүлүшү, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет регистрлеринин талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

8) 75-пункттан кийинки (1) жана (2) эскертүүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын; 

9) жобо төмөнкү мазмундагы 76-пункт менен толукталсын: 

«76. ФОЭСке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилип, колдонууга киргизилгенден кийин алар банк тарабынан ушул жобого кошумча колдонулууга тийиш.».