Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14\23-15-(ПС) 

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрдагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун 17, 18, 33, 42, 43-пункттарына өзгөртүүлөр 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.  

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14/23-15-(ПC)  

токтомуна тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту күчүн жоготкон катары эсептелинсин; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө», «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталган; 

- 3-пунктта «2015-жылдын 12-майындагы токтому менен бекитилген №27/8» деген сөздөр «2016-жылдын 30-марттагы токтому менен бекитилген № 15/6» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-пунктта:  

төртүнчү абзацтан кийин пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Аутентификация бул, идентификатор сунуштагандардын (ПИН-код, логин ж.б.) мүнөздөмөлөрүн салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо процесси.»; 

алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык эсеп бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.».; 

жетинчи абзацтан кийин пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Байланышсыз төлөм карт жана анда чагылдырылгандарды чечмелеген жабдуулардын же терминалдын өз ара байланышуусуз ишке ашырылган төлөм.»; 

он экинчи абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

он үчүнчү абзацтан кийин пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Шек туудурган жагдай коргоого алынган маалыматтардан башка бирөөнүн пайдаланышы же пайдаланган деп шектенүү фактысы.»;  

он сегизинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Көп фактордук аутентификация өркүндөтүлгөн аутентификация, тиешелүү маалыматты алуу үчүн андан пайдалануучу бир нече идентификаторду сунуштаган контролдоо ыкмасы.»; 

отуз алтынчы абзац жокко чыгарылсын; 

кырк төртүнчү абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Электрондук коммерция электрондук формадагы банктык карттардын айрым реквизиттерин чагылдыруу менен компьютердик түйүн аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бюрутма берүү/сатып алуу боюнча транзакцияларыд иштеп чыгуу жана өткөрүү »; 

- 15-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«15. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карт аркылуу төлөп, банкоматтан/тиешелүү пункттардан нак акча каражаттарын алып, cash-in/банкоматтан/тиешелүү пункттардан банк эсептерин толуктоо менен өз банктык эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык касыл болбосун башка эсепке акча которууну жүзөгө ашыра алат.»; 

- 16-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«16. Соода-тейлөө ишканалары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карттарды төлөөгө кабыл алуу менен ошол ишканада орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен төлөмдөр ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалыматтар менен алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Ал эми микропроцессору бар карттар үчүн соода-тейлөө ишканасы жана эквайер ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн шартта гана электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 17-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«17. Карт ээси тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган карт-чегин тариздөө менен тастыкталат:  

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы;  

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду);  

- төлөм суммасы;  

- төлөм валютасы;  

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код;  

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык);  

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери;  

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция нак акча берүү пункттары же соода- тейлөө ишканалары аркылуу ишке ашырлган шартта). Операция ПИН-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, карт-чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн.  

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт.»; 

- 18-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана банктык карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса, эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микорпроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын актара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш. 

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде алдамчылыкка баруу белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат.»; 

- 19-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «Эгерде карт ээси менен түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 33-пунктун он төртүнчү абзацындагы «ПИН-кодду пайдалануусуз» деген сөздөр «жана байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүүнү» деген сөздөр менен толукталсын; 

он бешинчи абзац төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Эмитент, системанын иш эрежелерине ылайык, алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү жана/же кине коюу мүмкүн эмес болгон жогорку деңгээлде тобокелдикти камтыган операциялар орун алып жаткандыгы тууралуу карт ээлерине маалымдоого тиийш. 

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн.»; 

- 42-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«42. Карттын жоголгондугу, уурдалып кеткендиги же андан санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу карт ээсинин эмитентке маалымдоосу жана өтүнүч кат менен кайрылуу мөөнөтү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз учурунда берилиши жоопкерчилиги карт ээсине жүктөлөт. Өтүнүч катты берилгенден тартып, жоголгон же уурдалып кеткен банктык карт аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»;  

- 43-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээси алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- карт ээси түзүлгөн келишимдерде белгиленген картты жана ПИН-кодду пайдалануу боюнча эрежелерди жана жол-жоболорду бузууга жол берсе;  

- карт ээси укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берген шартта.  

Эмитент талаш туудурган кандай болбосун жагдайда карт ээсинин талабы боюнча толук маалыматты, анын ичинде процессинг борборунан, төлөм системасынан, карт ээсинин эсептеринен акча каражаттарын эсептеп алып салууга укуктуу экендигин тастыктоо үчүн өткөрүлгөн тарнзакциялар боюнча толук маалыматты ага сунуштоого тийиш.  

Бул талап магниттик тилкелүү картты колдонуу менен ишке ашырылган операцияларга жана көп фактордук аутентификациясыз электрондук коммерциялык операцияларга таркатылбайт.»;  

- 53-пункттун он биринчи абзацындагы «(слиптердин)» деген сөз алынсын; 

- 70-пункттагы «кошумча» деген сөз алынып салынсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына жөнөтүү иши (процессинг, клиринг) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат»; 

- 11-глава күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- Жобого карата 4-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- Жобого 5-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринде (мындан ары Эрежелер) банктар жана акча которуу системаларынын операторлору акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу кызматтарын сунуштоодо аларга карата коюлуучу талаптар аныкталган.»; 

- 1.3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.4-пункттун 1-пунктчасындагы «алмашуу курсун» деген сөздөрдөн кийин  

«, которууларды ала турган өлкөдө жана пунктта берүү шарттары, которууну кайтарып жиберүү шарттары, алдамчылык аракеттерине жол берүү тобокелдиктери» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эмес банк уюшулган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болгон жана рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш.  

Банктык гарантия ошондой эле, банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга ээ акча которуу системасынын оператору болуп саналган банк тарабынан да сунушталышы мүмкүн. Мында, гарантия берип жаткан банк, инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон же болбосо резидент эмес банк уюшулган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болууга жана ал рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш. Оператор маалымдоо тартибинде банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо) оператор 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын алкагында камсыздоону сунуштоого тийиш.  

Эгерде төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эместин уюму түзүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан даярдалган тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болгон жана рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш. Оператор маалымдоо тартибинде банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо) төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы_ 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын алкагында камсыздоону сунуштоого тийиш;»; 

- 4.6-пункттун 6-пунктчасы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«6) алдамчылыкка баруу тобокелдиктери, которууларды ала турган өлкөдө жана пунктта аларды берүү шарттары, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.».