Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 19-июлундагы  

№ 2017-П-09/32-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 19-июлундагы  

№ 2017-П-09/32-3-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 41-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (МБК);»; 

Жобонун 1-тиркемесинде: 

- 9.3 пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«9.3. Башкы келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ официалдык тилинде 2 (эки) түп нускада жана мамлекеттик тилинде 2 (эки) нускада түзүлгөн;»; 

Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин 1-тиркемесинде: 

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«_________________негизинде иш алып барган________________ төмөнкү адамдарга кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюуга жана Улуттук банктан кредит алуу үчүн күрөөлүк камсыздоону берүүгө укук чегерет.”  

Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 4-тиркемесинин: 

- 2.3-пунктундагы «кийинки жумуш күнү» деген сөздөр «кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен» дегенге алмаштырылсын; 

- 5.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3. Ушул Кредиттик келишим, анын ичинде билдирмени жана Жобого карата 3 жана 5, 6, 7-тиркемелер формасындагы (күрөө түрүнө жараша) күрөө келишимин кошо алганда, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн Кредиттик аукцион жөнүндө 20___жылдын «__»______ түзүлгөн №_____ Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал Тараптардын ар бири үчүн бирден, 2 (эки) түп нускада түзүлгөн. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган нусканы милдеттүү түрдө талап кылса кошумча 1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.» 

Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 5-тиркемесинин: 

- 2.1.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.5. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү  келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка ушундай эле баадагы мамлекеттик баалуу кагаздарга алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен). Мында, мамлекеттик баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/тиешелүү эмиссиялардагы мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 10 (он) жумуш күн мурда алмаштырылууга тийиш.» 

- 3.2-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмитенти катары иш алып барган» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 3.3-пунктундагы «ошол мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркынын суммасын» деген сөздөр «анын ичинде» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6 Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган нусканы милдеттүү түрдө талап кылса кошумча 1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.»; 

Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин 6-тиркемесинин: 

- 6.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган нусканы милдеттүү түрдө талап кылса кошумча 1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.»; 

Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин 7-тиркемесинин: 

- 4.2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «5 (беш) жумуш күнү» деген сөздөр жана цифра «10 (он) жумуш күнү» дегенге алмаштырылсын;  

- 7.11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.11. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган нусканы милдеттүү түрдө талап кылса кошумча 1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ.». 

- Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун күрөөгө коюу келишимине карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул тизмеде милдеттүү түрдө кредит портфели жөнүндө толук маалымат камтылуусу зарыл, анын ичинде:  

 

20____-жылдын «___»_______№_____   

Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу   

укугун күрөөгө коюу келишимине карата   

1-тиркеме 

 

1. Кардардын аты-жөнү;   

2. Кредиттик келишимдин номери;  

3. Кредиттик келишимдин күнү

4. _______карата абал боюнча карыз калдыгы;  

5. Пайыздык чен;  

6. Төлөө күнү;  

7. Долбоорду каржылоого алган тармак;  

8. Күрөөнүн аталышы;  

9. Күрөөнүн дареги; 

10. Күрөөнүн бааланган наркы;  

11. Башка зарыл маалыматтар.  

*Тиркеменин форматы Улуттук банк тарабынан Күрөө келишимине кол коюлган учурда сунушталууга тийиш.»