Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-7-(ДКП) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө (редисконттук операция)» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/16 «Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-7-(ДКП) токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы болууга тийиш жана баалуу кагаздарды чыгарууга, сатып алууга, сатууга, тейлөөгө, ошондой эле депозитарий кызмат көрсөтүүсүн сунуштоого чектөөлөр болбошу зарыл;»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 9.5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса;». 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы жана келишимдик шарттарда өздүк жана/же тартылган каражаттарды өз атынан жайгаштырууга уруксаты болууга тийиш;»; 

Жобого карата 1- тиркеменин: 

- 8.5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса;». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

16-пунктунун: 

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы жана туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашырууга уруксаты болууга тийиш;»; 

үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 8.5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса;». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө (редисконттук операция)» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө (редисконттук операция)» жобонун: 

- 11-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы болууга тийиш жана баалуу кагаздарды чыгарууга, сатып алууга, сатууга, тейлөөгө, ошондой эле депозитарий кызмат көрсөтүүсүн сунуштоого чектөөлөр болбошу зарыл;»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 8.5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса;». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/16 «Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү» эрежелеринин: 

14-пунктунун: 

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы жана өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга (алмаштырууга), кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана кардардын атынан чет өлкө валюталарын сатып алуу (алмашуу) операцияларын ишке ашырууга уруксаты болууга тийиш;»; 

үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 10.5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса;». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу жөнүндө» эрежелеринин: 

- 15-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы болууга тийиш жана баалуу кагаздарды чыгарууга, сатып алууга, сатууга, тейлөөгө, ошондой эле депозитарий кызмат көрсөтүүсүн сунуштоого чектөөлөр болбошу зарыл;».