Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 25-октябрындагы  

№ 2017-П-07\45-3-(ДКП) 

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1  

«Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна  

толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 

-  токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышындагы «милдеттүү камдарынын» деген сөздөрдөн кийин «күндөлүк» деген сөз кошулсун; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ар бир коммерциялык банктын милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттарынын жана коммерциялык банктын Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин өлчөмү күндөлүк негизде коммерциялык банктын тиешелүү мезгил аралыгына белгиленген милдеттүү камдарынын көлөмүнүн кеминде 90 пайызын түзүүгө тийиш.». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Кулматов