Кайта келүү

2017-жылдын 5-октябры расмий жарыяланган күнү  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-сентябрындагы  

№ 2017-П-10\42-4-(НПА) 

токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 17, 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү туралуу» токтомуна.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Кулматов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-сентябрындагы 

№ 2017-П-10\42-4-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун:  

2- тиркемесинин: 

1) 26-бөлүгүндөгү

- «Нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет» деген «А» бөлүкчөсүндөгү Башка агылып кирүү» статьясы төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

«анын ичинен корреспонденттик эсептин толукталышы аркылуу агылып кирүү»; 

- «Башка агылып чыгуу» статьясы төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: «анын ичинде корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн агылып чыгуу»; 

-  «Нак чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет» деген «Б» бөлүкчөсүндөгү «Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары боюнча каражаттардын түшүүсү» статьясы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары, ошондой эле банктын филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча каражаттардын түшүүсү»; 

- «Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операциялары боюнча каражаттардын чыгымдалышы» деген маалымат үчүн статья төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялар, ошондой эле филиалдар жана/же аманат кассалары ортосундагы операциялар боюнча каражаттардын чыгымдалышы»; 

2) 29-бөлүгүндөгү

«Кредиттер боюнча карыз» деген «А» бөлүкчөсүнүн 14-пунктундагы «Анын ичинде пролангацияланган кредиттер» деген сөздөр «Анын ичинде реструктуризацияланган кредиттер» дегенге алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

2 -тиркемесинин: 

1) 22-бөлүгүндөгү

-  «Нак эмес чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар жөнүндө отчет» деген «А» бөлүкчөсүнүн «Жана башка агылып кирүүлөр» статьясы төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

«анын ичинде корреспонденттик эсептин толукталышы аркылуу агылып кирүү»; 

- «жана башка агылып чыгуулар» деген статья төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

«анын ичинде корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн агылып чыгуу»; 

-  «Нак чет өлкө валютасы менен операциялар жөнүндө отчет» деген «Б» бөлүкчөсүнүн «Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары боюнча каражаттардын түшүүсү» деген статья төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялар, ошондой эле банктын филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча каражаттардын түшүүсү”; 

- «Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары боюнча каражаттардын чыгымдалышы” статьясы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасындагы операциялары боюнча, ошондой эле филиалдар жана/же аманат кассалары менен операциялары боюнча каражаттардын чыгымдалышы». 

-  «Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак эмес чет өлкө валютасындагы ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет» деген Г.1.2 бөлүкчөсү «Сатып алуу» жана «Сатуу» графаларында «Көлөм» тилкесинен кийин «Сатып алуу курсу», «Сатуу курсу» деген тилкелер менен толукталсын; 

- Коммерциялык банктардын 100 000 доллар эквивалентинен жогору нак чет өлкө валютасындагы ички бүтүмдөрү жөнүндө отчет» деген Д.1.2 бөлүкчөсү «Сатып алуу» жана «Сатуу» графаларында “Көлөм” тилкесинен кийин «Сатып алуу курсу», «Сатуу курсу» деген тилкелер менен толукталсын. 

2) 24-бөлүгүндөгү

-  «Мезгилдин акырына карата сунушталган каржылоо» деген «А» бөлүкчөсүндөгү 14-саптагы «Анын ичинде пролангациялангандар» деген сөздөр «Анын ичинде реструктуризациялангандар” дегенге алмаштырылсын.