Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 13-декабрындагы  

№ 2017-П-09/51-19-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы  

№ 2017-П-09/51-19-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- 41-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары, Улуттук банктын ноталары жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан чыгарылган, листингге ээ жана Кыргыз Республикасында лицензияланган тоорук аянтында котировкалануучу муниципалдык баалуу кагаздар (мындан ары - баалуу кагаздар)»; 

- 61-пунктундагы «6, 7» деген сандардан кийин «, 8» деген сан менен толукталсын; 

- 62-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«62. Эгерде баалуу кагаз катары күрөөлүк камсыздоо сунушталса, Улуттук банк менен Банк ортосунда тиешелүү Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин тариздетип, аларга кол коюу кредиттик аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, ал эми ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү 1 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат.»; 

- жобонун 1-тиркемесине карата 4-тиркеменин: 

- 5.3-пунктундагы «6, 7» деген сандар «, 8» деген сан менен толукталсын; 

- жобонун 1-тирекемесине карата 5-тиркеменин: 

- баш сөзүндөгү «төмөнкүлөр боюнча ушул» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын/Улуттук банктын ноталарын күрөөгө коюу жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга _________________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктан төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөрдөгү ________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын/Улуттук банктын ноталарын (мындан ары - баалуу кагаздар) күрөө катары өткөрүп берет:»; 

- 2.1.5.-пунктундагы «ушундай эле баадагы баалуу кагаздарга» деген сөздөр «(мамлекеттик казына векселдери, мамлекеттик казына облигациялары жана Улуттук банктын ноталары)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобого карата 1-тирекеме төмөнкү мазмундагы 8-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

 

 

 

  

 

  

«20__-жылдын "__" _________ №_________________________ 

Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимге карата 

№ 8-тиркеме 

20__-жылдын "__" _______________ № ___________________ Кредиттик келишимге карата 

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

Бишкек ш. 20__-жылдын "__" ____________ 

 

Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___-жылдын “___”_______ № ________ буйругунун негизинде иш алып барган ____________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучу ________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул муниципалдык баалуу кагаздарды күрөөгө коюу жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - "Келишим") түзүштү

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга ____________________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, 20__-жылдын "__" _______________ № _______________ Башкы келишимдин алкагында (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин) 20__-жылдын "__" ____________ № _________________ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык (мындан ары - Кредиттик келишим) 20__-жылдын "__" _______________ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга _________________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктан төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөрдөгү ________________ муниципалдык баалуу кагаздарды (мындан ары - баалуу кагаздар) күрөө катары өткөрүп берет: 

Каттоо номери 

Баалуу кагаздын чыгарылган күнү 

Баалуу кагаздын ордун жабуу күнү 

Баалуу кагаздар дын саны (даана) 

1 баалуу кагаздын номиналдык баасы (сом) 

Баалуу кагаздын номиналдык наркы (сом) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

 

 

1.3. Бул келишим Күрөө коюучунун, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат. 

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу; Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбай коюунун же кечиктирип аткаруунун же болбосо башка кемчиликтердин кесепетинен күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдар жана башка чыгашалар үчүн (соттук чыгашаларды кошо алганда) ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет. 

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз милдеттенмелерин толук же анын бир бөлүгүн төлөбөй койгон учурда, ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга карата менчик укук Күрөө кармоочуга өтөт. 

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздар, башка жерде күрөөгө коюлбагандыгына, талаш-тартышта эместигин жана ага тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттерин камсыздоо предмети эместигине кепилдик берет. 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө акысыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого. 

2.1.2. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге/башталганга чейин алдын ала маалымдоого. 

2.1.3. Күрөө коюучу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган шартта же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, баалуу кагаздардан токтоосуз (талашсыз), соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет. 

2.1.4. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүү жана күчүнө киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык зарыл чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга. 

2.1.5. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү менен башка баадагы баалуу кагаздарга (муниципалдык баалуу кагаздар, мамлекеттик казына векселдер, мамлекеттик казына облигациялар жана Улуттук банктын ноталары) алмаштырылышын камсыз кылууга (Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен). Мында, баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/тиешелүү эмиссиялардагы баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 10 (он) жумуш күн мурда алмаштырылууга тийиш. 

2.2. Күрөө коюучу күрөөдөгү баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугуна ээ. 

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предметинен болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта; 

2) Күрөө коюучу кийин күрөөгө коюу эрежелерин, үчүнчү жактардын баалуу кагаздарга укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттенмесин бузган учурда; 

3) Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса. 

2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө

2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.4.4. Баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырууга. 

2.5. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптарында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптык төлөм, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан мүмкүн болуучу чыгымдарды жана башка чыгашаларды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык баалуу кагаздарды күрөөгө коюуда Күрөө коюучу ошол баалуу кагаздарга укугун тастыктаган документти сунуштайт.  

3.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка баалуу кагаздарга же ушул Башкы келишимде көрсөтүлгөн, Күрөө коюучуга тиешелүү болгон ушундай эле баадагы башка күрөөгө алмаштырылышы мүмкүн. Мында, Күрөө кармоочу менен Күрөө коюучунун ортосунда Тараптардын макулдугу боюнча жаңы Күрөө келишими тариздетилип, алар каттоо учурундагы төлөмдү төлөө менен тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга тийиш. Каттоодон өткөртүүгө кеткен чыгымдарды Күрөө коюучу төлөйт. 

3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган, Күрөө коюучунун Улуттук банктын баалуу кагаздарынын баалуу кагаздарды сактоого жана эсепке алууга ыйгарым укуктуу органда күрөөлүк депо-эсебинде турган баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу органы ошол баалуу кагаздардын номиналдык наркын суммасын анын ичинде Күрөө коюучу депо-эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга ыйгарым укук чегеришкен. 

3.4.  Тараптар ушул Келишимди каттоодон өткөртүү, ыйгарым укуктуу органда сактоо жана эсепке алуу үчүн Күрөө коюучу төлөй тургандыгына макулдашышты. 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, Тараптар бири-бирине келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык төлөп берүүгө тийиш. 

4.2. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөлүү тараптарды ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

4.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген ар бир күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн) алмаштырылууга тийиш болгон баалуу кагаздардын номиналдык наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт. 

5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

5.1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта Тараптар, баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте дароо ишке ашырыла тургандыгына келишишти. 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдындагы өз милдеттенмесин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды төлөө жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат. 

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөртүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоодон өткөртүү Күрөө коюучу тарабынан ишке ашырылууга тийиш. 

6.4. Келишим баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш. 

6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

6.6. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы Күрөө коюучуга, 1 (бир) нускасы - сактоо үчүн Улуттук банкка берилет. Күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органга 1 нусканы милдеттүү түрдө сунуштоо зарыл болгон шартта, кошумча 1 (бир) нуска түзүлөт. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ. 

7. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

Күрөө кармоочу 

  

Күрөө коюучу 

 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

  

Банк: "Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

 

 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү 

Бишкек ш., Чүй проспектиси 168. 

 

Улуттук банктагы корэсеп 

 

 

№ 1010126 _______________________ 

 

 

Улуттук банктын БИК № ______________________ 

 

 

ИНН № ___________________________ 

 

 

ОКПО № __________________________ 

 

 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: ___________________________ 

Кызматы ______________________ 

  

Кызматы ______________________ 

(кол тамгасы) ___________ 

М.О. 

  

(кол тамгасы) ___________ 

М.О.»