Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-15\54-4-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

 

Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата  

минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптар (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш (15) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым А.С.Тезекбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-15\54-4-(НПА)  

токтомуна тиркеме  

 

 

 

Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу  

кредит портфелин алууга карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.  

2. Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

Кредит портфели  талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк тарабынан карыз алуучуга улуттук валютада берилген кредиттер/лизингдер.  

«Резидент» деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.  

Жеке адам ушул минималдуу талаптардын алкагында жеке адам дегенден улам, жеке ишкер катары катталбаган, бирок айыл чарба тармагында иш алып барган адамды саноого болот. 

3. Ушул минималдуу талаптарда колдонулган башка түшүнүктөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын банктык жана финансылык терминдер глоссарийинде каралган түшүнүктөргө туура келет.  

  

2. Кредит портфелине камтылган  

кредиттердин/лизингдердин мүнөздөмөлөрү 

 

4. Кредит портфели экономиканын төмөнкү тармактарында иш алып барышкан юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттердин/лизингдердин эсебинен тузүлүүгө тийиш: 

өнөр жай;   

- айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү

- транспорт, байланыш жана тейлөө тармагы;   

- соода жана коммерциялык операциялар;   

- курулуш; 

- туризм чөйрөсү.   

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иш алып барган физикалык жактарга берилген кредиттер кредит портфелине камтылышы мүмкүн. 

5. Кредит портфелине камтылуучу кредиттер/лизингдер, төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүлөрү тийиш: 

1) кредиттин максатка ылайык багытталуусу банк тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндө тастыкталган (квитанциялар, чектер, сатып алуучу актылар, келишимдер ж.б.);  

2) карыз алуучу/лизинг алуучу  Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банктын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбайт;  

3) төлөө графигинде кредиттин/лизингдин мөөнөтүнүн аягында карыздын негизги суммасын толугу менен же көбүрөөк бөлүгүн (70% жана андан ашык) төлөө каралган эмес;  

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын кредиттик саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк тарабынан карыз алуучу/лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз алуучу/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;   

5) кредит/лизинг Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген, “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;   

6) карыз алуучу/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялануучу коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык банк тарабынан таризделген. Карыз алуучу/лизинг алуучу менен банктын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде/финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимде, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

- карыз алуучуга/лизинг алуучуга сунушталган кредит/лизинг талап кылуу укугу кредит берүү учурунда үчүнчү жак тарабынан күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредиттер портфелине камтылышы ыктымал деген шарт;  

- талап кылуу укугу үчүнчү жакка карыз алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлгөндүгү жөнүндө карыз алуучуга/лизинг алуучуга кат жүзүндө билдирүү жагында  банктын милдеттенмеси. 

7) кредит ушул минималдуу талаптардын 15-пунктунда каралган жана 16,17- пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген күрөө менен камсыздалган. 

6. Улуттук банкка сунушталуучу кредит портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

7. Улуттук банкка  сунушталуучу кредит портфели, Улуттук банк тарабынан банкка сунушталган кредит боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашыгыраак мөөнөткө банк берген кредиттерди/лизингдерди камтууга тийиш.  

8. Кредиттер/лизингдер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү  күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат.  

9. Автоунаа түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында сунушталган кредиттердин суммасы сунушталуучу кредит портфелинин жалпы суммасынын 10% ашыкты түзбөөгө тийиш. Сунушталып жаткан күрөөнүн түзүмүндө лизинг портфелинин жалпы үлүшү кредит портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш. 

10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү жагында текшерүүлөрдү (арасынан бирден алып же бир-бирден) банкка 2 (эки) күн мурун маалымдоо аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.  

11. Банк, талаптагыдай ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредит портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингдерге мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү:   

1) белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүнө кеминде айына бир жолу;   

2) карыз алуучунун/лизинг алуучунун финансылык абалына жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө кеминде жарым жылда бир жолу;  

3) кредитти/лизингди төлөө графигине ылайык өз убагында төлөө ар дайым;  

4) күрөө/лизинг предметинин абалына - кеминде жарым жылда бир жолу. 

12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк кредит портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук форматта отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ай сайын берип турат. 

13.  Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө дал келбестиги Банк жана/же Улуттук банк тарабынан аныкталган шартта, банк аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга милдеттүү.  

14. Ушул минималдуу талаптардын 5-пунктунда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө шайкеш келбестигине карабастан, мамлекеттик баалуу кагаздар, Улуттук банктын баалуу кагаздары жана депозит түрүндө камсыздалган кредиттер, кредит портфелине камтылышы мүмкүн. 

 

3. Күрөө/лизинг предметине карата талаптар 

 

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:  

1) кредит берилген банкта жайгаштырылган депозит;  

2) мамлекеттик баалуу кагаздар, көбүнчө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына облигациялары; 

3) Улуттук банктын баалуу кагаздары;  

4) кыймылсыз мүлк (пайдалануудагы батир, үй, өнөр жай объектиси, офис, ошондой эле жер тилкелери);  

5) автоунаа, эгерде ал кыймылсыз мүлк түрүндөгү негизги күрөөгө карата кошумча күрөө катары берилсе. 

16. Күрөө наркы кредиттин суммасынын (негизги карыздын) кеминде 120% жабууга тийиш. Эгерде кредит менен депозит түрүндөгү күрөө бирдей валютада болсо, кеминде 100% жабууга тийиш. 

17. Күрөө предмети боюнча төмөнкү талаптар сакталууга тийиш: 

1) кыймылсыз мүлк же автоунаа түрүндө сунушталган күрөө предмети, карыз алуучуга/күрөөгө коюучуга менчик укугунда тиешелүү болот, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык тариздетилген документтер менен тастыкталган; 

2) менчик укугунда карыз алуучуга/күрөө коюучуга тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү жана/же автоунааны күрөөгө коюуга карыз алуучунун/күрөөгө коюучунун аялынын/күйөөсүнүн мамлекеттик/жеке нотариус тарабынан тастыкталган кат жүзүндөгү макулдугу бар; 

3)  күрөө предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана катталган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш; 

4) автоунаа түрүндө сунушталган күрөө предмети кредиттик келишимдин колдонуудагы бүтүндөй мөөнөтүндө камсыздалган жана камсыздандыруунун өлчөмү ушул күрөө менен жабылган кредит боюнча карыздын өлчөмүнө дал келүүсү зарыл. 

18. Лизинг предмети боюнча төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:  

1)  лизинг предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана катталган, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш;  

2) лизинг предмети финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимдин бүтүндөй колдонуудагы мөөнөтү ичинде камсыздалган болуп, анын өлчөмү лизинг боюнча карыздын (негизги карыз, кредит боюнча пайыз) өлчөмүнө дал келет же андан ашат. Мында кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө берилген же ордун жабуу үлүшү берилген каражаттардын 50% же андан көбүрөөк бөлүгүн түзгөн, өздүк аманаттар салынган учурларда камсыздандыруу зарылчылыгы жок. 

19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптары сакталууга тийиш.