Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 31-январындагы 

2018-П-09\4-4-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- «2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоосу үчүн кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу»; 

- «2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы №5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоосу үчүн кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

- «2017-жылдын 17-майындагы №19/2 «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

5-февралындагы № 5/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоосу үчүн кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- «2016-жылдын 8-февралындагы № 6/2 «Коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү жана коммерциялык банктарга улуттук валютада кредит берүү шарттары тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов