Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 31-январындагы 

№ 2018-П-12\4-6-(БС) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 4, 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды жана алардын бирикмелерин (ассоциацияларын), «Ислам финансы ассоциациясы» ЮЖБсин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 31-январындагы  

№ 2018-П-12\4-6-(БС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

-  мазмуну/баш сөзү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын, ошондой эле «ислам терезесине ээ» микрофинансылык уюмдардын ишине (мындан ары-МФУ) таркатылат»; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамдарга ылайык микрофинансылык уюм милдеттүү түрдө аткарууга жана сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө ушул Эрежелердин максаты болуп саналат.»;  

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. МФУлар Улуттук банктын талаптарына ылайык өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчет түзүүгө тийиш»; 

- 8-1-пункттун үчүнчү сүйлөмүндөгү «колдонулат» деген сөз «колдонулушу мүмкүн» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-2-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул эрежелердин максаттарында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана ишкердикке колдоо көрсөтүү максатында, Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга каржылоо сунуштоо үчүн ФКУга берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнүүгө болот.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 8-3-пункт менен толукталсын: 

«8-3. МФУлар иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде келишимдер, контракттар, контрагенттер менен келишимдер мамлекеттик же расмий тилде таризделүүсү зарыл. Мында контрагенттер менен бирдей юридикалык күчкө ээ келишимдерди мамлекеттик жана/же расмий жана чет тилде түзүүгө жол берилет. Белгиленген тартипте тастыкталган мамлекеттик же расмий тилде котормосу болгон учурда гана келишимдерди чет тилде тариздөөгө жол берилет.»; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: 

«10-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МФК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МФК, иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МФКнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. 

МФК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, белгиленген пункттун 2 жана 6-пунктчаларын эске албаганда, ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген шарттарга кошумча төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш; 

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МФКнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш; 

3) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) ар айлык салымга (төлөмгө) карата кардардын чогуу алгандагы кирешесинин айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызынын ордун жабуу коэффициенти 100%дан кем болбоого тийиш.»; 

- 13-1, 13-2 жана 13-3-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен чейрек сайын МФК мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш.»; 

- 15-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 22-пункттун:  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- капиталдын жеткиликтүүлүк (шайкештик) ченеми (М2)»; 

он экинчи жана он үчүнчү абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 24-пункттун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш;»; 

- 26-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин 8% кем болбогон деңгээлде сактоо зарыл. 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми (М2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:»; 

- 30-пункттун: 

биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен операцияларга карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленет: 

1) Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. Аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактардын МФК алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган, аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашпоого тийиш;»; 

2-пунктча төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине каржылоо сунуштоо боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана МФКга байланыштуу жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө» нускоодо белгиленген талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылат.»; 

- 32-1 жана 32-2-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен ай сайын МФК мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш.»;  

- 36 жана 37-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 42-пунктундагы «41-пунктунда» деген сөз «40-пунктунда» дегенге алмаштырылсын; 

- Эрежелер төмөнкү мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын: 

«42-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МКК, иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МККнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. 

МКК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, белгиленген пункттун 2 жана 6-пунктчаларын эске албаганда, ушул жобонун 42-пунктунда белгиленген шарттарга кошумча төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш; 

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МККнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш; 

3) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) ар айлык салымга (төлөмгө) карата кардардын чогуу алгандагы кирешесинин айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызынын ордун жабуу коэффициенти 100%дан кем болбоого тийиш.»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) тартылган каражаттар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 43.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 44-пункттун биринчи, экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Дүңүнөн каржылоо боюнча ишкердикти жүргүзгөн жана кредиторлор (анын ичинде ФКУ) алдында милдеттенмелерге ээ МККлар үчүн капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми белгиленсин. 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин 15 пайыздан кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл.  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:»; 

- 48-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине карата тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилөөлөр 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

МКК ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР 

МКК капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми 

М2 

СК/СА*100% 

  

15% кем эмес 

  

Аткаруу органынын жетекчиси ______________ _________________ 

Аты-жөнү кол тамгасы 

Башкы бухгалтер _______________ _________________ 

М. О. Аты-жөнү кол тамгасы»; 

 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2-тиркемесинин 10-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар. 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилөөлөр 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

Акча каражаттарын тартпаган МФКлар үчүн экономикалык ченемдер  

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 

  

СК/УК*100% 

 

  

  

  

100% кем эмес 

  

 

 

Инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

  

СИ/СК*100% 

 

 

  

  

  

30% ашпаган 

  

 

Дүңүнөн каржылоону жүзөгө ашырган МФК тарабынан ошол эле адамга сунушталган каржылоонун максималдуу өлчөмү 

  

МК/СК*100% 

 

 

  

  

  

20 % ашпаган 

  

  

  

 

  

 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн экономикалык ченемдер 

 

 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми 

М1 

СК/УК*100%  

 

 

  

100% кем эмес 

  

 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми 

М2 

СК/СА*100%  

 

 

  

8% кем эмес 

  

 

Бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми 

М3 

 

СЗ/СК *100% 

 

 

  

5% ашпаган 

  

 

Ликвиддүүлүк ченеми 

М4 

 

ЛА/ОБ*100% 

 

 

  

30% кем эмес 

  

 

Тартылган акча каражаттарын эсептерге кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 

М5 

 

К/В*100% 

 

 

  

100% кем эмес 

  

 

Аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

СЗ Аф. жактар/СК*100% 

 

 

 

  

60% ашпаган 

  

 

 

МФК кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы 

  

  

  

СЗС/СК*100% 

 

 

 

 

5% ашпаган 

  

  

 

 

МФУга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү  

     

СИ/СК*100% 

   

 

 

30% ашпаган 

 

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы көлөмү  

   

СИ/СК*100% 

 

 

 

 

50% ашпаган  

 

 

 

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани 

1 ай 

2 ай 

3 ай 

Бардыгы  

ЛА - Ликвиддүү активдер 

  

  

  

ОБ - Милдеттенмелер 

  

  

  

М4=ЛА/ОБ ченеми 

0,0% 

0,0% 

  

0,0% 

  

 

 

 

 

 

 

Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Кол тамгасы: ____________________».