Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 14-мартындагы 

2018-П-14\8-11-(БС) 

токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7  

«Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 14-мартындагы 

2018-П-14\8-11-(БС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банктын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банктын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр бекитилсин: 

 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

1)  4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Ушул жобонун талаптарына ылайык банк юридикалык жакты же жеке ишкерди чекене агент катары ишке тартышы мүмкүн. Мында, агенттердин келишимде каралган милдеттенмелерин аткарышына жоопкерчилик банкка жүктөлөт.»; 

Чекене агенттер төмөнкүлөрдү сунуштай алышат: 

- банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектри; 

- банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектри»; 

2) 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу, 

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу; 

- бланктарды берүү жана кабыл алуу жана аларды овердрафт кредиттерин тариздөө үчүн банкка берүү

- кредиттердин ордун жабуу; 

- банктык эсепти толуктоо; 

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу.»; 

3) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу, 

- кредиттердин ордун жабуу; 

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу.»; 

4) 6-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын так сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк дароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

5) төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектринин агенттерине жана банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектринин агенттерине төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тыюу салынат: 

- реалдуу убакыт ыргагында жүргүзүлгөн мамлекеттик (улуттук) лотереяларды эске албаганда, лотереялык чендерди кабыл алууга; 

- лотереялык билеттер үчүн төлөмдөрдү, квитанцияларды жана лотереяга катышуу укугун тастыктаган башка документтерди кабыл алууга»; 

6) төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: 

«9-1. Баркод (barkode) штрих-код, машина окуй турган код, геометриялык белгилер топтому, булардын жайгашуусу тиешелүү товарларда/объектилерде сүрөттөлгөн ж.б.»; 

7) 10-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөрдөн кийин «ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын: 

8) 17-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

9) 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«25. Банк тобокелдиктерди тескөө жана маалымат системаларынын ишин жөнгө салуу боюнча документтерге таянуу менен, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, агенттердин төмөнкү категорияларынын негизинде чекене агентти тандоо боюнча критерийлерди иштеп чыгууга тийиш: 

1) Банк ишинин төмөнкү түрлөрүн жана төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана резиденттери банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунушташкан агенттер болуп саналышат: 

а) микрофинансылык уюмдар үчүн ишти жүзөгө ашырууга; 

б) кредиттик союздардын ишин жүзөгө ашырууга; 

в) өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга; 

г) нак чет өлкө валютасын жүзөгө ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга. 

2) Банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунуштоо боюнча агенттер болуп, банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунуштоо боюнча агенттерден болуп саналышпаган, банктык/төлөм кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ/ээ эмес юридикалык жактар/жеке ишкерлер, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган агенттер, ошондой эле «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы саналат.»; 

10) 26-пунктунун 

- биринчи сүйлөмүндөгү «чекене агенттер менен келишим» деген сөздөргө чейинки «зарыл учурда» деген сөздөр алынып салынсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгү «сөзсүз түрдө бекитилүүгө» деген сөздөр «камтылууга» дегенге алмаштырылсын. 

11) 45-пунктунун: 

- «төлөөчүнүн талабы боюнча кассалык чекти берет» деген сөздөр «төлөөчүгө кассалык (электрондук) чекти берүүгө тийиш» дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

12) 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Кабыл алынган төлөмдөр тууралуу маалымат аппараттык-программалык комплексте жана банктын электрондук каражаттарында жана/же чекене агентте 5 жылдык мөөнөткө сакталууга тийиш.»; 

13) 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишим шарттарына жараша чекене агент толук функционлдуу клавиатура менен төлөм терминалдарын орното алат, ал зарыл учурларда төмөнкүлөрдү киргизүүгө өбөлгө түзөт: 

- кардар боюнча идентификациялык тексттик маалыматтарды; 

- биометрикалык сканерлөө жабдуулары менен; 

- баркоддорду сканерлөө жабдуулары менен .» 

14) 69-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. Чекене агент тарабынан банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча жүргүзүлгөн бардык операциялар мөөнөт ичинде (5 жыл) алардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн сактоо менен түзүлгөн, жөнөтүлгөн же алынган форматта сакталууга тийиш.»; 

15)  Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

  

«Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме» 

Коммерциялык банктын аталышы 

________________________________ 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

Банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлɵрдү 

сунуштоо боюнча чекене агенттерди тартуу боюнча 

ОТЧЕТ 

 

А. Кеңири кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат 

көрсөтүүлөрдүн түрү 

  

  

  

  

 

Б. Чектелген кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат 

көрсөтүүлөрдүн түрү 

  

  

  

  

 

Аткаруучу ____________________ ____________________________ 

(кол тамгасы)  (аты-жөнү