Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы  

№ 2018-П-33/33-8-(НФКУ)  

токтому  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому; 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтому; 

- 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" нускоо тууралуу” токтому; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө” токтому; 

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө” токтому; 

-2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жана “Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жоболорду бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын ______________________  

№__________________________ токтомунун 2-бети 

 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 “Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө” токтому; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 “Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтому; 

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 “Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтому. 

2.  Юридика башкармалыгы: 

бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы 

№ 2018-П-33/33-8-(НФКУ)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“КСФКнын жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган бул отчет Улуттук банкка кагаз жүзүндө да сунушталат.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 “Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 7.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.1. Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү кредиттик союздардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат”. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун: 

- 2.5-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.5-1. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин отурумуна документтердин долбоорлорун даярдайт жана андан ары Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна сунуштоо үчүн аларды Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт.”. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобосунун: 

- 2-тиркемесиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 5.1.3.-пунктундагы жана Жобого карата 1-тиркемедеги ар кандай жөндөмөдөгү “мекеме” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “уюм” дегенге алмаштырылсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" нускоо тууралуу” токтомуна токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" нускоонун: 

- нускоонун жана ага карата тиркемелердин бүтүндөй тексти боюнча “Инспектрлөө башкармалыгы” деген сөз “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын; 

- 1.13.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.13. Кредиттик союздун ишине инспектордук текшерүү Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү жана Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү (мындан ары областтык башкармалыктар) тарабынан жүзөгө ашырылат.”; 

- 3.3.-пунктундагы “Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын; 

- 5.1.-пунктундагы 

- “Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын инспектрлөө бөлүмү” деген сөздөр “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү” дегенге алмаштырылсын; 

“ишине көзөмөлдүк жүргүзүү” деген сөздөр “Көзөмөл” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркемесиндеги “Инспектирлөө” деген сөз “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө” дегенге алмаштырылсын; 

- 4-тиркемесиндеги “Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун: 

- 14-тиркемесинен “жана финансы-кредит уюмдары” деген сөздөр алынып салынсын. 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “мекемелер” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “уюмдар” дегенге алмаштырылсын. 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын. 

10. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 2-тиркемесиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 2-тиркемесиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын. 

11. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун: 

- 4-пунктундагы “мекемелерден” деген сөз “уюмдардан” дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркемесинде “мекемелеринен” деген сөз “уюмдарынан” дегенге алмаштырылсын. 

12. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 “Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоонун: 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Инспектрлөө башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Инспекциялоо башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы” дегенге алмаштырылсын; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын инспектрлөө бөлүмү” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү” дегенге алмаштырылсын; 

- 13-пунктундагы “Инспекциялоо башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелерди инспекциялоо бөлүмүнүн” деген сөздөр “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн” дегенге алмаштырылсын. 

13. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун: 

- 5-тиркемесиндеги “Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо” деген сөздөр “Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө” дегенге алмаштырылсын; 

14. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “финансы-кредит мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “финансы-кредит уюмдар” дегенге алмаштырылсын. 

15. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобосунун: 

- 2-тиркемесинде ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобосунун: 

2-тиркемесинде ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын; 

3) "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобосунун: 

2-тиркемесинде ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Тиешелүү түзүмдүк бөлүм” дегенге алмаштырылсын. 

16. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 “Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “мекемелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “уюмдар” дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “ФКМ” деген аббревиатуралар тиешелүү жөндөмөдөгү “ФКУ” дегенге алмаштырылсын. 

17. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобосунун: 

- 38-пунктундагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгына” деген сөздөр “Улуттук банктык тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө” дегенге алмаштырылсын. 

18. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобосунун: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Тышкы көзөмөл башкармалыгына” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Улуттук банктык тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө” дегенге алмаштырылсын. 

19. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 “Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 10-пунктундагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгына” деген сөздөр “тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө” дегенге алмаштырылсын.