Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы  

№ 2018-П-14/33-4-(ПС) 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 15-августундагы 

№ 2018-П-14/33-4-(ПС)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун: 

жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«POS (point-of-sale) терминал терминал соода-тейлөө ишканасында төлөм карттары, электрондук капчык жана/же аралыктан тейлөөнүн башка инструменттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү үчүн орнотулган банктык жабдуу»; 

отуз экинчи абзацтагы интернет аркылуу операциялар» деген сөздөр ушул жобонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык» деген сүйлөм менен толукталсын; 

кырк биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон шартта жана Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелеринин агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Виртуалдуу POS-терминал орнотулган POS-терминалды алмаштырган жана банктын системасы менен өз ара иш алып барган веб-интерфейс. 

Виртуалдык карта банктык эсепке байланыштырылган, электрондук коммерциялык максаттарга каралган жана айкын колдонуусуз электрондук түрдө чыгарылган, интернет тармагында товарларды сатып алуу үчүн каралган атайын карта. Виртуалдык карта соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу сатып алууларды төлөө жана банкоматтардан нак акча каражаттарын алуу үчүн каралган эмес.  

Мобилдик POS-терминал (mPOS) банктык карт аркылуу нак эмес эсептешүүнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган смартфондор же планшеттик компьютерлер үчүн түзүлүш жана программалык камсыздоо.». 

-  15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат: 

соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү

- банкоматтардан/нак акча берүү пунктуларынан жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которуу

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасы аркылуу жүзөгө ашыруу

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзө алат; 

- банктардын кассасы, банктардын cash-in терминалдарынан/жана банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрсүнүн агенттери, банкоматтар, акча которуулар системасы жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо. 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

«15-1. «Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм карттары аркылуу нак акчага айландыруу лимиттери 150 эсептик көрсөткүчтөн күн ичинде бир карт ээсинен ашпоого тийиш.»; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Бюджеттик уюмдардын эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка түшүүлөрдү/бюджеттик каражаттарды төлөө банк тарабынан Элкарт» улуттук карт аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш.»; 

- 30-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк карт берүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүүгө тийиш.»; 

- 33-пунктунун: 

1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка жеке маалыматтары; 

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка жеке маалыматтары.». 

8-пунктчадагы ыйгарым укуксуз жактар тарабынан» деген сөздөр алдамчылык операцияларды кошо алганда» деген сөздөр менен толукталсын; 

Он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилет: 

«Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерин маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсинин кат жүзүндөгү макулдугу менен адистештирилген (виртуалдуу) карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт.»; 

- 48-пункттагы «3-тиркемеде» деген сөздөн кийин «жана 4-тиркемеде» деген сөз менен толукталсын; 

- 1 жана 2-тиркемелердеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Төлөм системалары башкармалыгы» деген аббревиатуралар күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

3-тиркеме 

 

  

Аралыкта орнотулган жабдуу 

(банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар) реестри жөнүндө  

ОТЧЕТ  

 

Банктын аталышы: _________________ 

Банктын ИНН: _________________________ 

Банктын ОКПО: ________________________ 

20___-жылдын «___» ________ карата абал боюнча 

Катар №№  

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн түрү 

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн ID  

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн жайгашкан орду 

Аралыкта орнотулган түзүлүштөрдө тейлөөгө алган төлөм системаларынын аталышы  

Валютасы 

Иш убактысы 

Жайгашкан орду  

Областы 

Шаар, шаар тибиндеги айыл, айыл 

Көчөсү  

10 

  

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн түрү көрсөтүлөт: 

(POS-терминал-ТСП, POS-терминал- нак акча берүү пунктулары, cash-in-терминал, банкомат cash out, банкомат cash out + cash-in, виртуалдык POS-терминал, mPOS, башка аралыкта орнотулуучу түзүлүш) 

Банктардын каттоо номерлерине ылайык  

ID түзүлүштөрү көрсөтүлөт 

Түзүлүш орнотулуучу жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканасы, уюм ж.б.) (веб-дареги виртуалдуу пос-терминалдар үчүн (V-POS/mPOS)) 

Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт (СОАТЕ админ. аймактык бирдик классификаторунан" алынган маалымат) 

Шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги айылдын, айылдардын аталышы көрсөтүлөт 

(СОАТЕ админ. аймактык бирдик классификаторунан" алынган маалымат

Көчөнүн аталышы көрсөтүлөт 

Төлөм системаларынын аталышы көрсөтүлөт 

Валютанын коду көрсөтүлөт 

Түзүлүштүн иштөө убактысы көрсөтүлөт, мындай маалымат сан түрүндө чагылдырылат: 

СС.ММ-СС.ММ., күнүүнү иштөөдө  

24/7 көрсөтүлөт 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Банк Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)  

Кол тамганын чечмелениши»; 

 

- жобо төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө»  

жобого карата 4-тиркеме 

 

Аралыкта орнотулган жабдуу 

(банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар)  

реестри боюнча отчетту толтуруу  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1. Аралыкта орнотулган түзүлүштөрдүн реестринде төлөм карттары аркылуу, ошондой эле аларды (cash-in терминалдар) колдонуусуз, кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдаланууну камсыз кылуучу түзүлүштөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Анда алардын жайгашкан орду так көрсөтүлөт жана түзүлүш жөнүндө бир аз маалымат камтылат.  

2. Аралыкта орнотулган түзүлүштүн тиби» деп аталган 2-тилкеде түзүлүштүн түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода тейлөө ишканасы, POS-терминал-нак акча берүү пункту, cash-in-терминал, банкомат cash out, банкомат cash out + cash-in, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр.  

3. «Аралыкта орнотулган түзүлүштүн идентификациялык номерлери (ID)» деген  

3-тилкеде банктардын катталган номерлерине жараша, түзүлүштүн идентификациялык номерлери көрсөтүлөт. 

4. Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде түзүлүш жайгашкан жердин аталышы (соода тейлөө ишканасы, уюм, ж.б.) көрсөтүлөт. Ал эми виртуалдуу POS-терминалдар үчүн веб-дареги көрсөтүлөт (V-POS). 

5. Область» деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Административдик-аймактык бирдиктердин классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык, областтын аталышы көрсөтүлөт.  

6. Шаар, шаар тибиндеги айыл, айыл» деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Административдик-аймактык бирдиктердин классификатору СОАТЕ» маалымдамасына ылайык, шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги айылдардын жана айылдардын аталыштары көрсөтүлөт.  

7. Көчө» деп аталган 7-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде, аралыкта орнотулган түзүлүштөр белгилүү дареги (көчөнүн аталышы, №) болбогон жайларда жайгаштырылса, анда Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде кыйла толук маалымат берилет, б.а. уюмдун же анын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы, ж.б. көрсөтүлөт.  

8. Аралыкта орнотулган түзүлүш аркылуу тейленүүчү төлөм системаларынын аталышы» деген 8-тилкеде Төлөм системасынын түрү» маалымдамасына ылайык, карттардын ушул түзүлүшү аркылуу тейленүүчү төлөм системаларынын аталышы көрсөтүлөт (системалардын аталышы бир ячейкада көрсөтүлүүгө тийиш).  

9. «Валюта» деген 9-тилкеде ушул түзүлүш тарабынан берилүүчү же кабыл алынуучу валюталардын коду көрсөтүлөт (валюталар коду бир ячейкада көрсөтүлүүгө тийиш).  

10. Иштөө убактысы» деген 10-тилкеде түзүлүштүн иштөө убактысы көрсөтүлөт.  

Аталган отчетко коштомо кат тиркелүүгө тийиш, анда киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат (банктык жабдууну ачуу/жабуу жана ордун которуу) чагылдырылат.  

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө берилүүгө тийиш. Коммерциялык банктар ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын сакталышына, анын ичинде маалыматтын туура жана өз учурунда берилишине жоопкерчиликтүү болуп саналат.».