Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-11/54-1-(БС) токтому |
ор
Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүүнүн
2018-2021-жылдарга карата негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүүнүн 2018-2021 – жылдарга карата негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы бекитилгенден кийин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү, Т.Дж.Джусуповго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 27- декабрындагы
№2017-П-11/54-1-(БС)
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүүнүн
2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары
1-БӨЛҮМ.
Жалпы жоболор
Бул документте Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары аныкталган (мындан ары – Негизги багыттар) жана буга чейинки программанын аткарылышына баа берүүлөр, ошондой эле банк тутумунун негизги жетишкендиктери жана ага карата тобокелдиктер кыскача чагылдырылган.
Негизги багыттарда орто мөөнөттүк келечекте банк тутумун өнүктүрүүнүн
7 негизги багыттары аныкталган. Бул багыттардын жүзөгө ашырылышы өлкөнү узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына, атап айтканда, банк секторунун туруктуулугун күчөтүүгө, банк тутумунун натыйжалуулугун жана коопсуздугун колдоого жетишүүгө, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле финансылык ортомчулук деңгээлинин андан ары өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Өлкөнүн банк секторунун өнүгүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) артыкчылыктуу иш багыттарынын бири болуп саналат. Банктык кызматтардан пайдалануучуларды банк тутуму тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, көлөмү, наркы, жеткиликтүүлүгү жана тизмеги канааттандырууга тийиш.
Өз кезегинде, финансылык туруктуулукту колдоо, сапаттуу шарттарды түзүү жана тиешелүү инфраструктура менен камсыздоо, рынок катышуучуларына бүтүмдөр көлөмүн арттырууга, демек, капиталга кайтарымдуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, өнүккөн банк сектору акча жана финансы рынокторунун, ошондой эле акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизми каналдарынын кыйла натыйжалуу ишин камсыз кылат.
Банктык тейлөөлөр рыногунда жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучу кардарлардын укугун коргоого карата орто мөөнөттүү келечекте, банктар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу укук ченемдик актыларга ылайык, Улуттук банк тарабынан монополияга каршы тескөөнү өркүндөтүү боюнча иш чаралар улантылат.
Мындан тышкары, бул документтин маанилүү компоненти катары интеграциялык процесстер чөйрөсүндө багыттар, ошондой эле эл аралык эсепке алуу, көзөмөлдүк жана жөнгө салуу стандарттарын колдонууга киргизүүнү жана жүзөгө ашырууну улантуу саналат.
Банк рыногунун ыргактуу өнүгүшүндө финансылык мекемелердин гана эмес, жарандардын, юридикалык жактардын, мамлекеттин да камсыздандыруу боюнча коргоого муктаждыгын канаттандыруу үчүн камсыздандыруу рыногунун инструменттерин жайылтуу жана экономиканы өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык ресурстарды тартуу зарыл.
Камсыздоо рыногунун туруктуулугу көбүнчө анын инфраструктурасы аркылуу аныкталат, ал банк системасы менен уюшкандыкта иштеген механизмди түшүндүрүүгө тийиш.
2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттардын ийгиликтүү ишке ашырылышы рынок катышуучуларынын, анын ичинде Улуттук банктын, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесинин жана коммерциялык банктардын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишинен көз каранды.
2-БӨЛҮМ.
Банк секторун өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга каралган негизги багыттарынын аткарылышына баа берүү
Жалпылап алганда, 2014-2017-жылдар аралыгында банк секторунда аткарылган иштердин жыйынтыгы банк тутуму алдыга койгон максаттарга жетишүү чараларын өз убагында жана шайкеш жүргүзгөндүгүн тастыктайт.
Атап айтканда, жаңы банктарды ачуу, чет өлкө капиталы катышкан банктарды капиталдаштыруу инвесторлордун республиканын банк секторуна карата ишенимин бекемдөө боюнча максаттын алкагында алгылыктуу натыйжага жетишилгендигин тастыктайт.
2014-жылга салыштырганда депозит базасынын, аманатчылар санынын өсүшү, «Финансылык сабаттуулукту 2016-2020-жылдарда жогорулатуу» программасын жүзөгө ашыруу, ошондой эле депозиттерди камсыздоо боюнча гарантиялык сумманын 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин жогорулатуу, банктык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо механизмдерин өркүндөтүү жана алдынкы тажрыйбаларды колдонууга киргизүү банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламын коргоого алуу күчөтүлгөндүгүн тастыктайт.
Шайкештик коэффициенттерин жана капитал жетиштүүлүгүн, ошондой эле банк тутумунун күндөлүк ликвиддүүлүгүн жогору деңгээлде сактоо, банк тутумунун туруктуулугу жогорулатылгандыгын жана чыңдалгандыгын тастыктайт.
Ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана иштин ачык маалымдалышын камсыз кылууга, механизмдерди өркүндөтүүгө жана банктык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо жагында алдынкы тажрыйбаны колдонууга киргизүүгө, Улуттук банктын жөнгө салуу милдетин жүзөгө ашырууда коммерциялык банктарга карата бирдей ыкманы жүргүзүүгө багытталган чаралар коммерциялык банктардын атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү жана айчык-айкындуулукту камсыз кылуу максаттарын аткаруу индикаторлорунан болуп саналат.
Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программада каралган чараларды, анын ичинде сандык көрсөткүчтөр боюнча чараларды жүзөгө ашыруу төлөм системасынын ишин өркүндөтүү жана нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу максаттарынын ишке ашырылышы үчүн жооп берет.
Финансылык ортомчулук деңгээлин кыйла жогорулатуу жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, кредит рыногун өнүктүрүү, финансы-кредит системасына ишенимди калыбына келтирүү чаралары жана ички ресурстарды мобилизациялоо сапатын жогорулатуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн шарттарды түзүү максаты аткарылгандыгын тастыктайт.
2014-2017-жылдар ортосунда банк тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарына сандык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү орто мөөнөттүк келечекте банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча болжолдуу мааниге жеткендигин көрсөтүүдө. Банк секторунун финансылык ортомчулук көрсөткүчү, бүтүндөй алганда, 2017-жылдын
1-июлуна карата мурда болжолдонгон мааниге жеткен. Ошондой эле, төмөндө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө айрым микрофинансылык уюдардын банкка трансформацияланышы өз таасирин тийгизген.
1-Таблица.
Финансылык ортомчулу корсөткүчтөрүнүн жана кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендердин факт жана божомолдоолор
(%)
Көрсөткүчтөр |
Фактылар (2017-жылдын 1-августуна карата) |
2014-2017-жылдарга каралган негизги багыттарда белгиленген болжолдоолор (2017-жылдын акырына карата) |
Банк тутумунун ИДӨгө карата активдери, (%) |
38,7 |
37,0 |
Банк тутумунун ИДӨгө карата кредиттери, (%) |
21,6 |
17,8 |
Банк тутумунун ИДӨгө карата депозиттери, (%) |
24,1 |
18,7 |
Бир мезгилдин акырына карата коммерциялык банктардын кредиттери боюнча орточо салмактанган пайыздык чендери, (%) |
16,7 |
16,5 |
2014-2017-жылдарга каралган негизги багыттарда банк секторун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кредиттер боюнча пайздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган стратегия тандалып алынган.
Ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган чаралар, анын ичинде экономикалык жана саясый туруктуулуктун сакталышы, ички ресурстарды мобилизациялоо, инвестициялык жагдайдын жакшыруусу, инфляциянын орточо арымынын сакталышы, ошондой эле банк тутумуна ишенимдин жогорулашы, кредиттер боюнча пайыздык чендердин 2014-жылдын баш жагындагы 18,4 пайыздан 2017-жылдын 1-августуна карата 16,7 пайызга чейин төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. Пайыздык чендер динамикасы, анын ичинде, бир катар МФУлардын коммерциялык банкка трансформацияланышынын (банк секторуна кирүүдө микрокаржылоо секторунун пайыздык чендери банк тутумунун чендеринен бир нече эсе жогору), ошондой эле ипотекага жана керектөө максаттарына доллар түрүндөгү кредиттерди сомго конвертациялоого багытталган чаралардын (сом түрүндөгү кредиттер боюнча пайыздар доллар түрүндөгү кредиттер боюнча чендерден жогору) натыйжасында түптөлгөн.
3-БӨЛҮМ.
Макроэкономикалык чөйрө – негизги параметрлер жана тобокелдиктер
Экономикалык процесстердин динамикасына таасирин тийгизүү менен банк секторунун өнүгүшү көпчүлүк учурда, түптөлгөн макроэкономикалык шарттардан да көз каранды. Буга чейинки бир нече жыл ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасында түзүмдүк өзгөрүүлөр, анын ичинде тышкы чөйрөдө өзгөрүүлөрдүн натыйжасында да белгилүү бир өзгөрүүлөр жүргөн.
Республиканын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө жай арымда экономикалык өсүштүн алкагында, 2015-2016-жылдарда ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы орточо деңгээлде, 3,8-3,9 пайыздын чегинде сакталган. 2016-жылы экономиканын өсүшүнө алгылыктуу салым төмөнкү негизги экономика секторлору тарабынан кошулган: кызмат көрсөтүүлөр (+1,5 п.п.), өнөр жай (+0,9 п.п.), курулуш (+0,6 п.п.) жана айыл чарбасы (+0,4 п.п.). Акча которуулардын келип түшүү динамикасынын калыбына келиши да өлкөдө ички керектөөнүн жогорулоосуна таасирин тийгизген.
Акча-кредит саясаты макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүгө жана аны сактоого багытталган. Бул багытта маанилүү натыйжалардын бири катары орто мөөнөттүк келечекте 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүчтүн алкагында инфляцияны орточо арымда кармап туруу саналган. 2016-жылдын экинчи чейрегинде жүзөгө ашырылып баштаган, учурда жүргүзүлүп жаткан акча-кредиттик жеңилдетүү саясаты экономиканын реалдуу секторуна колдоо көрсөтүүдө. Экономикалык өсүшкө түрткү берүү жана пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында Улуттук банк кайра каржылоо инструменттеринин алкагында (кредиттик аукциондор) узак мөөнөттүү ресурстарды сунуштоону улантууда. Коммерциялык банктар тарабынан кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттер өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода жана реалдуу сектордун башка тармактарына багытталышы мүмкүн. Бул инструмент колдонууга киргизилгенден тартып бардыгы болуп 11,6 млрд сом өлчөмүндө ресурстар сунушталган. Мында, банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу, банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда орточо жигердүүлүк тенденциясы сакталып турат.
Бүтүндөй алганда, макропруденциалдык талдап-иликтөө жана кайтарым стресс-тесттер жыйынтыгы банк секторунун туруктуулугу алгылыктуу деңгээлде экендигин, финансылык туруктуулук запасы жана белгилүү бир деңгээлде макроэкономикалык таасирлерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин тастыктоодо. Мында, айрым банктардын айкалышкан макроэкономикалык таасирлерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгү төмөндөгөн. Банк секторунда активдердин долларлашуу деңгээли 2014-жылдын
1-январындагы 46,9 пайыздан 2017-жылдын 1-августуна 41,4 пайызга чейин төмөндөгөндүгү белгиленген, бул анын туруктуулугуна алгылыктуу таасирин тийгизүүдө. Банк тутумунун активдеринин долларлашуу деңгээлинин максималдуу мааниси
2015-жылдын акырына байкалган (56,6 пайыз).
Улуттук банк тарабынан экономикада долларлашууну төмөндөтүүгө багытталган нормалар кабыл алынган, аларга ылайык:
- коммерциялык банктар улуттук валютадагы кредиттер боюнча кам (РППУ) түзбөшү мүмкүн, бул коммерциялык банктарга сом түрүндө киреше алган карыз алуучуларга сом түрүндө кредит сунуштоосуна мүмкүнчүлүк берет;
- валютада сунушталган кредиттерди сом түрүндөгү кредиттерге баштапкы реструктуризациялоодо РППУ түзүү талабы төмөндөтүлгөн жана кирешесинин 50% азын чет өлкө валютасында алган кардарлардын жаңы валюталык кредиттери боюнча РППУ ченеми жогорулатылган жана валютада сунушталган кредиттерди сом түрүндөгү кредиттерге кайталап реструктуризациялоодо РППУ түзүү жана кредиттик келишимдин бардык башка шарттарын (кредиттин мөөнөтүн, пайыздык ченди өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү боюнча талаптар төмөндөтүлгөн;
- жеке адам-карыз алуучуга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин берүүгө тыюу салынган, мында күбөлүктүн жана патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар эске алынбайт.
Мындан тышкары, Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкө валютасында сунушталган ипотекалык кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча кеңири масштабдуу ишкердикти жүргүзгөн.
Экономиканы өнүктүрүүдө иш жигердүүлүгүн калыбына келтирүүнүн жана орто мөөнөттүк келечекте потенциалдуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн алкагында орточо деңгээлдеги өсүшкө жетишүү болжолдонгон. 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишенимдүү тенденция белгиленгендигине карабастан, мурдагыдай эле, улуттук экономикада түзүмдүк проблемалар сыяктуу макроэкономикалык тобокелдиктер жана дүйнө жүзүндө ар тараптуу геоэкономикалык жагдайлар орун алууда. Жагдайдын жакшыруусуна соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык жагдайдан жогору көз карандылык терс таасирин тийгизүүдө.
4-БӨЛҮМ.
Кыргыз Республикасынын банк секторунда учурда
орун алган жагдайларга баяндама
2014-жылдан тартып 2017-жылдын 1-августуна чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын банк тутумунун бардык негизги көрсөткүчтөрү, тышкы сыяктуу эле, ички саясый мүнөздөгү таасирлер орун алган болсо да, алгылыктуу өсүшкө ээ болгон.
2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 25 коммерциялык банк жана алардын 320 филиалы өз ишкердигин жүргүзгөн. Иликтөөгө алынган мезгил аралыгында эки банктын лицензиясы кайтарылып алынып, үч коммерциялык банкка банктык лицензия берилген.
АКШ долларынын курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү коммерциялык банктардын пайдасынын кыскарышына алып келгендигин белгилеп кетүү зарыл. Алсак, мисалы,
2014-жылдын акырына алардын таза пайдасы 3,2 млрд сомду түзгөн болсо, 2016-жылдын акырына ал 0,9 млрд сом чегинде калыптанган.
1.1. Банк секторунун активдеринин динамикасы (млрд сом)
Банк тутумунун активдери 2017-жылдын 1-августуна карата абал боюнча 188,4 млрд сомду түзүү менен 2014-жылдын баш жагындагыга караганда 69,6 пайызга жогорулаган. Активдер динамикасына талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жылдык алгылыктуу өсүш арымы белгиленген. Мында, 2014 жана 2015-жылдарда активдердин өсүш арымы МФУлардын коммерциялык банктарга трансформацияланышынан улам келип чыккан.
1.2-график. Банк секторунун кредит портфелинин динамикасы (млрд сом)
2017-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен банк система-сынын кредиттик портфелинин 103,5 млрд сомду түздү. 2016-жылдын кредит жыйынтыгы боюнча банк системасынын кредиттик портфели 93,5 млрд сомду түзүп 2015-жылга карата 0,5 пайызга төмөндөгөн.
2016-жылы банктардын кредит портфелинин төмөндөөсү, негизи-нен, сооданы кредиттөө жана ипотекалык кредиттөө көлөмүнүн төмөндөөсүнө байланыштуу болгон.
2016-жылдын акырына банк секторунун кредит портфелинин долларлашуу деңгээли 2015-жылга салыштырганда 10,5 п.п. азайып, 44,5 пайызды түзгөн. 2017-жылдын 1-августуна карата абал боюнча кредит портфелинин долларлашуу мааниси 40,6 пайыздын чегинде түптөлгөн. 2014-жылдан тартып бул көрсөткүчтүн максималдуу мааниси 2015-жылдын февраль айында байкалган, ал 58,6 пайыздын чегинде катталган.
1.3-график. Кредит портфелинин мөөнөттүүлүк боюнча түзүмү (млрд сом)
Кредит портфелинин түзүмүндө олуттуу үлүштү, мурдагыдай эле, 1 жылдан 3 жылга чейинки, андан кийин 3 жылдан жогору мөөнөткө сунушталган кредиттер ээлейт.
2013-жылга салыштырганда
3 жылдан жогору мөөнөткө берилген кредиттер 1,7 эсеге көбөйгөн, бул өз кезегинде, коммерциялык банктарда ресурстар узартылгандыгын билдирет.
1.4. Банктардын милдеттенмелеринин түзүмү (млрд сом)
2017-жылдын 1-августуна карата банк системасынын милдеттенмелери 155,4 млрд сомду түзүп, 2014-жылдын башына карата 68,4 пайызга өскөн.
Милдеттенмелер түзүмүндө олуттуу үлүштү жеке адамдардын жана финансылык эмес ишканалардын депозиттери, андан кийин алынган кредиттер, башка милдеттенмелер жана мамлекеттик бийлик органдарынын депозиттери ээлейт.
Коммерциялык банктарда ишканалардын/уюмдардын жана калктын депозиттеринин жалпы көлөмүнүн өсүшү 2014-жылдан тартып 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мезгил ичинде 68,1 пайыздын чегинде катталган. Депозиттердин жыл сайын өсүшү калктын банк тутумуна ишениминин сакталышын тастыктоодо.
2-Таблица.
Иштеп жаткан банктарда депозиттердин жалпы көлөмү (бир мезгилдин акырына карата)
(млн.сом)
Мезгил аралыгы |
Жалпы көлөмү |
анын ичинде: |
Депозиттердин долларлашуу коэффициенти, % |
|
Улуттук валютада |
Чет өлкө валютасында |
|||
31.12.2013 г. |
67 334,2 |
34 485,9 |
32 848,3 |
48,8 |
31.12.2014 г. |
82 534,7 |
36 033,7 |
46 501,0 |
56,3 |
31.12.2015 г. |
102 877,7 |
35 383,5 |
67 494,2 |
65,6 |
31.12.2016 г. |
107 079,4 |
52 427,1 |
54 652,2 |
51,0 |
01.08.2017 г. |
114 348,1 |
58 874,0 |
55 474,1 |
48,5 |
2013-жылдын 31-декабрына карата 2017-жылдын 1-августуна болгонөсүш арымы, % |
69,8
|
70,7
|
68,9
|
|
Бүтүндөй алганда, 2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча кардарлардын депозиттеринин «долларлашуу» деңгээли 2014-жылдын баш жагына салыштырганда 0,3 пайыздык пунктка төмөндөө менен 48,5 пайыздын чегинде түптөлгөн. Депозиттердин «долларлашуусунун» олуттуу мааниси 2015-жылы байкалып, ал 65,6 пайызга чейин жеткен. Улуттук банктын жана Өкмөттүн долларлашуу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чаралары депозиттердин долларлашуу коэффициентин учурда катталган деңгээлге чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген.
Ченем мааниси кеминде 12 пайыздын чегинде белгиленген капиталдын жетиштүүлүк көрсөткүчү 2017-жылдын 1-августуна карата 23,8% түзгөн. Бүтүндөй алганда, 2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча түптөлгөн банк секторунун капиталынын шайкештигинин айкын деңгээли капитал шайкештигинин белгиленген ченеминин деңгээлин сактоо менен тобокелдиктүү жана кирешелүү активдер көлөмүн 2 эсеге жакын кошумча көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
2014-жылдан тартып 2017-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде бул коэффициенттин минималдуу мааниси 20,3 пайыздын деңгээлинде катталган (2014-жылдын 30-апрели), ал эми анын максималдуу мааниси 25,8 пайызды (2017-жылдын 28-февралы) түзгөн.
2014-жылы капитал шайкештигинин бир аз жогорулоосу таза суммардык капиталдын озгон арымда өсүшүнөн, ошондой эле тобокелдик жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча салмактанган активдердин төмөндөшүнөн, ошондой эле коммерциялык банктардын капиталдаштырылышынан улам келип чыккан.
№ 3-таблица.
Банк секторунун негизги индикаторлору, 2013-2017-жж.
(% түрүндө)
Көрсөткүчтөр |
31.12.2013 |
31.12.2014 |
31.12.2015 |
31.12.2015 |
31.07.2017 |
Капиталдын шайкештиги |
|
|
|
|
|
Таза суммардык капитал/ тобокелдик деңгээли боюнча алынган активдерге |
25,0 |
21,8 |
22,4 |
24,8 |
23,8 |
Биринчи деңгээлдин таза капиталы/тобокелдик деңгээли боюнча алынган активдерге |
19,9 |
16,4 |
18,1 |
21,1 |
20,7 |
Левераж |
16,9 |
16,2 |
15,6 |
16,8 |
16,8 |
Ликвиддүүлүк деңгээли |
|
|
|
|
|
Ликвиддүүлүк коэффициенти |
70,0 |
65,0 |
77,8 |
75,5 |
64,4 |
Жогоруда белгиленгендер банк сектору алгылыксыз таасирлерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук деңгээлинин жана келечекте банк секторунун натыйжалуу ишин жогорулатуу үчүн белгилүү бир потенциалга ээ экендигин тастыктоодо.
Банк ишине жүргүзүлгөн баа берүү, банк секторунун андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бир катар алгылыктуу багыттар бар экендигин белгилөөгө мүмкүндүк берүүдө. Албетте, учурда терс таасирин тийгизип жаткан же болбосо келечекте финансы-кредит уюмдарынын финансылык туруктуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бир катар факторлор бар.
5-БӨЛҮМ.
2018-2021-жылдарда банк секторун өнүктүрүү: максаттары жана негизги багыттары
§ 5.1. Банк секторун өнүктүрүү максаттары
Кыргыз Республикасынын банк секторун орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын башкы максаттары төмөнкүлөр:
- банк тутумунун туруктуулугун арттыруу жана бекемдөө;
- банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
- банк секторунун өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролун жогорулатуу;
- Банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жана банк секторунун иш натыйжалуулугун колдоо;
- Кыргыз Республикасынын банк секторунун субъекттеринин ачык-айкындуулук деңгээлин алардын финансылык отчетторун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ар бир иштеп турган банкынын кредиттик активдеринин сапаты тууралуу маалыматты чечмелеп берүү аркылуу жогорулатуу;
- финансылык ортомчулук деңгээлин андан ары жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
- кредиторлордун укуктарын бекемдөө жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.
§ 5.2. Кыргыз Республикасынын банк секторун
өнүктүрүүнүн негизги багыттары
5.1. Банк ишинде инновацияларды жайылтуу аркылуу, финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу үчүн өбөлгө түзүү
Заманбап жана келечектүү макроэкономикалык шарттарды эске алуу менен мурдатан келаткан банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул багытта иш алып баруу менен ЕАЭБга мүчө өлкөлөрүнүн сыяктуу эле, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан чет өлкөлөрдүн да тажрыйбаларын колдонуу зарыл, ошол эле учурда Кыргызстан банк секторуна сыяктуу эле, өлкөнүн бүтүндөй экономикасына алгылыктуу таасирин тийгизе ала турган банктык продукттар жагында жаңычыл болушу мүмкүн экендигин унутпоого тийишпиз.
Калктын басымдуу бөлүгүнө банк, ошондой эле анын негизги кызмат көрсөтүүлөрү (депозиттер жана кредиттер) кеңири жайылтылган азыркы шартта, сунушталуучу ушул кызмат көрсөтүүлөрдү дифференциациялоо жана сапатын жогорулатуу зарыл.
1.1. Кредиттөөнүн өнүгүшү
Учурда Кыргызстанда кредиттик система консервативдүү болуп эсептелет, ал өз керектөөчүсүн тапты жана жаңы кардарларды табуу улам татаалдоодо. Коммерциялык банктардын иши иштеп жаткан ишкерлерди андан ары өнүктүрүүгө багытталган, бул жыйынтыгында келип, жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт, бирок көпчүлүк башталгыч ишкерлерге бизнесин нөлдөн баштоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Банктык кредиттердин олуттуу үлүшү соода жана айыл чарба тармактарында топтолгон. Демек, Кыргызстанда туризм, транспорт, өнөр жай, ипотекалык кредиттөө тармактары кредиттик продукттар үчүн кошумча рынок боло алышат. Бул тармактарды өнүктүрүү зарыл экендигине карабастан, бизнес баштоо үчүн кредиттер өсүшкө олуттуу түрткү бериши мүмкүн. Бул тышкы саясий жана макроэкономикалык өзгөрүүлөр (ЕАЭБга кирүү) алкагында жана өлкөнүн өнүгүү багытында кыйла актуалдуу болууда.
Ишкердик ишти баштоого кредиттерди кылдат жана пландаштырып өнүктүрүү мурда өнүкпөгөн секторлордун, чөйрөлөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт; айрыкча, импорт алмаштыруучу жана экспортко багытталган тармактарды өнүктүрүүдө, жумуш орундарынын түзүлүшүн шарттайт; бүтүндөй финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири жайылтылышына жана жалпы экономикалык жагдайдын жакшыруусуна алып келет. Финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу менен бирге эле, финансылык пландаштыруу боюнча башка маалымат берүү кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле консалтинг да талап кылынат.
Ишкердик ишти баштоону каржылоодо бүгүнкү күнү финансы системасына кеңири жайылтылып жаткан гарантиялык фонддор да маанилүү роль ойношот. Бул механизмдин максаты болуп, чакан жана орто ишкерлердин субъекттери үчүн банкттык кредиттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат, алар гарантияларды (кепилдиктерди) сунуштоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы технологияларды, инновациялык ишти жайылтууга жана жаңы ишканаларды ачууга багытталат.
Ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү максатында Улуттук банкы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен биргеликте контракттык турак-жай системасы аркылуу баштапкы төлөмдү топтоого негизденген жана кийинчерээк турак-жай сатып алуу үчүн жеткиликтүү кредит алууга укук берген ипотекалык кредиттөөнүн жаңы механизмин жайылтуу каралууда, бул кирешеси аз үй бүлөлөр үчүн оптималдуу вариант болуп саналат. Бул механизмдин ишин камсыз кылуу үчүн турак-жай –аманат мекемесинин ишин укуктук, лицензиялык жана финансылык жөнгө салууну кошо алганда, мамлекеттик комплекстүү колдоо, ошондой эле аманатчыларга мамлекеттик гарнтияларды сунуштоо талап кылынат.
Айыл -чарба өндүрүшүн жеткиликтүү кредиттөөнүн (каржылоонун) атайын системасын түзүү долбоорлору айыл-чарба продукттар рыногун өркүндөтүүнүн маанилүү багыты болуп саналат, кампага менчик укугун тастыктаган документтерди (күбөлүктөрдү) күрөөгө коюу аркылуу кредиттөө (каржылоо) анын бир түрү болуп эсептелет.
Маанилүү багыттардын бири өлкөдө керектөө кредитин өнүктүрүү маселеси. Калктын керектөө креиттеринен кеңири пайдаланышын камсыз кылуу каражаттарга суроо-талапты жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруунун эсебинен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүтүрүүгө түрткү берет, бул өз кезегинде, бизнестин жаңы түрлөрүн, ал тургай аймактарда өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
1.2.Мобилдик (интернет, онлайн) банкинг
Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөр – бул, өлкөнүн банк жана төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык келет деген критерийлерин канааттандырган, буга чейин ушу сыяктуу иштер, кызмат көрсөтүүлөр колдонулбаган, аларды иш жүзүндө колдонуу кардардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган жаңы продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, технологиялар.
Технологиялык өзгөрүүлөрдүн пайда болуу жана жайылуу тездиги улам өсүүдө жана жакынкы келечекте азыр анчалык байкалбаган, банктардын жана уюлдук байланыш операторлорунун ортосунда атаандаштыктын пайда болушуна күбө болобуз.
Финансы секторунун уюмдарынын жана банктардын ишин жүзөгө ашыруу принциптери мурдагыдай эле, алардын иш туруктуулугун жана чечимдерди кабыл алууда консерватизмди камсыз кылууга багытталган. Ал эми мобилдик операторлордун иштөө принциби – кардарга кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана рынок шарттарынын өзгөрүүсүн өтө тез кабылдашы. Белгилүү болгондой эле, мындай финансылык технологиялык компаниялар чакан бизнеске тез аралашат, ал эми Кыргызстан экономикасынын абалын эске алганда анын 50% көбүрөөгү айыл-чарба өндүрүшү менен алектенген чакан чарбалардан жана жеке бизнес кызмат көрсөтүүлөрдөн турат. Ошондой эле, катары улам барган сайын өсүп жаткан жаштарды эске алганда, финансылык технологиялык компаниялар активдерин жана капиталын арттыруу менен бүгүнкү күндө банктарга таандык болгон рынокко аралашууну көздөйт.
Бул учурда, коммерциялык банктарда төмөнкүдөй дилемма келип чыгат: инновациялык продукттар рыногунан чыгуу жана мурдатан келаткан банк ишин улантуу же финансылык технологиялык компаниялар менен биригүү жана функционалдык түзүмдү кайра өзгөртүп түзүү долбоорун ишке ашыруу жана башкаруу системасын модернизациялоону баштоо.
Улуттук банк «Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуунун атайын режими жөнүндө» убактылуу жобо долбоорун коомдук талкууга сунуштады жана инновациялык жаңы продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө кызыкдар, анткени инновациялар экономикалык өсүшкө, өнүгүүгө жана түзүмдүк алга жылууларга өбөлгө түзөт, экономиканын бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде банк ишинде өнүгүүнү камсыз кылат. Ошону менен бирге Улуттук банк өлкөнүн финансылык абалына жана аброюна зыян келтириши мүмкүн болгон, контролдукка алынбаган эмиссия, акча каражаттарынын изин жашыруу тобокелдигин төмөндөтүүгө жана четтетүүгө багытталган бир катар иш-чараларды, ошондой эле банктар жана мобилдик байланыш операторлору үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрөт.
Банк чөйрөсүндө электрондук инновациялар дээрлик ар бир иш чөйрөсүндө ийгиликтүү өнүгүүгө жөндөмдүү. Инновациянын бул түрү кандай аралык болбосун жана дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун маалымат электрондук түрдө бериле турган заманбап шартта маанилүү роль ойнойт. Ошону менен бирге убакытты үнөмдөйт жана кардарлардын көптөгөн милдеттерин жеңилдетет.
Келечекте банктын кардарды үйүнө барып тейлөөлөрү чекене банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги формасына айланат. Ал банкоматтарды жана кредиттик төлөм карточкаларын жана банктардын бөлүмдөрү сунуштай турган кызмат көрсөтүүлөрдүн үйгө барып сунушталуучу банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү системасына биригишин камсыз кылат.
Үйгө барып сунуштоочу банк операцияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүүдөгү негизги проблема болуп, телекоммуникациялык системаларды модернизациялоо саналат.
Жаңылануулардын натыйдасында эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулаары, компаниялардын жана банктардын ыксыз чыгашалары азая турандыгы, алардын кирешелери жана рентабелдүүлүгү кескин өсөөрү, ал эми кызмат көрсөтүүлөр комиссиялык төлөмөрдүн азаюусу эсебинен кыйла жеткиликтүү болоору болжолдонууда.
1.3. Жыйым топтоо каражаттары жана баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү
Банк тутумунун негизги милдеттерин кароого алууда, анын ичинде өлкө калкынын бош акча ресурстарын тартууда жана экономиканын зарыл тармактарына каржылоону көбөйтүүдө албетте, жыйым топтоону өнүктүрүү зарылчылыгы проблемасын сөз кылуу зарыл.
Коммерциялык банктар тарабынан жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери менен операцияларды ишке ашырууга өбөлгө түзгөн механизмдерди иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүү да пландаштырылууда. Бул, ишенимдүү инвестициялык активдер жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулоосунун альтернативалуу булагы катары баалуу металлдардын артыкчылыгын арттыруу максатында жүзөгө ашырылып келет. Аманатчылар «алтын» эсептерге акча каражаттарын салып, банктар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр аркылуу сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыра алышат. Мындай инновациялар валюта рынокторундагы өзгөрүүлөр орун алган учурда кыйла артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн жана валюталык жыйым топтоого альтернатива болууга, ички рынокто чет өлкө валютасына атаандаштыкка туруштук берүү үчүн кызмат кылат.
2. Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү
Улуттук банк тарабынан өткөрүлүүчү кредиттик аукциондор пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн таасирдүү инструменттеринин бири болуп саналат. Кредиттик аукциондор Улуттук банктын демилгесинин негизинде, ликвиддүүлүктү колдоо жана экономиканын айрым тармактарын кредиттөө үчүн коммерциялык банктар тарабынан кредиттик ресурстарды улуттук валютада сунуштоо максатында өткөрүлөт. Экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү кеңейтүүгө, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө жана андан улам финансы-кредит системасында инвестициялык шарттарды жакшыртууга өбөлгө түзүү кредиттик аукциондордун максатынан болуп саналат.
Кредиттик аукциондордун алкагында экономиканы кредиттөөгө сунушталган каражаттар так максаттуу багытына ээ жана коммерциялык банктардын карыз алуучуларынын арасында төмөнкү багыттар боюнча жайгаштырылышы мүмкүн: өнөр жай, айыл чарбасы, соода, курулуш, туристтик чөйрө, транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү.
Арзан узак мөөнөткө колдонуу каралган ресурстарынын болушу кредиттер боюнча чендердин андан ары төмөндөө шарттарынын бири болуп саналат. Узак мөөнөткө колдонуу каралган акча үчүн улуттук валютага карата ишеним жана бир нече жыл аралыгында туруктуу негизде инфляциянын төмөн деңгээлде болуусу зарыл, буга импорттун азайышы өбөлгө түзүшү мүмкүн, башкача айтканда өзүнүн ички өндүрүшү болууга тийиш. Ошондой эле кардарларды тартуу үчүн алгылыктуу атаандаштыктын болуусу да шарт. Мындан тышкары, «кредит» продуктусуна фондулук рынок түрүндө, жеке капиталдар рыногу түрүндө альтернатива же атаандаштык да болуусу абзел.
Пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында, коммерциялык банктарга экономиканын реалдуу секторун кредиттөө максатында өлкөнүн инвестициялык климатты чыңдоонун мамлекеттик программаларынын алкагында, чет өлкө инвесторлорунун узак мөөнөттүү ресурстарын экономиканын реалдуу секторун кредиттөө үчүн тартуу сунушталат. Аталган узак мөөнөттүү ресурстар негизинен, чет өлкө валютада болушун эске алуу менен аларды орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу же хеджирлөө механизмин иштеп чыгуу зарыл. Резервдик, пенсиондук, топтолмо фонддордо консервацияланууга тийиш болбогон арзан инвестициялык каражаттар тууралуу сөз жүрүүдө. Бул каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө жумшоо зарыл. Узак мөөнөткө колдонуу каралган жана арзан ресурстар менен реалдуу өндүрүш каржыланууга тийиш. Бул учурда инвесторлор менен рынокко кирүү баскычында инвестицияларды тартуу шарттарын, анын ичинде пайыздык чен өлчөмдөрүн макулдашып алуу үчүн мамлекеттин активдүү катышуусу зарыл. Банк секторуна каражаттарды сунуштагысы келген инвесторлордон каражаттар кандай пайызда берилип жаткандыгын тактап, алгылыктуу, төмөн чендерде сунушталган учурда макулдук берүү зарыл. Ошентип, Кыргыз Республикасынын банк рыногуна кирүү баскычында эле сектор үчүн пайыздык ченди макулдашып алууга жол берилет. Кандай болбосун учурда, бул үлгү (модель) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде иштелип чыгууга тийиш, мисалы, аталган милдет өлкөгө инвестицияларды тартуу маселеси менен иш алып барган өзүнчө инвестициялык комитетке жүктөлүшү мүмкүн.
Калк арасында нак эмес эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү, үй чарбаларынын ресурстарын, жаңы төлөм кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу уюмдардын кызматкерлерин тартуу да банктардын пайыздык чендеринин төмөндөшүнө таасир этиши мүмкүн.
Кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести каржылоо максатында, айыл чарбаны каржылоо боюнча мамлекеттик программаны андан ары жүзөгө ашыруу зарыл. Аталган программа Кыргыз Республикасынын фермерлерине жеңилдетилген пайыздык чендер боюнча каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Банктык кредиттик продукттарга пайыздык чендердин төмөндөшү мамлекеттин жана коммерциялык банктардын негизги милдеттеринин бири бойдон калууда. Бул үчүн комплекстик чараларды көрүү зарыл, анын ичинде:
- макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, кредиттик жана башка тобокелдиктерди төмөндөтүү;
- банк секторунда атаандаштыкты жогорулатуу, банктардын андан ары капиталдаштыруусуна түрткү берүү жана ички ресурстарды мобилизациялоо;
- мамлекеттин узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды сунуштоодо катышуусу;
- монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын финансылык сабаттуулугу боюнча натыйжалуу ченемдик укуктук базаны түзүү.
3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр сапатын жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, андан улам банк тутумунун өнүгүшү банк секторуна карата ишенимди андан ары жогорулатуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Мында, эгерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселеси банктык кызмат көрсөтүүлөр сунушталып жаткан жерлерге карата адилеттүү болсо, анда башка жерлерде аларды дегеле сунуштап баштоо үчүн шарттарды түзүү милдетин алдыга коюу зарыл.
Учурда, айыл жергесинде жашаган өлкө калкынын кыйла бөлүгү шаар жана район борборлорунда жашагандарга сыяктуу эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн жакындан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Буга бир катар себептер түрткү болгон, алардын негизкилеринен болуп айыл жергесинде банктык офистерди күтүүнүн жогорку наркы жана инфраструктуранын начар өнүгүшү саналат.
Ушуга байланыштуу чаралар комплексин көрүү талап кылынат, алар салтка айланган банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү максаты менен чектелбейт, бирок айыл жергесинде мобилдик банкингден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатын алдыга коет. Аталгандар аркылуу салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү чогултуу боюнча тейлөө түйүндөрүн кеңейтүү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнү жүзөгө ашыруу.
Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн
2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын», ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагындагы башка чаралардын алкагында, калктын жана чарба жүргүзүүчү субьекттердин төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган иш-чараларга катышып, ошол аркылуу инновациялык төлөм технологияларын жайылтууга, анын ичинде төлөм жана алдын ала төлөө карттарын, мобилдик банкингди, электрондук акчаны жайылтууга, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүүсүнүн чөйрөсүн кеңейтүүгө калк жана чарба жүргүзүүчү субьекттер үчүн алардын наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн технологиялык жана башка чечимдерди кабыл алууга жана аралыктан туруп төлөм кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.
4. Ислам каржылоо принциптерин жайылтууга көмөктөшүү
Улуттук банктын 2018-2021-жылдарга карата артыкчылыктуу, стратегиялык максаттарынын бири болуп өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдарын каржылооо үлүшүн арттыруу саналат, аларды жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк тарабынан төмөнкүдөй негизги милдеттер аныкталган:
- Кыргыз Республикасында салтка айланган банктык иш чөйрөсү менен катар эле, ислам банкингин андан ары өнүктүрүү үчүн бирдей финансылык чөйрөнү калыптандыруу максатында, ислам каржылоо продукттарынын мүнөздүү өзгөчөлүгүн эске алуу менен Жарандык жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процессинде мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо.
- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген банктык кызмат көрсөтүүлөр катарын кеңейтүү максатында, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңешинин (IFSB) жана ислам финансы институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча уюмдун (AAOIFI) эл аралык стандарттарын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына андан ары жайылтуу жана шайкеш келтирүү. Учурда, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана ислам каржылоо принциптери бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүүдө Улуттук банк ислам банк иши жана каржылоо принциптери маселелеринде эксперттик корутундунун жоктугу көйгөйүнө туш болууда. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк финансылык Шариат кеңешин мамлекеттик деңгээлде түзүү маселесин демилгелөөнү жана иштеп чыгууну пландаштырууда, анын ролу ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин Шариат стандарттарына жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык келиши бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын изилдөөдө турат.
- ислам каржылоо принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырган банктарга ликвиддүүлүктү натыйжалуу тескөө үчүн бирдей финансылык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бул максаттарда дуалдык банк тутуму (салтка айланган жана ислам банктарынын) менен өлкөлөрдө акча-кредит саясатын жүргүзүү тажрыйбасы изилдөөгө алынат.
- ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде банктык операцияларды ишке ашыруунун так эрежелерин белгилөө менен ислам банктарын же «ислам терезелери» менен банктарды түзүү процессине көмөк көрсөтүү, анын натыйжасынан өз ишин ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырган финансы-кредит уюмдарын каржылоо үлүшүн финансы секторунун жалпы кредит портфелинин 5 пайызга чейин арттыруу болууга тийиш. Ошондой эле, Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде консультациялардын жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларына жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөнүн алкагында, ислам камсыздандыруу жана ислам баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Мамфинкөзөмөл менен өз ара иш алып барууну улантат.
Экономика министрлиги, Мамфинкөзөмөл, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы жана «Ислам финансы ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси менен Ислам экономикасынын ажырагыс компоненттеринен болгон зекет жана вакф фонддорун өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жагында өз ара иш алып барууда сунуштарды иштеп чыгуу. Бул иш-чаралар калктын бош акча ресурстарын социалдык-коомдук багыттагы долбоорлорго аларды андан ары инвестициялоо үчүн мобилизациялоого жана топтоштурууга мүмкүн кылат. Өз кезегинде, коомдо кирешелерди кайра бөлүштүрүүнүн белгиленген механизми мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кыйла кыскартат.
Ислам каржылоо принциптери боюнча финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуунун узак мөөнөттүү келечекте калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө маданиятын сыяктуу эле, Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын түшүнүүсүн да калыптандырууга мүмкүн кылат.
Учурда, Кыргыз Республикасынын ислам каржылоо принциптери рыногунда квалификациялуу адистердин жетишсиздиги өлкөдө ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө кедерги болгон факторлордун бири болуп саналат. Бул чөйрөдө кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасында ушул сектордун натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизги чечимдеринин бири болгон. Өлкөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болгон жогорку окуу жайлардын, билим берүү мекемелеринин жоктугуна байланыштуу, Улуттук банк аталган чөйрөдө улуттук кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн ислам экономикасы жана финасы боюнча регионалдык окуу борборун түзүү боюнча сунуш даярдайт.
Көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн ишенимдүү базасын түзүүгө мүмкүн кылат. Натыйжада, аталган сектордун 2021-жылга карата ушул стратегияда белгиленген максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүсү мүмкүн.
Жетекчилик комитетинин ишин токтотууга жана өлкөбүздүн аймагында барган сайын көп сандагы ислам ФКУлардын, халал индустриянын, такафул, сукук, иджара жана башка институттарынын ачылышына байланыштуу, ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясын өнүктүрүү боюнча борбордук аянтча болушу ыктымал Координациялык кеңешти түзүү маселеси демилгеленет.
5. Банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу жана бекемдөө. Базель II жана III айрым элементтерин колдонууга киргизүү үчүн иш-чаралар топтомун жүргүзүү жана тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк ыкмасына негизденген принциптерди андан ары өркүндөтүү
Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын ишине көзөмөл жүргүзүү инструменттери өркүндөтүлөт, атап айтканда тобокелдикти аныктоого багытталган мамилеге негизденген көзөмөлдүк принциптерин жайылтуу иши улантылат.
Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк – бул, банк ишинде орун алышы ыктымал тобокелдиктерге ылайык чараларды көрүүгө топтолгон көзөмөл. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого, баа берүүгө жана аларды тескөө сапатына баа берүүгө негизделген, бул көзөмөлдүктү банк ишинде тобокелдик орун алышы ыктымал болгон эң чабал жерлерине топтоштурууга жана Улуттук банктын ресурстарын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк — бул, келечеги бар мамиле, мында инспектор банк ишинин ар түрдүү чөйрөсүнө, ага байланыштуу тескөө жана ички контролдук сапатына баа берип, тобокелдик орун алышы ыктымал болгон эң чабал жана кооптонууну жараткан иш чөйрөсүн аныктап, андан соң өзгөчө көңүлүн ушул жерлерге бурат. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк дегенден улам, көзөмөл ресурстарын аларды эң эле оптималдуу пайдалануу максатында натыйжалуу бөлүштүрүүнү түшүнүү зарыл.
Банктарга көзөмөлдүктү жүргүзүү инструменти катары тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл принциптерин жайылтуу мыкты эле аралык тажрыйбаны, II жана III Базель принциптеринин айрым элементтерин эске алуу менен жөнгө салуу талаптарын өзгөртүү зарылчылыгына алып келет. Банктарга карата талаптарды өзгөртүүдө колдонуудагы мыйзамдар, коммерциялык банктардын иши жана мүмкүнчүлүктөрү эске алынат.
Талаптар өзгөртүлгөн шартта, мыйзамдарда банктарга көзөмөл жүргүзүү өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жакындатууга өбөлгө түзөт, өзгөртүүлөр банктардын өнүгүүсүн чектелишине алып келген жөнгө салуу нормаларынын төмөндөтүүгө багытталат, атап айтканда өзгөртүүлөр потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдарды (РППУ) чегерүү бөлүгүндө Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары-9 өтүүнү эске алуу менен пландаштырылууда, жаңы стандартка өтүү жоготуу тобокелдик деңгээлине таасир этүүнүн ретроспективдик факторлорун сыяктуу эле, алардын болжолдуу факторлорун да эске алуу менен активдерге кыйла сапаттуу баа берүүгө мүмкүн кылат. Ошондой эле ички керектөөнү көбөйтүү максатында, керектөө кредиттөөгө мониторинг жүргүзүүгө (талаптарды азайтуу жана банктардын финансылык абалына коркунуч келтирбеген кредиттер суммалары үчүн кредиттөө көлөмдөрүнүн көбөйтүү максатында) карата ченемдерди жана талаптарды кароого алуу пландаштырылууда.
Банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу Улуттук банктын ишмердигини негизги багыттарынын бири жана аталган функцияны аткаруу, 2016-жылдын 16-декабрындагы №207 номериндеги Кыргыз Ресубликасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында аныкталган уставдык капиталдын көлөмүнө болгон талаптарды аткаруу жана банктын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн банк ишине мүнөздүү болгон потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууну камсыз кылуу, кардарлардын банкка карата ишенимине кепил, банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары, көзөмөл жүргүзүү максатында банктын капиталынын өлчөмүн аныктоо алкагында жүргүзүлөт.
Корпоративдик башкаруунун эрежелери, Директорлор кеңешинин алдындагы комитеттер курамын, Директорлор кеңешинин алдындагы көз каранды эмес Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ролун ачыктоо боюнча талаптарды өркүндөтүү жана комплаенс кызматынын жана аткаруу органынын структурасын карап чыгуу боюнча эл аралык тажрыбаларынын негизинде жакшыртылуусу кутүлүүдө.
Улуттук банк корпоративдик башкаруунун мыкты стандарттарын/тажрыйбаларын киргизүү боюнча иш чараларды алып барууну пландаштырууда. Буга байланыштуу, акционерлердин жана инвесторлордун ишенимин камсыз кылуу үчүн Директорлор кеңешинин алдындагы комитеттер курамы, Директорлор кеңешинин көз каранды эмес мүчөлөрүнүн, комплаенс кызматынын жана аткаруу органынын структурасы боюнча толук жана аныкталган маалыматтарды «сакта жана түшүндүр» принцибин аткаруу негизинде сапаттуу ачыктоо башкы мааниге ээ.
Коммерциялык банктардын башкаруу органдарынын: жүктөлгөн милдеттерди аткаруу учурунда, аракетсиздикке милдетти кошо алганда, кабыл алынган чечимдер үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана аткаруу органдарынын жеке жоопкерчилигин бекитүү да зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коммерциялык банктын башкаруу органдарынын курамына абийирсиз жактардын келишине жана алардын банкты башкарууда акылга туура келбеген аракеттери банктын акционердик наркынын олуттуу төмөндөшүнө же акционерлердин укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын бузууга бөгөт болуучу механизмдер аркасында иш чараларды мындан ары да улантат.
6. Интеграциялык көмөктөшүүнүн алкагында Евразия экономикалык бирлигинде мыйзам актыларын шайкеш келтирүү
Мыйзам актыларын шайкеш келтирүү иши Евразия экономикалык бирлигине катышуучу-мамлекеттердин жумушчу тобу тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындай иш финансылык чөйрөдө мыйзам актыларын шайкеш келтирүү планы аркылуу ишке ашырылат. Бул планда 3 баскыч каралган:
I баскыч – Базалык түшүнүктөргө жана аныктамаларга ревизия жүргүзүү (аяктоо мөөнөтү – 2019-жыл);
II баскыч – Кесипкөй ишин лицензиялоо жана шайкеш келтирүү (мөөнөтү –
(2019-2023-ж.);
III баскыч – Көзөмөлдүк жана корпоративдик башкаруу (мөөнөтү – (2022-2025-ж.).
I баскычтын талабын жүзөгө ашыруунун алкагында Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин негизги принциптерине ылайык баа берүүдө, глоссарийлерди иштеп чыгууда жана ушул баскычта колдонулган негизги түшүнүктөрдү аныктоодо, банктык операция катары таанылган операциялардын улуттук тизмегин түзүүдө жана коммерциялык банктарга уруксат берилген жана/же тыюу салынган иш багыттарын аныктоодо Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин улуттук банктык мыйзамдарындагы айырмачылыктарды аныктоо иши жүргүзүлөт.
Пландын II баскычында лицензиялоо жагында бирдиктүү стандарттардын маселеси каралган: банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда иш алып баруу шарттарын түзүү жана банктарды түзүү тартибин түптөө, лицензияны каттоодон өткөрүүдө баш тартуунун жана берүүнүн негизи; банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияны кайтарып алуу үчүн негиздер, кайтарып алуу тартиби жана жол-жоболор, лицензиянын аракетин токтотуу же чектөө, банктардын финансылык абалын чыңдоо жана банкроттукка чыгаруу, банктарды жоюу жана кошуу, бириктирүү, кайра өзгөртүп түзүү, же анын иш чөйрөсүн кеңейтүү формасында аларды өзгөртүп түзүү өзгөчөлүктөрү (обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу);
Ал эми пландын III баскычында банктардын, банктык холдингдердин жана банктык топтордун ишин көзөмөлдөө, алардын финансылык ишенимдүүлүгү, Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын негизинде бухгалтердик (финансылык) отчету, банктардын пруденциалдык отчету (анын ичинде консолидацияланган негизде), корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди тескөө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо, маалыматтык коопсуздук, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү ж.б. жагында маселелер каралган.
Жалпысынан 2025-жылы финансылык чөйрөдө мыйзам актыларын шайкеш келтирүү процессин аяктоо пландыштырылууда.
7. Киберкоопсуздукту күчөтүү
Бүгүнкү күндө банк секторунун өнүгүүсү маалымат технологиялар тармагында көбүнесе заманбап инновацияларды жайылтуу деңгээлинен көз каранды. Электрондук инновациялар экономикалык өсүштү тездетүүчү фактордон болуу менен бирге экономикалык процесстердин динамикасына оң таасирин тийгизүүдө. Интеграциялык процесстердин өнүгүүсү жана финансылык чөйрөнүн ааламдашуусу өз кезегинде маалымат коопсуздугунуна келтирилген коркунучтар чөйрөсүн кеңейткен. Эгерде банктарга мурда өз маалымат системаларынын алкагында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу толугу менен жетиштүү болгон болсо, бүгүнкү күнү финансы системасынын бардык катышуучулары менен тыгыз өз ара иш алып баруусуз банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн классикалык ыкмалардын пайдаланышы жетишсиз, бул тууралуу дүйнө жүзүндө болуп өткөн акыркы окуялар тастыктаган.
Маалымат коопсуздугун өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденциялары классикалык коркунучтардын технологиялык жабдуулардын, түйүндүн жардамы менен интернетте же киберчөйрөдө адамдардын, программалык камсыздоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара иш алып баруусунда келип чыккан, физикалык формага ээ болбогон чөйрөдө жашаган коркунучтарга ооп кетүүсүн көрсөтүүдө. Киберчөйрөдө маалымат коопсуздугунун камсыз кылынышы бул киберкоопсуздуктун негизги милдети жана финансы системасында кибер-тобокелдиктерди тескөөнүн негизги инструменти.
Төмөнкү багыттарды өнүктүрүү зарыл:
1. ISO/IEC 27001:2013, ISO/IEC 27032:2012 ж.б. сыяктуу маалымат коопсуздугунун эл аралык стандарттарын илгерилетүү.
2. Киберкоопсуздукка көңүл буруу төмөнкүлөр үчүн зарыл:
- Маалымат коопсуздугунун тескөө системасын өркүндөтүү (СУИБ);
- Маалымат коопсуздугу жагында операциялык иштеги классикалык чараларды мониторинг, калпыстыктарды жөнгө салуу жана киберкоопсуздук боюнча чара көрүү жагына жылдыруу
- «Security Operation Center» (SOC) чет өлкө борборлорунун аналогиясы боюнча киберкоркунучтарды жөнгө салуу борборлорун түзүү.
- СУИБ жана SOC тескөөдө жоопкерчиликти бөлүштүрүү максатында маалымат коопсуздугу боюнча айрым бөлүмдөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү.
3. Улуттук банктын базасында жөнгө салуу боюнча бирдиктүү борборду түзүү
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык провайдерлеринин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу маселелерин иштеп чыгуу. Жалпы тренингдерди өткөрүү.
Жогоруда келтирилген багыттарды илгерилетүүнүн натыйжасында жана киберкоопсуздук тобокелдиктерин тескөө процесстеринен улам, Кыргыз Республикасынын бардык финансы системасынын туруктуулугу жогорулайт жана орун алып калышы ыктымал болгон ири көлөмдүү терс жагдайлар төмөндөйт.
Улуттук банктын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында аныкталган милдеттердин бири болуп саналат. Бул милдеттерди аткаруу үчүн бардык аракеттер Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар түрдүү субъекттери ортосунда төлөмдөрдү коопсуз жана натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылуучу жаңы маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды жайылтуу жолу аркылуу жогорку технологиялык деңгээлде төлөм системасынын ишин колдоого багытталган.
Нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу жана төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде финансы-кредит жана төлөм уюмдары үчүн маалымат коопсуздугу жагында жөнгө салуу жана өз ара иш алып баруу механизмдерин өркүндөтүү Улуттук банктын 2018-2021-жылдарга каралган артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Бул багыттарды ишке ашыруу максатында төмөнкү иштер улантылат:
- улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана аларды башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо;
- мониторингди жүзөгө ашыруу жана инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу максатында алгылыктуу шарттарды түзүү ;
- төлөм системасынын иш чөйрөсүнө жана маалымат коопсуздугуна тиешелүү, финансы-кредит уюмдары жана төлөм уюмдары үчүн каралган мыйзамдык базаны андан ары өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасында киберкоркунучтарды алдын алуу чараларын көргөн борборун түзүү жана маалымат коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү борборун түзүү.
6-БӨЛҮМ.
Күтүлүп жаткан жыйынтыктар жана өнүгүүнүн келечеги.
Улуттук банк тарабынан өткөн төрт жылдык мезгилдин көрсөткүчтөрүнөн улам орто мөөнөттүк келечекте банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетиштүүлүгүн чагылдырган көрсөткүчтөрдү көбөйтүү, банк тутумунун финансылык ортомчулук деңгээлин көбөйтүү пландаштырылууда, б.а. банк тутумунун активдери ИДӨнүн 55 пайызын түзүүгө тийиш.
Ушул документте каралган иш-чаралар ийгиликтүү жүзөгө ашырылган учурда 2022-жылдын 1-январына карата банк тутумунун чогуу алгандагы көрсөткүчтөрү жогорулашы болжолдонууда (4-таблица).
Калк кирешесинин болжолдонгон өсүшүн, экономикалык өсүшкө зарыл шарттарды түзүүнү жана банктардын иш жигердүүлүгүн өнүктүрүүнү эске алганда агрардык секторду, өнөр жайды жана чакан бизнести кредиттөө көлөмү олуттуу көбөйтүлүүгө тийиш.
Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү жана калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу зарылчылыгын эске алуу менен планда каралган көрсөткүчтөргө жетүүгө ниеттенүүдө, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнүн жана өлкө жарандарынын экономикалык абалынын жакшыруусунун катализатору катары болмокчу.
Болжолдоолорго ылайык банк тутумунун кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 2021-жылдын акырына карата төмөнкү жагдайлардын орун алышына жараша 15,0 пайызга чейин төмөндөөгө тийиш:
- өлкөдө экономикалык жана саясий туруктуулук сакталып, өлкө экономикасы өнүгүүсүн улантат,
- бюджеттин тартыштыгы акыркы үч жылдын орточо маанисинен ашпайт,
- инфляция деңгээли 10 пайыздан жогору болбойт,
- кредит портфелинин жылдык өсүш арымы 15 пайыздан деңгээлинде калыптанат.
Ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде банктык операцияларды жүргүзүү эрежелерин так белгилөө менен ислам банктарын жана «ислам терезесине» ээ банктарды түзүү процессине көмөктөшүүдө анын жыйынтыгынан болуп өз ишин ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдарынын каржылоо үлүшүн 5 пайызга чейин көбөйтүү болгон.
4 жана 5-таблицаларында банк системасынын негизги багыттарынын болжолдоосу көрсөтүлгөн.
4-таблица.
2021-жылга карата банк тутумунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдоосу.
(млн.сом , %)
Көрсөткүчтөр |
ФАКТ |
2014-2017-ж. карата болжолдоо |
2018-2021-ж. карата болжолдоо |
|
01.08.2017 |
2017-ж. |
2021-ж. |
ИДӨ (өткөн 12 ай үчүн млн сом) * |
478 315 |
561 591 |
648 480* |
Банк секторунун ИДӨгө карата активдери, % |
38,7 |
37,0 |
55,0 |
Банк секторунун ИДӨгө карата кредиттери. % |
21,6 |
17,8 |
30,3 |
Банк секторунун ИДӨгө карата депозиттери, % |
24,1 |
18,7 |
35,0 |
Банк тутумунун кредит портфелинин ислам каржылоо принциптеринин негизинде каржылоо үлүшү. % |
0,9 |
- |
5,0 |
|
|
|
|
Бир мезгилдин акырына карата коммерциялык банктардын кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен (%) |
16,7 |
16,5 |
15,0 |
*- ИДӨнүн мааниси 2020-жылга карата көрсөтүлгөн.
5.-таблица.
2021-жылга карата банк тутумунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдоосу
(млн сом)
Көрсөткүчтөр |
ФАКТ |
2018-2021-ж. карата БОЛЖОЛДОО |
|
01.08.2017 |
на 2021 |
ИДӨ (өткөн 12 ай үчүн млн сом) * |
478 315 |
648 480 |
Банк секторунун активдери |
188 499 |
356 664 |
Банк секторунун кредиттери |
104 927 |
196 489 |
Банк секторунун депозиттери |
114 348 |
226 968 |
Ислам каржылоо принциптеринин негизинде каржылоо көлөмү |
911 |
32 424 |