Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-07/53-4-(ДКП) токтому
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга каралган графиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынгандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн;
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
.
Төрага Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-07/53-4-(ДКП) токтомуна
тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга
КАРАЛГАН ГРАФИГИ
Отурумдун өткөрүү датасы* |
Маселенин аталышы |
25-февраль |
1. 2018-жылдын IV чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
25-март |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
27-май |
1. 2019-жылдын I чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
24-июнь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
26-август |
1. 2019-жылдын II чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
30-сентябрь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
25-ноябрь |
1. 2019-жылдын III чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
23-декабрь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
*Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлгөн күн Кыргыз Республикасында жумуш күн эмес болсо, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт.