Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 25-февралындагы  

№ 2019-П-07/8-2-(ДКП) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 4,50 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2019-жылдын 26-февралынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынгандан кийинки бир жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Экономика башкармалыгынын ишин түздөн түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов