Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 25-мартындагы
№ 2019-П-07/15-1-(ДКП)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 4,50 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2019-жылдын 26-мартынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынгандан кийинки бир жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш