Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/1 «Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоодон өткөртүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы №47/10 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 1-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы №2017-П-15/26-3-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 2-пункту

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майдагы №2018-П-15/18-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 1-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондун, «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коомун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын _________________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык  

кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар  

түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо  

ЭРЕЖЕЛЕРИ  

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери (мындан ары Эреже) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) күрөө предмети катары Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу жана Улуттук банкта депозитарийде банктар аралык кредиттик операциялар боюнча эсепке алынуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары саналган күрөө келишимдерин каттоо процессин, ошондой эле күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылган же аткарылбаган учурларда күрөөлүк мүлккө карата иш-аракеттерди бир калыпка келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2-глава.  Эрежеде колдонулган терминдер  

 

2. Ушул Эреженин максатын ишке ашыруу үчүн төмөнкү терминдер колдонулат:  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар  бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар).  

Депозитарий  бул Улуттук банк, ал баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алууну жана сактоону, баалуу кагазга менчик укугунун өтүшүн каттоодон өткөрүүнү жана аны тастыктоону жүзөгө ашырат.  

Депо-эсеби  ар бир баалуу кагаз үчүн аларды эсепке алуу жана сактоо максатында ишке ашырылган жазуулар (же жазуулардын жыйындысы).  

«Депо» эсебинин күрөөлүк субэсеби (күрөөлүк субэсеп)  бул, депозитарийде Тике катышуучунун «депо» эсебинин бөлүгү, ал мыйзамга же келишимге негизделген баалуу кагаздарга карата укукка жүктөлгөн күрөөлүк милдеттенмени эсепке алуу үчүн каралган.   

«Депо» эсебинин инвестициялык субэсеби (инвестициялык субэсеп)  бул, Тике катышуучунун  депозитарийдеги «депо» эсебинин бөлүгү, аларга карата баалуу кагаздарды которууга чектөөлөр белгиленбейт.  

«Депо» эсебинин жалпы субэсеби (жалпы субэсеп)  бул, Тике катышуучунун депозитарийдеги «депо» эсебинин бөлүгү, ал анын кардарларына  баалуу кагаз ээлерине таандык чогуу алгандагы баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн каралган. Бул эсептен баалуу кагаздарды которуулар, алардын ээлеринин тапшырмасы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Тике катышуучу бул, Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк, ошондой эле Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фонду, «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коому (ЖАК) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;  

Ыйгарым укуктуу жак  бул расмий кат, ишеним кат же билдирме аркылуу белгиленген тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ жак.   

Күрөөнү тескөөчү  бул, Күрөө коюучу болуп саналбаган, депозитарийдеги «депо» эсебине ээ эмес, Күрөө кармоочунун атынан тапшырма берүү келишиминин негизинде Күрөөнү тескөөчү катары иш алып барган Тике катышуучу. 

 

3-глава. Күрөө келишимин каттоо тартиби  

 

3. Автоматташтырылган тоорук системасынан тышкары бүтүмгө келишүүдө Депозитарийде депо-эсебине ээ Тике катышуучулар ортосунда түзүлгөн күрөө келишими Улуттук банкка сунушталат жана каттоодон өтөт. 

4. Кредитор (мындан ары  Күрөө кармоочу) ушул Эрежеге ылайык Улуттук банкта каттоодон өтпөгөн күрөө келишими боюнча, мыйзамдарда каралган өз укуктарынын аткарылышын талап кыла албайт. 

5. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында күрөө келишими акча каражаттары Карыз алуучунун (мындан ары Күрөө коюучу) эсебине чегерилгенге чейин Улуттук банкта каттоодон өтөт.  

6. Күрөө келишимин Улуттук банкта каттоодон өткөрүү үчүн Күрөө коюучу төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

- Күрөө коюучунун жана Күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу жактары тарабынан кол коюлган жана алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күрөө келишиминин 3 түп нускасы;  

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин (кредиттик келишимдин, макулдашуунун) көчүрмөсү;  

- ушул Эреженин 14-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, Күрөө кармоочу жана Күрөөнү тескөөчү ортосунда тапшырма берүү келишими;   

- Күрөө коюучунун күрөөгө коюлуп жаткан баалуу кагаздарды Депозитарийдеги инвестициялык субэсептен күрөөлүк субэсепке которууга тапшырмасы (1-Тиркеме); 

- күрөө келишимин Улуттук банкта каттоодон өткөрүү үчүн төлөнгөндүгүнүн тастыктамасынын болушу.  

7. Күрөө келишиминде милдеттүү жоболор камтылууга тийиш, алардын тизмеси Күрөө жөнүндө типтүү келишимде чагылдырылган (2-Тиркеме).  

8. Эгерде Күрөө коюучу талапка ылайык таризделген документтердин толук топтомун Улуттук банкка саат 17.00дөн кэч эмес тапшырса, Улуттук банк күрөө келишимин тапшырылган күнү каттоодон өткөрөт. Эгерде Күрөө коюучу документтерди саат 17.00дөн кийин тапшырса, Улуттук банк күрөө келишимин кийинки жумуш күнү каттоодон өткөрөт. 

9. Улуттук банк, сунушталган күрөө келишимдеринде көрсөтүлгөн Күрөө коюучунун Депозитарийдеги депо-эсептериндеги баалуу кагаздардын болушун текшерет. Күрөө келишими автоматташтырылган тоорук системасында катталат, автоматташтырылган тоорук системасынын иши Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынат. Күрөө келишимине аларды каттоо күнү жана номери тууралуу жазылат, жазуу Депозитарийдин контролерунун кол тамгасы менен тастыкталат. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми экинчи жана үчүнчү нускалар тиешелүүлүгүнө жараша Күрөө кармоочуга жана  Күрөө коюучуга өткөрүлүп берилет. 

10. Улуттук банк төмөнкү учурларда күрөө келишимин каттоодон баш тартышы мүмкүн:  

- түзүлгөн келишимдер ушул Эрежеде каралган талаптарга ылайык келбесе;  

- Күрөө коюучунун Депозитарийдеги «депо» эсебинде күрөө келишиминде жана Күрөө коюучунун тапшырмасында көрсөтүлгөн баалуу кагаздар жок болсо; 

- документтердин толук топтому берилбесе же алар талаптагыдай таризделбесе. 

11. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды толук көлөмдө же алардын бөлүгүн бошотуп алуу, Улуттук банк тарабынан Күрөө кармоочунун белгиленген формада саат 17.00дөн кэч эмес сунушталган билдирмеси боюнча ишке ашырылат (3-тиркеме). Күрөө кармоочу билдирмесин саат 17.00дөн кийин сунуштаган шартта Улуттук банк баалуу кагаздарды бошотууну кийинки жумуш күнү ишке ашырат.  

12. Улуттук банк, күрөөдө турган баалуу кагаздарды башка эмиссиядагы баалуу кагаздарга алмаштырууну Күрөө коюучу менен Күрөө кармоочу ортосунда түзүлгөн, ушул Эрежеде белгиленген тартипте каттоодон өткөн, күрөө жөнүндө жаңы келишимдин негизинде ишке ашырат. Колдонуудагы күрөө келишимине боюнча баалуу кагазды кошумча күрөөгө коюу жана/же алардын бөлүгүн бошотуу Күрөө келишимине карата Кошумча келишимдин негизинде жүргүзүлөт (5-Тиркеме). 

Мында, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды жаңы чыгарылган баалуу кагаздарга алмаштыруу алардын эмиссиясы күнү ишке ашырылбайт. 

13. Күрөө келишимин Улуттук банкта каттоо үчүн 300 сом өлчөмүндө жыйым белгиленген.  

 

4-глава. Күрөө келишимин каттоонун айрым өзгөчөлүктөрү  

 

 14. Күрөө кармоочу (юридикалык жак - резидент/резидент эмес) Депозитарийде депо-эсепке ээ эмес болсо, Күрөө кармоочу Тике катышуучулардын бири менен (Күрөө коюучу болуп саналбаган) анда Тике катышуучу Күрөөнү тескөөчү катары иш алып барууга макулдугун билдирген тапшырма берүү келишимин түзгөн шартта гана, Улуттук банк күрөө келишимин каттоодон өткөрөт. Тапшырма берүү келишиминде Күрөө кармоочу ушул Эрежеге ылайык, Күрөөнү тескөөчүгө анын атынан күрөөлүк операцияларга байланыштуу документтерге кол коюу укугун өткөрүп бергендиги каралууга тийиш.  

Күрөө кармоочу менен Күрөөнү тескөөчү ортосунда кол коюлган тапшырма берүү келишиминин түп нускасы ушул Эреженин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге Улуттук банкка сунушталат.  

15. Банктар, өкмөттөр аралык макулдашуулардын, эл аралык банктар аралык биримдиктердин алкагында кредиттик линияларды (кредиттерди), транштарды берүү жөнүндө келишимдерди (макулдашууларды) түзүүдө баалуу кагаздарды Депозитарийге күрөөгө коюу жөнүндө келишимди Күрөөнү тескөөчүнүн катышуусуз каттоодон өткөрүүгө жол берилиши мүмкүн. 

Жогоруда белгиленген учурларда күрөөдө турган баалуу кагаздарды толугу менен же алардын бир бөлүгүн бошотуп алууну Улуттук банк Күрөө кармоочунун белгиленген формада сунуштаган билдирмесинин негизинде ишке ашырат (3-Тиркеме). Мында, Күрөө кармоочунун билдирмеси мамлекеттик жана/же расмий тилде сунушталат.  

16. Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же болбосо Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийдеги жалпы субэсебине милдеттенмелердин ордун жабуунун эсебинен өз эрки боюнча которуу, Улуттук банк тарабынан Күрөө коюучу менен макулдашылган, Күрөө кармоочунун же Күрөөнү тескөөчүнүн тапшырмасы боюнча келип түшкөн күнү ишке ашырылышы мүмкүн (4-Тиркеме).  

17. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдында милдеттенмелерин аткарбаган шартта, күрөөгө коюлган баалуу кагаздардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алуу жүргүзүлүшү ыктымал. 

18. Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган баалуу кагаздардан соттук же соттук эмес тартипте өндүрүп алууну жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздарды которуу Улуттук банк тарабынан Күрөө кармоочу сунушталган документтердин негизинде ишке ашырылат (соттун чечими, күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө макулдашуу). Улуттук банк күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же болбосо Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийдеги жалпы субэсебине которот. 

19. (1) Узакка созулган соттук же болбосо соттук эмес териштирүү иши жүргүзүлүп жаткандыктан; (2) Күрөө коюучу жана/же Күрөө кармоочу же Күрөөнү тескөөчү тарабынан күрөөгө карата эч кандай аракеттер көрүлбөгөндүктөн, Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткен учурларда, Улуттук банк алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн банктын корреспонденттик эсебине которот.   

  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине  

карата 1-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы  

_______________________ 

башкармалыгы  

 

 

Күрөө коюучунун   

ТАПШЫРМАСЫ*  

 

______________________________________________________________________ 

үрөө кармоочунун аты-жөнү/аталышы

Менен  20___-жылдын «___»_____________№_____________________ күрөө келишимине ылайык, төмөнкү эмиссиядагы ___________________________  (баалуу кагаздардын түрү)  

инвестициялык субэсептен депозитарийдеги күрөөлүк субэсепке которууну өтүнөм. 

Баалуу кагаздардын каттоо номери 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Номиналдык наркы (валюта) 

  

  

  

Жыйынтыгында:  

  

  

  

М.О.  

_______________________ ________________ ____________________  

(кызмат орду)  (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

 Операция ишке ашырылган күн___________________________________ 

 

 

(*) Күрөө кармоочунун фирмалык бланкында таризделет 

  

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине  

карата 2-тиркеме  

  

Күрөө жөнүндө 

ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ  

 

Мындан ары Күрөө коюучудепаталуучу, _____________________________________ атынан ___________________________________ негизинде иш алып барган ____________________бир тараптан, жана мындан ары Күрөө кармоочу деп аталуучу, ___________________________атынан __________________________________ негизинде иш алып барган ________________________экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:  

1.20___-жылдын «____»________ ________________________________ боюнча милдеттенмени аткарууну камсыздоо катары Күрөө коюучу анын менчик укугуна тиешелүү болгон төмөнкү эмиссиялардагы жана төмөнкүдөй көлөмдөгүөлөмдөрдөгү)  баалуу кагаздарды Күрөө кармоочуга күрөөгө өткөрүп берет:  

  

Баалуу кагаздардын каттоо номери 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Номиналдык наркы (валюта) 

  

  

  

Жыйынтыгында:  

  

  

  

2. Күрөө коюучу күрөө менен камсыздалган милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүн аткарган шартта, ___________________________________________________  

үрөө кармоочу/Күрөө тескөөчү көрсөтүлсүн) күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын толугу менен же анын бир бөлүгүн күрөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз учурунда маалымдоого милдеттенет.  

3. Күрөө кармоочу ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга өз укугун жүзөгө ашыруу үчүн өкүлү катары (банктын аталышыКүрөөнү тескөөчү катары дайындайт(1).  

4. Күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаган шартта, Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Улуттук банктагы депозитарийдеги өзүнүн инвестициялык субэсебине (же болбосо Күрөө тескөөчүнүн жалпы субэсебине) которууну талап кылууга укуктуу.  

5. Тараптар ортосунда күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда жана ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагазга укук боюнча макулдашуу мүмкүн эмес болгон шартта, Тараптар маселени чечүү үчүн сот органдарына кайрылышат.  

Пикир келишпестиктер жөнгө салынганга чейин жана/же сот органынын чечими Улуттук банкка берилгенге чейин күрөөгө коюлган баалуу кагаздар Күрөө коюучунун Улуттук банктагы депозитарийдеги күрөөлүк субэсебинде сакталып турат.  

6. (1) Узакка созулган соттук же болбосо соттук эмес териштирүү иши жүргүзүлүп жаткандыктан; (2) Күрөө коюучу жана/же Күрөө кармоочу же Күрөөнү тескөөчү тарабынан күрөөгө карата эч кандай аракеттер көрүлбөгөндүктөн, Күрөө коюучунун Депозитарийдеги күрөөлүк субэсебинде турган баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткен учурларда, Тараптар Улуттук банкка алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен банктын (банктын аталышы) Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которууга ыйгарым укук чегерет.   

7. Тараптар, ушул келишимди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүү үчүн жыйымдарды __________________ (Күрөө коюучу/Күрөө кармоочу көрсөтүлөт) төлөй тургандыгын макулдашышты. 

8. Тараптар күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды Күрөө коюучуга таандык башка эмиссиядагы баалуу кагаздарга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн макулдашышты жана бул учурда алар күрөө жөнүндө жаңы келишим түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөрүүгө жана каттоо жыйымын төлөөгө макулдашышты.  

9. Келишим, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 туп нускада түзүлдү(2). Күрөө келишиминин бир нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми экинчи жана үчүнчү нускасы Күрөө коюучуга жана Күрөө кармоочуга берилет.   

  

  

Тараптардын реквизиттери:  

Күрөө коюучу үчүн  Күрөө кармоочу үчүн  

______________________ ______________________  

______________________ ______________________  

______________________ _____________________   

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн  

20___ жылдын "___" ____________ N _____  

_______________________ ________________ ____________________  

(кызмат орду)  (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

 

1) Күрөө келишиминдеги бул пункт зарыл учурларда ишке киргизилет. 

2) Тараптар бул келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кошумча жоболорду жана тараптардын макулдашуусу менен киргизиши мүмкүн. 

  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 3-тиркеме  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

_______________________ 

башкармалыгы  

  

БИЛДИРМЕ (*)  

(20__-жылдын «___»_______№____ күрөө келишимине карата)  

 

______________________________________________________________________ 

үрөө кармоочунун аты-жөнү/аталышы) 

 

_____________________________ байланыштуу 

(себеби көрсөтүлөт)  

__________________________________ тарабынан күрөөгө коюлган 

үрөө коюучунун аты-жөнү/аталышы)  

 

______________________________ күрөөдөн бошотууну өтүнөт. 

(баалуу кагаздын түрү көрсөтүлөт)  

  

Баалуу кагаздардын каттоо номери 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Баалуу кагаздардын орду жабылган күн 

  

  

  

Жыйынтыгында:  

  

  

  

М.О.  

_______________________ ________________ ____________________  

(кызмат орду)  (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

_________________________  

үнү)  

 

 

 (*) Күрөө кармоочунун фирмалык бланкында таризделет 

  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата  

4-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

___________________ 

башкармалыгы  

  

ТАПШЫРМА (*)  

______________________________________________________________________  

үрөө кармоочунун/Күрөө тескөөчүнүн аты-жөнү (аталышы)) 

 

Улуттук банкта 20___-жылдын «__»________ _________ номеринде каттоодон өткөн, __________________________________________________________ менен 

үрөө коюучунун аты-жөнү/аталышы)   

 

____________________________________  ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык 

үрөө кармоочунун аты-жөнү/аталышы)   

 

____________________ жана байланыштуу, Күрөө кармоочунун укугунда 

(себеби көрсөтүлсүн)  

____________________________________  

(баалуу кагаздардын түрү

_________________________________________ күрөөлүк субэсебинен  

үрөө коюучунун аты-жөнү/аталышы)  

____________________________________ инвестициялык субэсебине же 

үрөө кармоочунун аты-жөнү/аталышы)  

_______________________________________ Депозитарийдеги жалпы субэсебине  

үрөөнү тескөөчүнүн аталышы)  

 

келишимде көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды которууну өтүнөм.  

  

Баалуу кагаздардын каттоо номери  

Баалуу кагаздардын саны (даана)  

Номиналдык наркы (сом)  

  

  

  

Жыйынтыгында:  

  

  

Макулдашылды:  (Күрөө кармоочунун/Күрөө тескөөчү

М.О.  

_________________________ _______________ ____________________  

(кызмат орду) (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

_________________________  

үнү)  

  

 

 

Макулдашылды: (Күрөө коюучу)  

М.О.  

_________________________ _______________ ____________________  

(кызмат орду) (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

 

_________________________  

үнү)  

 

 

(*) Күрөө кармоочунун фирмалык бланкында таризделет 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо  

эрежелерине карата 5-тиркеме 

 

20___-жылдын «____»_______ №____ күрөө келишимине карата 

№_____  

ТИПТҮҮ КОШУМЧА КЕЛИШИМ  

 

Бишкек шаары 20___-жылдын ___ _________________ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу, ___________________ атынан _________________________ жана Улуттук банктын _____-жылдын «____»___________ №_______ буйругунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу, ___________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган _______________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип Тараптар деп аталуучулар, ______-жылдын «___»_________ Кредиттик келишим боюнча ____________________ байланыштуу төмөнкүлөр боюнча ______-жылдын «___»_________ Күрөө келишимине карата ушул Кошумча макулдашууну түзүштү

1-пункт. Күрөө келишими төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмесин аткарууну камсыздоо катары Күрөө кармоочуга төмөндө келтирилген, төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөгү ___________ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктагы баалуу кагаздарды күрөөгө өткөрүп берет:  

№№ 

Каттоо номери 

Баалуу кагаздар чыгарылган күн 

Баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү 

Баалуу кагаздардын саны 

(даана) 

1 баалуу кагаздын номиналдык баасы (валютасы) 

Баалуу кагаздын номиналдык наркы (валютасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

 

2. Күрөө келишиминин калган шарттары өзгөрүүсүз калат.  

3. Бул Кошумча келишим Күрөө келишиминин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

4. Кошумча келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 туп нускада түзүлдү. Күрөө келишиминин бир нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми экинчи жана үчүнчү нускасы Күрөө коюучуга жана Күрөө кармоочуга берилет.  

ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ,  

РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы: 

Кол коюучу 

__________________М.О. 

Банк: 

 

Кол коюучу 

_________________М.О.