Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 24-июлундагы 

№ 2019-П-20/39-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибинин: 

- 18-пунктунун «в» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

в) «электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш.».  

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, 1-Банктык көзөмөл башкармалыгын, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгын тааныштырсын. 

 

5. Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов