Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 31-июлундагы  

№ 2019-П-06\40-3-(НПА)  

токтому  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 31-июлундагы  

№ 2019-П-06\40-3-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 «Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинде: 

- 76-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«  

76 

Төлөм документтерин каттоо китепчелери, журналдары  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

 

-  94-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

« 

94 

Дивиденддерди чегерүү боюнча документтер (ведомосттор, эсептөөлөр, маалым каттар, корутундулар)  

6 жыл 

 

»; 

-  113-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

113 

Кайра каржылоо, милдеттүү камдык талаптар, депозиттик операциялар жана салык салуу маселелери боюнча кат алышуу  

6 жыл ЭТК 

»; 

- 116- пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

116 

Кредиттик линияларды ишке ашыруу жана эсепке алуу боюнча документтер (маалым каттар, баяндама каттар, кат алышуу)  

6 жыл ЭТК 

кредиттик линиялар жабылгандан кийин  

»; 

- 120-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

120 

Буга чейин алынган жана берилип жаткан банктык кредиттер боюнча документтер (өтүнүчтөр, экономикалык эсептөөлөр, кредиттик келишимдердин долбоорлору, корутундулар)  

6 жыл ЭТК 

кредит кайтарылгандан кийин  

»; 

-  121-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

121 

Өндүрүп алууга болбогон кредиттер жөнүндө документтер (корутундулар, актылар, кат алышуу)  

6 жыл ЭТК 

кредит баланстан тышкаркы эсептен алынып салынгандан кийин  

»; 

- 125-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

125 

Карыз алуучу юридикалык жактардын жана жеке адамдардын кредит боюнча иштери (кредиттик билдирмелер, кредиттик келишимдер, маалы мкаттар, мөөнөттүү милдеттенмелер, карыз алуучулардын уюштуруу документтери, кат алышуу, ж.б.) 

6 жыл ЭТК 

кредит төлөнгөндөн кийин  

»; 

- 126-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

126 

Төлөм ведомосттору, эсептешүү документтеринин көчүрмөлөрү, кредиттерди тартуу жана өткөрүп берүү жөнүндө кат алышуу  

6 жыл ЭТК 

 

 

»; 

- 133-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

133 

Банкнотторду кайра эсептөө маселелери боюнча документтер (актылар, кат алышуу)  

6 жыл 

 

»; 

-  134-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

134 

Кассирлердин туура эмес эсептөөлөрү тууралуу документтер (актылар, кат алышуу)  

6 жыл 

чыгымдын орду жабылгандан кийин  

»; 

-  137-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

137 

Баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары жана баалуулуктар салынган жөнөтмөлөрдү (посылка) ачуу  

6 жыл 

 

»; 

-  196-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

196 

Чегерилген дивиденддердин ведомосттору 

6 жыл 

 

»; 

-  268-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

268 

Кредиттердин берилиши жана кайтарылышы тууралуу мемориалдык документтер (ордерлер, төлөм тапшырмалары, маалым каттар, ведомосттор, актылар)  

6 жыл ЭТК  

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

-  269-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

269 

Жеке турак-жай куруу жана башка максаттар үчүн кызматкерлерге берилген кредиттер жана ссудалар боюнча мемориалдык жана кассалык документтер  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

-  284-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

284 

Аманатчылардын жабык эсептери боюнча документтер (сактык китепчелеринин ордерлери, банктык карттар, аманатчынын кол тамгасы коюлган билдирүүлөр)  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

- пункт 285-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

285 

Аманаттар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча документтер (ордерлер, аманаттын бир бөлүгүн которууга өтүнүч каттар, толтурулган сактык китепчелери, бир жолку ишеним каттар)  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

- пункт 286-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

286 

Которуу операциялары жөнүндө документтер (аманатты которуу жөнүндө кабыл алынган өтүнүч каттарды, нак акча түрүндө берилген суммаларды которуу жөнүндө өтүнүч катты эсепке алуу реестрлери, төлөм тапшырмаларынын нускалары)  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

-  288-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

288 

Жарандардын аманат китепчелери (жабылган) 

6 жыл 

эсептешүү эсеби жабылгандан кийин  

»; 

-  289-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«  

289 

Жарандардын аманаттары боюнча мемориалдык жана кассалык документтер  

6 жыл 

»; 

-  292-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

292 

Кардарлардын аманаттары боюнча таржымалы  

6 жыл 

»; 

-  293-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

293 

Кардарлардын эсептешүү-кассалык тейлөө боюнча таржымалы  

6 жыл 

 

»; 

-  295-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

295 

Депозиттик келишимдер 

6 жыл 

 

»; 

 

-  296-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

« 

296 

Аманаттар боюнча акча суммаларын жана жеке адамдарга эмгек акысын төлөөлөрдү эсептерге чегерүү тизмелери жана ведомосттору  

6 жыл 

 

»; 

-  299-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

299 

Сактык китепчелери, банктык карттар жоготулгандыгы тууралуу өтүнүч каттар  

6 жыл 

 

»; 

- 323-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

323 

Кардарлардын эсептери боюнча сальдону тастыктоолор, өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү боюнча маалым каттар жана актылар  

6 жыл 

»; 

-  324-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

324 

Улуттук банктын мекемелериндеги, финансы-кредит уюмдарындагы корреспонденттик эсептер боюнча көчүрмөлөр  

6 жыл 

 

»; 

-  325-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

325 

«Ностро» жана «Лоро» корреспонденттик эсептери боюнча көчүрмөлөр  

6 жыл 

»; 

- 490-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

490 

Эсепке алуу документтерин каттоо китепчеси 

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

- 491-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

491 

Куралдардын жана ок-дарылардын болушун жана жылышын эсепке алуу китепчеси  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

- 492-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

492 

Куралдарды жана ок-дарыларды эсепке алуу жана бекитүү китепчеси  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

-  493-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

493 

Куралдарды жана ок-дарыларды берүү, кабыл алуу жана тапшыруу китепчеси  

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

»; 

- пункт 494-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

494 

Согуштук куралдарды текшерүү китепчеси (техникалык абалын текшерүү)  

 

6 жыл 

текшерүү (ревизия) бүткөн учурда. Талаш маселелер, пикир келишпестиктер, тергөө жана сот иштери келип чыккан шартта акыркы чечим чыгарылганга чейин сакталат  

».