Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-августудагы 

2019-П-12\42-2-(БС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу   

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ААКты, «БТА Банкы» ЖАКты, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «БАКАЙ БАНК» ААКты, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 14-августундагы  

2019-П-12\42-2-(БС)  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:  

- 2.2-глава «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» төмөнкү мазмундагы 2.2.34 жана 2.2.35-пунктулар менен толукталсын: 

«2.2.34. Айыл чарба секторунда колдонулган келишимдер/өнөктөштүктөр: 

1) Мусакат келишими (ирригациялык өнөктөштүк) бул келишим боюнча бир тарап айыл чарба бак-дарактарын/өсүмдүктөрүн аларга кам көргөн башка тарапка түшүмдү/жемишти тараптар ортосунда келишимди түзүүдө аныкталган үлүштөргө ылайык бөлүү шарты менен сунуштаган келишим. 

2) Музараа келишими бул келишим боюнча бир тарап жерди айыл чарба иштерин уюштуруу үчүн түшүмдүн тараптар ортосунда келишимди түзүүдө макулдашылган бир үлүшүн алуу үчүн башка тарапка сунуштаган келишим. 

3) Мугараса келишими бул келишим боюнча бир тарап токойсуз жерди тараптар бак-дарактарды жана түшүмдү/жемишти макулдашылган коэффициентке ылайык бөлүштүрүп алуу шартында, ага бак-дарактарды отургузуу үчүн башка тарапка сунуштайт. 

2.2.35. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айыл чарба секторун каржылоону талаптагыдай ишке ашыруу үчүн Шариат стандарттарын колдонуу жана банкта аларды колдонуу үчүн тиешелүү билими бар кызматкерлердин болуусу зарыл.»; 

- 2.12.2.2-пунктунда «аманат эсептерин» деген сөздөр «талап боюнча төлөнүүчү эсептерин» дегенге алмаштырылсын