Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 21-августундагы  

№ 2019-П-33/43-6-(НФКУ) 

токтому  

 

 

 

 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын  

микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген  

финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы № 7/2 «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин III пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 11/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 11/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин II пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 2-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 15-пунктчасы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 15-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

-  токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н.Жениш  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 21-августундагы  

№ 2019-П-33/43-6-(НФКУ) 

токтомуна тиркеме 

 

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын  

микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу  

талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарында жана бардык кредиттик союздары менен адистештирилген финансы мекемелеринде (мындан ары МФУ/КС/АФМ) ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролду уюштуруу маселелери боюнча МФУ/КС/АФМ ишине инспекциялык текшерүү жүргүзүп, алынган натыйжалар боюнча маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (мындан ары финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

3. Жобонун максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Ички контролдоо контролдоого жана маалымдоого тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча МФУ/КС/АФМ тарабынан кабыл алынган чаралардын жыйындысы. 

Идентификация кардар жана (же) бенефициар ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Верификация кардардын жана (же) бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

«Экстремисттик иш» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө берүү аппаратынын ченемдерине ылайык келет. 

Бенефициар ээси акырында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке жактар) же болбосо операция (бүтүм) ишке ашырылып жаткандын атынан же кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн жеке адам. 

Коомдук кызмат адамдары төмөндөгү жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөнүн коомдук кызмат адамы чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); 

б) улуттук коомдук кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар). 

Жакын туугандар улуттук коомдук кызмат адамы багуу, билим берүү, саламаттыгын сактоо боюнча финансылык чыгымдарды тарткан жана башка чыгашаларды төлөгөн ата-энелер, асырап багып алгандар, асырап багып алынгандар, энелеш жана аталаш ага-ини, эже-карындаштар, чоң ата менен чоң апа жана неберелер. 

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар. 

Ички контролдоо программасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында МФУ/КС/АФМ колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары. 

Тобокелдикке багытталган ыкма тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Санкциялык тизмек төмөнкүлөрдү камтыйт: 

а) Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмегин; 

б) БУУ Коопсуздук кеңешинин жыйынды санкциялык тизмегин. 

Санкциялык тизмекти түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө» жободо каралган. 

 

2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасы 

 

4. МФУ/КС/АФМ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролдоонун тиешелүү программасын иштеп чыгуулары зарыл. Бул программа МФУ/КС/АФМда ички контролдоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана МФУ/КС/АФМ тарабынан милдеттүү түрдө толук сакталууга тийиш. 

5. МФУ/КС/АФМ төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу үчүн ички контролдоо программасын колдонот: 

1) тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; 

2) кардарларды талаптагыдай текшерүү чараларын жүзөгө ашыруу; 

3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу; 

4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу; 

5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында берүү

6) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтарды сактоону камсыздоо; 

7) маалыматтардын купуялыгын камсыздоо; 

8) Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууну камсыздоо. 

 

3-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкердин ыйгарым укуктары жана милдеттери 

 

6. МФУ/КС/АФМде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкер (мындан ары жооптуу кызматкер) дайындалууга тийиш. Жооптуу кызматкер, бир эле адам иштеген МФУ/КС/АФМден тышкары, ички аудитордун/Ревизия комиссиясынын/ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүгө жооптуу адамдын функциясын бир учурда кошо аткара албайт. 

МФУ/КС/АФМдин бир эле жооптуу кызматкери эң аз дегенде үч жылда бир жолу окууга жөнөтүлүп турат. Мында жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдарды билүүгө тийиш. 

7. Жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкү милдеттерди аткарат: 

1) кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарга МФУ/КС/АФМдын тартылуусуна жана анын кызматчыларынын катышуусуна жол бербөө

2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу; 

3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууда финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка көмөк көрсөтүү

8. Жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төмөнкү функцияларды аткарат: 

1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу жана МФУ/КС/АФМ башкармалыгынын байкоо же аткаруу органына берүү

2) ички контролдоо программаларын ишке ашырууну уюштуруу; 

3) кардарларды жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларын талаптагыдай текшерүүгө мониторинг жүргүзүү

4) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүн) мониторинг жүргүзүү жана талдоо; 

5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана андан ары аткаруучу органга кабарлоо менен шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү

7) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча МФУ/КС/АФМдин ишине текшерүү жүргүзүүсүнө жардам берүү

8) МФУ/КС/АФМ башкармалыгынын байкоо же аткаруу органына (болсо) ички контролдоо программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү. Жооптуу кызматкердин күндөлүк отчет берүү тартиби МФУ/КС/АФМдин ички документтери менен аныкталат; 

9) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча программаны жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштуруу жана консультация берүү. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү болгон зарыл маалыматтар менен аларды тааныштыруу. 

 

4-глава. Маалыматтарды документке түшүрүү жана сактоо тартиби 

 

9. МФУ/КС/АФМ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана изилдөө, жана ошондой эле бенефициар ээсин аныктоо боюнча, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматтарды, топтолгон маалыматты кароодо жана иликтөөдө тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операциялардын (бүтүмдөрдүн) тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай өлчөмдө каттайт жана документтерди топтойт. 

МФУ/КС/АФМ чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялардан (бүтүм) тышкары, ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз, ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдоого жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүүлөрдү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

МФУ/КС/АФМ билдирүүлөрдү төмөнкү мөөнөттөрдө берүүнү камсыз кылат: 

1) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп табылган учурдан тартып беш саат ичинде; 

2) жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде; 

3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып эки жумуш күнү ичинде; 

4) нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде; 

5) нак эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча мындай суроо-талапты алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде; 

6) коомдук кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде. 

Финансылык чалгындоо органына билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген тартипте жөнөтүлөт. 

10. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого, изилдөөгө тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү МФУ/КС/АФМ жана кардарынын/катышуучусунун жана бенефициар ээсин аныктоо ортосундагы милдеттенмелер токтогондон кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. Операциялар (бүтүмдөр) боюнча, кылмыш, жарандык жана арбитраждык процесстерде далилдөө катары пайдаланыла турган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү тиешелүү операциялар (бүтүмдөр) жүзөгө ашырылгандан кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. 

11. Финансылык чалгындоо органына берилген шектүү операция (бүтүм) жөнүндө бардык билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү жооптуу кызматкер тарабынан билдирүүлөр жөнөтүлгөн күндөн тартып беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш. 

12. МФУ/КС/АФМ кардардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) барышы ыктымалдыгы тобокелдигин жогору деп баалаган шартта, кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жаңылоону, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоону жылына кеминде бир жолу, мезгил-мезгили менен ишке ашырып турууга тийиш, башка учурларда 3 жылда кеминде 1 жолу. 

 

5-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү 

 

13. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында МФУ/КС/АФМда ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жол-жоболору болууга тийиш. 

14. Программанын жана жол-жоболордун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келе тургандыгына баа берүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү МФУ/КС/АФМдин ички аудитору/ревизия комиссиясы/жооптуу адамы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

МФУ/КС/АФМде ички аудитор/ревизия комиссиясы/ ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүүчү жооптуу адам жок болгон учурда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына программалардын жана жол-жоболордун шайкеш келүүсүнө баа берүү МФУ/КС/АФМдин тышкы аудитору тарабынан жүргүзүлөт. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында программанын жана жол-жоболордун шайкештигине жалпы баа берүү, ошондой эле ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү туруктуу негизде, операциялардын тобокелдик деңгээлине жараша, бирок кеминде жылына бир жолу жүргүзүлөт.  

15. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары аткаруу органына жана устав тарабынан ички контролдоо программасын бекитүүгө ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органына берилет. 

Ушул пунктта белгиленген нормалар, бир гана адам МФУнун жооптуу кызматкери, жетекчиси жана катышуучусу/акционери болгон шартта мындай МФУларга жайылтылбайт. 

 

6-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүдө  

тобокелдикке багытталган ыкма 

 

16. МФУ/КС/АФМ кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат. 

17.  ФУ/КС/АФМ тобокелдиктин критерийлерин (жогорку жана төмөнкү) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн, эң аз дегенде, кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. МФУ/КС/АФМ орточо тобокелдиктердин критерийлерин иштеп чыга алышат жана колдоно алышат. 

18. МФУ/КС/АФМлар, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, аларга карата талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жүзөгө ашырууга тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши; 

- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдордун иши; 

- кардарлардын-резидент эместердин, анын ичинде чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдардын иши; 

- искусство буюмдарын жана антиквариаттарды сатып өткөрүү, анын ичинде арзандатып сатууга байланыштуу иш; 

- баалуу таштар чөгөрүлгөн баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдарды сатуу (өзгөчө экспорт); 

- нак формада гана операцияларды ишке ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, май куюучу станциялар ж.б.); 

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши (баалуу кагаздарды, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу ж.б.). 

19. Кардарларды идентификациялоого, верификациялоого жана алардын ишине талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде, МФУ/КС/АФМ тарабынан кардардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ишке ашырышы тобокелдик деңгээлине баа берилет. Баа берүүлөр боюнча корутунду кардардын таржымалында кошо көктөлөт. 

20. МФУ/КС/АФМ кардарлардын террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүнү камтыган операцияларды жүргүзүү ыктымалдыгы тобокелдигине дуушарланган операцияларына өзгөчө көңүл буруп, кардарды талаптагыдай тиешелүү текшерүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. 

21. Чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдарына карата МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонушат: 

- кардар же бенефициар ээси коомдук кызмат адамы болуп саналарын аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонуу; 

- коомдук кызмат адамы менен ишкер мамиле түзүү же улантуу үчүн (бар кардарлар үчүн) МФУ/КС же АФМ башкармалыгынын аткаруу органынан жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу; 

- чет өлкөнүн коомдук кызмат адамынын акча каражатынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо; 

- ишкер мамилелерге, анын ичинде жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана тереңдетилген мониторинг жүргүзүү

- чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдары тууралуу ээ болгон маалыматты дайыма жаңыртып туруу. 

МФУ/КС/АФМ жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөнүн коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата колдонуга тийиш. 

22. 21-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар, мындай адамдарга карата жогорку тобокелдик аныкталган учурда, улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата дагы колдонулат. 

23. Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ алынган маалыматты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коомдук кызмат адамынын анкетасынын формасына ылайык, электрондук форматта жазып алышат жана үч жумуш күндүн ичинде улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында жазылган маалыматты байланыштын электрондук каналдары аркылуу финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

24. МФУ/КС/АФМ коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алышат. 

25. МФУ/КС/АФМде операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу болжолдонгон кардар менен түздөн-түз кабышта болбостон, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында иштелип чыккан жана жаңы технологиялар менен байланышкан бардык жол-жоболордун сакталышы камсыз болууга тийиш. 

26. Жогорку тобокелдикти аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонушат: 

1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди жыйноо, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу; 

2) кардардын жана бенефициар ээсинин кылмыш ишине тартылышы мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициар ээси жөнүндө кошумча маалыматты жыйноо; 

3) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле акча каражаттарынын булактары жөнүндө кардардан кошумча маалыматты суроо; 

4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн ишкер мамилени белгилөөнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү

5) кардардын жана бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын үзгүлтүксүз жаңылап туруу, бирок жылына бир жолудан кем эмес; 

6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүрө турган кошумча маалыматты суроо; 

7) кардар төмөнкүдөй аныкталган учурларда аны менен ишкер мамилени түзүүгө же улантууга аткаруу органынан уруксат алуу: а) коомдук кызмат адамы; б) кардар жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган болсо; в) террористтик же экстремисттик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоого) ишке ашыргандыгы үчүн жазага тартылып чыккан кардар жеке адам.  

8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында, операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарынын дайындалышын карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен да ишкер мамилеге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторингдин жыйынтыктарын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына жана МФУ/КС/АФМ аткаруу органына жеткирүү

Муну менен бирге МФУ/КС/АФМ тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документтештирип жазууга тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн келген кардарларга карата дагы колдонулууга тийиш. 

27. Төмөнкү тобокелдикти аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат: 

1) ишкер мамиленин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу; 

2) ишкер мамилени түзгөндөн кийин кардарды жана бенефициар ээсин верификациялоо; 

3) кардардын жана бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңылап туруу мөөнөтүн азайтуу; 

4) МФУ/КС же АФМ аныктаган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен кыскартылган түрдө кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү

 

7-глава. Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү  

операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо 

 

28. МФУ/КС же АФМде террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген критерийлер жана белгилер боюнча кардардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш. 

29. Акча каражаты менен ишке ашырылган операция (бүтүм) контролго алынууга жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш. 

Контролдоого жана маалымдалууга тийиштүү операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет: 

- төмөнкү учурлардагы шектүү операциялар (бүтүмдөр): 

1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо; 

2) эгерде каражаттардын төмөнкүлөрдү каржылоого байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо: 

а) террористтерди жана экстремисттерди; 

б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

в) террористтик же экстремисттик иштерди. 

Шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, анын ичине шектүү операцияларды (бүтүмдөр) ишке ашыруу аракеттери тууралуу маалыматтар ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз маалымдалууга тийиш. 

- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен операциялар (бүтүмдөр); 

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр); 

- нак акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр); 

- нак эмес акча каражаты менен операциялар (бүтүмдөр). 

30. МФУ/КС же АФМ кардарга, бенефициар ээсине карата алардын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтын бар болушун текшерүү максатында, тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.  

Көрсөтүлгөн маалыматтар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар Санкциялык тизмекте жана жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринде камтылат, мындай тизмектерди жана тизмелерди түзүү жана жаңыртып турууга жооптуу болуп финансылык чалгындоо органы саналат

МФУ/КС же АФМ программалары жана жол-жоболору менен аныкталган тартипке ылайык, кардарларды идентификациялаган жана шектүү операциялар белгилерине ээ операцияларды аныктаган МФУ/КС же АФМ кызматкерлери шектүү операциялар белгилерине ээ бардык аныкталган операциялар тууралуу жооптуу кызматкерге маалымдоого тийиш.