Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 21-августундагы  

№ 2019-П-33/43-7-(НФКУ) 

токтому  

 

 

 

 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/5 «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 3-абзацы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 2-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 3-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н.Жениш  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 21-августундагы  

№ 2019-П-33/43-7-(НФКУ) 

токтомуна тиркеме 

 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ алмашуу бюролорунда ички контролду уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, бул Жобонун максаты болуп саналат. 

2. Улуттук банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу үчүн алмашуу бюролорунун ишине инспекциялык текшерүү жүргүзүп, алардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары финансылык чалгындоо органы) белгиленген тартипте жөнөтөт. 

3. Жобонун максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Ички контролдоо контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча чаралардын жыйындысы. 

Идентификация кардар жана (же) бенефициар ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Верификация кардардын жана (же) бенефициар ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Бенефициар ээси акырында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке жактар) же болбосо операция (бүтүм) ишке ашырылып жаткандынатынан же кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн жеке адам. 

Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо бул, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу баскычы, мында милдеттүү контролго алынууга тийиш болгон операцияларды аныктоо иши камтылат. 

Контролдоого жана маалымдоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23, 24, 25, 26-беренелеринде каралган акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр). 

Чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген маани. 

«Экстремисттик иш» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө берүү аппаратынын ченемдерине ылайык келет. 

 

2-глава. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо системасы 

 

4. Алмашуу бюролору Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага негизделген ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана колдонууга милдеттүү. Алмашуу бюролорунун ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга туура келүүгө, ошондой эле алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн, штаттык санын, кардарлар базасын, тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгууга жана колдонулууга тийиш. 

Алмашуу бюролорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактоо боюнча ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу адам болууга тийиш. Алмашуу бюросунун бир эле жооптуу кызматкери эң аз дегенде үч жылда бир жолу окууга жөнөтүлүп турат. Мында жооптуу кызматкер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдарды билүүгө тийиш. 

5. Программалар менен жол-жоболордун террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына шайкеш келүүсүнө баа берүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү алмашуу бюролорунда ички контролдоо системасына баа берген жооптуу адам тарабынан ишке ашырылат. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында программанын жана жол-жоболордун шайкештигине жалпы баа берүү, ошондой эле ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү туруктуу негизде, бирок кеминде үч жылда бир жолу жүргүзүлөт. 

Ушул пунктта белгиленген нормалар, бир гана адам алмашуу бюросунун жооптуу кызматкери, жетекчиси жана ошондой эле алмашуу бюросун түзгөн юридикалык жактын жетекчиси жана катышуучусу/акционери болгон шартта мындай алмашуу бюролоруна жайылтылбайт. 

Бир эле адам иштеген алмашуу бюролорунда баа берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет кароого жана кабыл алууга алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын жогорку башкаруу органына берилет. 

6. Нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашырууда алмашуу бюролорунун кызматкерлери төмөнкү иш-чараларды аткарууга тийиш: 

1) 70 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасындагы суммага эквиваленттүү) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасындагы суммада сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо иштери жүргүзүлөт.  

Инсандыгын күбөлөндүргөн документтерге төмөнкүлөр кирет: 

- Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча: 

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID-карта); 

б) идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту ID карта); 

в) Жарандык абалды каттоо актылары органынын жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандары үчүн; 

г) аскердик билет; 

д) айдоочунун күбөлүгү

- чет өлкө жарандары боюнча: 

а) чет өлкө жаранынын паспорту; 

б) Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) укугун тастыктоочу документ. 

- Жарандыгы жок адамдар боюнча Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) укугун тастыктоочу документ; 

- качкындар боюнча:  

а) качкын деп табуу жөнүндө өтүнүч катты каттоо күбөлүгү

б) качкын күбөлүгү

Кардардын инсандыгын аныктагандан тышкары, алмашуу бюросунун кызматкерлери кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы жөнүндө маалыматтар камтылган Санкциялык тизмектерден жана адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелеринен кардардын бар же жоктугун текшерүүсү зарыл. 

2) 1 000000 сомго барабар же андан ашкан суммада (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасындагы суммага эквиваленттүү) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасындагы суммада сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда, алмашуу бюросунун кызматкерлери кардарды белгиленген талаптар боюнча текшерүүгө милдеттүү.  

Талаптагыдай текшерүүгө кардарды идентификациялоо кардардын-жеке адамдын инсандыгын аныктоо кирет: аты-жөнүн, жашаган жерин, туулган жылын, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде инсандыгын аныктаган (сүрөтү менен) жана чет өлкө жаранынын жана жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтин негизинде жарандыгын, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (болгон болсо) же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номерин, акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды аныктоо.  

Кардарды индентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча анкетаны кардардын-жеке адамдын толтуруусу менен жүргүзүлөт. 

3) Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана табуу.  

4) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык, контролдоого жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүм) жөнүндө төмөнкү билдирүүлөрдү түзүү жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

а) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү ишке ашырылган операциянын суммасына көз карандысыз, операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп табылган учурдан тартып беш саат ичинде берилүүгө тийиш. 

Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт. Алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлүүчү шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине толуктоо катары алмашуу бюролору улам толукталышы мүмкүн болгон шектүү операциялардын төмөнкүдөй мүнөздүү белгилеринин жана критерийлеринин тизмесин карап чыгууга тийиш:  

- кардардын суралып жаткан маалыматтарды (аты-жөнү, катталган жана жашаган жери, туулган күнү, паспорттогу маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтар) берүүдөн жүйөсүз баш тартуусу же түшүнүксүз себептер менен маалымат берүүнү созуу; 

- ошол эле бир адамдын бир айдын ичинде көп жолу (14 жана андан көп) эч кандай айкын экономикалык же болбосо ачык мыйзамдуу максаты жок нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу боюнча операцияларды ишке ашыруусу; 

б) жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып операциянын суммасына көз карандысыз финансылык чалгындоо органына эки жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш; 

в) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына эки жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш; 

г) коомдук кызмат адамдары тарабынан нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары (бүтүм) ишке ашырылгандыгы жөнүндө билдирүү мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына үч жумуш күнү ичинде берилүүгө тийиш. 

Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык, финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт. 

5) Ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммасы чектүү суммага барабар болгон же андан ашкан учурда, кардар тууралуу маалыматты кошуу менен нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмаштыруу операциялары (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды Кардарлар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналына каттоо жана операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып финансылык чалгындоо органына үч жумуш күнү ичинде берүү зарыл. 

6) Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана иликтөөгө, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоого тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү жана чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары боюнча маалыматтар алмашуу бюросу менен кардардын ортосунда бүтүм ишке ашырылгандан кийин кеминде беш жыл сакталат. 

7) Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу тартибине ылайык башка иш-чаралар. 

7. Алмашуу бюросу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендиги тууралуу кардарларга жана башка жактарга билдирүүгө укугу жок. 

8. Алмашуу бюросу кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана иликтөөгө, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоого тиешелүү маалыматтарды жана нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу боюнча маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

9. Алмашуу бюросу ушул Жобону кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жоопкерчилик тартат. 

10. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар Санкциялык тизмектерди, жеке адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмелерин, жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн тизмелерин, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адамдардын тизмелерин, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тизмелерди жана тизмектерди жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.