Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-августудагы 

2019-П-12\42-1-(НПА) 

токтому 

 

 

 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (1-тиркеме) бекитилсин. 

2. «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо (2-тиркеме) бекитилсин. 

3. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (3-тиркеме) бекитилсин: 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-майындагы № 26/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого («адалдоого») каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар тууралуу» жобо жөнүндө» токтому; 

2) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-майындагы № 26/1 «Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому; 

3) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

4) Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; 

5) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 35-пункту; 

6) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 11/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1 пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин I-пункту; 

7) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1 пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

8) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 6-пункту; 

9) Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 «Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

10) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 13-июнундагы № 30/8 «Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 «Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому; 

11) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 35/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 «Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому; 

12) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому; 

13) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 6-пункту; 

14) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин IV-пункту; 

15) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 5-пункту; 

16) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун 4-пунктчасы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 4-пункту; 

17) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

18) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун жетинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркемесинин 6-пункту; 

19) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун сегизинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 7-пункту; 

20) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 1-пункту; 

21) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун 4-пунктчасы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 4-пункту; 

22) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы  

№ 2017-П-12/34-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомго карата тиркеменин 3-пункту. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Токтом 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, алмашуу бюролорун, адистештирилген финансылык мекемелерди, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                      Н.Жениш  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 14-августундагы  

2019-П-12\42-1-(НПА)  

токтомуна карата 1-тиркеме 

 

 

«Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана  

кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» 

ЖОБО  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД), ошондой эле шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, «ислам терезесине» ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсында, турак жай-аманат кредиттик компанияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкында (мындан ары банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банктардын ишине ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу маселеси боюнча инспектирлөөнү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт.  

 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

 

3. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык менчик ээси түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укукка ээ болгон же кардарды контролдука алган жеке адам же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам.  

Жакын туугандары (улуттук кеңири белгилүү кызмат адамы алардын жашап, тиричилик кылуусу, билим алуусу, саламаттыгын чыңдоосу жана башка турмуштук зарыл чыгашаларынын ордун жаап берүү үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алгандар, асыранды балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/ таята, таенеси, неберелери). 

Верификация бул кардарга жана/же бенефициардык менчик ээсине тиешелүү тастыкталган маалыматтарды текшерүү жол-жобосу. 

Жогорку тобокелдиктер сакталып турган өлкө бул «арам» акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кырып жок кылуучу куралдарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык деңгээлде кабыл алынган стандарттарды жетиштүү колдоно албай жаткан же колдонбогон мамлекеттер жана аймактар ( түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук аймактар. 

Контролдукка алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо бул, банкта ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу баскычы. Анда контролдука алынып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ал тууралуу финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо процесси камтылат.  

ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы банкта ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган, идентификацияланууга, верификацияланууга, аныкталууга, катталууга тийиш болгон бардык маалыматтарды топтоп, аларды финансылык чалгындоо органына берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кызмат адамы. 

Идентификация бул, кардар жана/же бенифициардык менчик ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу. 

Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы. 

Шектүү операция (бүтүм) бул, төмөндө көрсөтүлгөн белгилер байкалган операция (бүтүм): 

а) түшкөн каражаттын кылмыш жолу менен алынгандыгына, анын ичинде кылмышка барууну шарттаган жагдайлардан же ушундай жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу алынган киреше экендигине шектенүүлөр орун алса же ага жетиштүү негиздер болсо; 

б) алынган каражаттар: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу алынган каражат экендигине шектенүүлөр же жетиштүү негиздер болсо. 

Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдардын алкагында ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат. 

Ички контролдук программасы Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында банк тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы.  

Таанымал кызмат адамы төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясый милдеттерди аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясый ишмерлер, анын ичинде саясый партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);  

б) улуттук таанымал кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, республикада саясый жана атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген же аркалап жаткан адамдар, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, көрүнүктүү саясый ишмерлер, анын ичинде саясый партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдардын таанымал кызмат адамдары эл аралык уюмдардын маанилүү милдеттерин аткаруу аларга ишенип берилген же ыйгарылган жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар.  

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу.  

Санкциялык тизме алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдар, юридикалык жактар, топтор жана уюмдар.  

Санкциялык тизме өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

а) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин; 

б) Бириккен Улуттук уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин. 

Санкциялык тизмени түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдардын, юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги жөнүндө» жободо каралган. 

Максаттуу финансылык санкциялар - алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдар, юридикалык жактар, топтор жана уюмдардын кандай болбосун операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана/же каражаттарына бөгөт коюу жана/же мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кандай болбосун каражаттардан же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (тике же кыйыр түрдө) чектөө

«Экстремисттик иш-аракеттер» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет.  

«Ислам банкы», «Ислам терезесине» ээ банк, «ислам банк» иши жана каржылоо принциптери», «Шариат стандарттары», «Шариат кеңеши» бул терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасы Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдагы жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы түшүнүктөргө ылайык келет.  

Бул иш багытында колдонулган башка түшүнүктөр ушул главада чагылдырылган негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш. 

 

3-глава. Банктын ПФТД/ЛПД жагындагы иши 

 

4. Туунду жана караштуу компанияларын кошо алганда, банктын ПФТД/ЛПД жагындагы иши төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 

1) ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын ишке ашырууну; 

2) банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдуктун ишине натыйжалуулугуна баа берилишин; 

3) ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана иштен бошоп кеткен шартта аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадр резервин түзүү);  

4) банктын ПФТД/ЛПД боюнча саясатын жүзөгө ашырууга катышуучу кызматкерлерди окутуу. 

5. Банктын Директорлор кеңеши банк башкармасы менен биргеликте террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, ошондой эле банктын шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу жагындагы иш натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

6. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- ПФТД/ЛПД жагында түптөлгөн жагдайга шайкеш, натыйжалуу саясатты бекитүү

- ПФТД/ЛПД жагында ички контролдук программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышына контролдукту жүргүзүү

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жагында чараларды аныктоо; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын дайындоо жана иштен бошотуу; 

- ички аудит кызматынын отчетун жана ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын отчетторун кароого алуу; 

- ички аудит кызматы тарабынан аныкталган жана ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн бул багытта жүргүзүлгөн иштердеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды аныктоо жана алардын аткарылышын контролдоо. 

7. Банк Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД жагында мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана контролдоо; 

- ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызматкерлерди окутууну камсыз кылуу; 

- ички контролдук чараларында, жол-жоболорунда жана системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды ишке ашырууну, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын банктык эсептерди ачууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) аткарууну камсыз кылуу, эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен келишимдерди жокко чыгаруу. 

Банк башкармасы банктын шектенүүнү жараткан белгилер камтылган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюп, ага жол бербөө жагында таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш. 

 

4-глава. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасы 

 

8. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасы банктын ички контролдук системасынын бөлүгү болуп саналат жана өзүндө эң аз дегенде төмөнкүдөй иш-чараларды камтууга тийиш: 

1) чечим кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын жоопкерчиликтүүлүгү ыйгарым укугун аныктоого, ПФТД/ЛПД процессине тартылган адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда өз ара иш алып барууну жөнгө салууга жана отчет берүүнүн талап кылынышына багытталган ички контролдукту уюштуруу; 

2) тобокелдиктерди аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, тескөөгө алуу, төмөндөтүү жана алар боюнча документтерди түзүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; 

3) кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо; 

- кардар менен ишкердик мамилени түптөө максаты жана болжолдонуп жаткан мүнөзү боюнча маалыматтарды алуу; 

- бенефициардык менчик ээсин индентификациялоо жана аны верификациялоо үчүн алгылыктуу чараларды кабыл алуу; 

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо, алардын террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) максатында колдонулушу тобокелдигине айрыкча дуушарланышы мүмкүн болгон операцияларын, шектенүүнү жараткан белгилерге ээ болгон операцияларын аныктоо; 

- террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында банктын тобокелдикке айрыкча дуушарланышына мүмкүн болгон банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларын аныктоо (идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүү); 

- кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтерде каттоо; 

- кардардын ишине жана анын финансылык абалына тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу жана жаңылап туруу; 

- кардар менен ишкердик мамилени жөнгө салган бүтүндөй мезгил ичинде аны талаптагыдай текшерүүдөн туруктуу негизде өткөрүп туруу жана анын иши, финансылык абалы жана каражат табуу булактары, ошондой эле террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер мүнөзүнө, кардар жүргүзгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) талапка ылайык экендигине колдо болгон маалыматтардын негизинде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча жогоруда белгиленген чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүү натыйжаларын эске алуу менен колдонулат. 

4) кардардын ишинен контролдукка алынып, ал тууралуу маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо; 

5) финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык кардардын ишинен шектүү операциялар белгилерине камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо; 

6) потенциалдуу кардарларга жана банк-корреспонденттерге эсеп ачуудан баш тартуу, ошондой эле кардалардын эсептерин тейлөөнү, банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартибин жана алар үчүн негиздерди белгилөө

7) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу. 

Банк тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобо талаптарына ылайык, жогору тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды колдонуу; 

9) финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү өз учурунда сунуштап туруу; 

10) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу; 

11) маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу; 

12) банк ишине, анын ичинде кардарлардын операцияларына тиешелүү так жана аныкталган маалыматтардын оперативдүү негизде берилишин камсыз кылган маалымат системасын жөнгө салуу; 

13) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД маселелери боюнча мыйзам талаптарынын банк тарабынан так сакталышын камсыз кылуу үчүн контролдукту жана мониторинг жүргүзүп туруу ишин жөнгө салуу; 

14) аткарган иш багыты олуттуу тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн болгон банк кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, операциялык бөлүмдүн кызматкерлери ж.б.) контролдукту орнотуу, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иши боюнча нускоолорунда ПФТД/ЛПД саясатын ишке ашыруу жагында аткарылуучу милдеттерди чагылдыруу; 

15) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу. 

9. Банктар ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу саясатын иштеп чыгып, бекитилиши үчүн банктын Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштоого тийиш. Бул саясат банкта ички контролдук системасын уюштуруу жагындагы жалпы саясаттын бөлүгү болуп саналат. 

ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу саясатында банктын ПФТД/ЛПД боюнча ички системасын түзүү принциптери аныкталууга тийиш. 

10. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун уюштурулушу жагында белгиленген талаптардын так сакталышы камсыз кылынууга тийиш.  

 

5-глава. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берилиши 

 

11. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна жылына кеминде бир жолу же болбосо банк операцияларында тобокелдик деңгээлине жана иш көрсөткүчтөрүнүн динамикасына жараша баа берилип турууга тийиш. 

12. Ички аудит кызматы ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнү төмөнкүлөрдүн (эң аз дегенде) негизинде жүргүзөт:  

- ПФТД/ЛПД боюнча банктын саясаттарын, жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдукту жөнгө салуунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн; 

- банкта орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо ыкмаларына баа берүүнүн; 

- ФТД/ЛПД тобокелдиктерине дуушар болуу тобокелдиктерге баа берүү жагында колдонулган чараларга жана ал тобокелдиктерди тескөөгө баа берүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын, ошондой эле программалык камсыздоолорду банктын бул багытта кабыл алган саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келиши көз карашынан тесттен өткөрүү

- банктын ички аудит кызматы, тышкы аудит, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча банк жетекчилиги, башкармасы жана Директорлор кеңеши тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүүнүн; 

- контролдукка алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана маалымдоодо колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдукка баа берүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу отчеттордун Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга шайкештигин текшерүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашырууга тартылган банк кызматкерлерин окутуу программаларынын талапка ылайыктуулугун текшерүүнүн. 

Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук системасынын сакталышы көз карашынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички аудитор сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана таанышып чыгуусу үчүн алар ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамына жөнөтүлөт. 

13. Банктын ички аудит кызматы аудитти сапаттуу жана ар тараптан жүрүгүзүү максатында ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө көрүлүп жаткан ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле бул багытта орун алып жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат алуу ниетинде ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы менен талкууларды өткөрөт. Ички аудитор банктын бардык материалдары жана отчеттору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

14. Ички аудит кызматы жүрүгүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчетту даярдайт:  

1) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер; 

2) ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр; 

3) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам талаптарын бузууга жол берүү

4) аныкталган кемчиликтерди четтетүү же аларга жол бербөө үчүн зарыл болгон чаралар. 

15. Ички аудитордун ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган кемчиликтер жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5(беш) жумуш күнү ичинде Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталат.  

 

6-глава. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу 

максатында кызмат адамынын дайындалышы 

 

16. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле ички уюштуруу чараларын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу максатында Директорлор кеңеши кызмат адамын (мындан ары ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы) дайындайт. Ал Директорлор кеңешине отчет берип турат. Директорлор кеңеши ПФТД/ЛПД кызмат адамынын үзгүлтүксүз иш алып баруусу, көз карандысыздыгы, калыстыгы, кесипкөй компетенттүүлүгү, натыйжалуу иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу чараларын кабыл алат. 

17. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

1) банктын жана анын кызматкерлеринин террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) ишке (жосундарга) тартылышы тобокелдигине бөгөт коюп, ага жол бербөө (минималдаштыруу) үчүн тиешелүү чараларды көрүү

2) Кыргыз Республикасында ПФТД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарынын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу; 

3) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасында ПФТД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарында каралган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруусуна өбөлгө түзүп, көмөктөшүү

18. ПФТД/ЛПД талаптарын аткаруу максатында ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарууга тийиш: 

- тиешелүү ички контролдук саясатын иштеп чыгып, аны банк башкармасына макулдашуудан кийин Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө сунуштайт жана иштелип чыккан саясат менен ПФТД/ЛПД ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат; 

- ички контролдук саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылып, банктын ПФТД/ЛПД боюнча ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт; 

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат; 

- аныкталган белгилери боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, банк башкармасына ал тууралуу маалымдайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө банк ишине ушул Жобо жана банктын ички документтеринде алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт; 

- ПФТД/ЛПД боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлери үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет;  

- ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатынын талаптарынын ишке ашырылышы жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө толтурулган отчет менен банктын ички документтеринде аныкталган тартипте банк башкармасын тааныштыруу менен зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу аларды Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт; 

- ФТД/ЛПД тобокелдигине, анын ичинде жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берет. 

19. ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы өз милдеттерин аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банк жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтери, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга; 

- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери боюнча банк тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга; 

- кардар террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же мындай шектенүүнү четке кагуу үчүн кардар жана бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү жана/же алар ишке ашырган операциялар (бүтүмдөр) боюнча кошумча маалыматтардын берилишин; 

- банктын бөлүмдөрү жайгашкан жайга, ошондой эле документтер (архив), нак акча каражаттары жана баалуулуктар сакталган жайга (акча сакталуучу жайга), маалымат базасына белгиленген тартипте кирүүгө

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө

- зарылчылык келип чыккан шартта банктын Директорлор кеңешине кайрылууга; 

- Шариат кеңеши менен өз ара иш алып барууга (*) жана аларга кайрылууга. 

Эскертүү: (*) Бул, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктарга тиешелүү

20. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы өз милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого; 

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк башкармасына билдирүүгө

21. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы банктын ПФТД/ЛПД боюнча саясатын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жободо белгиленген компетенциясынын чегинде башка милдеттерди да айкалышта аткара алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин; 

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин; 

- кызматкер үчүн аны аткарууда өз алдынчалык (көз карандысыздык) камсыз кылынбаган кызматкердин. 

22. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган адам: 

- ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарды билүүгө

- банктык продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары, ошондой эле банк ишинде ПФТД/ЛПД келип чыгышы ыктымал болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга тийиш. 

23. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, ошондой эле бул багытта кабыл алынган саясатты ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлери мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген «Ички контролдук программасына карата жалпы талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш.  

24. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын, банк башкармасынын жана Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган негиздерден улам келип чыгат. 

25. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын банк башкармасына макулдашылган жана Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда эң аз дегенде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдуктун жыйынтыгы; 

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында банк кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы: 

- кардарлар эсептери боюнча (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) акча каражаттарынын жылышынын динамикасы; 

өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар; 

- кардарлардын чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммада чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу; 

- кардарлардын суммасы анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн алда канча ашкан операциялары; 

- нак акча каражаттары менен операциялар (нак акчага айландыруу, активдерге алмашуу, банктын аралыкта орнотулган атайы жабдуулары аркылуу банк эсептерин толуктоо үчүн нак акча салуу (төлөө); 

- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу операциялары; 

- гарантиялар, аккредиттивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операциялар; 

- эсеп ачуусуз эле акча которуу системалары, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги система катары колдонулган башка системалары) аркылуу которуулар; 

- кардарлардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу- сатуу операциялары; 

- башка өлкөлөрдө турган банк кардарларынын акча каражаттарынын жылышы; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды сунуштоо жөнүндө

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө

5) ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдук программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, ошондой эле чет өлкөдө орун алган туунду жана караштуу компаниялар тарабынан так аткарылышы жөнүндө

6) ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарынан жана банктын ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

7) ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын Директорлор кеңешине сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө

8) ПФТД/ЛПД боюнча саясаттын талаптарын ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин иш натыйжалары, аларды окутуудан өткөрүү жана кеп-кеңештерди берүү, ишин уюштуруу жагында кабыл алынган иш-чаралар; 

9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтар: 

- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы;  

- банк корреспонденттер; 

- кардарлар менен түзүлгөн келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алуу операциялары (траст); 

- жаңы банктык продукттарды жана технологияларды колдонууга киргизүү, аларга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер. 

26. ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамынын кат жүзүндөгү отчетунун негизинде Директорлор кеңеши отчетто белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аларга андан ары жол бербөө максатында банк башкармасынын ишине контролдукту жүргүзөт.  

 

7-глава. Кардардын ишине талаптардай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма 

 

27. Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

1) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге мамлекеттик деңгээлде баа берүү жыйынтыгын жана жогору/төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен аларды аныктоо, баа берүү, документтерде каттоо, актуалдаштыруу; 

2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте сунуштоо; 

3) таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле тобокелдиктерди контролдоо, аларды тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу. 

28. Банктар кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багыттаган ыкмаларды колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот.  

29. Банктар тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, кардардын иш багытынын түрүн, кардардын жана/же анын бизнесинин жайгашкан (башталган) жерин, ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багыттарын эске алышы зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери белгиленип, финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланууга тийиш. Банктар орточо тобокелдик критерийлерин иштеп чыгып, колдонушу мүмкүн. 

30. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде банк кардардын террористтик иш аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат. 

31. Банк террористтик иш аракеттер каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдукту орнотууга тийиш. 

32. Олуттуу тобокелдиктин орун алгандыгы белгиленген шартта банк кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш: 

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдике баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумача маалыматтарды жана документтерди топтоо; 

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн ал боюнча кошумча маалыматтарды топтоо; 

3) кардардын ишкердик мамилени жөнгө салуу максатына жана анын мүнөзүнө, ошондой эле акча каражаты булактарына тиешелүү кошумча маалыматтарды талап кылуу; 

4) кардардын акча каражаты кылмыштуу иштен алынган киреше эмес экендигине толук ынануу үчүн ишкердик мамилени жөнгө салуунун алкагында, кардар колдонгон акча каражаттарынын келип чыгуу булагын текшерүү

5) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын мезгил-мезгили менен бирок, жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу; 

6) пландаштырылган же ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардардан талап кылуу; 

7) банк башкармасынан кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу; 

8) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жана айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо максатында автоматташтырылган маалымат системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу операцияларга (бүтүмдөргү) күндөлүк мониторингди, маалыматтарга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча каржаттарынын багытын кароого алып, аларды эсепке алуу аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана банк башкармасын тааныштыруу; 

9) операцияны (бүтүмдү) банктык эсеп ачуусуз эле, ишке ашыруу пландаштырылып жаткан болсо, операцияны (бүтүмдү) банк эсеби аркылуу жүргүзүүнү сунуштоо. 

Мында, банк тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө алуу жана/же деңгээлин басаңдатуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча күчөтүлгөн чараларды колдонуу зарылчылыгын документте каттоого тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн күчөтүлгөн чаралары олуттуу тобокелдиктер орун алып турган өлкөлөрдүн кардарларына карата да колдонулушу зарыл.  

33. Тобокелдик төмөнкү деңгээлде экендиги аныкталган шартта банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот: 

1) ишкердик мамилелерди түптөө максатына жана мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу; 

2) ишкердик мамилени жөнгө салгандан кийин да кардарды жана бенефициардык менчик ээсин верификациялоо; 

3) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу; 

4) банк тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү

34. Чет өлкөлүк таанымал кызмат адамдарды тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

- кардар же бенефициардык менчик ээси кеңири таанымал кызмат адамы экендигин аныктоо үчүн тиешелүү инструменттерди колдонуу;  

- кеңири таанымал ошол кызмат адамы менен ишкердик мамилени жөнгө салуу же улантуу (учурда иш алып барып жаткан кардарлар) үчүн банк башкармасынын кат жүзүндөгү макулдугун алуу. Таанымал кызмат адамы бир жолку операцияны жүзөгө ашырганда банк башкармасынын уруксатын алуу талап кылынбайт; 

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо; 

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы менен жөнгө салынган ишкердик мамилелерге, ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) жогорку тобокелдикке дуушарланышы ыктымал болгон кардарлар үчүн белгиленген тартипте, туруктуу негизде тереңден мониторинг жүргүзүү

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамына тиешелүү колдо болгон маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу. 

Банк жогоруда белгиленген чараларды чет өлкөлүк таанымал кызмат адамынын үй бүлө мүчөлөрүнө, жакын адамдарына (туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө, расмий өкүлдөрүнө) карата да колдонууга тийиш. 

35. Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар улуттук таанымал кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын таанымал адамдарына, ошондой эле мындай жактар боюнча жогорку тобокелдиктер орун алып тургандыгы аныкталган шартта алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына карата да колдонулат. 

36. Кардардын улуттук таанымал кызмат адамы экендиги аныкталган шартта банк алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген таанымал адамдарынын анкетасынын формасына ылайык электрондук форматта каттап, аны 3 (үч) жумуш күнү ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

37. Банк таанымал кызмат адамдарына карата маалыматтарды аныктоо, аларга мониторинг жүргүзүү жана текшерүүдөн өткөрүү үчүн ачык маалымат булактарын колдонушу мүмкүн. 

38. Банк кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды, ошондой эле бенефициардык менчик ээси аныкталып, ошондой эле кардардын террористтик иш-аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдигине жогору деп баа бере турган болсо, маалыматтарды мезгил-мезгили менен, жылына кеминде бир жолу, ал эми калган учурларда үч жылда кеминде бир жолу жаңылап турууга тийиш. 

39. Банк, алдыңкы технологияларды (жаңы банктык продукттарды) колдонуу менен операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн болжолдогон террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгыш ыктымалдыгына талаптагыдай контролдукка алуу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун так сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

40. Банк корреспонденттик мамилелерди жөнгө салууда, ага тиешелүү талапты жөнөтүү аркылуу да кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана алынышын кошо алганда ПФТД/ЛПД боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын аныктап, ага ынанууга тийиш. 

 

8-глава. Контролдукка алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо  

 

41. Банк тарабынан, террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууну) ыктымалдыгын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлер жана белгилердин болушу көз карашынан кардарлардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш. Банк ушул максатта кардарлар менен жөнгө салынган ишкердик мамилелерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана анда төмөнкүдөй иш-чаралар камтылууга тийиш:  

- кардардын иши банктын колунда болгон ал тууралуу, анын бизнеси жана ошол кардар боюнча тобокелдик деңгээлине тиешелүү малыматтарга ылайык келишине толук ынануу үчүн кардардын эсептери боюнча операцияларга кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүү

- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине түшкөн акча каражаттарынын булагын териштирүү

- айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык кыйла татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банктан алынган бардык маалыматтарды каттоо менен алар боюнча документтерди түзүү жана зарылчылык келип чыккан шартта алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

42. Акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) контролдукка алынып, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш. 

Контролдукка алынып, маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет: 

- шектенүүнү жараткан операциялар (бүтүмдөр); 

- олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр). Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тарипте аныкталат; 

- кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), террористтик же экстремисттик ишке баргандыгы, ошондой эле алгылыксыз мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, аны өтөп келген жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр); 

- нак акча каражаттар менен операциялар (бүтүмдөр). 

43. Банк кызмат көрсөтүүлөрдүн же операциялардын жаңы түрлөрүн жүзөгө ашырууну баштаганга чейин террористтик иш-аракеттерде каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, ошол кызмат көрсөтүүлөрдөн же операциялардан келип чыгышы ыктымал болгон бардык тобокелдиктерди алдын-ала аныктап, аларга баа берип алуусу зарыл. 

44. Банк кардардын, бенефициардык менчик ээсинин террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып жок кылуучу куралдарды таркатууга, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын аныктап текшерүү максатында бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү

Бул маалыматтар тиешелүү санкциялык тизмеде, ошондой эле алардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон топтордун, уюмдардын, жактардын тизмегинде камтылат. Ал эми бул тизмелердин түзүлүшү жана жаңыланып туруусу үчүн финансылык чалгындоо органы жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

45. Банктын тиешелүү саясаттарында жана жол-жоболорунда аныкталган тартипке ылайык шектенүүнү жараткан белгилерге ээ болгон кардарларды идентификациялоо жана операцияларды аныктоону ишке ашырган түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери шектүү операциялар аныкталган шартта ал боюнча маалыматты ПФТД/ЛПД иш алып барган кызмат адамына маалымдоого тийиш.  

 

9-глава. Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү  

 

46. Кардардын ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган операциялары (бүтүмдөрү) тууралуу малыматтар анын террористтик иш-аракеттерди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш.  

47. Кардардын операцияларын шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген маалымат берүү тартибине ылайык тиешелүү маалыматты ага, андан соң банк башкармасына билдирүүгө тийиш. 

48. Банк, алар боюнча чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, суммасына, ишке ашырылган же ашыруучу операцияларга карабастан, ушул жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдукка алынуучу жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды топтоп, финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.  

49. Банк маалыматтардын төмөнкү мөөнөттөрдө жөнөтүлүшүн камсыз кылууга тийиш: 

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү операциялар (бүтүмдөр) белгиленген тартипте шектүү катары таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде; 

2) олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөнүн жеке адамдары же юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде; 

3) кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), террористтик же экстремисттик ишке баргандыгы, ошондой эле алгылыксыз мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, аны өтөп келген жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча билдирүүлөр, мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде; 

4) нак акча каражаттары менен операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү билдирүүлөр мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде. 

Жогоруда белгиленген билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  

2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө» жобонун талабына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.  

50. ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарда каралган учурлардан сырткары тиешелүү маалыматтар финансылык чалгындоо органына берилгендиги тууралуу банк кардарга маалымдоого укугу жок. 

51. Кардар, бенефициардык менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган документтер жана маалыматтар, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) тиешелүү ушул Жобонун талабына ылайык текшерүү учурунда алынган маалыматтар банк менен кардар ортосунда мамиле токтотулгандан кийин да 5 (беш) жыл аралыгында сакталууга тийиш. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 14-августундагы  

2019-П-12\42-1-(НПА)  

токтомуна карата 2-тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» 

ЖОБО  

    

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары  Улуттук банк) ушул жобо аркылуу коммерциялык банктар (мындан ары  банктар), алардын алмашуу пункттары, микрофинансылык компаниялар (мындан ары МФК), микрокредиттик компаниялар (мындан ары  МКК), кредиттик союздар (мындан ары  КС), алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери тарабынан республика аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү тартибин аныктаган.  

Жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.   

  

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга ээ болгон юридикалык жак өз каражаттарынын эсебинен (жарыяланган жүгүртүү каражаттарынын чегинде) өз атынан, эч кандай чектөөлөрсүз нак чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына (сом) гана накталай сатып алууга жана сатууга укуктуу.   

2. Нак эмес эсептешүүлөр боюнча нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуу, сатып алуу, жол чектерин төлөө жана чет өлкө валютасындагы төлөмдөр Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ болгон банктар тарабынан гана жүргүзүлөт.  

3. Бул жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:  

Банк  бул, Улуттук банктын операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүүгө укук чегерген лицензиясына ээ болгон банк.   

Квитанция-маалымдама ушул Жобонун максатында, бул, кардар менен ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операциясын тастыктаган документ.  

Кредиттик союз  бул, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредит уюму. Кредиттик союз өз катышуучуларынын жеке жыйымдарын топтоп бириктирүү аркылуу аларга жардам көрсөтүү, топтолгон акча каражаттарын өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери ылайык кызматтарды сунуштоо максатында иш алып барат.  

Логин системадан (порталдан) пайдалануучулар катары МФКны, МККны, КСти, алмашуу бюросун жана адистештирилген финансы мекемелерин идентификациялоочу кандайдыр бир символдор топтому.   

Микрофинансылык компания  акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алып, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга чакан өлчөмдө кредиттерди берүү операцияларын, операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мыйзамдарда каралган тартипте мөөнөттүү аманаттарды тартуу операцияларын жүзөгө ашырган адистештирилген финансы кредит уюму.   

Микрокредиттик компания   бул, Улуттук банктан тиешелүү күбөлүк алып, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга чакан өлчөмдө кредиттерди берүү операцияларын, мыйзамдарда каралган тартипте операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашырган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит уюму.   

Резидент эместер  бул резидент болуп саналбаган жактар.     

Алмашуу пункту  Улуттук банктын лицензиясына ылайык банктар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан нак чет өлкө валютасында алмашуу операциялары жүзөгө ашырылуучу атайы жабдылган жай.   

Алмашуу бюросу  юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн каралган атайы жабдылган пункт.  

Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматы. 

Пароль порталдан пайдалануучулар (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери) үчүн каралган, маалымат коопсуздугу талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон символдордун купуя/кайталангыс топтому.   

Логин жана пароль Улуттук банк тарабынан ыйгарылат жана алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинин жетекчисине лицензия менен кошо берилет. Логинди жана паролду үчүнчү жактарга (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролоруна жана адистештирилген финансы мекемесине тиешеси жок жактарга) маалымдоого (ачыкка чыгарууга) тыюу салынат.   

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) алардын катышы бар деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги финансылык чалгындоо органы аларды түзүү жана жаңылоо үчүн жооптуу болгон тизмек. 

Шектүү операция (бүтүм) бул, төмөндө көрсөтүлгөн белгилер байкалган операция (бүтүм): 

а) түшкөн каражаттын кылмыш жолу менен алынгандыгына, анын ичинде кылмышка барууну шарттаган жагдайлардан же ушундай жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу алынган киреше экендигине шектенүүлөр орун алса же ага жетиштүү негиздер болсо; 

б) алынган каражаттар: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу алынган каражат экендигине шектенүүлөр же жетиштүү негиздер болсо. 

Чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген маани (өлчөм). 

Портал бул, Улуттук банк тарабынан отчет берүүчү уюмдардан (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемесинин) отчетторду электрондук форматта алуу үчүн иштелип чыккан, интернет-сайт каражаттарынан маалымат топтоо мүмкүнчүлүгү каралган автоматташтырылган система, ал ошондой эле отчет берүүчү уюмдарга (МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана жана адистештирилген финансы мекемеси) чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу отчетторду сунуштоого мүмкүндүк берген бирден-бир каражат болуп саналат.   

Резиденттер бул:   

1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан, анын ичинде чет өлкөдө убактылуу жашап турган жеке адамдар. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап калган чет өлкөлүк жеке адамдар тиешелүү органдарга иммиграция тууралуу билдирме сунуштагандан кийин резидент болуп калышат;  

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жактар;  

3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык жана башка расмий өкүлчүлүктөрү;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан чет өлкө юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү.  

Санкциялык тизме  алардын террористтик жана экстремисстик иш-аракеттерге жана массалык кырып жок кылуучу курал-жарактарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдардын, юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси. 

  

2-глава. Банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы мекемелеринин укуктары жана милдеттери 

4. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери өз ишин өз алдынча уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга ыйгарылган компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.  

5. Алмашуу бюросу валютаны алмаштырып берүү боюнча ишти лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин эле токтотууга укуктуу. Мында алмашуу бюросу  

3 (үч) жумуш күнү ичинде бул иш багытын токтотуу себептери көрсөтүлгөн катты, лицензиянын түп нускасын жана каттоодон өткөрүү жөнүндө катты Улуттук банктын кароосуна сунуштоого тийиш.  

6. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча маалыматты (отчетту) өз алдынча чогултууга, жалпылоого жана Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

Адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары боюнча отчетту электрондук түрдө күн сайын берип турууга тийиш. 

Мында МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери портал аркылуу нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчетторду бардык валюталар боюнча өз-өзүнчө күн сайын сунуштап турууга тийиш.   

7. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:   

1) бардык зарыл отчетторду жана талап кылынган такталган маалыматтарды Улуттук банкка өз убагында сунуштап турууга;   

2) алмашуу пункттарын нак чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларына тиешелүү ченемдик документтер жана башка маалыматтар менен өз убагында тааныштырууга;  

3) алмашуу пунктунун иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон кассирлерин (жумушчуларын) окутууну уюштурууга, аларга тиешелүү сертификат (күбөлүк) тапшыруу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валюталары менен иштөө жана акча белгилеринин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө (*);  

4) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо кардарлар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналында (мындан ары  Журнал) ишке ашырылган операциялар тууралуу зарыл маалыматтарды, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты чагылдырууга жана операция жүзөгө ашырылгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына сунуштоого.   

Журналга номер коюлуп, көктөлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш  

(1а-тиркемеси). Алмашуу пункттарында маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет, ошондой эле журналдагы маалыматтар мезгил-мезгили менен көчүрмөлөнүп турат. Көрсөтүлгөн пунктчадагы маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл сакталып турууга тийиш.   

Эскертүү: (*) Окутуулар Улуттук банк тарабынан же окутуу ишин жүргүзүүгө Улуттук банк тарабынан ыйгарым укук чегерилген окуу жайы тарабынан жүргүзүлөт.  

8.  Банктар, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;  

2) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин сактоого;  

3) кассалык операцияларды ишке ашыруу тартибин так сактоого;  

4) Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документтер болгон шартта иш процессин текшерүүсү максатында алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин касса жайларына жана башка жайларына тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;  

5) кызматкерлерди материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежелери жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби менен тааныштырууга;  

6) салык органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, фискалдык карта менен жабдылган контролдук-кассалык машинаны же компьютерди пайдаланууга;  

7) банкноттордун аныктыгын текшерүү үчүн валюта детекторун пайдаланууга;  

8) менчик укугун тастыктаган күбөлүккө же болбосо тиешелүү жайды ижарага алуу келишимине ээ болууга;  

9) жарнамалык көрнөктөрдү, иш тартибин, ошондой эле валюталарды сатуу жана сатып алуу курстары чагылдырылган маалымат стендин жана алмашуу бюролорунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар (кардарлары) үчүн маалыматтарды жайгаштырууга;  

10) мыйзам талаптарына ылайык аталышы, дареги, идентификациялык салык номери (ИНН) көрсөтүлгөн мөөрү (штампы) милдеттүү түрдө болушу зарыл;  

11) маалымдама-сертификат китепчелери болууга тийиш;  

12) керектөөчүнүн талабы боюнча лицензиянын ээсинин (аты-жөнү) аталышы, каттоодон өтүүдө ага ыйгарылган номер жана катталган күнү, валютаны алмаштырып берген алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызматкеринин аты-жөнү тууралуу маалыматтарды ага сунуштоого;  

13) алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин кызматкерлери жана кардарлары үчүн коопсуздук шарттарын камсыз кылууга;  

14) алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон кызматкерлерин окутуудан өткөрүүнү уюштурууга, тиешелүү сертификат (күбөлүк) алуу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валютасы менен иштөөгө жана акча белгилеринин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө;  

15) Улуттук банкка отчетторду сунуштап туруу үчүн тиешелүү техникалык жабдууларга ээ болууга;  

16) жүзөгө ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды өз убагында Улуттук банкка сунуштап турууга. МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору отчеттук маалыматтарды жобонун 1-тиркемесине ылайык электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун, ал эми адистештирилген финансы мекемелери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында сунуштап туруусу зарыл;   

Отчет сунушталбай калган учурда банктар отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө ал тууралуу билдирүүгө милдеттүү.   

Отчет сунушталбаган учурда МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору, адистештирилген финансы мекемелери отчеттун берилбей калышы себептерин көрсөтүү менен кийинки жумуш күнү ичинде портал аркылуу ал тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

17) Улуттук банк талап кылган такталган маалыматтарды кат жүзүндө өз учурунда сунуштап турууга; 

18) МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы (түп нускасы) болууга тийиш. Алмашуу бюросунун да каттоодөн өтөндүгүн тастыктаган каттын түп нускасы болушу зарыл;  

19) алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин ар бир кызматкери менен эмгек келишим жана материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлүшү зарыл;  

20) лицензиянын аракети токтотулган шартта, анын түп нускасы 3 жумуш күнү ичинде тапшырылууга тийиш. Алмашуу бюросу да каттоодөн өткөндүгүн тастыктаган катты тапшыруусу зарыл;  

21) алмашуу бюролорунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин жайгашкан дареги, телефон номери өзгөргөн учурда, ал тууралуу 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө;  

22) алмашуу бюросу лицензиясынын колдонуу мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле дареги өзгөргөн шартта кайра каттоодон өткөнгө чейин операцияларды ишке ашырууну токтотуп турууга тийиш;  

23) Кыргыз Республикасынын «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам талаптарынын сакталышына жооптуу кызматкерди дайындоого;   

24) кардардын санкциялык тизмеде жана анын 70 000 сомго* ( же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү

(*) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык; 

25) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарды сактоого;  

26) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса кардар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналына (мындан ары - Журнал) ишке ашырылган операция, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты каттоого жана аны финансылык чалгындоо органына операция ишке ашырылгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде сунуштоого;  

Журнал номерленип, көктөлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (1а-тиркемеси). Алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы жөнгө салынган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө, ошондой эле андан резерв үчүн көчүрмөлөп турууга жол берилет. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалыматтар кеминде 5 (беш) жыл сакталып турушу зарыл.   

Эгерде нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларда шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери камтылган болсо банк, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери жана алмашуу бюролорунда ишке ашырылган операциялар суммасына карабастан, шектүү операция экендиги таанылгандан кийинки  

5 (беш) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү

Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары тарабынан нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар, операциялар суммасына карабастан, операция ишке ашырылгандан кийинки 2 (эки) күн ичинде финансылык чалгындоо органына жөнөтүлүшү зарыл. 

Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат . 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттин иш-аракеттерге жол бергендиги, ошондой эле мына ушундай аракеттерди каржылагандыгы үчүн жазага тартылган жеке адамдар тарабынан ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар операция ишке ашырылгандан кийинки 2 (эки) күн ичинде финансылык чалгындоо органынан жөнөтүлүшү зарыл. 

Нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган алмашуу операциялары тууралуу маалыматтар финансылык чалгындоо органына ал белгилеген талаптарга ылайык сунушталып турууга тийиш. 

27) кызматкерлердин террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуудан өтүшүн камсыздоого;  

28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптардын так аткарылышын камсыз кылууга.  

9. Жобонун 8-пунктунун 1-5, 7-13, 27, 28-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар банктардын алмашуу пункттарына таркатылат.   

10. Жобонун 8-пунктунун 22, 25-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар алмашуу бюролоруна гана таркатылат. 

    

3-глава. Нак чет өлкө валютасы менен  

алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби 

11. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу операцияларын төмөнкү ченемдик укуктук актылардын талаптарын так сактоо менен жүзөгө ашырууга тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын;  

- Кыргыз Республикасынын «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын; 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы № 1689-II токтому менен кабыл алынган «Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө» жобонун;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 токтому менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча нускоонун;  

- ушул жобонун.  

12. Алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин жетекчисинин ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген сатуу жана сатып алуу курстарына ылайык ишке ашырат.   

Банктар ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык алмашуу пункттары үчүн чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курсун белгилей алат.  

13. Нак чет өлкө валютасы болгон шартта маалыматтык стенддерде банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин колунда болгон чет өлкө валютасынын бардык түрлөрү боюнча сатуу жана сатып алуу курстары боюнча так маалыматтар чагылдырылууга тийиш.   

Нак чет өлкө валютасын улуттук валютага сатып алуу жана сатуу ачык келишим принциптеринин негизинде чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча ишке ашырылат. Алмашуу операциясын жүргүзүү мүмкүн болгон шартта, чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт.   

Маалыматтык стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга тыюу салынат.   

Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары төрт ондук белгиге чейин, бүтүн сандан кийин милдеттүү түрдө үтүр белгисин коюу аркылуу белгиленет. Валюта курсун үтүр белгиси менен бөлбөй туруп, бүтүн сандан кийин төрт сандан ашкан санды көрсөтүүгө, ошондой эле кардарлардын валюта курстарын туура эмес түшүнүүсүнө алып келген башка иш-аракеттерге тыюу салынат.   

14. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.   

15. Банктар аныктыгы шектенүүнү жаратпаган, төмөнкүдөй бир аз кемчилиги болгон чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана кармап калууга укуктуу:  

- баштапкы өңү өчүп же боек төгүлүп калган болсо;  

- басып чыгарууда айкын кемчиликтер кетирилген болсо;  

- айрылып, чапталган болсо жана айрылып калган бөлүктөрү бир эле банкнотко таандык болсо;  

- четтери тытылып айрылган, тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса);  

- чети күйүп калган болсо.  

16. Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн кемчиликтердин жана башка кемчиликтердин орун алышына байланыштуу акча банкноттору сатып алууга жана сатууга жараксыз болуп калган шартта, анын ээсинин макулдугу менен мындай банкноттор банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) алмаштыруу (экспертиза жүргүзүүүчүн банктар тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн.  

Чет өлкө валютасы кардардын өтүнүчүнүн (2-тиркеме) негизинде гана банк тарабынан кабыл алынат, анда банкноттордун саны, сериясы жана номери, чыгарылган жылы, алардын номиналы, алмаштырууга сунушталган банкноттордун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасы кабыл алынган учурда кардарга квитанция берилет. Банктар банк-корреспондент (чет өлкө банктары) кемчилдиги бар (эскилиги жеткен) банкнотторду алмаштырып берүүдөн баш тартышы ыктымалдыгын да алдын ала кардарларга эскертип коюуга тийиш. Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) жөнөтүлгөн чет өлкө валютасын алмаштыруудан баш тарткан учурда, банктар кардарга тиешелүү тастыктоочу документтер сунуштоого милдеттүү.  

Банк, банк-корреспонденттен (чет өлкө банкынан) инкассацияланган чет өлкө валютасынын ордун жабуу суммасын алгандан кийин кардардын каалоосу боюнча акча суммасы чет өлкө валютасында же улуттук валютада төлөнүп берилет же болбосо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кардардын чет өлкө валютасында же улуттук валютада күндөлүк эсебине чегерилет.   

17. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырып берүүдө алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кызматкерлери валютанын аныктыгын валюта детекторунун же башка атайы аппаратуранын жардамы менен текшерүүгө алышат.   

18. Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жактар жарыяланган жүгүртүү каражаттар суммасынын чегинде, алмашуу бюросу ишкердикти жүргүзүүсү үчүн кайсыл болбосун банктан нак чет өлкө валютасын сатып алууга укуктуу, мында лицензиянын номерин жана берилген күнүн чагылдыруу менен жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операциялары милдеттүү түрдө тариздетилүүгө тийиш.   

19. Алмашуу бюролорунда, алмашуу пункттарында, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операцияларын ишке ашыруу учурунда алар алмашуу бюролорунун, алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин каттоо журналында чагылдырылып, журнал номерленип, көктөлүп, ага юридикалык жактын мөөрү басылууга тийиш (3-тиркеме).   

Банктар 3а-тиркемесинин формасына ылайык, алмашуу пунктунда сатылып алынган жана сатылган валюталардын реестрин жүргүзүүгө укуктуу.   

Иш күнүнүн акырында алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жооптуу кызматкери иш күнү ичинде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгын чыгарып, калдыгын кийинки күнгө чыгарат. Күн акырында нак акча калдыгы кийинки күндүн башталышындагы нак акча калдыгынын суммасына барабар болууга тийиш.   

20. Банктар, алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси чет өлкө валютасын сатып алууда жана сатууда сатылып алынган же сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасына көз карандысыз, операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти, ошондой эле кардардын өтүнүчү боюнча көчүрмөлөө кагазы аркылуу маалымкат-сертификатты (4-тиркеме) толтуруп берүүгө милдеттүү.   

Алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси чет өлкө валютасын сатуу/сатып алуу операцияларын ишке ашырууда кассалык чекти берүүгө тийиш.   

Маалымкат-сертификаттын бир нускасы кардарга берилет, ал эми экинчиси банкта (алмашуу пунктунда), алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде сакталат.   

Маалымкат-сертификатты берүү үчүн төлөм алынбайт.   

Маалымкат-сертификатты башка адамдын наамына тариздетүүгө жол берилбейт.   

Маалымкат-сертификаттын бланктары серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен китепче түрүндө типографиялык ыкмада даярдалууга тийиш. Мында алардын биринчи жана экинчи нускаларынын сериялары жана номерлери бири-бирине дал келүүгө жана көчүрмөлөө кагазы аркылуу толтурууга ыңгайлуу болгондой болушу зарыл.   

21. Маалымкат-сертификатка ички жол-жоболорго жана кызматтык милдеттерге ылайык ыйгарым укуктуу жак кол тамгасын коет, ага банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин мөөрү (штампы) басылат. Банктын, алмашуу пунктунун, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин тиешелүү реквизити, алардын кызматкерлеринин кол тамгалары жана мөөрлөрү (штампы) жок болсо, мындай маалымкат-сертификат анык эмес болуп саналат.   

Маалымкат-сертификаттардын колдонулган китепчелери экинчи нускасы менен бирге банкта, алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде акыркы жазуу чагылдырылган күндөн тартып 1 (бир) жыл аралыгында сакталууга тийиш.  

22. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери маалымкат-сертификаттардын бланктарынын эсебинин катталышын, сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эгерде алар жараксыз болуп же жокко чыгарылып калса банк, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси тиешелүү актыны тариздетүүгө милдеттүү.   

23. Банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жооптуу кызматкери кызматкерлерге чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Алардын ишин уюштуруу, ошондой эле тариздетүү эрежелерин, материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүү жана өткөрүп берүү тартибинин сакталышы, тиешелүү отчеттордун өз учурунда даярдалып, Улуттук банкка сунушталып турушу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку кызмат адамдарына (банктын, МФК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин Башкармасынын төрагасына, МККнын, алмашуу бюросунун жетекчисине) жүктөлөт.   

24. Жободо жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кызматкерлерине (кассирлерине) аларга тапшырылган ишти башка бирөөгө өткөрүп берүүсүнө, ошондой эле ишине же жумуш ордуна башка бирөөлөрдү (алар менен эмгек келишими түзүлбөгөн жана лицензиат менен материалдык жоопкерчилик тууралуу келишимди түзбөгөн жактарга) киргизүүсүнө тыюу салынат.   

25. Шектүү (жасалма) банкноттор табылган учурларда кассирлер Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча нускоо талаптарына ылайык иш алып барууга милдеттүү.   

  

4-глава. Банктарда, алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринде кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби 

26. Банк, алмашуу бюросу, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемеси валютаны сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу операцияларын «Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырат.   

27. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 

1) кардарды идентификациялоо, ошондой эле анын санкциялык тизмеде жана анын 70 000 сомго* ( же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү анын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү түшүрүлгөн) негизинде жүргүзүлөт; 

2) эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 1 000 000 сомго барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.  

Эскертүү: кардарды идентификациялоо зарыл болгон, ошондой эле анкета толтуруу аркылуу идентификациялоону талап кылган операциялар суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.  

Кассир кардардын көз алдында нак акча суммасын эсептеп чыгып, кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотту текшерүү кардардын көз алдында жүргүзүүлүгө тийиш. Кардарга тиешелүү маалыматтар жана анын нак чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялары (кардардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат. 

Эскертүү: кардардын ким экендигин тастыктаган документтен болуп анын паспорту, аскер билети, айдоочунун күбөлүгү саналат. 

28. Кардарга берилүүчү улуттук валютасынын суммасын эсептелгенден кийин кассир операциялар катталган журналда сатылып алынган валюта тууралуу чагылдырып (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу да журналда катталат), операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Эгерде операциялар алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде ишке ашырылган шартта кассадан чек чыгарылып берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) ушул Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздетет.   

29. Кассир жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кардардын көз алдында аныктыгы текшерилген улуттук валютанын тиешелүү суммасын ага берет. Кардарга ошондой эле операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кардарына  кассалык чек), зарылчылык келип чыккан учурда маалымкат-сертификат да берилет.   

30. Нак чет элкө валютасын сатуу төмөнкүдөй ишке ашырылат:  

1) кардарды идентификациялоо, ошондой эле анын санкциялык тизмеде жана анын 70 000 сомго* ( же болбосо Улуттук банктын операцияны ишке ашыруу (бүтүмгө келишүү) учуруна карата расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага) барабар же андан ашкан суммада нак чет өлкө валютасындагы алмашуу операциясын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкан деген маалыматтар болгон жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бардыгын же жок экендигин текшерүү анын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү түшүрүлгөн) негизинде жүргүзүлөт; 

2) эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы 1 000 000 сомго барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кардардын-жеке адамдын анкетасын толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.  

Эскертүү: кардарды идентификациялоо зарыл болгон, ошондой эле анкета толтуруу аркылуу идентификациялоону талап кылган операциялар суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.  

Кассир кардардын көз алдында нак акча суммасын эсептеп чыгып, кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотту текшерүү кардардын көз алдында жүргүзүүлүгө тийиш. Кардарга тиешелүү маалыматтар жана анын нак чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялары (кардардын ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат. 

Суммасы 70 000 сомго чейинки чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу операцияларын жүргүзүүдө кардардын резиденттиги анын оозэки билдирүүсү боюнча аныкталышы мүмкүн.  

31. Кардарга берилүүчү улуттук валютасынын суммасын эсептелгенден кийин кассир операциялар катталган журналда сатылып алынган валюта тууралуу чагылдырып (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу да журналда катталат), операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Эгерде операциялар алмашуу бюросунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинде ишке ашырылган шартта кассадан чек чыгарылып берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) зарылчылык келип чыккан учурда ушул Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздетет.   

32. Кассир жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кардардын көз алдында аныктыгы текшерилген улуттук валютанын тиешелүү суммасын ага берет. Кардарга ошондой эле операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин кардарына  кассалык чек), зарылчылык келип чыккан учурда маалымкат-сертификат да берилет.   

33. Кардардын талабы боюнча кассир анын көз алдында валюта детекторунда берилип жаткан нак чет өлкө валютасынын аныктыгын текшерүүгө милдеттүү.   

34. Эсептүүдө айырма келип чыкса же төлөөгө жараксыз акча белгилери аныкталган шартта, кассир нак акча суммасын кардарга кайтарып берет жана андан жетпеген сумманы толуктоону сунуштайт.   

35. Кардар жетпеген сумманы толуктаган шартта кассир кардардын көз алдында бирден кайтарадан эсептөө менен нак чет өлкө валюта суммасынын толук суммасын кабыл алат.   

36. Кайрадан эсептөө учурунда кассирдин столунда башка акча каражаты жана башка буюмдар болбоого тийиш.   

37. Кардар чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу учурунда кассадан четтебей туруп, акча каражатын бирден эсептеп, эсептешүүнүн тууралыгын текшерүүгө укуктуу.  

38. Эсептөөлөр туура эмес чыккан учурда кардар берилген сумманы кассирге аны кайрадан эсептеп чыгуу үчүн толугу менен өткөрүп берет. Эсептешүүнү жүргүзүүдө катага жол берилген шартта кассир жетпей калган сумманы толуктап берүүгө жана кардардын көз алдында кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү.   

39. Нак акча каржатын эсептөөдө банкнотторду эсептеп чыгуучу машинкалар колдонулушу мүмкүн. Бул учурда акча эсептелинип жаткан столдо машинкадан тышкары башка буюмдар болбошу зарыл жана эсептөө таблосу кардарга бет алып жайгаштырылууга тийиш. Банкноттор кардардын көз алдында иргелүүгө тийиш.  

40. Алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жүгүртүү каражаттарынын көбөйүүсүнө/азаюусуна байланыштуу же болбосо банктан чет өлкө валютасын сатып алууга байланыштуу, отчет берүү алдында алынган суммаларды берүүгө/кабыл алууга байланыштуу алардын кассасынан нак акча каражатынын чыгымдалышы жана кириштелиши боюнча операциялары операцияларды каттоо журналында белгиленген тартипте чагылдырылууга тийиш. Мында журналдын «Алмашуу курсу» жана «Берилүүчү сумма» графаларында, тиешелүүлүгүнө жараша кириштөө жана чыгыштоо тилкелеринде сызыкча белгиси коюлат. Мындай операциялар күндөлүк отчеттордо башка киреше жана башка чыгаша катары көрсөтүлөт.   

41. Алмашуу бюролор ушул жободо чагылдырылбаган башка операцияларды алмашуу бюросунун кассасы аркылуу жүзөгө ашырууга укугу жок.   

42. Алмашуу пунктуларынын, алмашуу бюролорунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелеринин бардык нак акчалары күйүп кетпегидей металл шкафта, айрым учурларда  аралаш металлдан жасалган жана кадимки металл шкафтарда сакталууга тийиш. Иш күнүнүн акырында алар мөөр басылып кулпуланат.   

Металл шкафтардын ачкычтары жана мөөрлөр кассирде сакталат, аларды белгиленген жерде калтырууга, кимдир бирөөгө берүүгөө же эсепке алынбаган дубликатын жасатып алууга тыюу салынат.   

Алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери нак акча каржаттарын банкка сактоого өткөрүшү да мүмкүн.   

43. Ошол алмашуу бюросуна, алмашуу пунктуна, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесине тиешелүү болбогон нак акчаны жана башка баалуулуктарды, ошондой эле кызматкерлердин (кассирлердин) жеке өзүнө таандык акча каражаттарын кассада сактоого тыюу салынат.   

44. Касса жайы обочо жайгашууга, ал эми операцияны ишке ашыруу учурунда кассага кирүү эшиктери ичинен бекитилүүгө тийиш. Касса ишине тиешеси жок адамдарга касса жайына кирүүгө тыюу салынат.  

45. Материалдык жоопкерчилик келишимине ылайык кассир өзүнө алган бардык баалуулуктардын сакталышы үчүн жана атайлап жасалган иш-аракеттердин натыйжасында сыяктуу эле, өз милдетине көңүл коштук мамилесинин кесепетинен банкка, алмашуу бюросуна, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесине келтирген кандай болбосун зыян үчүн материалдык толук жоопкерчиликтүү болуп саналат.   

46. Кассирдин ишке дайындалышы тууралуу буйрук (уруксат, токтом) чыгарылгандан кийин банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби менен кассирди кол тамгасын койдуруп алуу менен тааныштырууга милдеттүү, андан соң кассир менен жеке материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлөт.   

47. Бир эле кассири болгон алмашуу бюролорунда аны убактылуу алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан учурда, кассирдин милдетин аткаруу жетекчинин кат жүзүндөгү буйругу (уруксаты, токтому) боюнча башка кызматкерге жүктөлөт. Ал кызматкер менен да Жобонун 46-пунктунда каралган келишим түзүлөт.   

    

5-глава. Алмашуу пункттарында, алмашуу бюролорунда, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинде жүргүзүлүүчү операциялар 

боюнча отчет 

48. Иш күнүнүн акырында чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө отчет түзүлөт:   

- банктар (алмашуу пункттары) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун алкагында;   

- адистештирилген финансы мекемелери ушул Жобонун 6-пунктунун 2-абзацына ылайык Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында;   

- МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык.   

49. МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү жөнүндө маалыматты күн ичинде эки жолу төмөнкү тартипте портал аркылуу Улуттук банкка сунуштап турушат:   

- отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин валюталар курсун жана көлөмүн көрсөтүү менен кеңири отчетту, ошондой эле көлөмүн көрсөтүүсүз эле, валюталар курсу боюнча отчетту;   

- саат 13.00дөн тартып 15.00гө чейин көлөмүн көрсөтүүсүз валюталар курсу боюнча отчетту. 

Улуттук банк валюталар көлөмү жана курсу тууралуу маалыматты күн ичинде бир нече жолу талап кылууга укуктуу.   

Банктар (алмашуу пункттары), МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери отчетту Улуттук банкка электрондук түрдө берүү үчүн интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мында, кагазга чыгарылган отчеттор жооптуу кызматкердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт, тиешелүү мекеменин штапмы менен бекитилип, хронологиялык тартипте көктөлүп, банкта (алмашуу пунктунда), МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунда жана адистештирилген финансы мекемесинде сакталат.   

50. Бир чет өлкө валютасынын башка валютага алмаштырылышы алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемесинин каттоо журналында төмөнкү операциялар түрүндө чагылдырылат:   

- алмашуу бюросу, алмашуу пункту, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемеси тарабынан бир чет өлкө валютасын ушул мекемелердин ошол валюта түрүн сатып алуу курсу боюнча сомго сатып алуусу;  

- алмашуу бюросу, алмашуу пункту, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемеси тарабынан башка чет өлкө валютасын ушул мекемелердин ошол валюта түрүн сатуу курсу боюнча сомго сатуусу.   

    

6-глава. Чет өлкө валютасында жол чектерине төлөө операциялары 

51. Чет өлкө банктарынын жол чектери үчүн төлөөлөр, контролдук материалдар (көрсөтүлгөн төлөм документтеринин үлгүлөрү, аларга төлөө эрежелери жана ыйгарым укуктуу жактардын кол тамгаларынын үлгүлөрү) болгон шартта, банктар тарабынан банктар аралык макулдашууда каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.   

Банктар чет өлкө банктарынан жол чектеринин формасына, реквизиттерине жана алар үчүн төлөө тартибине киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтарды алып турушат. Мындай маалыматтар чет өлкө банктарынын контролдук маалыматтары (жол чектеринин үлгүлөрү жана алар үчүн төлөө көрсөтмөлөрү) менен бирге банктын досьесинде сакталат.   

    

7-глава. Алмашуу бюролорунун, алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС ишине көзөмөлдүк   

52. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС, алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүктү алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарына жооп беришин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.  

53. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары боюнча келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

54. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун ишине текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала эскертүүсүз эле текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу.  

55. Улуттук банк банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун ишине текшерүү жүргүзүүсү учурунда банктардын алмашуу пункттары, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролору Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Анда аудио/видео жабдуулары болбоого, үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотушуна жол берилбөөгө, банктардын алмашуу пункттарынын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун документтеринин сакталышы жана текшерүүчүлөр тобунун коопсуздугу камсыз кылынып, текшерүүчүлөр тобуна текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техникалар сунушталууга тийиш.  

56. Улуттук банк банктарга, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролоруна карата мыйзамдарда каралган жагдайларда таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу.   

57. Нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча такталбаган маалыматтар берилип, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле банктардын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун/пункттардын ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

- жол берилген кемчиликтерди четтетүү тууралуу алдын ала эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүп, кандай кемчиликтерге жол берилгендигине жараша аларды четтетүү мөөнөттөрүн белгилөөгө;  

- мыйзамдарга ылайык айыптык төлөм белгилөө боюнча чараларын көрүүгө;  

- лицензиянын колдонуу мөөнөтүн 7 (жети) жумуш күнүнө чейин токтотууга;  

- лицензияны кайтарып алууга.   

1-тиркеме 

МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен операциялары боюнча 

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

МФК, МКК, КС, алмашуу бюросунун каттоо номери _____________________ 

Улуттук банктын лицензиясынын номери________________________________ 

Каттоо катынын номери _________________________________________ 

Күнү _________________  

   

Убактысы________________  

Касса аппаратынын номери _________________ 

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин сунушталуучу отчет  

Валюта коду  

Күндүн башталышына карата калдык  

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы 

Сатып алуу көлөм 

Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынганы  

Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынганы  

Башка түшүүлөр 

Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр 

Сатуу курсу (сом/чет өлкөвалютасы)  

Сатуу көлөмү  

Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы  

Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы  

Башка чыгашалар  

Башка чыгашалар  боюнча түшүндүрмөлөр 

Күн акырына карата калдык 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

  

  

  

  

  

  

  

№ 1 маалымдама   

  

  

  

  

  

№ 2 маалымдама  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Касса аппаратынын номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Күн ичиндеги алгачкы чектин номери 

Эскертүүлөр 

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүүлөр:   

«Касса аппаратынын номери» тилкесинде контролдук-кассалык машинанын заводдо ыйгарылган номери көрсөтүлөт. Машина бузулган шартта же ал алмаштырылган учурда порталда «Ремонттолууда» статусу көрсөтүлөт же анын заводдон белгиленген жаңы номери чагылдырылат.   

«Валюта коду» тилкесинде валютанын сандык коду Эл аралык валюталар маалымдамасына (ISO 4712) ылайык көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg дареги боюнча веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Мында улуттук валюта (сом) жана АКШ доллары боюнча тилкелер милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча чагылдырылат.   

«Күндүн башталышына карата калдык» тилкесинде күндүн башталышына карата нак чет өлкө валютасындагы жалпы калдык сумма көрсөтүлөт.   

«Сатып алуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын орточо курсу көрсөтүлөт.   

«Анын ичинде, коммерциялык банктардан сатылып алынган» тилкесинде коммерциялык банктардан сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынган» тилкесинде резидент эместерден сомго сатылып алынган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Башка түшүүлөр» тилкесинде негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялардан келип түшкөн нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр» тилкесинде № 1 маалымдамага ылайык операция түрлөрү көрсөтүлөт.   

«Сатуу көлөмү» тилкесинде сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде сатылган нак чет өлкө валютасынын орточо алынган курсу көрсөтүлөт.   

«Анын ичинде, коммерциялык банктарга сатылганы» тилкесинде банктарга сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы» тилкесинде резидент эместерге сомго сатылган нак чет өлкө валютасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.   

«Башка чыгашалар» графасында негизги статьялар тизмегинде камтылбаган операциялар боюнча нак чет өлкө валютасындагы чыгашалардын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Башка чыгашалар тууралуу түшүндүрмө берүү» тилкесинде № 2 маалымдамага ылайык операция түрлөрү көрсөтүлөт.   

«Күндүн акырына карата калдык» тилкесинде күндүн акырына карата нак валюта калдыгынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Күн ичиндеги алгачкы чектин номери» тилкесинде жумуш күнү ичинде алгачкы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машинка ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.   

«Күн ичиндеги акыркы чектин номери» тилкесинде отчеттук күнү ичиндеги акыркы чектин же квитанция-маалымдаманын (контролдук-кассалык машина ремонттон өткөрүлүп жатса) катар номери көрсөтүлөт, ал чет өлкө валютасын алмашууга кабыл алуу учурунда берилет.   

 

№ 1 маалымдама. Башка түшүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр  

Жылы 

Операциянын аталышы  

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн карыздык каражаттарды тартуу  

Жүгүртүү капиталын көбөйтүү үчүн өздүк каражаттарды тартуу  

Мурда берилген насыя (займ) боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсү  

Акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн башка түрлөрү  

№ 2 маалымдама. Башка чыгашалар боюнча түшүндүрмөлөр  

Жылы 

Операциянын аталышы  

Карыздык каражаттарды кайтарып берүү үчүн акча каражаттарын алып коюу  

Жеке керектөөлөр үчүн акча каражаттарын алып коюу  

Акча каражаттарын карызга берүү  

Операциялык чыгашалардын ордун жабуу үчүн акча каражаттарын алып коюу 

Чыгашалардын башка түрлөрү  

 

Саат 07.00дөн тартып 11.00гө чейин жана саат 13.00дөн саат 15.00гө чейин сунушталуучу валюта курсуна мониторинг жүргүзүү үчүн отчет   

Валюталар коду  

Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы 

Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)  

  

  

  

Эскертүү:   

«Валюта коду» тилкесинде валютанын сандык коду көрсөтүлөт, бул маалымдама Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин www.stat.kg дареги боюнча веб-сайтынын Методология жана классификаторлор/Классификаторлор/Мамлекеттер аралык валюталар классификатору бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Мында АКШ доллары боюнча тилке милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш, ал эми калган валюталар отчет берүүчү уюмдар тарабынан порталда өз алдынча чагылдырылат.   

«Сатып алуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу курсу көрсөтүлөт.   

«Сатуу курсу (сом/чет өлкө валютасы)» тилкесинде нак чет өлкө валютасын сатуу курсу чагылдырылат.  

 

 

 

1а-тиркемеси  

Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар боюнча 

маалыматтарды каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

Операция жүргүзүлгөн күн/Дата совершения операции 

Операциянын түрү(1)/Вид операции(1) 

Операциянын суммасы сом менен/Сумма операции в сомах 

Кардардын аты-жөнү/Юридикалык жактын аталышы/ФИО клиента/Наименование юридического лица 

Инсандыкты тасытыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү/КР ЮМ күбүлүк номери/берилген күнү/Номер документа, удостоверяющего личность, дата выдачи/Номер свидетельства МЮ КР, дата выдачи 

Жеке адамдын жашаган дареги/Юридикалык жактын катталган жери/Адрес места жительства физического лица/места регистрации юридического лица 

Жеке адамдын орун алган жеринин дареги/Юридикалык жактын жайгашкан жери/Адрес места пребывания физического лица/места нахождения юридического лица 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы/ 

Подпись ответственного работника обменного бюро __________________ 

  

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы/ 

Подпись руководителя обменного бюро __________________ 

  

Эскертуу/Примечание: 

1 операциянын түрү: четөлкө валютасын сатып алуу же сатуу/вид операции: покупка или продажа иностранной валюты. 

2-тиркеме 

 

Банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) кемчилиги бар валютаны алмаштырууга (экспертиза жүргүзүүгө

ӨТҮНҮЧ КАТ 

________ш. 

  

20_-ж.«___»________ 

  

__________________________________________________(банктын аталышы)   

_________________________________________________ филиалы   

____________________________________________дареги боюнча жашаган  

(үй дареги)  

________________________________________________________________   

(кардардын аты-жөнү)   

Ким экендигин тастыктаган документ ______________________________  

________________________________________________________________  

(номери, сериясы, берилген күнү, ким тарабынан берилген)   

Сизден__________________________________________жалпы суммасындагы   

____________________________________________________________ _________________________________ банкнотторду кабыл алууну өтүнөм (чет өлкө валютасынын аталышы, банкноттордун саны, номиналы, сериясы, номери жана чыгарылган жылы)  

Кемчилиги бар (эскилиги жеткен) валютаны банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) алмаштырууга кабыл алуу шарттары менен таанышып чыктым жана банкка __________ өлчөмүндө комиссиялык сый акы төлөөгө макулмун.   

Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) алмаштырып, аларды жүгүртүүдөн алып салуу үчүн сунушталган банкнотту алмаштырып берүүдөн баш тарткан болсо да _______________________________ карата эч кандай кине койбойм.   

(банктын аталышы)  

____________(аты-жөнү

  

__________________(аты-жөнү

(кардардын кол тамгасы) 

  

(банк кызматкеринин кол тамгасы) 

__________________________ 

  

_____________________________ 

үнү

  

үнү

3-тиркеме 

Операцияларды каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

20__-ж «____»___________ 

Күндүн башталышына карата калдык 

Валюталар түрү 

Суммасы 

  

Кириштөө боюнча операциялар (сатып алуу) 

Чыгашалар боюнча операциялар (сатуу) 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Бурүүгө каралган сумма, сом менен 

Регидент эместер 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Бурүүгө каралган сумма, сом менен 

Регидент эместер 

Жыйынтыгында: сатылып алынган валюталар: 

Анын ичинде резидент эместерден сатылып алынгандар  

Башка түшүүлөр 

  

Жыйынтыгында сатылган валюталар:  

Анын ичинде резидент эместерге сатылгандар Башка чыгашалар 

  

Күндүн башталышына карата калыдк 

Валюталар түрү 

Суммасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жооптуу кызматкеринин кол тамгасы  

Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жетекчисинин кол тамгасы  

Эскертүү:  

1. «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында валюта түрү боюнча өз-өзүнчө сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

2. «Алмашуу курсу» тилкесинин деген 3 жана 8-графалардагы «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо алынган курс чагылдырылат. Орточо алынган курс берүүгө каралган жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары, валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет.   

3.  Резидент эместер менен операция жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда «Н» белгиси чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда көрсөтүлөт. 

4. Алмашуу бюролор алмашуу бюросунун кассасы аркылуу нак чет өлкө валютасын алмаштыруу менен байланышы жок операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.   

    

    

   

3а-тиркеме 

  

Банк 

№ ____алмашуу пункту 

 

Сатылып алынган жана сатылган нак чет өлкө валюталарынын 

РЕЕСТРИ 

20__-жылдын «___»________ 

Резидент эмес (Н) 

NКвитанция 

Кыргыз сому 

АКШ доллары 

Немец маркасы 

Казак теңгеси 

Орус рубли 

Башка валюталар 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

Д (Сатып алуу) 

К (Сатуу) 

  

Сомдун курсу 

Баштапкы калдык  

Жүгүртүүлөр 

Акыркы калдык 

Х 

Х 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алмашуу пунктунун кассиринин кол тамгасы 

  

4-тиркеме 

  

(аталышын, дарегин, ИНН көрсөтүү менен штамптын орду) 

АА N 000000 сериясындагы МААЛЫМ КАТ -СЕРТИФИКАТ 

20__-ж. «___»_____________ 

_______________________________________________________________берилген 

(аты-жөнү

_____________________документинин сериясы N _____________________ 

(документтин аталышы) 

Резидент _____________________ Резидент эмес - ________________________ 

(тиешелүүсүн атайы көрсөтүлгөн жерге Х белгиси менен көрсөтүү зарыл) 

КАРДАРГА БЕРИЛГЕН: 

Валютанын аталышы____________________________________________________ 

Суммасы сандар менен___________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө_________________________________________________ 

КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН: 

Валютанын аталышы____________________________________________________ 

Суммасы сандар менен___________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө_________________________________________________  

Алмашуу курсу ______________________________________________________ 

  

Банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жетекчиси______ (кол тамгасы) ________ (аты-жөнү

  

Кол тамгасыз жана мөөрсүз анык эмес. 

 

Үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

Өз алдынча жасап алууга баруу мыйзам боюнча жазаланууга алып келет. 

Оңдоого жол берилбейт. 

МО 

АА N 000000 сериясындагы МААЛЫМ КАТ СЕРТИФИКАТТЫН КӨЧҮРМӨСҮ 

20__-ж. «___»_____________ 

_______________________________________________________________берилген 

(аты-жөнү

_____________________документинин сериясы N _____________________ 

(документтин аталышы) 

Резидент _____________________ Резидент эмес - ________________________ 

(тиешелүүсүн атайы көрсөтүлгөн жерге Х белгиси менен көрсөтүү зарыл) 

КАРДАРГА БЕРИЛГЕН: 

Валютанын аталышы____________________________________________________ 

Суммасы сандар менен___________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө_________________________________________________ 

КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН: 

Валютанын аталышы____________________________________________________ 

Суммасы сандар менен___________________________________________________ 

Суммасы жазуу жүзүндө_________________________________________________  

Алмашуу курсу ______________________________________________________ 

  

Банктын, алмашуу бюросунун, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемесинин жетекчиси______ (кол тамгасы) ________ (аты-жөнү

  

Кол тамгасыз жана мөөрсүз анык эмес. 

Үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

Өз алдынча жасап алууга баруу мыйзам боюнча жазаланууга алып келет. 

Оңдоого жол берилбейт. 

МО 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 14-августундагы  

2019-П-12\42-1-(НПА)  

токтомуна карата 3-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 8-пунктундагы «бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)» деген сөздөр «бенефициардык ээси» дегенге алмаштырылсын; 

9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускоодо каралган бардык документтер алынып, кардар жана бенефициардык ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн шартта гана банк эсебин, банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жол берилет.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Банктык аманат (депозит) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин  

749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Банктык эсеп бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу банктык эсеп (банктын аманат) келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Нак эмес эсептешүү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт. 

Бенефициардык ээси түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке адам (жеке адамдар) же болбосо өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзүүчү жеке адам (жеке адамдар). 

Верификация кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу. 

Аманатчы бул, банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн жана банктык эсепти жана банктык аманат (депозит) эсебин ачууга жана жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзгөн адам. 

Траст жөнүндө декларация бул, менчикке укук бир жактын колунда турса да, иш жүзүндө ал, менчикке карата укуктук титул анын кызыкчылыгында биринчи жакка өткөрүлүп берилген башка бир жакка тиешелүү экендигин чагылдырылган, кат жүзүндө толтурулган келишим. 

Депозиттик сертификат бул, аманат сертификатына окшош баалуу кагаз, бирок ага юридикалык жак гана ээлик кыла алат. Депозиттик сертификаттын банк-эмитенти менен анын кардары ортосундагы мамиленин негизин, банктык аманат (депозит) түптөйт. 

Идентификация кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу. 

Жеке ишкер бул, Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкө жараны же республика аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти жүзөгө ашырган, жарандыгы жок адам. 

Номиналдык сервис бул, уюмдагы расмий кызматка номиналдык жактардын (номиналдык директор, акционер, катышуучу ж.б.) дайындалышы же алардын уюмдун акционери (катышуучусу) катары иш алып баруусун чагылдырган кызмат көрсөтүү. Мында, номиналдык жак менен бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун) ортосунда түзүлгөн келишимге (макулдашууга) ылайык, бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) уюмга иш жүзүндө ээлик кылат жана анын ишин тескөөгө алат. 

Номиналдык жактар, кардардын ыйгарым финансылык чалгындоо органдын талаптарына ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруусу аркылуу банк тарабынан аныкталышы мүмкүн. 

Номиналдык акционер (катышуучу) бул, келишимдин (макулдашуунун) негизинде бенефициардык менчик ээсинин тапшыруусу боюнча формалдуу түрдө гана юридикалык жактын баалуу кагаздарына ээлик кылган жеке адам же юридикалык жак. 

Номиналдык директор бул, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бенефициардык менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү же оозеки тапшыруусунун негизинде иш алып барып, уюмдун ишин формалдуу түрдө тескөөгө алган адам. 

Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо органы. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма тобокелдиктерди тескөөнүн белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, деңгээлин төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку деңгээлинде күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү деңгээлинде жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү

Санкциялык тизмек террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарын таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги. 

Аманат сертификаты бул баалуу кагаз, ал акча каражаттарынын аманат катары банкка салынгандыгын жана белгиленген мөөнөт аяктаган учурда аманат суммасын же ал боюнча пайыздарды банктын кайсы болбосун мекемесинен алуу укугун тастыктайт. Жеке адам гана аманат сертификатына ээ боло алат. 

Жеке адамдар бул, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар.  

Юридикалык жак бул, менчигинде, чарбалык ишинде же оперативдүү тескөөсүндө обочолонгон мүлкү бар жана ошол мүлк аркылуу өз милдеттенмелери боюнча жооп бере алган, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ала алган жана жүзөгө ашырган уюм.»; 

- 15-пунктунун төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү «жерди пайдалануучу жер ээси» деген сөздөр «жердин менчик ээси /жерди пайдалануучулар» дегенге алмаштырылсын.»; 

- 21-пунктундагы «бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)» деген сөздөр «бенефициардык ээсин» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш: 

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе; 

- айкын такталбаган документтер берилсе. 

Мында, банк белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына тиешелүү билдирүүнү кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жөнөтүүгө тийиш.»; 

- Нускоону төмөнкү мазмундагы 22-1, 22-2, 22-3, 22-4-пункттар менен толукталсын: 

«22-1. Эгерде эсепти ачууда же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банктын операциялар (бүтүмдөр) террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу болгондугуна шектенүү туулганда, ал төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп тааныгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө.  

22-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүгө алуу келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгы тууралуу ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

22-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.  

22-4. Эгерде кардардын же бенефициардык ээсинин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышы бардыгы тууралуу маалымат болсо, банк кардар тарабынан жүргүзүлгөн операцияны (бүтүмдү) дароо токтотууга жана бул тууралуу финансылык чалгындоо органына, операция (бүтүм) токтотулгандан кийинки  

3 (үч) саат ичинде билдирүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу чечими кабыл алынганга чейин операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турат. 

Мүлккө арест коюу чечими кабыл алынбаган учурда, операцияны (бүтүмдү токтотуу белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт.»; 

- 25-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү «бенефициардык менчик ээсинин (пайда алуучунун)» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «бенефициардык ээсинин» дегенге алмаштырылсын;  

- 33-пунктунун: 

он биринчи абзацындагы «2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7» деген сөздөр жана сандар «2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8» дегенге алмаштырылсын; 

он төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 41-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Электрондук патентти берген учурда жеке ишкер электрондук патентти иш жүзүндө алгандыгын тастыктоо максатында, электрондук патенттин көчүрмөсүн кагазга чыгарып, аны банкка сунуштайт. Мында, банктын кызматкери электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тиешелүү программалык камсыздоосу бар мобилдик же башка түзүлүштүн жардамы менен электрондук патентке түшүрүлгөн QR-кодду сканирлөө аркылуу текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код мобилдик түзүлүштөрдүн таанышы үчүн атайын түзүлгөн патент жөнүндөгү маалыматты камтыган матрицалуу код (кош өлчөмдүү штрих код).»; 

- 52-пунктунун: 

үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылдыгы жөнүндө кардарга акыркы белгилүү болгон дарек боюнча кат жүзүндө маалымдайт, ал эми кардар жок болгон учурда, акча каражаттарынын калдыгы банктын системалык эсебинде (балансында) сакталат.»;  

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банк кардарга маалымдоодо телефон/электрондук байланыш кызматтарын кошумча колдонуп, билдирүүлөрдү кардардын мобилдик номерине/электрондук почтасына жөнөтө алат.»; 

- 53-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы «бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)» деген сөздөрдү «бенефициардык ээсин» дегенге алмаштырылсын; 

- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалымат болсо, банк ага алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартибин, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттарга мүмкүнчүлүк берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.»; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. «Өз кардарыңды бил» саясаты кардарларды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) банктык эсепти, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жол-жобосун; 

Кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. 

2) банк эсебин ачууга чейин жана ачуу процессинде, ошондой эле ушул Нускоодо каралган учурларда, эсеп ачуудан кийин кардарга верификация жүргүзүүгө

3) бенефициардык ээсин эсеп ачууга чейин жана аны ачуу процессинде верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талаптагыдай чараларды көрүүгө

4) кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга; 

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарга, биринчи кезекте, олуттуу тобокелдиктүү иш багытын жүргүзгөн кардарларга карата талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга; 

6) кардар менен ишкердик мамиле жөнгө салынган бүтүндөй мезгил ичинде анын иш багытына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана жүргүзүлгөн операцияларынын (бүтүмдөрүнүн) анын иш багытынын маани-маңызына, финансылык абалына жана каражат булагына ылайык келишине, ошондой эле террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгышы ыктымалдыгына туруктуу негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

7) банктын ыңгайына жараша кардардын эсеби боюнча ишке ашырылган операцияларга жана башка иш-чараларга көз салууга. 

Банктар кардар менен болгон ишкер мамилелерге жөнөкөйлөтүлгөн жана күчөтүлгөн текшерүүнү тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен жүргүзүп келет.»; 

3-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү «бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)» деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдөгү «бенефициардык ээси» дегенге алмаштырылсын

5-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- айдоочулук күбөлүгү (үчүнчү жактар тарабынан кардардын банк эсебин толукталган шартта гана);»; 

2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) чет өлкөлүк жарандар үчүн: 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту; 

- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;»; 

төмөнкү редакциядагы 3 жана 4-пунктчалары менен толукталсын: 

«3) жарандыгы жок жактар үчүн - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу; 

4) качкындар үчүн: 

- жакты качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо жөнүндө күбөлүк; 

- качкындын күбөлүгү.»; 

8-пунктунун «террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

10-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- расмий документтерден маалыматтарды тастыктоо. Тастыктоочу документ катары ушул тиркеменин 5-пунктунда келтирилген инсандыгын тастыктаган документтер колдонулушу мүмкүн;»; 

14-пунктундагы «бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну)» деген сөздөр «бенефициардык ээсин» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин:  

4-пунктундагы «террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү «терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан кардарларга баалуулуктарды сактоосу үчүн банктык жеке сейфтердин сунушталышы жөнүндө» нускоонун: 

- 6-пунктундагы «бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучу)» деген сөздөр «бенефициардык ээсин» дегенге алмаштырылсын»; 

- 10-пунктунун: 

биринчи абзацындагы: 

«кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисстик ишти каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

«бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу)» деген сөздөр «бенефициардык ээси» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардардын, анын ишеним көрсөтүлгөн адамынын, бенефициардык ээсинин операцияларында шектүү операциялар белгилери камтылса банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, ошол жактардан операцияларына мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон кандай болбосун документтерди же маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Мында, банк шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө милдеттүү. Кардар жогоруда аталган документтерди/маалыматтарды сунуштоого жана идентификациялоо үчүн буга чейин берилген кайсы болбосун маалыматтардын жана документтердин өзгөргөндүгү тууралуу кат жүзүндө банкка маалымдап турууга тийиш.»; 

- 11-пунктунун экинчи абзацындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «финансылык чалгындоо органы» дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

токтомдун баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 79 жана 89-беренелеринин негизинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: ». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы  

№ 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«- финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо органы.»; 

- 10-пунктундагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында» дегенге алмаштырылсын, «терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр «финансылык чалгындоо органга» дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пунктундагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 12, 14-пункттарындагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризм менен экстремизмди каржылоо» жана «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоо тобокелдиги» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин VI бөлүгүндө

«Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында» деген сөздөр «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында» дегенге алмаштырылсын; 

47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Тобокелдик менеджеринин жана Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору.»;  

48-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына (МФЧК)» деген сөздөр «Финансылык чалгындоо органга» дегенге алмаштырылсын; 

49-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен» деген сөздөр «финансылык чалгындоо органы менен» дегенге алмаштырылсын; 

55-пунктундагы «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын, «терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-тиркемедеги «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризм менен экстремизмди каржылоого» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга)» дегенге алмаштырылсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1-главасынын: 

Үчүнчү абзацында «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын;  

Бешинчи абзацындагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» деген сөздөр «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 2, 5, 13, 24, 56, 61, 69-пункттарда ар кандай жөндөмөдө кездешкен «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 1-тиркеменин 7-пунктунда «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 2.2-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү «кызматкер» деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «кызматчы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.2.2-пунктундагы «ыйгарым укуктуу кызматкерлер» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу кызматчылар» дегенге, «кызматкерлердин макулдугу» деген сөздөр «кызматчылардын өздөрүнүн макулдугу» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.5-пунктундагы «көзөмөл блогунун кызматкерлери» деген сөздөр «көзөмөл блогунун кызматчылары» дегенге алмаштырылсын. 

- 3.1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын акционерлеринин курамында акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таркатууга каршы аракеттенүү жагында эл аралык стандарттарды (ФАТФ) иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюмдун сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин аймагында каттоодон өткөн жана ФАТФ аларга карата каршы аракеттерди көрүүгө мүчө-мамлекеттерди чакырган, өз алдынча же чогуу алганда банктын акцияларынын он же андан көп пайызына ээлик кылган же тескөөгө алган жактардын болушу. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.»; 

- 3.3-пунктунун экинчи абзацындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аркеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- Жобого карата 1-тиркемеде «кызматкеринин/леринин» деген сөз «кызматчынын/ларынын» деген сөзгө, «кызматкерлеринин» деген сөз «кызматчыларынын» деген сөзгө алмаштырылсын.  

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун: 

- 16-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, эмитенттин жана ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин камтыган операцияларга катыштыгы бар же жоктугу предметине террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган кызмат адамынын берген корутундусу;»; 

- тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынан болуп маалыматтарды идентификациялоого, верификациялоого, аныктоого, белгилөөгө жана финансылык чалгындоо органына берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчисинин деңгээлинде) банктын кызматкери саналат.». 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 28 жана 58-пункттарындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттерди көрүү маселелерине» жана «кылмыш жолу менен алынган киршелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелерин» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча» дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

он жетинчи жана он сегизинчи абзацтарындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

жыйырма алтынчы абзацтагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги» дегенге алмаштырылсын, «мыйзам талаптарын,» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын» дегенге алмаштырылсын; 

- 90, 91 жана 92-пункттарындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдигин» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 92-пунктундагы «иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

10. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 30-пунктундагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү» дегенге алмаштырылсын; 

- 34-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10) банкта Улуттук банктын террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банкта террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жүзөгө ашыруу; 

- 40-пунктунун тогузунчу абзацындагы «терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы иш-аракеттердин көрүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын. 

 

11. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 47-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

4) алдамчылык же алдамчылык схемаларынын бетин ачуу же террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) байланышкан операциялардын белгилерине туура келген бүтүмдөрдү аныктоо жөнүндө;». 

 

12. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинин: 

- 406-беренесиндеги «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча» дегенге алмаштырылсын. 

 

13. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобонун: 

- 3-бөлүгүнүн 8-пунктунун б пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясатты жана жол-жобону;»; 

- 4-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) ислам принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор;». 

 

14. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 1.5-пунктундагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү көз карашынан» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында» дегенге алмаштырылсын

 

15. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 50-пунктунун 7-пунктчасындагы 55-пунктунун 1-пунктчасындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча» деген сөздөрдү «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча» дегенге алмаштырылсын

 

16. Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы  

№ 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун: 

он сегизинчи абзацындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын;  

- жыйырманчы абзацындагы «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү тобокелдиги» деген сөздөр «Террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдиги» дегенге алмаштырылсын, «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын

- жыйырма экинчи абзацындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- 92, 93 жана 94-пункттарындагы «кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу)» дегенге алмаштырылсын, «ички контролдуктун» деген сөздөр «террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында» дегенге алмаштырылсын.