Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/48-4-(ПС) 

токтому  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы 51/4 

«Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы: 

- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарын тааныштырсын; 

- белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 18-сентябрындагы  

№2019-П-14/48-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун: 

1) 14310000 кодунун «Айыптар, санкциялар, конфискациялар» деген аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар»; 

2) 14311000 кодунун «Айыптар, санкциялар, конфискациялар» деген аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар»; 

3) «14311100» төлөм коду төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14311110»; 

4) 14300000 «Айыптар, туумдар, санкциялар, конфискациялар» тобу «14311100» элементинен кийин төмөнкү мазмундагы 14311120 элементи менен толукталсын: 

«14311120 «Туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар»; 

5)  Б тиркемесинин: 

- II. «Кирешелердин классификациясы» бөлүгүнүн «Салыктык эмес кирешелер» (14) категориясынын «14311100» абзацындагы «14311100» сандары «14311110» сандарына алмаштырылсын;  

- II. «Кирешелердин классификациясы» бөлүгүнүн «Салыктык эмес кирешелер» (14) категориясынын «14311100» абзацы төмөнкү мазмундагы «14311120» абзац менен толукталсын:  

«14311120 Айыптарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн акча каражаттары эсепке алынат».