Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-13\49-9-(НПА) 

токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-13\49-9-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Коммерциялык банктар, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, ушул жобонун 1 жана 3-пунктуларында көрсөтүлгөн банкнотторду/монеталарды түздөн-түз кабыл алгандан кийин жарактуу1 банкноттун/монетанын эквиваленттүү (алмаштырылган) суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү аркылуу, же коммерциялык банкта ачылган банк эсебине чегерүү жолу аркылуу алмаштырууга милдеттүү. Эгерде банкнот/монета шектенүүнү жаратса, анда мындай банкноттор/монеталар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына экспертизага жөнөтүлүп, Улуттук банк аларды алмаштырган учурда алмаштырылат.»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Улуттук банк, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса, ушул жобонун 1 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн банкнотторду жана монеталарды түздөн-түз экспертизага кабыл алгандан кийин жарактуу банкноттун жана монетанын эквиваленттүү (алмаштырылган) суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү аркылуу же коммерциялык банктардын биринде жеке адамга же юридикалык жакка ачылган банк эсебине чегерүү жолу аркылуу алмаштырууга милдеттүү.»; 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Ушул жобонун 1, 3 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн зыянга учураган банкнотторду/монеталарды жарактууга алмаштыруу, ошондой эле бир нарктагы банкнотту/монетаны Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда башкасына алмаштыруу суммаларды чектөөсүз жана кызмат акысыз жүргүзүлөт.  

Коммерциялык банктарда зыянга учураган банкнотту/монетаны алмаштыруудан же бир нарктагы жарактуу банкнотту/монетаны башкасына алмаштыруудан мыйзамсыз баш тарткан учурда, коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 210-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.»; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Жасалма белгилери камтылбаган, ушул жобонун 1, 3 жана 5-пунктуларында көрсөтүлгөн зыянга учураган, жүгүртүүдөн алынуучу, бирок кабыл алынып жана алмаштырылып берилүүгө тийиш болгон банкноттор/монеталар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, ушул жобонун 2, 4 жана  

6-пунктуларында каралган тартипте кабыл алынат жана алмаштырылып берилет.»; 

- 18-пунктундагы «3 жана 5-пунктуларында» деген сөз «1, 3 жана  

5-пунктуларында» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 19-пунктундагы «2011-жылдын 10-августундагы №44/3» деген сөздөр жана сандар «2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 20-пункт менен толукталсын: 

«20. Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкнотторуна /монеталарына түшүрүлгөн сүрөттөрдү же сүрөттөр түшүрүлгөн кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) мыйзамсыз пайдаланган жана көчүрүп чыгарган жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин  

214-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.»; 

- 5 жана 6-тиркемедеги ар түрдүү жөндөмөдөгү «банкноттун» сөзү тиешелүү жөндөмөдөгү «банкноттун/монетанын» деген сөздөргө алмаштырылсын.