Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 25-сентябрындагы
№ 2019-П-33\49-13-(НФКУ)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.».
2.Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.».
3.Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай мөөнөт ичинде өз иштерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.».
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорун тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов