Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-12\49-4-(НПА) 

токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин, «Ислам финансы ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

  

  

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 25-сентябрындагы  

2019-П-12\49-4-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун:  

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Ушул Жобонун талаптары коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде иш өзгөчөлүгүн жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминдерди эске алуу менен «ислам терезесине» ээ банктарды жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомуна таркатылат (мындан ары банктар).  

Мурда берилген кредиттердин ордун жабуунун, ошондой эле сатууга каралган банктык жайлар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун эсебинен банк ээ болгон кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүүдө банктарга карата талаптарды белгилөө ушул Жобонун максатынан болуп саналат.»; 

- 31-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:  

«Башка кыймылсыз мүлктү ислам принциптери боюнча каржылоо статусуна которуу өзгөчөлүктөрү ушул Жобонун 34-3-пунктунда каралган.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1-глава менен толукталсын:  

«6-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга карата башка кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашырууда кошумча талаптар.  

34-1. Ушул главанын максаттарында: 

- ижара мунтахийя биттамлик келишими бул, банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча атайы менчикке сатылып алынган мүлктү (активди) же кардар банкка кайрылган учурда банктын менчигинде турган мүлктү (активди) макулдашылган мөөнөткө, акы төлөө негизинде, мүлктү (активди) кайра сатып алуу укугунда кардарга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга мүлктүк ижарага сунуштоо келишими;  

- мушарака келишими бул, шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ошол үлүшкө менчик укугу ага толук өтмөйүнчө акырындап сатып алууга убада берет. Бул операция өнөктөштүктү түзүүдөн тартып башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат. 

34-2. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн активдерден тышкары «башка кыймылсыз мүлк» дегенден улам, кардар банк менен келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгынан (толук же анын бир бөлүгү) банктын башка мүлкү статусуна өткөн, ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдеринин предмети болуп саналган кыймылсыз мүлктү түшүнүү зарыл.  

Банк кардар менен түзүлгөн келишимди токтотууга чейинки 30 (отуз) күн мурда ал тууралуу кардарга талаптагыдай негизде билдирүүгө милдеттүү

Кардар менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери токтотулган күндөн тартып актив баланста башка кыймылсыз мүлк катары таанылууга тийиш. Башка кыймылсыз мүлктү кармап калуу мөөнөтү актив баланска башка кыймылсыз мүлк катары кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.  

«Башка кыймылсыз мүлк» категориясына которулган, ижара мунтахия биттамлик келишиминин предмети болуп саналган актив баланстык наркы боюнча таанылышы зарыл. Активдин баланстык наркы ижара мунтахия биттамлик келишими колдонулган мезгил ичинде топтолгон амортизацияны кемитүү (минуска чыгаруу) менен анын баштапкы наркына барабар болууга тийиш. 

Башка кыймылсыз мүлктү сатуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун эсебинен кардарга төлөнүп берилген суммага барабар болгон, сатып өткөрүү учурунда түшкөн сумманы кардарга төлөп берүү банктын милдеттенмеси болуп саналат. 

Кардар ижара мунтахия биттамлик келишиминин предмети болуп саналган кыймылсыз мүлктү ижарага алган айкын мөөнөт ичинде мезгил-мезгили менен төлөнбөй калган ижара төлөмүн банк өндүрүп алууга укуктуу. 

Мушарака келишиминин предмети болуп саналган, «башка кыймылсыз мүлк» категориясына которулган актив ушул жобонун 5-главасына ылайык бааланууга жана банктын балансында таанылууга тийиш. 

Башка кыймылсыз мүлктү сатуу жана биргелешип ээлик кылган активде банктын үлүшүнөн ашкан, сатып өткөрүүдөн түшкөн сумманы кардарга төлөп берүү банктын милдеттенмеси болуп саналат. 

Кардар мушарака келишиминин предмети - иш жүзүндө биргелешип ээлик кылган кыймылсыз мүлктүн ижарачысы болуп саналган айкын мөөнөт ичинде мезгил-мезгили менен төлөнбөй калган ижара төлөмүн банк өндүрүп алууга укуктуу. 

34-3. Банк ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери боюнча сунушталган башка кыймылсыз мүлктү төмөнкү талаптарды сактаган шартта каржылоо катары эсепке алышы мүмкүн: 

1) кардардан/өнөктөштөн төмөнкүлөрдү эске алуу менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимдери боюнча сатып алууга билдирме келип түшкөндүгүнө байланыштуу, башка кыймылсыз мүлк «ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн каралган активдер» же «мушарака келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн каралган активдер» категориясына которулган: 

а) кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр анын төлөө кудуреттүүлүгүн чагылдырса; 

б) кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү тиешелүү документтер менен тастыкталган болсо; 

в) кардар/өнөктөш, тиешелүү мүлк банк менен байланыштуу болбогон жакка сатылган учурда жалпы сатуу баасынын 15 % кем эмес өлчөмдө, ал эми ошол эле мүлк банк менен байланыштуу жак же аффилирленген жак аныктамасында камтылган жакка сатылган шартта 40% кем эмес өлчөмдөгү акча каражатын банкка салууга тийиш. 

2) кардар менен ижара мунтахия биттамлик же мушарака келишимин түзүүдө банк активди «ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча сунушталган каржылоо» же «мушарака келишими боюнча сунушталган каржылоо» категориясына которот; 

3) ижара мунтахия биттамлик келишими боюнча өткөрүлүп берилген активдерди амортизациялоо мөөнөтү келишим мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.  

34-4. Жобонун ушул главасында чагылдырылган башка кыймылсыз мүлк Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык классификацияланат. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгили-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин: 

1) «Баланстык отчет» деп аталган 1-бөлүгүнүн «Ислам терезеси» алкагында банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» деп аталган 1.З-бөлүкчөсүнүн: 

- «Банктарга жана финансы-кредит уюмдарына берилген каржылоо, анын ичинде:» деп аталган 7-пунктунун «в» жана «г» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

в) шарика келишими боюнча 

 

 

г) мушарака келишими боюнча  

 

 

»; 

- «Башка кардарларга берилген каржылоо, анын ичинде:» деп аталган 8-пунктунун «в» жана «г» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

в) шарика келишими боюнча 

  

 

г) мушарака келишими боюнча  

  

 

»; 

- «Андан ары кардарларга берилүүчү активдер» деп аталган 11-пункт төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

« 

анын ичинде: 

 

 

а) кыймылсыз мүлк 

 

 

б) кыймылдуу мүлк  

 

 

»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын: 

« 

12-1. Мушарака келишими боюнча кардарларга андан ары өткөрүлүп берилүүчү активдер 

 

 

анын ичинде: 

 

 

а) кыймылсыз мүлк 

 

 

б) кыймылдуу мүлк  

 

 

»; 

2) «Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» деп аталган 2-бөлүктүн «Ислам терезеси» алкагында банк тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар боюнча түшкөн пайда менен кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» деп аталган 2А бөлүкчөсүнүн: 

- «Финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде:» деп аталган 5-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде:» деп аталган 6-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Каржылоо операциялары боюнча келтирилген чыгашалар, анын ичинде:» деп аталган 18-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин: 

1) «Баланстык отчет» деп аталган 1.А. бөлүгүнүн:  

- «Банктарга жана финансы-кредит уюмдарына берилген каржылоо анын ичинде:» деп аталган 8-пунктунун «в» жана «г» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

в) шарика келишими боюнча 

 

 

 

г) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Башка кардарларга берилген каржылоо, анын ичинде:» деп аталган 9-пункттун «в» жана «г» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

в) шарика келишими боюнча 

 

 

 

г) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Кардарларга кийин берүү үчүн активдер» деп аталган 12-пункт төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

« 

анын ичинде: 

 

 

а) кыймылсыз мүлк 

 

 

б) кыймылдуу мүлк  

 

 

»; 

- бөлүк төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын: 

« 

13-1. Мушарака келишими боюнча кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер, анын ичинде: 

 

 

 

а) кыймылсыз мүлк  

 

 

 

б) кыймылдуу мүлк 

 

 

 

 

 

 

»; 

2) «Пайдалар, чыгашалар жана чогуу алгандагы кирешелер боюнча отчет» деп аталган 2-бөлүктүн: 

- «Финансы-кредит уюмдарына берилген каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде:» деп аталган 7-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Башка кардарларга берилген каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде» деп аталган 8-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

»; 

- «Каржылоо операциялар боюнча чыгашалар, анын ичинде» деп аталган 20-пункттун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

б) шарика келишими боюнча 

 

 

 

в) мушарака келишими боюнча  

 

 

 

».