Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 30-сентябрындагы 

№ 2019-П-14/50-4-(ПС) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун 6-пунктунун жыйырма жетинчи абзацын, 3032-пунктуларын күчүн жоготкон катары тааныган жоболор, ошондой эле 33-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/50-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- жыйырма жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 14-пунктунун «электрондук акча» деген сөздөрүнүн алды «бир эмитент банктын алкагында» сөздөрү менен толукталсын; 

- 20-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачууда (эгерде оператор Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы оператор болгон учурдан тышкары) анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталууга же тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда, штаттан тышкаркы жагдайларды кошуу менен мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга тийиш;»;  

пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- банк менен оператор ортосунда операциялар боюнча маалыматтарды электрондук акча системасында айкын убакыт ыргагында (on-line) шайкеш келтирүү же болбосо бир күндө эки жолудан кем эмес жүргүзүү.»; 

- 21-пунктунун экинчи сүйлөмү «Улуттук банктын» деген сөздөрдөн кийин «, талаптарды кошуу менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-главанын 1-параграфы төмөнкү мазмундагы 22-3-пункт менен толукталсын: 

«22-3. Электрондук акча операторунун функциясын жүзөгө ашырган Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш.»; 

- 25-пунктунда «капчык» деген сөз «акча» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-главанын 2-параграфы төмөнкү мазмундагы 29-1-пункт менен толукталсын: 

«29-1. Оператор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш.»; 

- 30, 31, 32-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 33- пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Банк, агент электрондук акча ээсинин жеке адамды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү.»; 

- 3-главанын 5-параграфы төмөнкү мазмундагы 47-1 пункт менен толукталсын: 

«47-1. Агент (дистрибьютор) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышына жана аткарылышына жооптуу кызмат адамын дайындоого тийиш.»; 

49-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардын ордун өз агенттери аркылуу жабуу боюнча ички ченемдик документтер (жоболор, жол-жоболор, колдонмолор ж.б.), анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды сактоо саясаты жана жол-жобосу, ошондой эле тиешелүү жоболор жана колдонмолор;”; 

- 51- пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ар бир агент тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын санынын жана көлөмүнүн эсебин жүргүзүү жана электрондук акча системасындагы операциялар жана банктын бухгалтердик балансындагы, ага ылайык электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча агенттин банктык эсебиндеги көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш болгон электрондук акча калдыктары боюнча кеминде күнүнө бир жолу салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү;»; 

- 54-пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент ага банк тарабынан берилген электрондук акчанын эмиссиясынын суммасына барабар акча каражатын банкка которот.»; 

- 56-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Банк чыгарылган электрондук акчанын ордун нак акча каражаттарына алмаштыруу же нак акча каражаттарын ача ээсинин банк эсебине же ал тарабынан көрсөтүлгөн эсепке кошумча акы жана комиссияларды алуусуз, банктын келишимде белгиленген тарифтери боюнча ордун жабууга милдеттүү.»; 

- 60- пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Өткөрүлгөн транзакциялардын саны 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн жогору болушунда акча ээси тарабынан электрондук капчыктын интерфейсинде же смс-билдирүү аркылуу алган кодду киргизүү жолу менен транзакция боюнча кошумча тастыктоо талап кылынат.»; 

- 65-пунктун 1-пунктчасы «транзакцияларды өткөрүүдө» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде штаттан тышкаркы жагдайларда,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. Эгерде электрондук акчаны которуу форс-мажордук жагдайлардан улам же анын натыйжасында ишке ашырылбай калса, банк акча ээси алдында жоопкерчилик тартпайт.»; 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы 74-1-пункт менен толукталсын: 

«74-1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунан/эл аралык электрондук акча эмитентинен электрондук акча/электрондук акча каражатынын операторунун/эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча ишин жүзөгө ашыруу укугун каттоо жөнүндө ал жайгашкан өлкөнүн аталган ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксат берүү документтери, лицензиясы/сертификаты/күбөлүгү кайтарылып алынган учурда, ошондой эле эл аралык электрондук акча системасынын эмитенти/оператору тарабынан эл аралык электрондук акча системасынын агенти менен түзүлгөн келишим белгиленген мөөнөт ичинде берилбесе, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет.»; 

- 82-пункту «каралган банк эсебинде» деген сөздөрдөн кийин «гана» сөзү менен толукталсын; 

- 90-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) электрондук акча системасынын үзгүлтүксүз иштегенин камсыз кылуу планынын болушу.». 

- 1-тиркемеде: 

«Электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу иши тууралуу отчет» Жеке адамдар боюнча таблицасында «Пайдалануучулардын саны (электрондук капчыктардын саны)» 3-графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

 

«Пайдалануучулардын саны 

(электрондук капчыктардын саны)» 

Идентификацияланган 

Идентификацияланбаган 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

».