Кайта келүү

 

 

 

 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин  

бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамынын 2 жана 15-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, «Мамлекеттик ипотека компаниясы» ачык акционердик коомун, Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын «1» ноябрындагы 

№ 2019-П-33\55-2-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме  

 

 

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан иши лицензияланган жана жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдары аркылуу ишке ашырылган узак мөөнөттүү контракттык турак жайга каражат топтоо системасын колдонууга киргизүү жана жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. 

2. Турак жай-сактык кредиттик система (мындан ары ТСКС) Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) акча каражаттарын тартууга жана аларга кредиттик келишимдин шарттарына ылайык узак мөөнөттүү максаттуу кредиттерди сунуштоого негизденген турак жайды каржылоо системасы. 

3. Турак жай-сактык кредиттик компания (мындан ары ТСКК) айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияга ээ банк эмес финансы-кредит уюму болуп саналат жана анын иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарга (депозиттерге) багыттоого жана анын аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулушка, турак жайларды же батирлерди сатып алууга же турак жай шартын жакшыртууга кредиттерди сунуштоого багытталган. 

4. Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөлдөйт жана жөнгө салат.  

5. Эрежелерде колдонулган негизги түшүнүктөр: 

ТСКК агенти тиешелүү келишимдин (макулдашуунун) негизинде турак жай-сактык кредиттик компанияга агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак же жеке адам (консультант).  

Турак жай-сактык аманат (депозит) ТСККнын аманатчылары тарабынан ТСККнын эсебине салынган жана аманатчылардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган улуттук валютадагы акча каражаттар суммасы.  

Кредит бул мөөнөттүүлүк, төлөө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук, максаттуу пайдалануу жана камсыздоо шарттарында кредиттик келишимдин шарттарына ылайык ТСКК тарабынан катышуучуга сунушталуучу узак мөөнөттүү каржылоо, ал жеке курулуш, турак жайларды же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында колдонулат. 

Башкы макулдашуу турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин негизги шарттарын жана кийинчерээк кредит берүүнү камтыган ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлгөн макулдашуу.  

Турак жай-сактык аманат (депозит) келишими ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлгөн келишим, катышуучу ал боюнча башкы макулдашууга ылайык кредит алуу үчүн ТСККнын эсебинде өздүк акча каражаттардын белгиленген суммасын топтойт.  

Келишим суммасы бул турак жай-сактык аманат (депозит) суммасы, ТСККнын ал боюнча эсептеген сый акы суммасы, ал эми кредит суммасы Башкы макулдашууга ылайык аныкталат.  

Кредиттик келишим кредитти Башкы макулдашууга, ушул Эрежелерге жана ТСККнын ички документтерине ылайык алуу максатында ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлгөн келишим. 

Топтоо мөөнөтү мезгил аралыгы, анын ичинде катышуучу тарабынан турак жай-сактык аманатты (депозитти) топтоо жүргүзүлөт.  

Катышуучу жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредит алуу максатында ТСККнын эсебине акча салган ТСКСтин катышуучу-адамы. 

Аралык кредит жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртуу максатында ТСКК тарабынан катышуучуга топтолгон акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн мөөнөтүнөн эрте (турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык каражаттарды толук топтоо мөөнөтү келип жеткенге чейин) топтоо шартында, ошондой эле ушул Жобонун 82-пунктунун талаптары сакталган шартта берилүүчү кредит. Мында, турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык акча каражаттарынын минималдуу зарыл өлчөмүн топтоо мөөнөтү аяктаганга чейин аралык кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү башка болушу мүмкүн жана ал Башкы макулдашууда аныкталат.  

Баа берүү көрсөткүчү бул ТСКК тарабынан ар бир Башкы макулдашуунун негизинде ТСКС боюнча келишимдик суммаларды төлөө кезегин түзүү үчүн аныкталган эсептешүү өлчөмү, анын алкагында турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча топтолгон акчанын суммасынын дал келиши, катышуучу тарабынан кредиттин зарыл деңгээлде камсыздалышы, катышуучунун кредиттин ордун жабуу үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнүн тастыкталышы каралат.  

ТСККнын банк-агенти ушул Эрежелердин талаптарына ылайык аманатчылар боюнча кассалык эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн ТСКК тарабынан тандалып алынган банк. 

Топтолгон акчалардын минималдуу зарыл өлчөмү Башкы келишимдин шарттарына ылайык кредит алуу үчүн зарыл болгон, Башкы келишимге ылайык ТСКК тарабынан ага сыйакы эсептелинген турак жай-сактык аманат (депозит) суммасы. 

 

2-глава. ТСККнын ишине карата талаптар  

 

6. ТСКК ички контролдук системасын камсыз кылууга тийиш, ал туруктуу негизде иш максаттарына жетүүгө алгылыксыз таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролдоо, аныктоо жана баа берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш.  

7. ТСККда, ишке ашырылып жаткан операциялардын түрүн жана көлөмүн эске алуу менен ТСККнын ишинде тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоо, аларга баа берүү жана чектөөнү камсыз кылган, тобокелдиктерди контролдоо ыкмаларынын ТСКК тарабынан колдонулушу каралган тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштурууга карата талаптардын шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия |алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдоо жана ички аудит системасын уюштуруу боюнча методикалык сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык жүзөгө ашырылат. 

8. ТСКК убактылуу бош турган каражаттарды төмөнкүлөргө жайгаштырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдерине жана башка жогору ликвиддүү баалуу кагаздарга; 

2) Улуттук банк тарабынан лицензияланган банктардагы депозиттерге. 

Мында бош турган каражаттарды бир коммерциялык банкта жайгаштыруу, тартылган турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) жалпы суммасынын 20% жогоруну түзбөөгө тийиш.  

9. ТСКК убактылуу бош турган акча каражаттарды жайгаштырууда коммерциялык банктарды тандоо үчүн төмөнкү критерийлерди сактоого тийиш: 

- коммерциялык банк Улуттук банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугу каралган лицензиясына ээ болууга; 

- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актыларда белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоого; 

- тандоого чейинки акыркы 12 ай ичинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган; 

Таасир этүү чараларына Улуттук банктын коллегиалдуу органынын чечими боюнча сунушталган жазма буйруктарды эске албаганда, көзөмөл чараларын ишке ашыруунун жүрүшүндө коммерциялык банктарга сунушталган жазма буйруктар кирбейт.  

- Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда банктык кызматтарды сунуштоо үчүн филиалдардын, сактык жана көчмө кассаларынын болушу; 

- акыркы үч жыл ичинде жыл сайын пайда алуу менен ишкердикти жүргүзүүгө

- тышкы аудитордун тандоого чейинки акыркы эки жыл ичинде эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарына ылайык келүүсүн тастыктаган, эскертүүлөр камтылбаган корутундусунун болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу аманаттары боюнча карыз болбоого; 

- Улуттук банк жана анын туунду компаниялары, ошондой эле башка кредиторлор жана контрагенттер алдында мөөнөтү өтүп кеткен, орду жабылбаган карыздын жоктугу; 

- банктык кызматтар үчүн алгылыктуу тарифтер (Кыргыз Республикасынын банк тутумунун орточо тарифтерине салыштырганда) белгиленүүгө (эсеп ачуу жана жүргүзүү, пластик карттарын чыгаруу жана тейлөө, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.); 

- банктын активдеринин үлүшү тандоого чейинки акыркы отчеттук күнгө карата банк тутумунун активдеринин кеминде 1 (бир) пайызын түзүүгө тийиш; 

- тандоого чейинки акыркы отчеттук күнгө карата жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга эсептешүү эсептерин ачууга, кредиттөөгө тыюу салуулар же чектөөлөр болбоого;  

- банкка атайын режимдер киргизилбөөгө.  

ТСКК тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен ушул пункттун критерийлерине жооп берген, так маалыматтарды банктардан талап кылууга тийиш. 

10. ТСКК турак жай-сактык аманаттарды (депозиттерди) топтоо жана кредит берүү боюнча негизги ишинен тышкары өз ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) ТСКК алдында милдеттенмелер боюнча карызынын орду жабылбаса ТСКК катышуучунун (күрөө коюучунун) милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн анын күрөөгө коюлган мүлкүн өндүрүүгө жана сатып өткөрүүгө

2) ТСКК негизги ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды сунуштоого; 

3) катышуучуга эсептин (эсептердин), операциялардын абалы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ал боюнча кайсы болбосун маалыматтык материалдарды берип турууга; 

4) катышуучуга берилген кредиттин максаттуу колдонулушун текшерүүгө

5) эсепте келишимде белгиленген мөөнөт ичинде акча каражаттар жок учурда же болбосо катышуучунун буйруусу боюнча ошол эсеп боюнча операциялар ишке ашырылбаса, катышуучуга бир календардык ай мурда кат жүзүндө билдирүү менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишимин бир тараптуу негизде токтотууга. Мында, эсептеги акча каражаттардын калдыгы катышуучуга анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде банк-агенттин кассасы аркылуу беш күндөн кечиктирбестен берилет же башка эсепке которулат; 

6) турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин аралык кредиттерин сунуштоого гарантия бербөөгө

11. ТСКК катышуучулардын эсебин жүргүзүүгө жана алардын кредит алуу үчүн эсептерде топтолгон турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) сакталышын камсыз кылууга тийиш. ТСКК катышуучунун талабы боюнча анын эсеби боюнча көчүрмөнү кат жүзүндө сунуштайт. 

12. ТСККнын катышуучуга турак жай-сактык аманаттарды (депозиттерди) кайтаруу тартиби жөнүндө ички документи болууга тийиш.  

ТСКК турак жай-сактык кредиттик системасынын жалпы принциптерин жана аталган системанын Башкы келишиминин стандарттык шарттарын иштеп чыгуусу зарыл, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- иштөө принциптери; 

- катышуучулардын жана ТСККнын укуктары жана милдеттери; 

- турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жана топтоо, кредиттерди сунуштоо боюнча жалпы эрежелер; 

- шарттарды өзгөртүү жана параметрлерди корректировкалоо эрежелери; 

- турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча сый акыларды эсептөө методологиясы; 

- ТСКС боюнча келишимдик суммаларды төлөө кезегин түзүү үчүн баа берүү көрсөткүчүн эсептөө методологиясы; 

- турак жак-сактык аманат жана кредит боюнча пайыздык чендер жана алардын мөөнөттөрү

- келишимдик сумма; 

- аралык кредиттерди сунуштоо шарттары жана алар боюнча пайыздык чендер; 

- башка шарттар. 

13. Топтоо мөөнөтү өткөндөн кийин жана катышуучу зарыл көлөмдөгү акчаны топтой албаган шартта, катышуучу турак жай-сактык аманатты (депозитти), ТСКК ага чегерген сый акыны алууга укуктуу. Мындан тышкары, ТСККнын катышуучусу ТСККнын эсебинде топтоо үчүн турак жай-сактык аманат (депозит) келишимин узартуу укугуна ээ.  

14. Катышуучулардын эсептеринде көрсөтүлгөн топтолгон акча каражаттар (турак жай-сактык аманаттар (депозиттер)) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылууга тийиш.  

15. Катышуучуга келишимдик сумманы төлөө Башкы макулдашууда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. 

16. ТСКК өзүнүн негизги ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү сатып алышы жана ажыратып алышы мүмкүн. 

17. ТСККнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминде ТСККнын сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлктү пайдалануу планы чагылдырылууга тийиш. ТСККнын кыймылсыз мүлк менен операцияларына/бүтүмдөрүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого ылайык келтирилет. 

18. ТСКК, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, өз катышуучуларынын банктык сырды түзгөн турак жай-сактык аманаттары (депозиттери), бүтүмдөрү тууралуу кандайдыр бир маалыматты кайсы болбосун үчүнчү жакка сунуштоого укугу жок.  

19. ТСКК кредит портфелин (факторинг) кошо алганда, карыздык милдеттенмелерин Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуусуз сатып алууга жана андан ары башка юридикалык жакка сатууга укугу жок.  

20. ТСККнын агенттери катышуучуларга (потенциалдуу катышуучуларга) ТСКК жана ТСКК тарабынан сунушталган продукттар, турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин жана/же кредиттик келишимдин шарттары, аны түзүү жана аткаруу, ошондой эле кардардын/катышуучунун ТСККга кошулуу жөнүндө өтүнүч катын, ага кошо тиркелүүчү документтерди тариздөө жана аларды ТСККга жөнөтүү тартиби боюнча консультация берүү жөнүндө маалымат сунуштоо жагында агенттик кызматтарды сунушташат.  

ТСККнын агенттери-юридикалык жактар, консультанттар тарабынан сунушталган агенттик кызматтардан тышкары, ТСККнын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызматтарды сунушташат. ТСККнын катышуучусу ТСККга тиешелүү кат жүзүндө талап менен кайрылуу аркылуу ТСККнын агенти жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.  

ТСККнын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында агенттик кызматтарды сунуштаган агенттер катары Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын оператору гана болушу мүмкүн.  

ТСККнын агенттери ТСККнын милдеттенмелери боюнча, ал эми ТСКК анын агенттеринин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.  

 

3-глава. ТСККнын кредиттик саясаты  

 

21. ТСККнын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредит саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.  

22. Кредиттик саясатта ТСККнын кызматкерлери кредиттерди сунуштоодо, тариздөөдө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүдө, аларды тескөөдө таянууга тийиш болгон стратегия, критерийлер, параметрлер жана жол-жоболор аныкталат.  

23. ТСККнын кредиттик саясаты төмөнкүдөй жоопкерчилик менен кредиттөө принциптерине негизденүүгө тийиш: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, катышуучуларга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу. 

24. Кредиттик саясатта кеминде кредит берүүгө тиешелүү бардык төмөнкүдөй негизги жоболор чагылдырылууга тийиш:  

1) жалпы жоболор, анын ичинде:  

- потенциалдуу катышуучулардын курамы;   

- кредиттердин түрлөрү

- кредиттөөнүн сандык чеги;   

- кредиттөө мөөнөттөрү;   

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлери;   

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары;  

- катышуучунун финансылык маалыматтарына карата талаптар;   

- географиялык чектөөлөр;   

- кредиттердин топтолушу (катышуучулардын тобу, географиялык белгилери жана башка факторлор боюнча);   

- ТСКК менен аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөр;  

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде кредитти тариздөө учурунда ошол күрөө предмети катышуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп санала тургандыгына байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү критерийлери;  

- кредит берүү жол-жоболорунун сакталышына контролдук;  

- кредит портфелинин активдерге карата катышы;  

- кредит портфелиндеги кредиттин ар бир түрүнүн салыштырма салмагы;  

- жана башкалар;  

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде:  

- документтердин формалары;  

- кредиттерди берүү тартиби;  

- кредит сунуштоого макулдук берүү тартиби; 

- кредит алууга жана кредит берүүгө билдирмени кароо мөөнөтү

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөөгө карата талаптар;  

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөө түрлөрү, күрөөнүн кредитке карата катышы, рыноктук наркка баа берүү жана анын жайгашкан жери);  

- кредиттик келишимдин туура таризделишине контролдук;  

3) кредит портфелин тескөө боюнча талаптар, анын ичинде: 

- кредит портфелин тескөө тартиби;  

- катышуучунун шайкеш кредиттик таржымалынын жүргүзүлүшү

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү жана кредитти максаттуу пайдалануу мезгилдүүлүгү;  

- мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары;  

- кредит портфелине көз карандысыз баа берүү процесси; 

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камды классификациялоо жана аны түзүү;  

- маалымат системаларына (отчеттуулукка) карата талаптар; 

- башка менчик менен иштөө тартиби; 

4) кредиттин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен кредит берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттерди берүү жана ТСККнын баланстан тышкаркы милдеттенмелерди алуу укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш, алар кредиттөө ишинде жол берилген кемчиликтер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат; 

5) кредиттөө процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктарды өткөрүп берүү жана маалыматтарды сунуштоо боюнча милдеттер; 

6) «проблемалуу» кредиттерди аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларга байланыштуу жагдайларды чечүү тартиби; 

7) үстү-үстүнөн кредит алууга бөгөт коюуга багытталган, баа берүү жана отчет түзүү системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү талаптары камтылган жооптуу кредиттөө принциптери (катышуучу катар милдеттенмелерге ээ болсо, анын ичинде бир нече финансы-кредит уюмдарында катар милдеттенмелери болсо, катышуучунун карыз оорчулугу анын милдеттенмесин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн артышы мүмкүн). 

25. ТСКК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, ТСКСтин катышуучулар чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредит портфелин түптөйт жана пайыздык чендерди белгилейт. 

26. Кредиттер ТСКСтин катышуучусуна улуттук валютада, ошондой эле Башкы макулдашууда чагылдырылууга тийиш болгон, ушул Эрежелердин 54-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар аткарылган учурда берилет: 

1) турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча алган милдеттенмелерге топтолгон акча суммасынын жетиши;  

2) катышуучу тарабынан кредиттик камсыздоонун сунушталышы; 

3) катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктоо. 

Аралык кредиттер ТСКСтин катышуучусуна улуттук валютада, ошондой эле ушул Жобонун 82-пунктунда белгиленген, Башкы макулдашууда чагылдырылууга тийиш болгон төмөнкү шарттар сакталган учурда берилет: 

1) топтолгон каражаттар суммасынын турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге жеткенде; 

2) катышуучу зарыл кредиттик камсыздоону сунуштаган учурда; 

3) катышуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү тастыкталган шартта. 

27. ТСККнын так жана кылдат иштелип чыккан кредит саясаты кредиттер менен алгылыктуу натыйжада иш алып барууга көмөктөшөт, анын ишинде туруктуулукту жана пайда алууну камсыз кылат.  

28. ТСККнын башкармасы кредиттик саясаттын жана кредиттик стратегиянын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, бул үчүн кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.   

28. ТСККнын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. Мындан тышкары, ТСККнын Директорлор кеңеши зарыл учурларда, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы ТСККнын тобокелдик профилинин өзгөрүшүнө жараша кредиттик саясатын кайра карап чыгууга милдеттүү.  

30. Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет тарабынан же Кредиттик комитет ички документтерге ылайык укук чегерген адамдар тарабынан гана чечилүүгө тийиш, мында Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер эске алынбайт.   

31. ТСККнын аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына кредит берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Директорлор кеңеши ТСККнын аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына кредит берүү жөнүндө чечимин жактырышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

32. Мындан тышкары, кредиттик саясатта ТСККнын Кредиттик комитетинин жана/же Башкармасынын кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары чектөөлөрү менен чагылдырылууга тийиш. Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечимдери Директорлор кеңешине чейрек ичинде кеминде бир жолу маалымдалып туруусу зарыл. Өзүндө ири кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат.  

33. ТСКК кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча кызматкерлерин анда колдонууга киргизилген катышуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү боюнча методиканы эске алганда, катышуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер боюнча иш алып баруу, ошондой эле башка кредиттөө маселелери, анын ичинде кардарлар, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу кредиттөө принциптери боюнча коммуникацияны кошо алганда, мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.  

34. ТСКК тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.  

 

4-глава. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби 

 

35. ТСКК менен анын катышуучусу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугу сунушталат). Келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

36. Кредиттик келишимдин тексти катышуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей жана кеминде 12 шрифт менен берилүүсү талап кылынат.  

37. Кредиттик келишимге кол коюуда ТСКК кызматкерлери кийин аны кайтарууда проблемалардын орун алышына жол бербөө максатында, кредитти сунуштоо жана төлөө шарттары боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

38. ТСКК кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде алмаштырууга укугу жок. Кредиттик келишимдин баштапкы шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, кошумча макулдашуу түзүлөт.  

39. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал кредитти төлөө мөөнөтүн жана катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына номиналдуу пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылууга жана ага эки тарап тең кол коюуга тийиш.   

40. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) тараптардын аталышы;   

2) келишим предмети;  

3) кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү;  

4) кредитти сунуштоонун негизги шарттары, анын ичинде пайдалануу максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү зарыл; 

5) катышуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;  

6) ТСККнын укуктары жана милдеттери; 

7) кредиттик бюрого кардар/катышуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;   

8) кардардын катышуучу кредиттик келишим түзүү мезгилинде жана акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан акы төлөөсүз баш тартуу укугу;   

9) кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ТСККга алдын ала маалымдоо менен кандайдыр бир айыптык санкцияларды төлөөсүз кайсы болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; 

10) форс-мажордук жагдайлар орун алган учурдагы шарттар. 

41. ТСКК катышуучусу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин катышууга кеминде төмөнкү документтер сунушталууга тийиш: 

1) тараптар кол койгон кредиттик келишим, ага карата бардык документтер;   

2) кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги; 

3) Улуттук банктын талаптарына ылайык, пайыздык чендерди (номиналдуу жана эффективдүү) белгилөө тартиби кредиттик келишимде жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш; 

4) күрөө жөнүндө келишим. 

42. Негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген карыздар үчүн үстөк айыптар (айыптык төлөмдөр, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдуу пайыздык ченден ашпоого тийиш, кредиттин колдонуу мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптардын (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

43. ТСКК «проблемалуу кредит» боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн учурдан тартып, 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыптардын (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды) чегерилишин токтотууга тийиш.  

 

5-глава. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине карата талаптар  

жана аны түзүү тартиби 

 

44. ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлүүчү турак жай-сактык аманат (депозит) келишими, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугу сунушталат). Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

45. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин тексти катышуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери анын өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей, кеминде 12 шрифт менен берилүүсү талап кылынат.  

46. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине кол коюуда ТСКК кызматкерлери/агенттери катышуучуга кийин проблемалардын орун алышына жол бербөө максатында, турак жай-сактык аманат (депозит) алардын негизинде түзүлө турган бардык шарттар боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

47. ТСКК турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде алмаштырууга укугу жок. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин баштапкы шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, кошумча макулдашуу түзүлөт. 

48. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- келишим предмети; 

- келишим тараптары; 

- турак жайга каражаттарды топтоо мөөнөтү

- пайыздарды эсептөө жана төлөө тартиби; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- топтолгон акчалардын минималдуу зарыл өлчөмү

- турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча сыйакы ченинин өлчөмү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- келишимге өзгөртүү киргизүү жана аны токтотуу шарттары; 

- тараптардын жоопкерчилиги; 

- келишимде тараптар макулдашкан башка шарттар дана каралышы мүмкүн; 

- тараптардын кол тамгалары. 

49. ТСККнын катышуучусу менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишимин түзгөндөн кийин катышуучуга кеминде төмөнкү документтер сунушталууга тийиш: 

1) тараптар кол койгон турак жай-сактык аманат (депозит) келишимиинин түп нускасынын бири, ага карата бардык документтер; 

2) пайыздык чендерди түзүү тартиби Улуттук банктын талаптарына ылайык жылдык мааниде турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.  

 

6-глава. Кредитти кароо жана берүү жол-жобосу  

 

50. Катышуучунун кредиттик таржымалы (2-тиркеме) андан билдирме келип түшкөн учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт.  

51. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө  ТСКК тиешелүү журналга жазууларды кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чаралар боюнча документти түзүү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, мындай эсепке алууну проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда жүргүзүү өтө маанилүү

52. Катышуучу менен иш алып барууда ТСКК ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

53. ТСКК ички ченемдик документтеринде катышуучу кредит алуу үчүн сунуштаган документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

54. Катышуучулар кеминде төмөнкү шарттарды сактаган учурда ТСКК кредиттерди сунуштайт:  

- катышуучу карыздык каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алууга билдирме толтуруп кайрылган шартта;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, катышуучу төлөөгө жөндөмдүү болсо;  

- катышуучу ТСККдагы топтоо сактык эсебине акча каражаттарын топтоп, турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминде белгиленген мөөнөттө кредит алуу билдирмеси менен кайрылса. 

55. ТСККда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички документтер иштелип чыгышы зарыл. ТСКК кызматкерлери/агенттери маалыматты топтоодо жана катышуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө мыйзамдарга ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгын так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш. 

ТСКК тобокелдиктерге жол бербөө максатында кыймылсыз мүлктү жана талап кылуу укуктарын, гарантияларды жана кепилдиктерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмаларды күрөө түрүндө кошумча камсыздоо катары кабыл алынышы мүмкүн. 

Кредитти кошумча камсыздоонун үлүшү ТСКК катышуучуга сунуштаган кредит суммасынын 20 (жыйырма) % ашпоого тийиш. 

Эгерде кредиттин кошумча камсыздоосу катары гарантия (кепилдик) колдонулса, ТСКК гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалы жөнүндө толук маалымат алууга жана гарантты (кепилдик берүүчүнү), анын кесиптик аброюн, төлөө жөндөмдүүлүгүн, зарыл учурда карыздын ордун жабууга мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн жоопкерчилигин иликтеп чыгуу ишин жүргүзүүгө тийиш (2-тиркеме)

ТСКСтин катышуучусу ТСККнын башка катышуучусунун гаранты (кепилдик берүүчүсү) боло албайт.  

56. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти кеминде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш:   

- катышуучулардын кредит алууга билдирмесин каттоо. ТСККда маалыматтын коргоого алынышын камсыз кылган, андан санкциясыз пайдаланууну жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарган коопсуздук системасы болгон шартта, электрондук түрдө реестр жүргүзүүгө жол берилет; 

- катышуучу билдирмеде көрсөткөн маалыматтарды текшерүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын макулдугунун негизинде, бир же бир нече кредиттик бюродон катышуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана ТСККнын чечими боюнча катышуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты талап кылууга. 

57. ТСКК кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатбоого жана кредиттик отчетту мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

58. ТСКК кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик бүтүмдөргө келишүүдө, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, ТСКК бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

59. Эгерде, кредит боюнча иш алып барган кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы болбосун жак потенциалдуу катышуучу менен кызыкчылыктардын каршы келип калышы орун алган болсо, ошол катышуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууда катышууга жол берилбейт. 

60. ТСКК кызматкерлери жана агенттери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара иш алып барууга тийиш жана сый акы алуу менен катышуучуга кредит берүүдө ортомчу катары көмөктөшүүгө укугу жок.  

 

6-глава. Кредиттик комитет 

 

61. Кредиттик саясатты жүзөгө ашыруучу орган катары ТСККнын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Кредиттик комитет саналат. 

62. Кредиттик комитеттин иши ТСККнын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кредиттик комитет жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат.  

63. Кредиттик комитет жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:   

- Кредиттик комитеттин ишин уюштуруу: курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби, чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер тизмеси; 

- Кредиттик комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери

- Директорлор кеңешине отчеттордун берилишин жана кредиттөө маселелери боюнча Башкарма жана түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- Кредиттик комитеттин ар бир мүчөсү кабыл алган жана кол койгон чечимдери үчүн жоопкерчилиги.   

64. Кредиттик комитет кеминде үч адамдан турууга жана ТСКК Башкармасынын төрагасы же төраганын орун басарларынын бири тарабынан жетекчиликке алынууга тийиш.   

65. Кредиттик комитеттин курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: 

- ТСККнын кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси;  

- ТСККнын юридика кызматынын жетекчиси;  

- Кредиттик комитеттин ишине катышуу учурунда алардын функционалдык милдеттери таламдардын каршы келишин шарттабаган башка кызматкерлер. 

66. Тобокелдик-менеджери Кредиттик комитеттин ишине эксперттик пикирин билдирүү үчүн, бирок аталган коллегиалдык органдын чечимдерин кабыл алууда добуш берүү укугусуз катыша алат.  

67. Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- кароого алынып жаткан маселенин маңызын билүүгө;  

- кабыл алынып жаткан чечимдин ТСККнын ишине таасирин терең түшүнүүгө;  

- кабыл алынган чечим тобокелдиктерди жана кесепеттерди шартташы мүмкүндүгүнө баа берүүгө.  

68. Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири же сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүү учурунда маалымдалууга жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Ал эми отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу менен таанышып чыгуусу зарыл.    

69. ТСКК тобокелдик-менеджери, жок эле дегенде, ар ай сайын Директорлор кеңешине ТСКК менен аффилирленген жана/же байланыштуу жактарга берилген кредиттер боюнча тобокелдикке баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли тууралуу отчетторду берип турат. 

 

7-глава. Активдерди жана пассивдерди тескөө системасына карата талаптар  

 

70. ТСККнын Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитети ТСККнын жалпы баланстык түзүмүнө контролдукту, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдер жана пассивдерди тескөө саясатынын сакталышын камсыз кылат. Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген Комитет жөнүндө ички жобого ылайык жөнгө салынат. 

71. Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча комитеттин курамы кеминде үч адамдан турат жана аны Башкарманын төрагасы жетектейт. Тобокелдик-менеджери аталган комитеттин ишинде добуш берүү укугу менен эксперттик пикирин билдирүү үчүн катышышы мүмкүн. 

72. Көз карандысыз тобокелдиктерди тескөө системасынын алкагында ТСКК өз ишинин болжолдуу үлгүсүн иштеп чыгууга тийиш жана анда узак убакыт арылыгы, кеминде 15 жыл камтылышы зарыл, мында үлгүдөгү эсептик мезгил аралыгы үч айдан аз болбоого тийиш. Мындай үлгүдө, түзүлгөн контракттарга ылайык кредит алууга билдирме түшкөн кандай болбосун учурда аны канаттандыруу үчүн ликвиддүү каражаттардын жетиштүүлүгүнө баа берүү максатында базалык сценарий жана тиешелүү стресс-тесттер каралууга тийиш. Зарыл учурларда, көзөмөл органынын талабы боюнча жогоруда белгиленген үлгү Улуттук банкка сунушталышы ыктымал. 

73. Базалык сценарийде, негизинен, белгилүү бир мезгил аралыгында күтүлүп жаткан рыноктук пайыздык чендерди эске алуу менен кирешелердеги жана ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөр чагылдырылат. Стресс-тестирлөө сценарийинде рыноктук пайыздык чен же жаңы катышуучуларды тартуу сыяктуу айрым параметрлер базалык сценарийден четтеп, алар активдерди жана пассивдерди тескөө көз карашынан алгылыксыз катары таанылган жагдайлар камтылууга тийиш. 

74. Сценарийлердин жана стресс-тесттердин натыйжалары отчет формасында таризделип, анда натыйжалардын негизин түзгөн жол берүүлөр, параметрлер жана өз ара байланыш камтылууга тийиш, алар Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинде кароого алынып, талапка ылайык документ катары түзүлүүсү зарыл.  

75. Болжолдуу үлгүнүн негизинде ТСКК төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөрдү болжолдойт: 

1) күтүлүп жаткан кредиттер көлөмү (анын ичинде аралык); 

2) күтүлүп жаткан турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) көлөмү

3) башка милдеттенмелер жана инвестициялар көлөмү

4) административдик чыгашаларды кошо алганда, бардык чыгашалардын көлөмү

5) комиссиялык төлөмдөрдү кошо алганда, бардык кирешелердин көлөмү;  

6) операциялык иш жыйынтыгы; 

7) контракттарга ылайык, кредиттерге жайгаштыруу үчүн каралган каражаттардын көлөмү

76. Болжолдуу үлгүнүн сапатын текшерүү максатында, ТСКК жылына кеминде бир жолу болжолдонгон көрсөткүчтөрдү айкын маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө тийиш (back-testing). Бул талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин кароосуна сунушталышы зарыл, зарыл учурларда Комитет үлгүнү корректировкалоо боюнча чечим кабыл алат. 

77. ТСККнын ички аудит кызматы туруктуу негизде үлгүдөгү жол берүүлөр, божомолдоолор жана параметрлердин артыкчылыктарына баа берип, алар шайкеш ыкмалардын, талапка жооп берген деңгээлин негизинде жана ТСККнын кардарларынын болжолдуу иш алып баруу сценарийин жана макроэкономикалык жагдайды эске алуу менен транспаренттик мүнөздө тандалууга, түшүндүрмө берилүүгө жана негизделүүгө тийиш. Кеминде төмөндө келтирилген стресс-тестирлөө сценарийлери кароого алынуусу зарыл: 

- рынокто пайыздык чендерди төмөндөөсү

- ТСККнын продукттарына суроо-талаптын азайышы; 

- турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздык чендер менен кредиттер боюнча пайыздык чендер ортосунда корреляция. 

78. Кредиттерге суроо-талапты өз убагында канаттандыруу максатында ТСКК максаттуу (техникалык) камдарды түзүүгө укуктуу. Техникалык камдар ТСККнын ички саясатына ылайык түзүлөт.  

Мында, ТСКК мындай камдарды түзүү жана пайдалануу боюнча тиешелүү ченемдик документтерди иштеп чыгууга тийиш. 

79. Активдерди жана пассивдерди тескөө максатында ТСКК, тиешелүү тобокелдиктерди контролдукка алууга, үлгүлтүксүз балансты жана белгиленген параметрлер ортосунда өз ара байланышты камсыз кылууга, ошондой эле ТСКК рыноктук шарттарды эске алуу менен сунуштаган продукттарга кызыгууну колдоого алууга мүмкүндүк берген ар кандай коэффициенттерди иштеп чыгууга жана эсептөөгө укуктуу. 

80. Катышуучуга кредит бөлүштүрүү учуруна карата катышуучунун турак жай-сактык аманат (депозит) эффектиси менен ТСККнын кредит эффектине карата катыш коэффициенти кеминде 0,4 түзүүгө тийиш. Катышуучунун турак жай-сактык аманатынын (депозитинин) эффектиси, кредитти бөлүштүрүү учуруна карата мезгил ичинде топтолгон катышуучунун турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча пайыздык кирешесинин турак жай-сактык аманат (депозит) боюнча ченге карата катышы катары эсептелет. ТСККнын кредит эффектиси, кредиттин бүтүндөй мөөнөтү үчүн эсептелген, сунушталып жаткан кредит боюнча пайыздардын кредит боюнча ченге карата катышы катары эсептелет. 

81. Катышуучулардын жамааттык турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) ТСККнын кредиттерине карата коэффициенти, ТСКК календардык жыл ичинде төлөп берген катышуучулардын турак жай-сактык аманат (депозит) суммаларынын тиешелүү календардык жыл ичинде берилген кредиттердин суммасына карата катышы болуп саналат. Минималдуу баа берүү көрсөткүчтөрү же бөлүштүрүү үчүн тиешелүү алдын ала башка шарттар, узак мөөнөттүү келечекте катышуучулардын аманат суммаларынын ТСККнын кредиттерине карата катышынын кеминде 1,0 өлчөмүндө түзүлүшүн шарттоого тийиш. 

82. Аралык кредиттер, ТСККнын бөлүштүрүлүүчү фондунун 65% ашпоого тийиш. Бөлүштүрүлүүчү фонд катышуучулардан кабыл алынган турак жай-сактык аманаттарынын (депозиттеринин) жана тартылган узак мөөнөттүү кредиттер/насыялардын жалпы суммасына барабар болот, алар сунушталган кредиттик суммаларды алып салганда, катышуучу менен түзүлгөн башкы макулдашуулардын шарттарына ылайык кредиттерди сунуштоо үчүн каралган.  

 

8-глава. Экономикалык ченемдер 

 

83. Улуттук банк алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул Эрежелерде белгиленген ТСККга болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилүү бир мөөнөткө маанисин өзгөртүшү мүмкүн. 

ТСКК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышын текшерүү Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.  

84. Эрежелерде көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу, тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, ТСКК Улуттук банк тарабынан белгиленген максималдуу чектерден төмөн жана минималдуу чектерден жогору болууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат. 

85. ТСКК менен байланыштуу болбогон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 10 пайыздан ашпоого тийиш.  

ТСКК менен байланыштуу болгон бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2) 5 пайыздан ашпоого тийиш. 

Бир катышуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К1 = СЗ / СК * 100,  

мында:  

СЗ катышуучунун кредиттер, баланстан тышкаркы милдеттенмелер (ТСККга жана анын катышуучусуна кредит берүү боюнча милдеттенмелер), ошондой эле маңызы боюнча кредиттик алмаштыруучу болуп саналган башка берилген каражаттар боюнча чогуу алгандагы карызынын өлчөмү. Катышуучулардын бардык карызы, бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченемин эсептөөдө суммаланып, эгерде бир катышуучунун карызды кайтарбай коюусу башка катышуучунун карызынын кайтарылбай калышына алып келсе, бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралат. Мында, ар башка катышуучулардын карызын кароодо, аларды бир тобокелдик катары суммалоодо катышуучулардын өз ара байланыштуулук деңгээлин, ипотекалык рыноктун абалын, катышуучулардын кредиттик таржымалын, карыздын ордун жабуунун болжолдонуп жаткан шарттарын жана башкаларды эске алуу талап кылынат;  

СК ТСККнын өздүк капиталы. 

Эгерде өздүк капитал нөлгө барабар же терс мааниде болуп калса, анда бир катышуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми эсептелбейт жана ченем так сакталган эмес катары каралат.  

Эгерде ошол катышуучунун чогуу алгандагы карыз өлчөмүнүн көбөйүүсү бир катышуучуга карата максималдуу тобокелдик ченеминин жол берилген маанисинин бузулушуна алып келсе, ТСКК бир катышуучуга жана аны менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана ага теңештирилген активдерди, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди берүүгө тийиш эмес.  

86. Капиталдын шайкештик (жетиштүүлүгү) ченеми.  

К2 капиталынын шайкештик (жетиштүүлүгү) ченеминин мааниси 8 пайыздан кем эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл.  

ТСККнын капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К2 = СК / СА * 100%,  

мында:  

СК ТСККнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (90-пунктту карагыла);  

СА валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.  

87. Ликвиддүүлүк ченеми (К3) 

Ликвиддүүлүк ченеми кеминде 30% деңгээлде колдоого алынып туруусу зарыл. 

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К3 = ЛА / О * 100%,  

мында,  

ЛА ликвиддүү активдер, ага:  

- кассадагы нак акча каражаттары;  

- эсептешүү жана депозиттик эсептердеги каражаттар;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдери жана жогору ликвиддүү баалуу кагаздар. Ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө бул баалуу кагаздар сый акыны (дисконтту), сатып өткөрүлбөгөн пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсептелинет;  

О ТСККнын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн аларга төмөнкүлөр кирет:  

- катышуучулардын алар боюнча эсептешүү баа берүү учурунан тартып 30 күн ичинде келип жеткен турак жай-сактык аманаттары (депозиттери), ошондой эле эсептөөлөрдөгү акча каражаттары;  

- кайсы болбосун башка милдеттенмелер, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жетет.  

88. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет (К 1, 2, 3) ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык ар айлык негизде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

89. ТСККнын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К4) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

К4 = СК / СЖВ * 100 %,  

мында:   

СЖВ  турак-жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) суммасы.    

Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгиленет.   

ТСКК турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К4) күндөлүк негизде так сакталууга тийиш.  

ТСКК күн сайын саат 12:00гө чейин өткөн операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ТСККнын турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө 3-тиркемеге ылайык отчетту электрондук түрдө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.   

ТСККнын төрагасынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн бул отчет кагаз жүзүндө да Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө сунушталат.   

90. Өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү ТСКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100%дан төмөн болбоого тийиш. 

ТСККнын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт:  

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын;  

- номиналдан үстөк салынган капиталдын;  

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;  

- келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар;  

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын;  

- башка финансы-кредит уюмдарынын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, финансы-кредит уюмдарынын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгы түшүнүү зарыл. 

91. Күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып өткөрүү ТСККнын кредит боюнча жоготууларын компенсациялабайт экендиги тобокелдиги К/К (Кредит/Күрөө) коэффициенти, башкача айтканда күрөөгө берилүүчү кыймылсыз мүлктүн наркы менен кредит суммасынын (негизги карыз суммасы) катышы менен аныкталат). К/К коэффициентинин сунушталган өлчөмү 60%дан ашпайт. 

 

10-глава. ТСККнын отчету 

 

92. ТСККнын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүргүзүү максатында, ТСКК отчетту ушул Эрежелерге карата 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка ай сайын 12сине чейин берүүгө тийиш. 

93. ТСКК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелеринин талаптарына ылайык өз операцияларына бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш.  

94. ТСКК бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулган документтердин так эсепке алынышын жана алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

95. ТСККнын иши тууралуу жылдык отчетто төмөнкүлөр камтылат:  

1) ТСККнын финансылык отчету;  

2) ТСККнын отчеттук мезгил ичиндеги иши тууралуу маалымат;  

3) ТСКК тарабынан аныкталган башка маалымат. 

96. Аудитордук корутунду менен бирге финансылык отчетту жарыялоо жана кошумча жарыялоо аудитордук текшерүү аяктагандан жана финансылык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен бекитилгенден кийин жана Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүгө жана маалыматты сунуштоого карата талаптар жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. 

Финансылык отчеттун бир нускасы аудитордук корутундунун көчүрмөсү менен бирге бекитилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки  

жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталат. 

ТСКК анын кеңири таркатылышын жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн финансылык отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт. Жарыялоо жөнүндө маалымат анын көчүрмөсү кошо тиркөө менен жарыялоодон кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

Мында, финансылык отчет жана ага карата түшүндөрмөлөрдүн толук көлөмү менен ТСККда жана анын бөлүмдөрүндө таанышып чыгуу боло тургандыгына шилтеме келтирилүүгө тийиш.  

 

11-глава. Таасир этүү чаралары 

 

97. Улуттук банк ТСККга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. 

98. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу максаты турак жай-сактык кредиттик компаниялардын стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү, корректировкалоо жана четтетүү болуп саналат. 

99. Улуттук банк ТСККга жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрлөрүн жана таасир этүү чараларын колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт. 

100. ТСККга, анын кредиторлоруна, акционерлерине же банк тутумуна айкын кооптуу жагдайды жана/же жоготуу же чыгым тартуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган ТСККнын иши, анын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасы катары эсептелет. 

101. Улуттук банктын талаптарын так сакталбагандыгы, такталбаган маалыматтарды берилгендиги, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги же отчеттордун жана маалыматтардын берилбей калышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Улуттук банк тарабынан ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле ТСККнын алгылыксыз жана кооптуу иш тажрыйбасынын белгилөө жана ага ТСККнын жана анын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктоо 2017-жылдын 31-майындагы №21/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо белгиленген.  

Мында, турак-жай сактык компаниянын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негизде жана тартипте анын жоюлушуна алып келет. 

102. Жарыялоо ТСККнын кредиторлорунун кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан тышкары, Улуттук банк ТСККга карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Мындай маалыматтарды жарыялоо банктык жашыруун сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.  

103. Улуттук банктын ТСККга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. 

104. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин эске албаганда, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот. 

105. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

 

12-глава. Финансылык иштин аудити 

 

106. ТСККнын иши аудиттин Кыргыз Республикасында таанылган эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. 

107. ТСККнын тышкы аудитору алгылыксыз иш-аракеттеринен сыяктуу эле, жол берилген каталардан улам, келип чыккан олуттуу бурмалоолорго жол берүү тобокелдигин аныктоо жана баа берүү максатында, ТСККнын ички контролдук системасы, ошондой эле ички аудит кызматы тарабынан аныкталган көйгөйлүү маселелер боюнча маалыматтарды алуу максатында ТСККнын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен пикир алышат. ТСККнын тышкы аудитору ТСККнын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат.  

108. ТСКК төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тышкы аудитти ишке тартуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгууда:   

- ТСККнын тышкы аудиторун тандоо критерийлеринин тизмегин;   

- тышкы аудиторду ишке тартуу шарттары;   

- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө төлөм жүргүзүү тартиби жана шарттары.  

109. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен аудитордук уюмду тандоо ТСКК тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат. 

110. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук иш алып баруу укугуна тиешелүү лицензияга жана финансы-кредит уюмдарына үч жылдык аудит жүргүзүү тажрыйбасына ээ аудитордук уюм гана ТСККнын тышкы аудитору боло алат. 

111. ТСККнын ишине тышкы аудит жүргүзүүдө ТСККнын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жободо белгиленген чектөөлөрдү так сактоого тийиш.  

112. ТСККнын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү жана таламдардын каршы келип калышы деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш.  

113. Тышкы аудитор ТСККдан көз карандысыз болууга тийиш дегенден улам, анын аудитордук корутундусунун жыйынтыгына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн түшүнүү зарыл. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же аудитордук текшерүүнүн курамына кирген башка кызматкери, ТСККда эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, ТСКК жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.  

114. ТСКК финансылык жыл аяктагандан кийин жаңы жыл башталгандан тартып  

90 (токсон) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ТСККга тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү

115. ТСКК финансылык жыл аяктагандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:  

1) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун ТСКК жетекчилигине тиешелүү катын акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө;  

2) акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан ТСККнын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 90 (токсон) күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыз кылууга;  

3) Улуттук банкка акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген финансылык отчет жана аудитордун ТСККнын жетекчилигине жазган каты менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жаңы финансылык жыл башталгандан тартып 1 

05 (жүз беш) күндөн кечиктирбестен берүүгө;   

4) ТСККнын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

A1. ТСККнын турак жай курууга же сатып алууга, ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртууга кредиттерди сунуштаган ТСККнын иши (кыскача отчет)   

ТСККнын аталышы:   

Отчет түзүлгөн күн:   

  

  

  

  

Катышуучулар жөнүндө маалыматтардын саны 

 

Отчеттук мезгил ичинде жаңы катышуучулар жөнүндө маалымат 

 

 

 

 

 

Берилген кредиттердин саны  

  

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) саны тууралуу маалыматтар  

  

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн кредиттерди талдап-иликтөө 

  

Кыргыз Республикасынын областтары боюнча бөлүп көрсөтүлгөн турак жай-сактык аманаттарды (депозиттерди) талдап-иликтөө 

  

- Бишкек шаары 

  

- Бишкек шаары 

  

- Чүй областы 

  

- Чүй областы 

  

- Нарын областы 

  

- Нарын областы 

  

- Ош областы  

  

- Ош областы 

  

- Талас областы  

  

- Талас областы 

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Ысык-Көл областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Жалал-Абад областы  

  

- Баткен областы  

  

- Баткен областы 

  

 

 

 

  

 

B1  Катышуучулардын жана колдонуудагы кредиттик келишимдердин саны тууралуу маалымат 

Кредитордун аталышы   

Катышуучулар 

Учурдагы кредиттер 

Ар бир кредиттик келишим боюнча карыз суммасы 

Колдонуудагы кредиттердин жалпы суммасы  

  

  

 

  

  

B2  Турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) саны тууралуу маалымат 

Аталышы  

Катышуучулар  

Турак жай-сактык төгүмдөр келишимдеринин саны (күнүн жана номерин көрсөтүү менен)  

Ар бир турак жай-сактык аманат (депозит) келишими боюнча топтолгон каражаттардын суммасы  

Топтолгон каражаттардын жалпы суммасы (иш жүзүндө)  

  

  

 

   

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

C1  ТСККнын кредиттик ишине талдап-иликтөө жаңы берилген кредиттер (акыркы отчеттук мезгил ичинде)   

Кредитордун аталышы 

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата кредиттердин калдыгы  

  

  

Отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин көлөмү 

Кредитордун аталышы 

  

  Бишкек 

Нарын областы 

 Чүй областы 

 Ош областы  

 Талас областы  

Ысык-Көл областы  

Жалал-Абад областы  

Баткен областы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

C2  ТСККнын сактык ишин талдап-иликтөө: жаңы турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) (акыркы отчеттук мезгил ичинде)   

Аталышы  

  

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери - саны 

  

  

  

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери  Бишкек шаары жана областтар боюнча өзүнчө топтолгон каражаттардын жалпы суммасы  

Топтолгон акча каражаттардын көлөмү 

  

  Бишкек 

Нарын областы 

 Чүй областы 

 Ош областы  

 Талас областы  

Ысык-Көл областы  

Жалал-Абад областы  

Баткен 

областы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

C3  Кредиттик ишти талдап-иликтөө: берилген кредиттер суммасы боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген кредиттер (миң сом)  

Кредитордун аталышы  

Берилген кредиттер - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-500,0  

501,0-1000,0  

1001,0-1500,0  

1501,0-2000,0  

2001,0-2500,0  

 

 

 

 

 

 

 

   

C4  Кредиттик ишти талдап-иликтөө: берилген кредиттер суммасы боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген аралык кредиттер (миң сом) 

Кредитордун аталышы  

Берилген аралык кредиттер - саны  

Келишимдердин наркы (саны) 

0-500,0  

501,0-1000,0  

1001,0-1500,0  

1501,0-2000,0  

2001,0-2500,0  

 

 

 

 

 

 

 

 

C5  Кредиттик ишти талдап-иликтөө: кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн жаңы берилген кредиттер  

Кредитордун аталышы 

Берилген кредиттер 

Саны 

 

8 жыл 

10 жыл 

15 жыл 

Аралык кредит 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

C6  Турак жай-сактык ишти талдап-иликтөө: каражат топтоо мөөнөтү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн, жаңы турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) келишимдери  

Аталышы 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер

Саны 

3 жыл 

5 жыл 

10 жыл 

  

  

 

 

 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

C7  Турак жай-сактык ишти талдап-иликтөө: турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине ылайык, катышуучулардын суммалар боюнча бөлүп көрсөтүлгөн ар айлык турак жай-сактык аманаттары (депозиттери) (миң сом) 

Аталышы 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер)-саны 

Келишимдердин наркы (саны) 

0-10,0  

11,0-20,0  

21,0-30,0  

31,0-40,0  

41,0-50,0  

50,0дөн жогору 

 

 

 

 

 

 

 

 

D1  Кредиттин аткарылышын талдап-иликтөө: келишимдердин саны боюнча бөлүп көрсөтүлгөн мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер  

Кредиттер боюнча  

(миң сом) 

Келишимдердин саны  

Акыркы төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып мөөнөтүндө төлөнбөй калган кредиттер тууралуу маалымат (негизги сумма, пайыздар, айыптар жана туумдар)  

Бардыгы болуп  

Күндөлүк  

1-29 күн  

30-59 күн  

60-89 күн  

90-179 күн  

180 жана андан жогору күндөр  

Эсептен чыгарылган кредиттер  

 0-500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

501,0-1000,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1001,0-1500,0 

  

  

  

  

  

  

  

  

1501,0-2000,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

2001,0-2500,0 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(миң сом) 

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Дисконт 

Бардыгы болуп камдар 

Стандарттык активдер 

Байкоого алынган активдер  

"Жалпы" камдар  

Субстандарттык 

Шектүү 

50% 

Жоготуулар 

100% 

"Атайын" камдар 

Бардыгы болуп 

 

10% 

Бардыгы болуп 

 

25% 

 

6,1 

 

8,1 

10 

11 

Башка банктардагы эсептер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Катышуучуларга сунушталган каржылоо: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп каржылоо 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баалуу кагаздарга инвестициялар  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган ТСККнын башка менчиги  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка активдер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп, классификация 

ланууга тийиш болгон активдер  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп, классификацияланууга тийиш болгон активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-тиркеме  

 

 

 

Турак жай-сактык кредиттик системанын катышуучусунун кредиттик таржымалына карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

I. Катышуучу тууралуу жалпы маалымат  

1. Катышуучу тарабынан кол коюлган кредит алууга билдирме, анда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:  

- катышуучунун аты-жөнү

- катышуучунун жашаган жеринин толук дареги, телефон номери;  

- иштеген жери жана ишкердик түрүн;  

- кредиттин суммасы жана мөөнөтү;  

- турак жай кредитинин максаты;  

- кредиттин ордун жабуу булактары жана аны төлөө планы;  

- сунушталуучу күрөө;  

- ТСККга кредит алууга буга чейинки билдирме берүүлөр, акыркы эки жыл ичинде алынган/төлөнгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар;  

- катышуучунун өзү тууралуу кредиттик отчетту берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат талап кылууга макулдугу;  

- ТСККнын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

2. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөө.  

3. Кредиттик бюродон катышуучуга кредиттик отчет.  

4. Акыркы 6-12 ай ичинде (мында ТСКК, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат, катышуучу иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштеп жаткан мөөнөтү, же кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер.  

5. Кредиттик келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде (ТСКСтин катышуучусуна кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун берүү менен) түзүлүүгө тийиш.  

6. Катышуучуну идентификациялоого мүмкүн боло турган, инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.  

7. ТСККнын тиешелүү органынын кредит берүү жөнүндө чечими.  

8. Катышуучу менен байланышты эсепке алуу, анда ар бир байланыш боюнча төмөндөгү маалымат чагылдырылууга тийиш:  

- байланыштын күнү;  

- байланыштын түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү);  

- байланыш шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну);  

- натыйжасы.  

9. Катышуучу менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен).  

10. Документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.у.с.) менен тастыкталган максаттуу колдонулушу тууралуу отчет. 

 

II. Күрөөлүк документтер  

11. Мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлгөн Күрөө жөнүндө келишим (ТСКСтин катышуучусуна кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун берүү менен).  

12. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери.  

13. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер жана күрөө коюучунун күрөө келишиминин шарттары менен макул болуусу.  

14. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер. 

15. Төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу менен күрөөгө баа берүүнү тастыктаган документтер:  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- баа берилген күн;  

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү;  

- баа берүү ыкмасы.  

16. Күрөө келишиминин каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же ТСКК каттоодон өтүүнү талап кылса).  

17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (эгерде күрөө катары турак жай болсо) турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси). 

18. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- күрөө текшерилген күн;  

- күрөө түрү;  

- күрөөгө баа берилген күн;  

- баа берүү ыкмасы;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнүн бааланган наркы;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен текшерүү графиги.  

19. ТСККнын ыңгайына жараша башка маалыматтар.  

 

III. Гарантиялар же кепилдиктер (зарыл болгон шартта) 

20. Тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия бериле турган сумманы, гарантия аяктаган күндү көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантиялар же кепилдиктер.  

21. Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндө чечими.  

22. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгерде болгон болсо) кепилдик берүү өнүндө макулдугу.  

23. Гаранттын уюштуруу документтери.  

24. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо болуп саналса).  

25. Акыркы 6-12 ай ичиндеги (мында ТСКК, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акылары жөнүндө маалымкат же кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу жеке адам болсо).  

26. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө

27. Гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) өзү тууралуу кредиттик отчетту берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат талап кылууга макулдугу. 

 

 

 

3-тиркеме 

Экономикалык ченемдердин көрсөткүчтөрү 

 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы  

Белгилөө 

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

К1.1 

СЗ 

  

  

  

10% ашпаган өлчөмдө 

  

СК  

 

  

К1.2 

СЗ 

 

  

  

5% ашпаган өлчөмдө 

  

СК  

 

  

СА 

  

  

Капитал шайкештигинин (жетиштүүлүгүнүн) ченеми  

К2 

СК  

 

 

 

кеминде 8% 

 

СА 

 

 

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3 

ЛА 

  

  

  

кеминде 30% 

  

ОБ 

  

  

 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маани  

1-жума 

2-жума 

3-жума 

4-жума 

5-жума 

Бардыгы болуп 

ЛА Ликвиддүү активдер 

  

  

  

  

  

  

ОБ - ТСК милдеттенмелери 

  

  

  

  

  

  

К3 ченеми =ЛА/ОБ 

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Турак жай-сактык аманаттар (депозиттер) боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу күндөлүк отчет (К 4)  

 

Күнү 

К 4 

ТСК 

СЖВФЛ 

Айкын көрсөткүч 

01.04.2007 

  

  

  

02.04.2007 

  

  

  

03.04.2007 

  

  

  

04.04.2007 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

… 

  

  

  

30.04.2007 

  

  

  

 

СК  

-  

ТСККнын өздүк капиталы;  

СЖВФЛ  

-  

жеке адамдар алдында турак жай-сактык аманаттардын (депозиттердин) жана башка милдеттенмелердин суммасы.