Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 11-декабрындагы 

№2019-П-14/62-6-(ПС) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2-пунктундагы «коммерциялык банктар,» сөздөрү «банк эмес финансы-кредит уюмдары,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-пунктунун: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык операцияларды жана төлөм кызматтарын көрсөтүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.»; 

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Пайдалануучу өз банктык эсебин, электрондук капчыгын же банк эмес финансы-кредит уюму алдында милдеттенмелерин аралыктан тескөө үчүн банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жеке адам же юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.»; 

- төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) Жеке кабинет пайдалануучунун кызматтарды сунуштоочунун маалымат системасындагы өзгөчө бөлүгү, ал эсептин/кредиттик лимиттин абалы жана ошол эсеп боюнча акча каражатынын кыймылы жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле кызматтарды сунуштоочуга билдирме берүү, тастыктоо жана тапшырма берүү мүмкүнчүлүгүн берет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын: 

«9) Пайдалануучунун БФКУ алдында милдеттенмелери - пайдалануучу БФКУдан кредит алууда, ошондой эле жеке кабинетти башкаруудан улам пайдалануучунун келип чыккан милдеттенмелери.»; 

- 10-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «электрондук капчыкты» сөздөрү «, ошондой эле пайдалануучунун БФКУ алдында милдеттенмелерин» деген сөздөр менен толукталсын; 

жетинчи абзацындагы «банктык эсептеги» сөздөрү «, пайдалануучунун БФКУ алдындагы милдеттенмелери боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 14-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «интернет-банкинг» сөздөрү «(пайдалануучунун жеке кабинети)» деген сөздөр менен толукталсын; 

1-пунктчасындагы «интернет-банкинг» сөздөрү «(пайдалануучунун жеке кабинети)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- бүтүндөй текст боюнча «интернет-банкинг» сөздөрү «(пайдалануучунун жеке кабинети)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 15-пунктунун 3-абзацындагы «банктык эсеп,» сөздөрү «пайдалануучунун БФКУ алдында милдеттенмелери,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 27-пунктунун «банктык эсепти» сөздөрү «, пайдалануучунун БФКУ алдында милдеттенмелери» деген сөздөр менен толукталсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы», «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу А. Тезекбаева