Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 18-декабрындагы  

№ 2019-П-07/64-3-(ДКП) 

токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы №  2019-П-07/10-2-(ДКП)  

«Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы  

№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы бул токтом менен банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 18- 

декабрындагы 

№ 2019-П-07/64-3-(ДКП) токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы №  2019-П-07/10-2-(ДКП)  

«Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы  

№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

20__-жылдын _____- _________ 

№ ___________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн банктардын милдеттенмелеринин тизмеги* 

№ 

Милдеттенмелердин түрү 

Көрсөткүч коду 

Көрсөткүчтүн аталышы 

Эсептешүү эсептери 

2011 

Башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү эсептери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2012 

Коммерциялык уюмдардын эсептешүү эсептери   

2013 

Коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептери   

2014 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери   

2016 

Резидент эмес юридикалык жактардын эсептешүү эсептери   

2017 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун эсептешүү эсептери   

2018 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин эсептешүү эсептери   

 

 

2019 

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери   

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

2022 

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2023 

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2024 

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2025 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2027 

Резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2028 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2029 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

 

 

2030 

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

Мөөнөттүү депозиттер 

2032 

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2033 

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү депозиттери   

2034 

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү депозиттери   

2035 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери   

2037 

Резидент эмес юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери   

2038 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун мөөнөттүү депозиттери   

2039 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин мөөнөттүү депозиттери   

 

 

2040 

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Социалдык фондусунун жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери   

2041 

Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсептери   

2042 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери   

2043 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун депозиттери   

2044 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин депозиттери   

2045 

Жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери   

2046 

Башка Өкмөттүк мекемелердин депозиттери   

Талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2211 

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2212 

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2213 

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2214 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2215 

Резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

 

 

2216 

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

 

 

2218 

Резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

Мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери  

2221 

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2222 

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2223 

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2224 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2225 

Резидент эмес юридикалык жактардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2226 

Резидент эмес жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2228 

Резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

 

*Эсептөө базасына кирүүчү милдеттенмелердин тизмегинде банктардын депозиттери эске алынбайт».