Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 26-февралындагы 

№ 2020-П-12/8-8-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 26-февралындагы 

№ 2020-П-12/8-8-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына 

комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 26-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кардардын кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга укугу. 

Мындай учурларда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу.»; 

бешинчи абзац «шартта» деген сөздөрдөн кийин «, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы алтынчы-онунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө банк мындай кардарларга кредит алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет: 

- кредиттик каражаттарды нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу; 

- кредиттик каражаттарды эсептешүүүндөлүк) эсептерден/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерден алуу, аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталат. 

Мында кардар-жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер кредитти нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ. 

Нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз кредиттик каражаттарды алуу укугун банк, ипотекалык кредиттерин, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк программалардын алкагында кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге берүүдө сунуштайт.»; 

- 30-пунктунун 4-пунктчасынын 21-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет.  

Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк карыз алуучунун мал-жандыгы бар экендигин анын малканасын, кой короосун жана булардын аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу күбөлөндүрөт. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш.»; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы «30 (отуз)» деген сөздөрдөн кийин «календардык» деген сөз менен толукталсын; 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

Банкка бир же ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн. 

Банк кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар банк менен карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт. 

Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга кредитти, комиссиялык жана башка төлөмдөрду, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш. 

Кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет. 

Банк, кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын кредитти сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат. 

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жак түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөндөн күндөн тартып, 15 күн аяктаганга чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети, мында кредиттин бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери, ошондой эле ал кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети; 

- аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн карыз алуучунун талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде карыз алуучу кредит алгандыгы жана ал кредит боюнча милдеттенмелерин так аткаргандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматты); 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү.»; 

- 44-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: Карыз алуучу тарабынан кредиттин максаттуу багытта пайдаланбагандыгы тастыкталган учурда банк кредит боюнча пайыздык ченди көбөйтүүгө укугу бар. Ошону менен бирге банктын ички документтеринде карыз алуучулардын жоопкерчилик чаралары, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендин өлчөмүн көбөйтүү боюнча так эрежелерди бекиткен нормалар каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, чектүү жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.»; 

- 2-тиркеменин жетинчи пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 6-тиркеме 

 

 

Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

 

Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) 

Кредит суммасы 

Келишимге ылайык көрсөтүлөт  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм 

Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт 

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) 

Кардардын өтүнүч каты боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) 

Эгерде келишимде кредиттик каражаттарды берүү боюнча банктын шексиз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамалекеттик агенттиги ж.б. кызматтар үчүн төлөө

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн 

Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат 

Кредит боюнча күрөөгө сунушталган депозит 30 календардык күндөн бери толукталбагандыгы үчүн 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга милдетүү болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда) 

Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгашалар (төлөмдөр) 

 

__________________________________ 

_________ 

_______________ 

(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

__________________________________ 

_________ 

_______________ 

(банктын кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө » жобонун: 

- 18-пунктундагы «беш» деген сөз «үч» дегенге алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун: 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) кредиттик келишимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашууга карабастан, акы төлөө негизинде башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга тыюу салынат. 

ФКУ тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

ФКУга бир жана ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт.  

ФКУ кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн.»; 

- 7-пунктчасында «алдын ала» деген сөздөр «мөөнөтүнөн мурда жабуу күнүнө чейин» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктундагы «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» деген сөздөр «Бузуулар жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жаза чарасын колдонуу тууралуу чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык Улуттук банктын бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.».