Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2020-жылдын 24-мартындагы
№2020-П-09/15-4-(НПА) токтому
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
|
Төрага Т. Абдыгулов |
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы №2020-П-09/15-4-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик |
укуктук актыларына өзгөртүүлөр |
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
28-мартындагы № 10/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» жобонун:
- 3-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка,» деген сөздөр алынып салынсын;
- 1-тиркемесинин:
2.4-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка» деген сөздөр алынып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын
28-мартындагы № 10/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун:
- 4-пунктундагы «, чейректин акыркы иш күнүнөн башка,» деген сөздөр алынып салынсын;
- 1-тиркемесинин:
2.4-пунктундагы «, чейректин акыркы жумуш күнүнөн башка» деген сөздөр алынып салынсын.