Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 30-мартындагы  

№ 2020-П-07\18-2-(ДКП) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы №  2019-П-07/10-2-(ДКП)  

«Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 3 пунктундагы «80,00 пайыз» деген сөз «70,00 пайыз» деген сөзгө алмаштырылсын. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага 

 

Т. Абдыгулов