Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 30-мартындагы  

№ 2020-П-12\19-1-(БС) токтому 

 

 

COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу 

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүүдө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, 

банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 57, «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 56, «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 55 жарлыктарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жугуштуу оорулар эпидемиясына байланыштуу өзгөчө абалдын орун алышы шарттарында калкка массалык жугуу коркунучу келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишиндеги тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар, персоналга массалык жугуу коркунучу орун алганга чейин, орун алганда жана/же орун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн колдонулган жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чаралар топтомун жүзөгө ашыруу ыкмалары бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Бардык микрофинансылык уюмдарына жана алмашуу бюролоруна кардарларды аралыктан тейлөөдөн тышкары, өзгөчө абал киргизилген жана коменданттардын тиешелүү чечимдери чыгарылган Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн ишин өзгөчө абал токтотулганга чейин убактылуу токтотуу сунушталсын. 

3. Микрофинансылык уюмдар калкка жугуу коркунучун азайтуу жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чараларын эске алуу менен коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору менен микрофинансылык уюмдардын кардарларын аралыктан (обочо) тейлөө, ошондой эле кардарларга тейлөө маселелери жана операцияларды аралыктан (обочо) жүргүзүү ыкмалары, колл-борборлордун (маалымдамалар) иши тууралуу маалымат берүү ишин камсыз кылуу жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн.  

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка жактардын ишин лицензиялоо, анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу лицензияларды/күбөлүктөрдү берүү, каттоо, кайра каттоо, кайра тариздөө, иш чөйрөсүн кеңейтүү, өзгөртүп түзүү, капиталга чектүү катышуу үлүшүн сатып алуу (акцияларды сатып алуу) маселелери, инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу жолугушуулар, инспектордук текшерүүлөр боюнча отчеттор жана Улуттук банктын лицензиялоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелерге тиешелүү бардык документтерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын Улуттук банкка берүү мөөнөтү жана аларды Улуттук банк тарабынан кароо мөөнөтү 45 календардык күнгө узартылсын.  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 2020-П-12/14-1-(БС) «COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Жугуштуу оорулар эпидемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын орун алышы шарттарында калкка массалык жугуу коркунучу келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишиндеги тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар, персоналга массалык жугуу коркунучу орун алганга чейин, орун алганда жана/же орун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн колдонулган жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чаралар топтомун жүзөгө ашыруу ыкмаларынын  

13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Банктар обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин белгилүү бир калк жашаган ар бир пунктта калктын банктык/төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен камсыз кылуулары зарыл.  

Банктын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүн (филиалдарын, сактык кассаларын ж.б) жабуу/ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечими алдын ала Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. 

Ошону менен бирге, банктын (филиалдарынын, сактык кассаларынын ж.б) обочо түзүмдүк бөлүмдөрү алар жайгашкан жай (соода борбору жана башка) жабылып калгандыгына байланыштуу жабылган/иши убактылуу токтотулган учурда алдын ала макулдашуу талап кылынбайт, мында банктар ишти жүргүзүү мүмкүн болбогон жагдайдын келип чыккандыгы тууралуу Улуттук банкка себебин көрсөтүү менен дароо билдирүүсү зарыл. 

Эгерде Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин убактылуу токтотулушу/жабылышы калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай калуу мүмкүнчүлүгүн түзсө, анда Улуттук банк банкка мындай обочо түзүмдүк бөлүмдүн ишин убактылуу токтотууга/ жабууга тыюу салышы мүмкүн.». 

6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

7. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

8. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Гарантиялык фонд» ААКты, кредиттик бюролорду, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

9. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага  

Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 25-мартындагы 

№ 2020-П-12\19-1-(БС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

 

Жугуштуу оорулар эпидемиясына байланыштуу өзгөчө абалдын орун алышы 

шарттарында калкка массалык жугуу коркунучу келип чыккан учурда Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык 

банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык 

жактардын ишиндеги тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар, персоналга 

массалык жугуу коркунучу орун алганга чейин, орун алганда жана/же орун алгандан 

кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган 

банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык 

жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн колдонулган 

жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чаралар топтомун жүзөгө 

ашыруу ыкмалары 

 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлгө алынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар (мындан ары банктар), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын кызмат адамдары ушул токтомдо бекитилген чараларды иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен өз ишинде колдонуулары зарыл. 

2. Банктар банк персоналынын иштөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушуна байланыштуу штаттан тышкаркы жагдайлар жана COVID-19 коронавирусунун жайылышы кесепеттери орун алган учурда банктардын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун негизги чараларын, методдорун жана сактоо (колдоо) каражаттарын камтыган ички документтерди ушул токтомдо каралган чараларды эске алуу менен иштеп чыгуулары тийиш. 

3. COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилген мезгил ичинде банктар ушул токтомдо каралган учурларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарынын өзгөчө абал режимин камсыз кылуу маселелери боюнча өзүнчө чечимдерин эске албаганда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган бардык экономикалык ченемдерди жана талаптарды, сактоого тийиш. 

 

2-глава. Өзгөчө абал мезгилиндеги банк персоналынын жана кардарларынын  

коопсуздугун камсыз кылуу  

 

4. Жугуштуу оорулар эпидемиясына (пандемиясына) байланыштуу өзгөчө абал киргизилген шарттарда персоналга массалык жугуу коркунучу банктардын өндүрүштүк функцияларын аткарган жана бизнес функцияларынын аткарылышынын технологиялык процессине жооп берген персоналдын тобокелдигине ыкчам чара көрүүнү талап кылган, штаттан тышкаркы жагдай болуп саналат.  

5.  Коркунуч орун алып турган/сакталган мезгилдеги негизги маанилүү функцияларды аныктоо жана банктын автоматташтырылган маанилүү системаларын тейлеген жана пайдаланышкан адистердин негизги жана кошумча резервин түзүү эпидемиологиялык оорулардын келип чыгышынын алдын алуу чараларына кирет.  

6. Кардарларды эсептешүү-кассалык тейлөөнү жүзөгө ашырган банктарда жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, агенттеринде банк кардарларынын жана персоналынын коопсуздугун камсыз боюнча чаралар каралууга тийиш.  

Кардарларды тейлөө банктын жайларында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө тейлөөнү санитардык коопсуздук нормаларынын сакталышын жана адамдардын көп топтолушуна жол бербөө каралган, инфекциянын жайылышынын алдын алуу чараларын эске алуу менен камсыз кылуу зарыл.  

Банктын кире беришинде дезинфекциялоочу каражаттар (санитайзерлер) милдеттүү түрдө коюлууга тийиш. Мындан тышкары банк кезекте турган кардарларына алардын ортосунда коопсуз аралыктын (1 метрден аз болбоого) сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

Ошону менен бирге эле банктарга өзгөчө абал киргизилген мезгилде банк бөлүмдөрүнүн өзгөчө режимде иштөө маселесин карап чыгуу жана кардарларга банк бөлүмдөрүнүн иштөө графиги тууралуу расмий интернет-сайттар, ошондой эле социалдык тармактар жана кардарлар үчүн электрондук билдирүүлөр аркылуу милдеттүү түрдө маалымдоо сунушталат. 

7. Банктын кардарлар менен түздөн-түз байланышта болуучу кассадагы жана башка кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары (бет кап, көздү коргоо каражаттары, кол кап жана санитайзерлер) менен камсыз болуугажана алар ар бир кардардан кийин жана акча каражаттары менен иштегенден кийин колун жана иш орундарынын тиешелүү жерлерин дезинфекциялап турууга тийиш. Банктар персоналды атайын кийим менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуулары зарыл.  

Банкка кардарды тейлеген бардык жайларынын каалгаларынын кармагычтарын, чакыруу баскычтарын жана лифттин, POS-терминалдардын баскычтарын жана кардар менен персоналды байланыштыра турган кайсы болбосун башка буюмдарды ар бир  

2 (эки) саат сайын дайыма дезинфекциялап туруу сунушталат.  

Банкка ар бир инкассациялоо сеансында бакоматтардын, автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарынын үстүнкү беттерин атайын каржаттар менен дайыма дезинфекциялап турууну камсыз кылуу сунушталат. 

8. Банктар негизги (маанилүү) операцияларды жүзөгө ашырууга катышкан же банктын иши үчүн маанилүү инфраструктуранын иштешине жооптуу болуп саналган персоналды кошпогондо, кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү тууралуу маселени карап чыгуулары зарыл. Мында банктар купуя маалыматтарды сактоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу, маалымат берүү каналдарын коргоо, ошондой эле маалымат коопсуздугунун талаптарын сактоо режимин камсыз кылуулары зарыл. 

Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кызматкерлердин эмгегине төлөө жана алардын санын кыскартуу (аралыктан иштөө, эмгек акы сакталбаган өргүү ж.б.) маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, банктар Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кызматкерлерди жумуш орундарына чейин ташууну камсыз кылуу тууралуу маселени да карап чыгуулары зарыл.  

9. Банктар операцияларды жүзөгө ашырууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо персоналдардын кардарлар менен тике байланышын чектөө үчүн өзүнүн кардарларын мүмкүн болушунча максималдуу түрдө аралыктан/обочодон сунушталуучу жеткиликтүү онлайн тейлөөлөрдү жана инфраструктураны колдонууга которуу чараларын кабыл алуулары зарыл.  

Анын ичинде, банктар тарабынан кардарларды кредиттөө (каржылоо) жана башка билдирүүлөрүн кароо маселелери боюнча келип түшкөн өтүнүч каттарды жана документтерди баштапкы онлайн-иштеп чыгуу каралышы мүмкүн (документтердин электрондук версиялары электрондук байланыш каражаттары аркылуу иштеп чыгуу үчүн банктын бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт). Документтердин каралган электрондук версияларынын негизинде банк өтүнүч каттарды канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алышы жана каражаттарды же башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кардарга банктын бөлүмүнө даяр документ менен келүү боюнча конкреттүү убакыт белгилениши мүмкүн (анын ичинде кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлөт).  

10. Банктар кардарлардын пландуу жана пландан тышкаркы келүүлөрүн азайтуу жагында иш жүргүзүшсүн, онлайн тейлөөлөр жана аралыктан тейлөө кызматтары иштеп жаткандыгын (расмий интернет-сайттар же социалдык тармактар жана кардарлар үчүн электрондук билдирүүлөр аркылуу) маалымдашсын, ошондой эле кардарларды аралыктан тейлөөгө которуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышсын. Ошондой эле банктар кардарлардан электрондук түрдө келип түшкөн арыздарды каттоону жана карап чыгууну камсыз кылуулары зарыл. 

11. Банктын башкаруу органдарынын, комитеттердин жана башка коллегиялдуу органдарынын отурумдарын негизинен конференц байланыш/электрондук почта ж.б. технологияларды колдонуу менен аралыктан/сырттан же эгерде банктын ички документтеринде каралса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбесе, сурамжылоо аркылуу кийинчерээк тастыктоо жана кабыл алынган чечимдерге кезектеги ачык отурумда кол коюу менен өткөрүлүүгө тийиш. 

 

3-глава. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу  

 

12. Банктар калк жашаган ар бир пунктта калктын банктык/төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин камсыз кылуусу зарыл.  

Банктын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүн (филиалдарын, сактык кассаларын ж.б.) жабуу/алардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим Улуттук банкка чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде себебин көрсөтүү менен маалымдалууга тийиш. 

Эгерде Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин убактылуу токтотулушу/жабылышы калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай калуу мүмкүнчүлүгүн түзсө, анда Улуттук банк банкка мындай обочо түзүмдүк бөлүмдүн ишин убактылуу токтотууга/ жабууга тыюу салышы мүмкүн.  

Мындан тышкары, банктар айрым обочо түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш жүргүзүүсү мүмкүн болбой калган жагдай келип чыккандыгы тууралуу Улуттук банкка анын себебин көрсөтүү менен дароо билдирүүсү зарыл. 

13. Банктар тейлөө кызматы үчүн жеткиликтүү банкоматтарды, POS-терминалдарды жана автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарын тейлөөнү, ошондой эле негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрдү: эсептешүү-кассалык тейлөөнү ишке ашырууну (анын ичинде конверсиялык операцияларды (зарылчылыгына жараша)), арыздарды кабыл алуу, кароо жана кредит берүү (зарылдыгына жараша) кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоого мүмкүнчүлүгү бар обочо түзүмдүк бөлүмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин, акча которуу системалары аркылуу которууларды камсыз кылуусу зарыл.  

14. Банктар кардарларга сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр тууралуу бардык маселелер боюнча консультациялык кызматтарды тиешелүү тартипте сунуштоого, ошондой эле колл-борборлорду, интернет-сайттарды, онлайн тейлөөлөрдү, социалдык тармактарда баракчаларды өзгөчө абалга ылайыкташтыруу менен алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш. 

15. Банктар нак акча менен камсыз кылууга банктын жана анын обочо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана банкоматтардын муктаждыктарын алдын ала талдап-иликтөөгө тийиш. Талдап-иликтөөнүн натыйжасында банктар тиешелүү билдирмени даярдоосу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтүүсү зарыл. 

16. Банктар банкоматтарды туруктуу негизде өз учурунда инкассациялап, банкоматтардын, автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш. Банктарды, өз алдынча тейлөө терминалдарын инкассациялоого мүмкүн болбогон жагдай келип чыккан учурда, себебин көрсөтүү менен бул тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүү зарыл. 

17. Банктар төлөм системалары менен өз ара эсептешүүлөрдү өз учурунда жүргүзүүнү, нак акча каражаттарын төлөм уюмдарынан жана алардын агенттеринен өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана филиалдарында толук көлөмдө кабыл алууну жана аларды товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жана төлөм уюмдарынын эсебине өз учурунда чегерүүнү камсыз кылууга тийиш. 

18. Штаттан тышкаркы жагдайлардын жана финансылык жоготуулардын келип чыгуу тобокелдигине жол бербөө максатында, банктар акча жана маалымат уурдоо ниетинде банктын системаларына хакердик чабуулдардын санынын өсүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди талаптагыдай тескөөсү зарыл, аралыкта жайгашкан түйүндөрдүн, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын, мобилдик/интернет банкинг жана мобилдик тиркемелердин ишин өзгөчө контролдоого, ошондой эле төлөм инструменттеринин, финансылык билдирүүлөр менен алмашуу каналдарынын жана жалпы банктын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга тийиш.  

19. Банктарда техниканын, программалык камсыздоонун же инфраструктуранын башка объектилеринин иштен чыгышына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү туруктуу негизде камсыз кылынуусу зарыл. Маанилүү системалардын иши үзгүлтүккө учураган жана алардын себебин өз алдынча четтетүүгө мүмкүн болбогон учурда, бул тууралуу Улуттук банкка себебин көрсөтүү менен дароо билдирүү зарыл. 

20. Банктар банктагы күндөлүк абалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турууга, бар каражаттардын (ликвиддүү активдердин) жетиштүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө, банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын кабыл алууга тийиш.  

21. Банктар банктын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди ыйгарым укуктуу коменданттын штабы менен туруктуу негизде жүргүзүүсү зарыл. 

 

4-глава. Банктардын ишин жөнгө салуу  

жана көзөмөлдөө маселелери  

 

22. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банк ишин көзөмөлдөө, жөнгө салуу жана лицензиялоо маселелери боюнча банк мыйзамдарынын талаптары толугу менен банктарга таркатылат. Мында, кызмат адамдарын макулдашуу, лицензияларды/күбөлүктөрдү берүү, каттоо, кайра каттоо, кайра тариздөө, иш алып баруу чөйрөсүн кеңейтүү, кайра өзгөртүп түзүү, капиталга чектүү катышуу үлүшүн сатып алуу (акцияларды сатып алуу) маселелери боюнча документтерди кароо мөөнөттөрү Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн эске алуу менен узартылышы мүмкүн.  

23.  Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилгендигинин натыйжасында, банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды бузууга жол берген учурлары, банк тарабынан көрүлгөн чараларды жана аракеттерди, өзгөчө абал режиминин тийгизген таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.  

24. Банктардын отчету маселеси боюнча Улуттук банк тарабынан өзүнчө чечим кабыл алынган учурларды эске албаганда, банктын отчеттору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш, мында отчеттор Улуттук банкка электрондук түрдө жөнөтүлүшү мүмкүн, кагаз жүзүндө отчеттор өзгөчө абал режими токтотулгандан кийин берилет.  

25. Ушул токтом колдонууда болгон мезгил ичинде банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен кат алышуусу банк тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу электрондук даректерден жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий электрондук почтасына (mail@nbkr.kg) жөнөтүү аркылуу, кийин Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал токтотулгандан кийин документин түп нускасын берүү менен жүргүзүлөт.